"Кыргыз Туусу", 23.04.13 "Ак жүрөк" ээсин тапты
Жакында А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жакшы саамалык жүз берди. Коомдук ишмер Аскар Салымбековдун жана "Айкөлдүк" эл аралык кайрымдуулук фондунун демилгеси менен Кыргызстанда маданиятка, спортко, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо тармагына колдоо көрсөтүп келген меценаттарга "Ак жүрөк" сыйлыгы тапшырылды.

"Айкөлдүк" коомдук фонду үч жыл мурда түптөлүп, анын максаты - Кыргызстанда меценаттар институтун калыптандырууга багытталган. Аталган иш чаранын негиз салуучусу жана идеялык жактан демилгечиси коомдук ишмер, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков экенин баса белгилей кетмекчибиз. Анда эмесе сыйлык ээлерине назар салыңыздар.

Маданият
тармагы боюнча:
1. Иеничи Ямадзаки, "Перриред" корпорациясынын башкы аткаруучу директору, Япония мамлекети.
А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрын оңдоп-түзөө иштерине 35 миң доллар жардам берген.
2. Бакыт Романов ,"Улуу Баян" коом­дук фондунун негиздөөчүсү, Бишкек шаары.
12 манасчыга ай сайын 2000 сомдон стипендия төлөп келет жана 7 манасчыга 7 автоунаа сатып берген. 20 миң нускадагы 20 китепти чыгарууга демөөрчүлүк кылган.
3. Садык Шер-Нияз, коомдук жана саясый ишмер, республикалык "Айтыш" коомунун негиздөөчүсү.
30дан ашык документалдык, 5 анимациялык фильмдердин жана төкмөлүк өнөр боюнча эл аралык конкурстардын демөөрчүсү.

Социалдык
тармак боюнча:
1. Бактыбек Тууган­баев, жеке ишкер, Талас облусу, Бакай-Ата району.
Жыл сайын балдар үйүн тамак-аш менен камсыз кылып келет.
2. Илья Логинов, жеке ишкер, Чүй облусу, Москва району.
2010-жылдан бери мектептеги, интернаттардагы окуучуларды, кары-картаңдарды, майыптарды тамак-аш менен камсыз кылып турат.
3. Лариса Мурашева, жеке ишкер, Чүй облусу, Токмок шаары.
Балдар үйүнүн ашканасын оңдоого 5 миң доллар, ар бир ишембиде балдарга ысык тамак, эс алуусу үчүн шарт түзүп берип турат.

Саламаттыкты сактоо тармагы боюнча:
1. Бейше Намашамов, жеке ишкер, Ош облусу, Кара-Кулжа району.
Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө фельдшердик-акушердик пункт куруп берген.
2. Елена Конева, жеке ишкер, Бишкек шаары.
Жүрөк хирургия илимий институтунун балдар бөлүмүнө 250 миң евролук жабдыктарды сатып берген.

Элге билим берүү тармагы боюнча:
1. Анарбек Ибраев, жеке ишкер, Нарын шаары.
Нарын шаарындагы Ибраев атындагы №4 мектептин билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 1 миллион 500 миң сом берген.
2. Болот Кенжебаев, жеке ишкер, Ат-Башы району.
Үсөналиев атындагы орто мектептин билим берүү тармагын өнүк­түрүүгө 1 миллион 260 миң сом акча каражатын берген.
3. Талант Камытов, жеке ишкер, Жалал-Абад облусу, Ноокен району.
Райондогу №7 А.Төрөгелдиев атын­дагы орто мектептин туруктуу де­мөөр­чүсү.

Жаштарды
колдоо боюнча:
1. Саид Баюми, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти.
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкө экономикасына, ар кандай социалдык тармактарга 9 миллиондон ашык доллар жумшаган.

Дене тарбия
жана спорт тармагы боюнча:
1. Арзыбек Бурканов, же­ке ишкер, Баткен шаары.
Спорт комплекстерине 33 миллион сом каражат сарптаган.
2. Абдыжапар Капаров, жеке ишкер, Жалал-Абад шаары.
1991-жылдан бери райондун спортсмендерине, машыктыруучуларга, жаш өспү­рүмдөрдү окутуу үчүн жогорку окуу жайында окуган студенттерге 8 миллион 330 миң сомдон ашык каражат жумшаган.
3. Райкан Алканов, жеке ишкер, Бишкек шаары.
Жалаң спорт тармагына эле 1 миллион сом, андан тышкары Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылына 2012-жылы 1 миллион сом акчалай жардам берген.