Кыргыз гезиттер

п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Көрүстөндө да граната бар

Ысык-Ата районунун Кызыл-Суу айылындагы көрүстөндөн 21-апрель күнү граната табылган. Бул коркунучтуу курал жөнүндө райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү жашоочу билдирген. Чакырылган саперлор гранатаны алышып, жардырышкан.

Ажырашкандар азайды, анысына да шүгүр!

Бишкектин борбордук Жарандык абалды каттоо мекемесинин башчысы Айнура Чыныбаева бир нече жыл мурда ажырашкандардын саны жылына 5 миңге жетип кетсе, 2011-жылы 1835 жуп гана ажырашканын билдирген. Мунусуна да кудайга шүгүр деп туралы.

9,9 кг жана 8 миллион доллар

Ушундай салмактагы жана баадагы наркотик Москва облусунун Кашир районунда жол-патруль кызматы тарабынан Кыргызстандан барган автомашинадан табылган. Героиндин 160 миң даана бир жолку дозасы пакеттерге салынып, сатууга даярдалган.

Көргөзмө да, жарманке да ачылат

Эртеңден баштап Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында "Кыргызстан - 2013" эл аралык универсалдуу көргөзмө-жармаңке ачылат. 28-апрелге чейин созулган бул жармаңкеде өрт өчүрүү жабдуулары, фармацевтикалык дарылар, тиричилик техникасы, текстиль, кийим-кечек, чарба товарлары, тиричилик химиялык буюмдар, азык-түлүк жана башка товарлар коюлган.

3 адам жана 18 гектар

Кыргызстандын климаттык тармагына кирген 15 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү Бишкектеги Ботаникалык бакчанын аймагында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Тазалоо үчүн бул бакча кокусунан тандалган эмес. Учурда 18 гектар бакчада болгону 3 адам иштейт.
Өз маалыматыбыз












??.??