Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_9.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_9.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_9.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_9.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
"Инсульттан канчалык эрте дарыланса, ошончолук жакшы"
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында Кыргыз курортология жана кайра калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун атагын ким билбейт. Бул жерге инсульт, инфаркт жана башка катуу оорулардан кийин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн келгендер көп. Себеби институттагы көп жылдап топтолгон дарылоо ыкмасы, жан айласы үчүн кайрылгандардын ар бирине дарыгерлердин жасаган жылуу мамилеси, таза аба, жайында жан сергиткен салкындыгы ооруга шыпаа болуп, тез сакайтат. Бул жерде "Ангионеврология 2" бөлүмүнүн башчысы болуп бир топ мезгилден бери эмгектенген Саламаттык сактоонун отличниги Атыркүл Чекировага кайрылып, жооп алдык.

Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
- Атыркүл Карыяевна, нарындык окурманыбыз сиз иштеген дарылоо мекемесиндеги шарттарга кызыгып, кимдер бекер дарыланышат, кимдерге жеңилдиктер каралган деп "Ден соолук" бетине атайылап кат менен кайрылыптыр. Ушул суроону сизге узаталы.
- Биздин мекеменин шарттарына кызыгып жаткан окурманга ыраа­зычылык билдиребиз. Мен өзүм жетектеген бөлүм тууралуу кеңири айтып берейин. Мурда институтта "ангионеврология" бир эле бөлүм болчу. 2010-жылы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн эки бөлүмгө бөлүп, оорулууларды кабыл алып, дарылап жатабыз. Бөлүм 36 оорулууга ылайыкталган. 30у бюджеттик негизде дарыланышат, демек бекер, алтоо коммерциялык, төлөм акы төлөшөт. Бизге 1-2-топтогу майып адамдар, Баатыр энелер, 2010-жылдагы апрель революциясынын катышуучулары, июнь коогалаңында жабыр тарткандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, чернобылчылар, афган согушуна катышкандар келип дарыланышат. Алар мамлекеттик кепилдик программасы
боюнча жеңилдиктерди ала турган категорияга киришет. Укалоо, иглотерапия, парафин сыяктуу айрым гана дарылоого акы төлөшөт.
"Ангио" деген сөз кан тамыр дегенди билдирет. Биздин бөлүмдө негизинен мээ кан тамыр ооруларынан жапа чеккендерге жардам көрсөтөбүз. Андан сырткары перифериялык кан тамыр системасынан жабыркагандар, башынан же жүлүндөн жаракат алгандар, тукум куучулук оорусу барлар келип дарыланышат.
Кийинки кезде остеохондроз оорусу аябай көбөйүп кетти, бул оорудан жана грыжадан жабыркагандарды дарылайбыз.
Кабырганы кайыштырганы ушул тапта Кыргызстан Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн арасында жүрөк оорулардын көрсөткүчү боюнча 6-орунда, ал эми мээнин кан тамыр ооруларынан жапа чеккендердин саны боюнча 1-орунда турат. Статистикалык маалымат боюнча ага чалдыккандардын 52 пайызы өлүмгө учурап, калгандары майыптыкка туш келишет. 10 эле пайызы кайра жумушка жарамдуу болушат.
- Дарыгер катары айт­саңыз, канткенде адам инсульт, инфаркт ооруларынан алыс болот?
- Адамдын эң биринчи байлыгы эле ден соолук. Ушуну адам терең түшүнүп, өз ден соолугуна өзү кам көрүшү керек. Инсульт оорусуна гипертония же кан басымдын көтөрүлүшү, жүрөк оорусунун кабылдап кетиши, жүрөктүн согушунун бузулушу, кант диабети, семирип кетүү, канда холестериндин көбөйүп кетиши, ичкиликти көп ичүү, чылым чегүү, стресске көп учуроо инсульт оорусуна алып келет. Адам гипертония оорусу менен ооруп жүргөнүн билбей, өзүн нормалдуу сезип жүрө берет. Гиппократтын "апоплексия" деген сөзү бар, грек тилинен которгондо "убиваю ударом" дегенди билдирет. Гипертония менен ооруп жүргөндөр инсультка (мээге кан куюлуу) туш келгенде гана кан басымы жогорулаган оору менен ооруп жүргөнүн билишет. Гипертония менен ооругандардын айрымдары холестерини аз тамак-ашты колдонуу керектигин, майлуу, күчтүү тамактарды жебей жашылча-жемиштерди көп жеп сактанса болорун билишпейт, кээси билсе да сактанбайт. Кан басымды бир калыпта кармай турган дарылар бар. Ошол дарыларды "көнүп алам", "боорума күч келет" дешип, өз убагында, такай ичишпейт. Ошонун негизинде бир учурда кан басымы көтөрүлүп кетет да мээнин кан тамырына күч келип, инсульт оорусуна туш келишет.
Ооруга кабылгандан 3-6 айдын ичинде дарыланса тез сакаюуга жакшы жардам берип, натыйжасы жакшы болот. Муну кайра калыбына келтирүүнүн эрте этабы деп коёбуз. Андыктан, жабыр тарткандар канчалык эрте кайрылса, ошончолук жакшы. Мындай ооруга чалдыгып жаткандар көбөйүп жаткандыктан, учурда Фучиктеги оорукананын, улуттук госпиталдын неврологиялык бөлүмдөрү менен келишим түзүп, иш алып барганы жата-
быз.
Аз кыймылдаган кишилер да бул ооруга кабылышат. Инсульт оорулары ишемикалык жана геморрагикалык болуп эки түргө бөлүнөт. Инсульт кан тамырлардагы атеросклеротикалык тромбдордун же май бөлүкчөлөрүнүн топтолуп калуусунан, кан тамырлардын бүтөлүп калуусунан же кептелүүсүнөн пайда болот. Ал мээде кан айлануунун бузулушуна алып келет. Инсульттардын 80 пайызы артериялардын (ишемиялык инсульт) кептелүүсүнөн, калгандары мээге же анын катмарында (геморрагиялык инсульт) кандын куюлуп кетүүсүнөн байкалат. Ишемикалык ооруларды алдыртан билдирген белгилер болот. Колу-бут чымырайт, ал кайра өтүп кетет же тил күрмөлбөй, сүйлөө бузулушу мүмкүн. Буга маани бербей койбош керек. Кээде белги бербей туруп эле кармап калышы ыктымал. Ишемикалык оорулар түнүчүндө же жатаарда кармайт. Ал эми геморрагикалык оорулар болсо, күтүүсүз катуу кармайт. Геморрагикалык түрүндө мээнин кан тамыры жарылып кетет. Мында оорулуу эс-учун билбей калышы мүмкүн. Адамдын кежигеси тартып кусат, өңү кара көк тартып, дем алуусу, жүрөгүнүн кагуусу бузулат. Эки түрүндө тең кайсы жеринде "жабыркоо очогу" болсо, ошого жараша оң же сол тарабында шал оорусуна алып келет. Экөөндө тең зааранын чыкпай калышына алып келиши мүмкүн, сүйлөөсү жана психикалык, интеллект жагынан да бузулуу болот. Таптакыр эле сүйлөбөй же суроо берсең түшүнбөй калганга жеткирген учурлар да болот. Өкүнүчтүүсү кийинки кезде жылдан-жылга инсульт оорусуна жаштар көп кабыла башташты. Өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жүрөк-кан тамыр оорусу менен катталгандардын 23 пайыз-дан ашыгы 30 жаштан 39 жашка чейинкилер, 16 пайызы 40тан 59 жашка чейинки адамдар болгон. Айрымдарынын ата-энесине, туу-
гандарына күч келтирип, бактырма болуп калгандарына зээнибиз кейийт. Ошол себептен инсульт бир эле медицинанын эмес, со-циалдык да маселе. Себеби үй-бүлөсүнө, мамлекетке кереги тийип турган нечендеген адамдар майып болуп калышууда. Же каза болуп калышат. Майып адамды бир киши такай багышы керек. Ошол эле кезде мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга мамлекет тарабынан канчалаган акча бөлүнүп
жатат.
- Жан айласын издеп, оңолсок деп келгендерге шыпаа болчу кандай дарылоо жүргүзүлөт?
- Аларга биздин эшикти аттап келгенден баштап жылуу мамиле жасайбыз. "Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет" дегендей, көңүлүн көтөрүп, сакаюунун ар кыл жолдорун айтып, оорулуунун тез айыгышына өбөлгө түзөбүз. Биринчи кан тамырларды кеңейткен дарыларды беребиз. Мээни кислород менен азыктандырчу дары-дармектерибиз бар. Алардын түрлөрү көп. Психикалык-эмоционалдык абалына карата дарыларды дайындайбыз. Эң биринчи оорунун эмне себептен болгонун тактайбыз. 12 сааттан 24 саатка чейин
кан басымды бир калыпта кармай турган дарылар бар. Ар бир оорулуунун абалына карап туруп, дары-дармек берилет. Тромбду түзбөй турган дарыларды дайындайбыз, жүрөктүн согушун нормалдаштырабыз. Психотерапевттин жардамы керек болсо, адистин жардамы берилет. Анткени, кээ бирлери маанай чөгүү оорусуна чалдыгышат. Андай учурда антидепрессанттарды беребиз. Курортология жана кайра калыбына келтирүү илим-изилдөө институту болгондуктан, бизде физиотерапиялык жардамдар берилет. "Жабыркаган очокту" жоё турган дарылар, электрофарез колдонулат. Иштебей калган колу-буттарынын булчуңдарын иштетип, сүйлөбөй калгандарга тилин калыбына келтирип, кандын сапатын жакшырта турган дарылоо жүргүзүлөт. Укалоо, эмгекке үйрөтө турган дарылоо ыкмасы бар. Бассейндерде көнүгүүлөрдү жасатабыз. Логопед адистерибиз тил жагынан бузу-луу болгондорго сабак өтүшөт. Инсульттан кийин тырышып калган кол-буттарды жибитип, кан жүгүрткөн-гө өбөлгө берүү үчүн ылай, парафин колдону-
лат.
Дагы бир тез сакаюуга өбөлгө Таш-Дөбөдө климат жакшы, абасы таза. Оорулуулар эртели-кеч басып, таза аба менен дем алышат. Суу да абдан жакшы. Ванналардын түрү бар. Нервди жай алдырып тынчтандыргандан баштап, чөп менен дарылай турган да ванна ачылды.
Оорулууларды үйгө чыгарып жатканда кандай дарылар менен дарыланганын, туура тамактануу жолдорун, дарыларды убагында кабыл алууну толук жазып берип, тамеки тартпоо, арак ичпөө жөнүндө кеңеш беребиз.
Институттун директору медицина илимдеринин доктору, профессор Ишенбай Курманович Молдоташов кесиби боюнча кардиолог, медицина илимдеринин доктору, профессор, дарылоо боюнча башкы врач Болот Бейшеналиевич Куловдун адистиги - невролог. Ошол себептен экөө тең биздин бөлүмгө абдан жардам жана кеңеш берип турушат. "Сак жүрөк" программасына, "Өзүң кан басымыңды өлчөгөндү бил" деген акцияларга активдүү катыша-
быз.
Биз өлкөбүздүн бардык жарандарын төмөнкү эрежелерди карма-нууга чакырабыз.
Жадыбалдай жаттап
алчу беш
эреже
Кан тамырлардын жана жүрөктүн мыкты сакталышы үчүн 5 эрежени кармануу эп. Алар: туура тамактануу, көп кыймылдоо, зыяндуу адаттардан (тамеки тартуу, ичкилик ичүү) баш тартуу, турмушка жарык маанай менен кароо, дайыма дабагерге кайрылуп туруу жана анын дайындоолорун так аткаруу. Жүрөк ооруларынын көпчүлүк себептери холестериндин (майлар) деңгээлинин жогору болушунан байкалат. Эгерде туура тамактанса, кандагы холестериндин деңгээлин 10-20 пайыз төмөндөтүүгө
болот.






Пикир: