Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_8.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_8.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_8.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_8.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын
башчысы-аким Тилеберди Арипов:
"Кен байлыктарын пайдалануу өнүгүүгө жол ачат"
- Тилеберди мырза, Сиз район жетекчилигине экинчи ирет шайлоо аркылуу келип олтурасыз. Мындай ишеним-сый ар кимге эле ыроолонбошу айгине.
- Ооба, мен алгач Тогуз-Булак айыл өкмөтүн, райондук айыл чарба департаментин башкардым. Төрт жыл акимдин биринчи орун басары кызматында иштедим, ошол дистанцияларды басып, аздыр-көптүр тажрыйба топтогон соң райондун жетекчилик кызматына иштөө насип этти. Эки жыл жеке ишкердүүлүк менен шугулданып, өз талапкерлигимди койгон соң, 30 депутаттын 26сынын колдоосу менен кайрадан акимдик жооптуу кызматты аркалоодо-
мун.
- Оболу, маегибизди Улуу Ата Мекендик жана Ооган согушунун катышуучуларына арналган "Ардагерлер аллеясы" ташка чегилген монументин, Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун кызыл мармардан жасалган айкелин куруу ишинен баштасак?
- Жарайт. Биз улуу муунга өзгөчө урмат менен мамиле кылууга милдеттүүбүз. Буга чейин майдан талаасынан кайтпай калган 3500 аталарыбыздын тизмеси ташка чегилсе, эми 1200дөн ашуун казаттан жарадар жарым жан элге келип бүлүнгөн чарбаларыбызды кайра калыбына келтирип, бүтүндөй өмүрүн өндүрүшүбүзгө арнаган ардактуу аталарыбыздын аттары ташка чегилип, Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына карата ачылуу алдында турат.
Тарых жана аймакты таануу, Даңк, Раззаков музей комплекстерибизди, Ооган согушуна катышкан интернационалист жоокерлерибиздин монументин реставрациялоо жумушу кызуу жүрүп жатат.
- Президент Алмазбек Атамбаев үстүбүздөгү жылды "Иштерман жылы" деп жарыялабадыбы. Сиздердеги 2017-жылга чейинки "Жол картасы" алкагындаги иш-аракеттерге токтолуп өтсөңүз?
- Аймагыбыздын жалпы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча терең иликтелген 51 айылдын 518, райондук деңгээлдеги 142 пункттан турган, ал эми республикалык деңгээлде жана инвестиция тартуу менен чечилүүнү талап кылган 93 пункттан турган иш-чараны камтыган программаларыбызды кабыл алганбыз. Мезгил-мезгили менен өткөрүлгөн элдик жыйындарда анын аткарылышынын жүрүшү тууралуу көпчүлүккө маалымдап турабыз. Бул да болсо элге жакын барып жашоо­-
буздагы көйгөйлүү маселелердин көзмө-көз, түз, ыкчам чечилишин шарттайт. Албетте, ар бир жаранга тынчтык керек. Чек ара району катары Тажик Республикасынын бизге канатташ, чектеш 6 району менен коңшулаштык, кызматташтык алака-мамиледебиз. Өкмөтүбүз тарабынан бир нече айылдарыбызга чек ара макамы ыйгарылды. Районубуз аймагында негизинен кыргыз, өзбек, тажик улутундагы элдер мазары, базары да бир болуп кылымдар бою жуурулушуп жашап келе жатат. Биздин баа жеткис байлыгыбыз да, дөөлөтүбүз да, бөксөрбөгөн ырыс­кыбыз да муундан-муунга уланып келе жаткан достукту бек туткан ынтымак-ырашкер ымалабыз деп билемин. Буюрса, көптөн күттүргөн орчундуу көйгөйлөрүбүздүн бири Баткен-Исфана магистралдык жол курулушу башталуу алдында турат. "Исфана" аэропортунун капиталдык оңдоосу планга киргизилип, быйыл ички жолдорубузга 5,5 км. асфальт төшөлөт. Климаты катаал, өзгөчө шарттагы аймагыбызга сугат жана таза суу абдан зарыл. Учурда 9200 гектар сугат суу жерибиздин тең жарымынан көбү насос менен сугарылат. Ошондуктан, сугат жер аянттарын өздөштүрүүнүн үстүндө иш-аракеттер болуп жатат. Келечекте Лейлек суу сактагычын ишке киргизүү, "Арка" зонасына "Козу-Баглан" дарыясынан өз нугу менен суу чыгаруу аймак экономикасын өнүктүрүүнүн, ички жана тышкы миграцияны жоюунун кубаттуу рычагы болорунда шек жок.
- Өткөн жылга сереп салып, өндүрүш тармактарыңыздардагы учурдагы абалдан учкай баян кылсаңыз?
- Географиялык шарттын оордугуна карабай өткөн жылы баба-дыйкандар үчүн ыңгайлуу жыл болуп, дан эгиндеринин жана кесек тоюттун түшүмү мол болду. Натыйжада, дан продукцияларынын, жем-чөптүн баасы өткөн жылга салыштырмалуу бир кыйла арзан болуп, калк­тын малы семиз, турмуш-шартынын өсүшү байкалды. Быйыл бардык айыл өкмөттөрүндө штабдар түзүлүп, азык-түлүк программасын жүзөгө ашыруу үстүндө 3013 га. аянтка күздүк. 13105 га. жерге жаздык кылкандуу дан эгиндерин эгүүгө үлгүрдүк.
Элге билим берүү тармагында Ш.Таш­полотов, Х.Боронбаев, Манас атындагы, Катраң, Максат айылдарындагы орто мектептердин жаңыдан түптөлгөн имараттарына акча каражаттары бөлүнүп, курулуш иштери улантылууда. Стратегиялык мааниге ээ "Кулунду-Максат" автожолундагы эки көпүрө Тажик Рес­публикасы менен макулдашууга жетишилип, быйыл бюджеттик каржылоо эсебинен курулат. Мындан тышкары "Булжума", "Эпкин", "Үлүз", "Эски-Оочу", "Беш-Бала" көпүрөлөрү тапшырууга берилип, бир нече сел тосмолорунун курулушу бүткөрүлөт. Бюджеттин киреше бөлүгү 248 млн.сомго жеткирилип, 2011-жылга салыштырмалуу 129 млн.сомго көп
чогулду.
- Өкмөттүк деңгээлде көтөрүлгөн фермер-дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү кандай ахыбалда?
- Бул багытта "РСК Банк", "Айыл банкы", "Залкар банкы" тарабынан 25 миллион сомго жакын каражатты мезгилинде кайрылышкан 121 дыйкан жана фермерлерге таркатууга жетишилди. Албетте, бул иш-аракеттердин үзүрү сөзсүз болот. Мындан сырткары дыйкан-фермерлерге "Айыл банк" тарабынан насыя катары 10 даана МТЗ - 82 үлгүсүндөгү трактор, 3 даана "Нива" комбайны берилди.
- Агрардык аймак шартында айрыкча кайсыл тармак сиз үчүн мол түшүм жана киреше алып келет деген пикирдесиз?
- Айыл чарбасы, өнөр жай, социалдык сфера же курулуш тармагындабы, эң оболу
атуулдук адистик чеберчилик, жоопкерчилик жогору турушу лаазым. Районубуз агрардык
район болгондуктан жер аянттарын натыйжалуу иштетүү менен мал чарба тармагына өзгөчө көңүл буруу калктын турмушунун оңолушуна тармактын мааниси зор экендиги талашсыз. Мына, Аркада "Лейлек" эркин
экономикалык зонасы түзүлдү. Албетте, мында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, фасофка жасоо, жергиликтүү сырьедон курулуш мате-риалдарын жасап чыгаруу, жеңил өнөр жай продукцияларын чыгаруучу цехтерди ачуу, неф­тини кайра иштетүүчү завод, Булак-Башы аймагында орто кубаттагы цемент заводун, кварц кумун кайра иштетүү цехтерин куруу багыттарыбыз бар. Азыр калкыбызды 3 кыш заводу тейлеп жатат. Бирок, кышка болгон муктаждык жоюла элек.
Бүгүн 125 миңден ашуун калкы бар аймагыбызда жаш үй-бүлөлөрдүн катары өсүп, жеке тамарка алуу кезегинде 5 миңден ашуун жарандар кезекте турушат. Жерлерди трансформация­лоо Исфана шаардык мэриясында, Кулунду, Жаңы-Жер, Сумбула, Катраң, Тогуз-Булак
айыл өкмөттөрүндө жүргүзүлүп, башкы пландарды түзүүнүн үстүндө иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле "Майты" участкасынан Кулунду, Сумбула, Ак-Суу, Катраң айыл өкмөттөрүнүн атуулдарына 507 жер тилкеси берилди. Бирок, бул маселеде тартыштыкты жоюунун жолу биз үчүн кыйынга туруп жатат.
Касиеттүү Лейлек жергеси али чети оюла элек кендерге бай. Алсак, көмүрдүн изилденген кору 121 млн тонна, алтындын запасы - 1,328 тонна, мунайзат - 8314 миң тонна, чопо - 900 миң куб., кварц кумунун запасы - 6874 миң тонна мындан башка сымап, мрамор, граниттин зор запасына да ээбиз. Кен байлыктарды иштетип, сапаттуу жумушчу орундарды түзүү - башкы милдеттерибиздин бири болуп сана-
лат.
Бул үчүн ишкер фермерлерге банктар, кредиттик кошундар тарабынан берилген насыялар чоң өбөлгө болмокчу. Өткөн жылы АРИС, ПРООН, ЕВРОСОЮЗ, ЮСАИД, АКТЕД, ЮНИСЕФ ж.б. чет элдик уюмдардан 203,2 млн.сомдук инвестиция тартылды. Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар статьясынын эсебинен 70,2 млн сомдук 24 долбоор ишке ашты. Кредит берүүчү мекемелер тарабынан 10804 ишкерге берилген насыя 800 млн.сомго чендеди. Демек, инвестиция бүгүнкү күндүн өндүрүшүнүн артериясы деп белгилөөгө негиз бар.
- Лейлек улуттук күрөш, уз-чеберчилик менен да республикага белгилүү эмеспи?..
- Чынында Абдырахман, Токтош, Баба-райым, Назирбек балбандары менен кезегинде бүтүндөй Орто Азияга жергебиздин даңазасы "дүңк" эткен. Жыл сайын Бишкекте Лейлек күрөш таймашы өтөт, ошол эле мезгилде өзүбүздө дагы. Сиз туура айтасыз, лейлектиктер билеги күчтүү балбандары, "Лейлек күрөшү" менен сыймыктанып келет. Ал эми 2-3 жылдан бери көргөндүн көз жоосун алган Лейлек килеми Бишкектеги "Дасмия", Тарых музейинде жогорку деңгээлде кабылданып жаткандыгы биз үчүн чексиз сыймык. Кол өнөрчүлүктүн айтып бүткүс бай колоритин аздектөө коомубузга жаңы түс, өң, өзгөчөлүк жаратары менен баалуу деп эсептеймин.
- Жашылдык - өмүр, жашаруу дешет. Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу өнөктүгүнө да кайрылсаңыз?
- Аймагыбыздагы жайыт жерлерге келечекте 2 миң гектар мисте, бадам данектерин эгүү пландаштырылды. Быйыл "Ак кум" участкасынан Лейлек токой чарбасына 500 гектар жер убактылуу көчөт өстүрүүгө ажыратылып, 100 гектарга жакын бадам, мисте көчөттөрүнүн данектери эгилди. 5 миңден ашуун ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Жыл сайын тигилген көчөттөрдүн көбүн кургатып алчубуз, бул кечиримсиз иш. Андыктан ар бир көчөттү көгөртүп, асыроого көңүлдүн башкы багытын бурууга милдеттендик.
Экология дүйнөлүк масштабдагы маселеге айланган бүгүнкү күндө жаратылышты жабыркатууга жол бербешибиз абзел.
Кыскасы, мамлекет башчыбыз белгилегендей: Иштеш керек, иштей турган мезгил келди.
Жасалган, алдыда жасала турган иштерди толук камтый албаганыбыз менен бир сөз менен айтканда - бүгүнкү Лейлек району - бул Баткен облусу жана республиканын экономикасына өзүнүн татыктуу салымын кошуп жаткан, өнүгүп-өсөр, келечектүү аймак экени талашсыз.
- Жаштарды спортко тартуу жаатында кандай иштер аткарылып жатат?
- Райондун аймагында спорт тармагын өнүктүрүү багытында спорттун 12 түрү боюнча Федерациялар уюштурулду. 2012-жылы район
боюнча Исфана шаардык мэриясы жана айыл өкмөттөр арасында футбол, волейбол, улуттук күрөш, улак тартыш ж.б. спорттук оюндар боюн-
ча биринчиликтер өткөрүлдү. Ошондой эле футбол боюнча Өкмөттүн облустагы толук ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчилиги өткөрүлдү.
Райондун борборунда 40 миң АКШ долларындагы кичи футбол талаасы курулуп, ишке берилди. Азыркы мезгилде Кулунду айыл өкмөтүндө да курулуп жатат. Жаңы-Жер айыл
өкмөтүнүн Арка айылында дагы бир футбол талаасынын курулушу пландаштырылууда.
2013-жылдын март айында окуучулар арасында грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери О.Тилековдун 70 жылдык мааракесине карата облустун биринчилиги өткөрүлдү. Ошондой эле Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылында улуттук күрөш боюнча бир нече жолку чемпион Абдырахман Момуновдун туул­-
ган күнүнө карата окуучулар арасында "Лейлек күрөшү" боюнча биринчилиги өткөрүл-
дү.
Маектешкен Абдиллат Дооров,
Баткен облусу







Пикир: