"Кыргыз Туусу", 16.04.13 "Арыктын суусунан тамак ичкен сайын жийиркенчү элек…"
Жер шарынын 27%дан көбүрөөк бөлүгүн гана кургакчылык түзүп, калган 72%дан ашуун бөлүгүн суу каптап турат. Ошого карабай, ичүүчү таза сууга муктаждык бүтпөй, бирок, жер бетинде, анын ичинде суунун мекени болгон Кыргызстанда дагы аталган көйгөйдү чечүү максатында аракеттер жасалып келет… Бул тууралуу Эл аралык суу күнүндө Ысык-Көл облусунун калкы менен болгон иш-чарада Айылдарды инвестициялоо агенттигинин инженери Бекмамат Дөөлөтбаев кеп кылды…

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"
- Эк, какмар! Ушу таштанды деген эме батпас болду. Эчак эле төгүп, додолобой жоготкула десе болушпайт! Ирип-чирип, капырдын сасыгын кара! Муну эми кайда ташып отурат элем, суу баарын тазалайт… Арыкка салып ийгиле, агызып кетет!..
Ошентип, додолонгон акыр-чикир бир заматта сууга салынып, жок болот.
Кечинде ошол эле эненин уулу онтоп, ичин басып ботодой боздоп ыйлап келет.
- Эмне болуп кетти, каран күн?!
- Жана арыктан суу ичкем, ошондон
кийин эле ооруп калды, апа. Чыдабай жатам, апакебай?
Бала көл-шал түшүп тердеп, чабалактап жатат.
"Тез жардамга" келген доктур баланы карап көрүп жатып сурайт:
- Эмне жеди эле?
- Арыктан суу ичкем дейт.
- Тезинен ооруканага! Сарык жугуптур!
- Кайдан жугат, ботом? - эне чебелектейт.
- Кайдан болмок эле, суудан жукпайбы!..
Кемпир дел болот:
- Өз балама өзүм оору тилеп берген турбаймынбы, кокуй!
Бул чакан сценканы бүткүл дүйнөнүн эли суу күнүн белгилеп жаткан маалда - 22-мартта Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын окуучулары жергиликтүү элге, окуучуларга,
Айылдарды инвестициялоо агенттигинин, "Таза табият" өкмөттүк эмес уюмунун жана ЖМКнын өкүлдөрүнө тартуулап, элеттеги таза сууга болгон элдин мамилесин, санитардык абалын чагылдырып, көрсөтүп беришти.
Ушул эле иш-чарада аталган райондун Ак-Кочкор, Желе-Дөбө, Балтабай айылдарынын 11 окуучусу "Таза суу - өмүр булагы" деген темадагы мыкты дилбаяндары үчүн уюлдук телефондор менен сыйланышты.
"Биздин балдар суунун көйгөйүн ансыз деле жакшы билишчү. Бирок, таза суу кантип, кайдан, канчалык мээнет менен келерин биз аларга экскурсия жолу менен тааныштырдык. Анын жолдорун көрсөттүк. Балдар темага
даяр болгондон кийин гана дилбаян жазууга отургуздук", - дейт Ак-Кочкор айылынын "Таза суу" коомдук бирикмесинин эсепчиси Гүлмира Исаева менен мектептин директору Алтынгыз Абдыкеримова.
"Мен өзүмдүн дилбаянымда таза суунун канчалык ыйыктыгын жазуу менен бирге эле, буга чейинки ичкен арыгыбызды дагы "жаман" деп кордобой, аны да сыйлап, тазалап, ыкыр-чикир салбай пайдалануубуз керектигин жазгамын. Анткени, кыргызда: "Суу ичкен кудугуңа түкүрбө", "Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" деген кеп бар. Таза суу чыгып, биз ичпей калганыбыз менен, аны мал ичип жатат. Ал эми мал - биздин тамак-ашыбыз", -дейт Желе-Дөбө айылынын 11-классынын окуучусу, биринчи орунга ээ болгон Санжар Доктурбаев.
"Биз башта арыктын суусунан чай кайнатып, тамак жасап иччүбүз. Жашырганда не, чындыгында эле ичкен сайын эле эмес, бетибизди, тишибизди жууган сайын жийиркенчүбүз. Бирок айла жок эле. Эми болсо, таза суу ичип, таза сууга бетибизди жууп жаткан сайын өзүбүздү аябай бактылуу сезебиз. Мен ушуну сүрөттөп жазгамын", - дейт дагы бир жеңүүчү, Балтабай орто мектебинин 11-классынын окуучусу Азиза Үсөн кызы.
Иш-чарада маалым болгондой, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарындагы "Ичүүчү суу менен камсыз кылуу" долбооруна кирген айыл­дардын алкагында уюштурулган, мындан бир ай мурда жарыяланган ушул дилбаян жазуу сынагына 5-11-класстын окуучулары катышкан."Жеңүүчү" деген сертификаттарга ээ болуп, уюлдук телефондор менен сыйланган окуучулар эми иш-чаранын соңунда жалаң суу жөнүндөгү макал-ылакаптарды айтышып, комуздун коштоосунда "Аккан сууну" ырдашты.
Айыл аксакалы Ырыскелди Жунушов менен "Чырак" айылынын "Таза суу" коомдук бирикмесинин башчысы Имаш Азарбаев балдарга жана жергиликтүү калкка мындай камкордук жасап жаткан дүйнөлүк банкка, АРИС­ке ж.б. ыраазычылык билдиришти.
"Артып берсең, тартып бер…"
Элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу аракеттерине токтолсок, учурда Ысык-Көл
районунун 850 түтүн жашаган Корумду айылынын 150 үйүнө таза суу киргизилген. Калгандары ушул жыл ичинде толук суу менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин бизге
айылдын "Таза суу менен камсыз кылуу коомдук бирикмесинин" төрагасы Тимур Түлеев билдирди. Анын айтымында, Дүйнөлүк банк­тын каржылоосунда ичүүчү суу менен камсыз болуп жаткан көпчүлүк айылдардан бир айырмачылыгы, суу бул айылдын ар бир короосуна киргизилип жаткандыгында (чындыгында мындай мүмкүнчүлүк борбор калаанын жаңы конуштарында да жок - автор).
"Өткөн жылы жетишип калгандар үйлөрүнө суу киргизип калышты. Кыш келип калганына жана башка ар кандай себептерден улам, калгандары ушул жазды болжоп жатканбыз. Кудай буюрса, "Жакшы тилек - жарым ырыс" деп, камданып турган кезибиз. Деген менен элдин ичинен ар кандай адамдар чыгат экен. Ошону да аракеттенип, пайдаланып калайын дебей: "Эмне үчүн үйүбүзгө чейин өзүңөр киргизип бербейсиңер?" деп нааразы болуп отургандар да жок эмес", - дешет жергиликтүү тургундар.
Атүгүл өздүк салым үчүн 150 сомдон акча чогултуп, өзү жеп алды деген күмөнсүү менен Т.Түлевди сотко берип, убарачылык жараткандар да болуптур: "Антсе да, "Ак ийилет, сынбайт" эмеспи. Элди ойлогон, эл үчүн кам көрүп чуркаган жеке адамдарга рахмат. Алардын арасында АРИСке, "Таза табият" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Анара Дауталиевага рахмат. Элдин мүдөөсүн угуп, укугун коргоп Вашингтонго чейин барып, дүйнөлүк банк менен алакалашып жатат. Дүйнөлүк банк ишенип берген каражатты калыс, акыйкат иштетип, көйгөйүбүздү чечип берип жаткан агенттикке рахмат. Мисалы, инженер Бекмамат Дөөлөтбаев дайыма ушул жерде жүрүп, бир тууганыбыздай эле сезилип калды", - дешет айылдык энелер Чынара Мукашева менен Арзыкан Сакеева.
Белгилей кетсек, Корумдуну таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу үчүн өткөн жылы Дүйнөлүк банк тарабынан 47 615 332 сом акча жумшалган. Ар бир үй бүлө канчалык көлөмдө колдонгонуна жараша (счетчик аркылуу) сууга акы төлөшөт жана бул төлөм орточо эсеп менен бир айда 60-70 сомго чейин болот.