Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_6.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_6.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_6.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_6.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Чүйдө эки түшүм алууну далилдеди
Элибиз үй жандыктарына жүгөрү, буудай, арпа, күнжара (жмых), улпак сыяктуу жемдин төрт-беш түрүн берип жүрөт. Кыргызстанда эң заманбап техниканын жардамы менен 22ден ашык кошулманын түрү бар аралашма жем биринчи жолу чыгарылып жатканын баары эле биле бербейт. Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында "Кыргыз корм" ЖЧКсынын ишке киргизилгенине жыл айлана элек. Ишкананын кубаттуулугу жылына 30 миң тонна аралашма жем чыгарууга жетет.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
Ушундай жем бар, уктуңбу?
"Тянь-Юань" ишканасынын башкы директору, кытайлык ишкер Хе Годун "Кыргыз корм" аралашма жем чыгаруучу заводду курууну беш жыл мурда пландаптыр. Чет элдик мырза 13 жылдан бери кыргыз жергесинде иштеп, анын көп бөлүгүн айыл чарбасына арноодо. Ал Чүй аймагынын табигый шартын, жерин иликтеп келип, ушул идеяга токтогон. Идеясын ишке ашырууга өлкөдөгү саясый туруксуздук, инвесторду кооптондурган окуялар да таасирин тийгизди.
Кулакты тундура күрүлдөгөн станоктору бар кубаттуу завод, фабрикалар эски союз менен кеткендиктен, адегенде "Кыргыз кормду" пульт аркылуу бир жерден башкарылып, компьютерлешкен, заманбап ири ишкана экенин элестеткен эмесмин. Завод 1 млн. долларга курулуп, жабдуулары Кытайдын индустриялуу мамлекеттик ишканаларынан сатылып келиниптир. Завод жазында дыйкандарга үрөндү пайызы жок таратып берип, күзгү түшүмдөн дан түрүндө алат. Күзүндө дыйкандын дан эгинин завод сырьё катары сатып алууга кепилдик берген келишимдерди түзүп жатыптыр.
"Кыргыз корм" заводу быйылдан баштап, дыйкандарды май чыгаруу багытындагы соя, жүгөрү, күн карама сыяктуу өсүмдүктөрдү өстүрүүгө үндөп туру. Сояны эгүүнүн сырын үйрөткөн адистери да бар. Бул өсүмдүк жерди арыктатпайт. Сабагы малдын тоютуна жарайт. Себеби, Хе Годун мырза Беловодскиде ушул жылы май чыгаруучу заводдун ийгиликтүү иштээрин далилдейм деп турат. Дагы бир кызыгы, Чүй өрөөнүнүн шартында бир сезондо эки түшүм алуу жагы да колго алына баштады. Өткөн жайда КЭРнын Синьцзянь илимдер академиясынын жер иштетүү боюнча адистери келишип, кыргыз дыйкандарына өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу боюнча окууларды өткөрүшкөн. Алар буудайды оруп алгандан кийин, ордуна жүгөрүнү айдоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшкөн болчу. "Элибиздин 80 пайызы айыл чарбасында иштейт. Жакынкы жылдары алардын 70 пайызы "Кыргыз корм" менен кызматташат деп ойлойм. Өзүмдүн тоок, каздарыма атайын канаттуулар үчүн чыгарылган жемин сатып алам. Булардын жеминин өзүн берсе да, биздин кадимки жемге кошуп жедирсе да болот. Кызыл эт балапандын бирөө да өлгөн жок. Балапан 1,5 же 2 эсе тез ирденип, өскөнүнө таң калдык", - деди Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Александр Кононов.
22ден ашык түрү бар аралашма жемдин төрт-беш түрүн гана жергиликтүү дыйкандардан сатып алып, калганын чийки зат түрүндө чет өлкөлөрдөн ташышат. Мисалы, балыктын унун Литвадан, Перудан, соя өсүмдүгүн Россиядан, Казакстандан, ал эми метионин, лизин кошулмаларын Америкадан, Франциядан алып келет. Малда белок жетишпесе абалы начарлап, салмагы түшөт. Малдын организми кичине кезинен кальцийди, фосфорду керектүү өлчөмдө албаса итий болуп, акыры остепороз дартына чалдыгат. Ооруган мал ээсин чыгымга учуратып, жыгылганы көп болот. Үй канаттууларынын жеминде керектүү элементтердин тартыштыгынан жумурткасынын кабыгы жукарып, эттенбей туруп алат. Организмдеги жездин жетишсиздигинен кой аз кандуулукка (анемия) учурап, жай өсүп, жүнү түшө баштайт. Ошондуктан мал тукумун асылдандыруу, жогорудагыдай курамы бай жем берүү менен фермер чоң ийгиликке жетишет деп тастыкташат бул жерде. Жемдин дагы бир артыкчылыгы сүт багытындагы уйга өзүнчө, байлап этке төгө турган уйга өзүнчө жем даярдалат экен. Жумуртка баса турган тооктун, эт багытындагы тооктун, балапандын жемдеринин да айырмалары бар.

Артезиан суусун ичебиз, айлыкты жакшы алабыз
Союз учурунда мындагы "Кызыл Октябрь" колхозуна караган сүт- товар фермасында уйчу, саанчысы болуп, кыйла эл жашап-иштеп, үй-бүлөсүн бакчу. Элдин айтымында уй, торпогу болуп, 1200дөн ашык мал кармалчу экен. Колхоз тарагандан кийин мурдагы кайнаган эмгектин бири жок, МТФнын мүлкү казыкка чейин тонолуп, каңгырап бош калган. 2003-жылы Хе Годун ферманы ошондой бүлүнгөн абалда сатып алыптыр. Элдин үлүшүнө берилген он гектардан ашык жерди ижарага алып иштетип, мал туягын көбөйтөт. Мына ошонун ордуна "Кыргыз корм" заводу курулуп отурат.
Заводду издеп бара жатып, эл менен маектешүүгө туура келди. "Фермадан оомат кеткен жылдары анын айланасында жашап-иштеген эл ичер суусуз калганбыз. "Тянь-Юань" ЖЧКсынын каражатына башкы директору Хе Годун ушул аймактагы 35ке жакын түтүнгө минтип таза суу чыгарып берди. 45-50 метр жерди каздырып, Кытайдан жабдууларын, түтүктөрүн ташып келип, хлору жок артезиан суусун бургулап чыгаруучу насосту орнотту. Минтип корообузга суу киргизип алдык", - дейт Нурбек Иманалиев деген жигит дарбазасын ачып көрсөтүп.
"Кыргыз корм" заводуна ишемби күнү барганыма карабай, ал жерде иштеп жаткандар да, жемге келген кардарлар да жетиштүү экенин көрдүм. Өзбек жигит Мамыржан: "Көп жылдан бери букаларды сатып алып, семиртип этке сатам. Булардын комбикормун алып жүргөнүмө бир нече ай болду. Мурда биз малга берип жүргөн арпа, жүгөрү же буудай болгону "Кыргыз кормдун" аралашма жеминин сырьесуна гана жарайт турбайбы. Булардын жеминин курамында толгон микроэлементтерден тышкары пахтанын, соянын майлуу күнжарасы болгону үчүн малга жегиликтүү. Букаларым бат семирип, эти да даамдуу болуп, кардарлар үйүмдөн жүктөп кетишет. Мурда буканы 5-6 ай баккан болсом, азыр 3,5 айда эле семирип, согумга өтүүдө. Мурда 280 кг. эттүү букалардын азыркы салмагы 330 кг. чейин жетүүдө", - дейт.
Өндүрүштүн начальниги Акылбек Болотов менен таанышып алып, "Жетекчиңер кытай жараны экен, мекендештерин толтуруп алгандыр", - дедим түз эле. "Заводдо жалпысынан 40тан ашык адам иштейбиз, анын төртөөсү техниканын тилин билген кытайлык адистер. Мени Кытайга жиберип, агрегатты башкарууну окутуп үйрөтүштү. Жакында экинчи нөөмөттү ачып иштейбиз. Айлык акыбыз жакшы, союз учурундагыдай он үчүнчү маяна, андан тышкары акчалай сыйлыктарды берип турушат. Жайкысын Ысык-Көлгө, кошуна мамлекеттерге жумушчуларды эс алууга жиберишет. Бир маал бекер ысык тамак берилет", - дейт.
"Кооператив түзөбүз, элдин башын кошобуз"
Хе Годундун жергиликтүү эл арасындагы дагы бир аты -Шаохе. Шаохе бир нече жыл мурда элдин үлүш жерлерин ижарага алып, ондогон гектарды абдан семиртип иштеткен жылдары түшүмү мыкты болуп, аймактагы кыргыз, орустун "көзүн чакчайтат". Кийинки жылы жерлердин кээ бир ээлери: "өзүм айдайм" деп, үлүшүн сылык-сыпаа кайра алып коюшкан. Ошондон кийин, Годун мырзага кооператив ачпасак болбойт деген идея келиптир. Коопартив ачуу идеясында аны колдогондор аз эмес.
- Аймактагы кошдөбөлүк фермер Жаныш Өзүмкулов деген жигит дыйкан, фермерлерди кооперативге баш коштуруу боюнча демилгечилердин бири. "Айыл чарбасынын "реформаторлору" 1996-жылы биздин колхозду чилдей таратып жатканда, мен тарабагыла деп чыркырагам. Ошол жылы 13 түтүндү кооперативге бириктирүү аракетим ордунан чыкпай калган. Эми элдин жерин чогултуп айдабасак болбой калды. Бир гектар жерди иштетүүгө 4500 сом сарпталып жатат. Жер арыктады. Каражаттын тартыштыгынан көбү беде эгет. Бир чабыгын салыктарга төлөп, экинчи чабыгын эптеп өзүнө арттырат", - дейт. Кооператив демекчи, "Тянь-Юань" ЖЧКсы ал жердеги Акмат Сыдыков атындагы мектепке жыл сайын демөөрчүлүк жардам берип келе жатыптыр. Эми мугалимдердин жерлерин чогултуп, кооперативге бириктирип, иштетүүгө колдоо көрсөтөбүз деп кубандырып жатканын Хе Годундун орун басары Алыкожо Сыдыковго жолукканымда айтып берди. Айыл аксакалдары да бул демилгени түп көтөрө колдоп, ушул күндөрү кооператив түзүүгө күн алыс чогулушуп жаткан кездери...

"Кытайлыгым калган жок..."
Ал мындан 13 жыл мурда кыргыз жергесиндеги бараандуу компаниялардын бирине иштегени келген. Эл аралык бизнестин адиси, орус тили боюнча котормочу деген эки университеттик кесиби бар. Ошол жерден болочоктогу өмүрлүк жарын таап, теңиртоолуктарга күйөө бала болуп, Дилбар аттуу нарындык кызга баш кошкон. Кыргыз достору жандап, куда башчы болуп барышып, кыздын жакындарынын алдынан өтүшкөн болчу. Учурда алар эки уул, бир кыздын ата-энеси. Ал орусча тилди таза сүйлөп, түшүн жоруйт.
Аймактагылар менен аңгемелеш­ке­нимде, "Кыргыз кормдун" жемин адегенде эл жакшы деле түшүнгөн эмес. Ошондо Хе Годун - Шаохе кыргыз балдарды жанына алып, жемди жарнама кылуу үчүн көчөмө-көчө кыдырып, чарбаларга карызга таштап, кээ бирөөнө бекер берип, айтор, жанын жанга, жамбашын жерге уруп жүгүргөнүн айтып отурушту. Былтыркы жылы Чүй боорунда эки түшүм алуунун сырын үйрөтүп далилдөө, жем чыгарган заводдун ишин көрсөтүп, тааныштыруу үчүн Кыргызстандын аймактарынан 36 аким, эки губернатор, мурдагы өкмөт башчысынын башын кошту. Райондук жетекчилер менен тиешелүү адис­терге болсо семинар өткөрүштү. Быйыл да Кытайдан адистерди алып келип, ошондой семинар өткөрөм деп жүрөт дешти.
- "Кыргыз кормдун" азыркы кубаттуулугу продукциябызды сурагандардын баарына жетпейт. Чынында, бир эле Чүй облусуна мындай заводдон бери жагы бешөө керек болууда. Алдыда май чыгаруу заводун куруу, этти кайра иштетүүчү ишкананы түптөө сыяктуу толгон пландар бар. Бул "КРнын 2013-2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясына" кошо турган салымдарыбыздын азын эле айтып жатам. Эт, сүт, жумуртка, жашылча, дан эгин ж.б. багытындагы сапаттуу азыктарды өндүрүп, ал түгүл чет мамлекеттерге экспорттосок болот. Өндүрүлгөн продукцияны соодалап сата турган рынок толтура. Ошол эле кошуна Кытайга экспорттоого эмнеге болбосун?. Кооператив түзүп, элдин башын бириктирип, заводдордо жумушчу орундарын көбөйтсөк, чет мамлекеттерге кеткен айыл жаштары кайра келе башташат", - дейт ишкер.
- А сиз тарыхый ата журтуңузга кайра кеткиңиз келбейби?, - деп суроо узаттым.
- Ата-энем геолог болгондуктан, үй-бүлөбүз улам бир аймакка көчүп жүрчү. Мен биротоло отурукташып, жер иштетип, заводдорду кургум келет. Таттуу сезимдер жанган жалындуу махабатымды да ушул жерден таптым. Жер иштетип, мал туягын көбөйтүп, тал-терек тигип, ишкана куруп, тамыр жайдым. Өмүрлүк жарымдын, үч баламдын киндик каны тамган жер ушул ак карлуу Ала-Тоо койну. Кыскасы, кытайлыгым деле калган жок... 2009-жылдан бери Кыргызстандын жарандыгын сурап, үч ирет кат жөнөттүм. Азыр да мамлекет башчысына өтүнүч кат жолдоп отурам, - дейт ал.
Сүрөттөрү автордуку







Пикир: