Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_5.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_5.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_5.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_5.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Милиция менен чекисттер
кайрадан кагылышты...
Союз мезгилиндеги салт боюнча Космонавтика күнү -
12-апрелде кечке маал Бишкек-тин Элебаев жана Горький кө-
чөлөрүнүн кесилишинде УКМК-нын Коррупцияга каршы кыз-
матынын (ККК) жана борбор-дун Свердлов районунун мили-
ция кызматкерлеринин орто-
сунда ок атууга чейин жеткен
окуя болуп өттү. Эртеси
ишемби күнү бул боюнча өк-мөт башчысы Ж.Сатыбалдиев формачан адамдар жөнөкөй жарандардын тынчтыгын коргогондун ордуна өз ара
териштирүүлөрдү жүргүзүп жаткан биринчи учур эмес экендигин белгиледи. Ал ички иштер министри А.Суранчиевге бул иш боюнча
кыска мөөнөттө иликтөө жүргүзүп, ал бүткөнчө Свердлов РИИБсынын начальнигин кызматтан четтете турууну тапшырды.


Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Бул боюнча мамлекет башчысы да дароо көңүл буруп, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевге окуяны териштирип, жыйынтыгын ага баяндоо тапшырмасын берди. Бийлик башындагылардын мындай реакциясы кокусунан болбосо керек. Анткени мындай инциденттер акыркы мезгилде өнөкөткө айланып бара жатат.
Жума күнкү инцидентке катышкан эки тараптын ар бири анын кандай болуп өткөнү тууралуу өздөрүн жактаган маалымат берүүгө аракеттенишип жатышат. УКМК тараткан маалымат боюнча окуя төмөнкүдөй болгон.
12-апрель күнү УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Свердлов РИИБсынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Иш С.Шаршекеев аттуу жарандын арызы боюнча козголгон, ал "Акыл" аттуу милиция кызматкери андан Э.Нурдөөлөтов аттуу
тууганын кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 80 миң сом талап кылып жаткандыгын айткан.
Ыкчам-иликтөө амалдарын жүр­гүзүү учурунда, 12-апрель күнү болжол менен саат 19:30да милиция кызматкерлери 20 миң сом сумма­-
дагы параны алышкандан кийин
Бишкектин Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде Свердлов РИИБсынын оперкызматкерлери милициянын лейтенанты Э.Мамбеталиев менен ага лейтенанты Т.Сарбашев чекисттер тарабынан кармалган. Аларга тергөөчү өзүн тааныштырып жана пара алууга шектелип кармалгандыгын оозеки жарыялап жана алардын процессуалдык укуктарын жана милдеттерин түшүндүргөн.
Автомашинаны кароо учурунда арткы оң жактагы отургучтун полундагы төшөнчүнүн астынан 10 миң сом табылган. Алардын сериялары жана номерлери тергөөчү тарабынан видео­камерага тартылып алынган.
Бирок, жарым сааттан соң, ал жерге Свердлов РИИБсынын 50-60тай кызматкери келип, ыкчам-тергөө амалдарын өткөзүүгө жолтоо кылышкан. Атүгүл, кармалган коллегаларын бошотууга аракет кылышкан. Андан кийин эвакуатор чакырышып, автомашинаны белгисиз жакка алып кетишкен.
Саат 21де окуя болгон жерге Бишкек ШИИББсынын начальниги Мелис Турганбаев жана Свердлов РИИБсынын начальниги А.Нусувалиев келишип, бирок чыр-чатакты токтотуу боюнча чара көрүшкөн эмес.
Ошол эле күнү саат 20га жакын ыкчам тергөө тобунун экинчи бөлүгү милициянын кармалган кызматкерлеринин кабинеттеринде (сот санкция берген) тинтүү жүргүзүү максатында Свердлов РИИБсынын имаратына келишкен. Ал ортодо жарык өчүп калып, эки ведомствонун кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болуп кеткен. РИИБнын кызматкерлери чекисттерди сыртка чыгарып коюшкан.
УКМКнын, ИИМдин жана Свердлов райпрокуратурасынын жетекчилиги келишкенден кийин гана кармалгандардын кабинеттерине тинтүү жүргүзүлгөн.
А милициянын версиясы боюнча коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери өздөрү мыйзамды бузуу менен ыкчам чараларды жүргүзүшкөн.
Иштин айрым бир такталбаган майда-чүйдөсүн эске албаганда окуя ушундай. Бул боюнча мамлекет башчысынын жана өкмөт башчысынын тапшырмалары боюнча түзүлгөн териштирүүлөр аныгын ачыкка чыгарат деп ойлойбуз.
Маалымат агенттиктери билдиришкендей, 13-апрель күнү саат 20:30да Бишкекте Сокулук РИИБсынын оперкызматкери Эрмек Сабировдун автомобилинин салонунан героин табылган. Анын үйүн санкция берилген тинтүү жүргүзүү аракети учурунда саат 22:00дө милиция­нын 30дай кызматкери Наркотиктерге көзөмөл боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсүнө жана оперкызматкерине кол салышкан. Аларды сабашып, далил буюмдарды жок кылышкан, а Сабировдун өзүн белгисиз жакка алып кетип калышкан.
2012-жылдын июнунда Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылында милиция менен чекисттердин ортосунда ушундай эле кагылышуу болуп өткөн. Анда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери акча талап кылышты деп шектелген милиция кызматкерлерин кармоо боюнча атайын
операция жүргүзүп жатышканда тоскоолдукка кабылышкан. 90дой жергиликтүү жашоочулар жана милиция кызматкерлери да кошулуп алып, тартипсиздиктерди уюштурушкан. Натыйжада КККнын кызматкерлери сабалып, 3 автомашина, анын ичинде кокусунан келип калган адамдын да машинасы талкаланган.




Дубандардан эмне кеп?
Өз кабарчыларыбыз кабарлашат
Ысык-Көл

Жакындашып
мыйзамдарды карашты,
жакшы тилек-үмүт
менен тарашты
Кыргыз Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн демилгесинин жана өнүктүрүү саясат институтунун "Бюджеттик процесс: жарандардын үнү жана ЖӨБ органдарынын эсеп берүүчүлүгү" долбоорунун алкагында Каракол шаарына семинар-кеңешмеге чогулган Көл өрөөнүндөгү муниципалитеттин - 58 айыл аймагынын жана 3 шаардын башчылары, жергиликтүү прокуратура, ИИМ, ӨКМ, мамлекеттик салык кызматы органдарынын жетекчилери буга чейин жедеп калыптанып адатка айланган жадатма окуулардан көрө ийри отуруп, ачык-айкын түз кеңешүүнү туура көрүштү.
Өкмөттүн облустагы толук ыйгарым укуктуу өкүлү М.Асанакуновдун, өнүктүрүү саясаты институтунун башкаруучу төрайымы Н.Добрецованын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин эки облус боюнча өкүлү З.Шариповдун жана бир катар айыл аймактарынын башчыларынын айткан пикирлерине таянсак, жаңы нуктагы мындай жолугушуу мындан ары жакшы натыйжаларын берери шексиз. Анткени, айыл аймактарынын башчыларынын басымдуу көпчүлүгү жаңыдан шайланышты. Иш тажрыйбалары аз. Демек, мамлекеттик укук жана тескөө органдары буга чейин көнүмүшкө айланып калган жалаң жамандык издөө тажрыйбасынан кайтып, жазалаганга
чейин мыйзамдарды кынтыксыз так сактоого жол көрсөтүп, көзөмөлдөө менен ар кандай кылмыштардын алдын алууга чыйыр салынды.
Жээнбай ТҮРК


Ош
Жазгы талаачылыкка арналды
Кара-Кулжа районунун жака тарткан айыл өкмөттө-рүндө жазгы талаа жумуштарын күрдөөлдүү өткөрүү максатында райондогу Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн таризинде көргөзмө семинар болуп өттү.
Аталган иш-чарага райондогу айыл өкмөттөрүнүн башчылары, дыйкан-фермерлер, райондогу талаачылыкка тиешелүү мекемелердин адистери катышуу менен жерди айдоонун технологиясы, жер семирткичтерди кантип колдонуунун эрежелери жана сугат иштеринин сапаттуу болушу туурасында ой пикирлер ортого салынды.
М.ЖУМАНАЗАРОВ




Нарын
Жаңы асфальт жол жарылып жатат
Өткөн жылы Нарын шаа­рынын чыгыш тарабынын борбордук көчөсүнүн 1,5 чакырым аралыкка чейинки бөлүгү толугу менен кайрадан оңдолуп, көпүрөлөр калыбына келтирилип, жол бир сыйра жаңы асфальтталган болчу.
Учуда Сүрөт-Булак деген аталган аймактын тушунан жолдун бир нече метр аралыгы таптакыр жараксыз абалга келип, асфальттар жанчылып, унаалар өтө албаган кейипке келди.
Жагдай боюнча Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Суранов: "Жол боюнча акт түзүлүп, учурда изилдөө иштери жасала баштады. Эгерде курулушчулардын күнөөсүнөн кеткен кемчилик болсо, анда жолду курган "С.С.Строй" деген фирма кайрадан толугу менен калыбына келтиришет", - деген маалымат келтирди. Нарын шаардык Кеңешинин депутаты, архитектор Болот Байгубатов бузулган жолдун алдында суу түтүк бар экендигин, эгерде түтүк тоңуп калып, жарылууга кириптерленсе, анда жолду жасоо мэрияга жүктөлөөрүн айтат.

Баткенчи жоокерлер
Башкы командачыга кайрылышууда
КРнын Президенти, өлкөнүн Башкы командачысы Алмазбек Атамбаевге жолдонгон кайрылууда 75 жоокер Баткен согушунан курман болгондугу көрсөтүлүп, алардын жесирлери, ата-энелери мамлекеттен болгону 1 000 (бир миң) сом жөлөк каражат алышаары айтылат.
- Биз, карапайым катардагы жоокерлер, социалдык жана укуктук маселелерибизди айтып кайрылганда, - деп айтылган кайрылууда, - өкмөт өлкөнүн экономикасы начар, казынада акча жок деп жооп берет. Ошол эле убакта ЖКнын депутаттарына бир жылда 6-8 миллион, президенттик аппаратка бир миллиард сом каралат… Андан сырткары 2013-жылдын 3-февраль күнү Сталинград салгылашуусунун 70 жылдыгы белгиленди. Сиз Кыргызстандын атынан согуштун ардагерлерин делегация кылып жибергенге жараган жокпуз.
20 жылдан бери чек ара меселеси чечилбей келет, - деп айтылган кайрылууда. 1996-жылдагы согуштун, Куралдуу күчтөрдүн жана тылдагы эмгектенгендер тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү, 26-октябрды эскерүү күн деп бекитүү, чектелген 1 000 сомду көбөйтүү, Баткен жоокерлерин социалдык жактан коргогон мыйзам иштеп чыгуу талаптары келтирилет.
Күмөндөр УСУПТЕГИН



Баткен
Эл аралык инвестфорум өтөт
Инвестиция жана өнүгүү боюнча облустук биринчи эл аралык форум 25-26-апрелде Баткен шаарында өтүүсү пландаштырылууда.
Бул боюнча КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Разаков журналисттер менен болгон жолугушуусунда маалымдады.
Маалыматтарга ылайык, Баткен облусунун өнөр жай тармагын өнүктүрүү, туризмди өркүндөтүү, кен байлыктарды иштетүү багытын көздөгөн форумга 200дөн ашык меймандар чакырылып, алардын 100гө жакыны расмий чакырылгандар болсо, 58и элчилер. Алдын ала божомолдорго караганда 10го жакын ири долбоорлордун бет ачары өткөрүлүп, Араб өлкөлөрүнөн башка Түркия, Россия, Кытай мамлекеттери да катышкан инвестициялык форумга КРнын Өкмөт башчысы, министрлер да келээри күтүлүүдө.
Баткендин келечегине байланышкан бул эл аралык форумга арналган атайын видеосюжеттер көрсөтүлүп, буклеттер чыгарылууда.
Аялдар - тынчтыктын тиреги
Өткөн жумада Баткен шаарында "Аялдардын коопсуздукту сактоодогу жана туруктуулукту орнотуудагы ролу: маселелер жана иштиктүү аракеттер" аттуу облустук форум болуп өттү.
Форумдун негизги максаты - Баткен облусунда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууда мамлекеттик органдардын жана атуулдук коомдун кызматташтыгын чыңдоо. Аталган иш-чарада аймактык коопсуздукту сактоодогу жана туруктуулукту орнотуудагы күч түзүмдөрүнүн жана коомдук уюмдардын аткарган иштери туурасында билдирүүлөр айтылып, талкуулар жүргүзүлдү. Жыйынтыгында топтордун бет ачарлары өткөрүлүп, талкууга алынды.
Гүлчехра ТАЖИБАЕВА




Пикир: