Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_4.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Нурсултан
Назарбаев:
"Мен бир тууган
Кыргызстан элин колдойм"
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен Астанадагы Акордо резиденциясында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын абалы жана келечектери жөнүндө пикир алышты.
Алмазбек Атамбаевди тосуп алып, Нурсултан Назарбаев Казакстан Кыргызстанды колдоого дайыма даяр экендигин баса белгиледи:
"Мен Сизди, бүткүл бир тууган Кыргызстан элин колдоймун. Биз чын жүрө­гүбүздөн жакшылык гана каалайбыз. Сиздердин жергеңиздерде дайыма тынч­тык жана туруктуулук болушун тилейбиз. Кыргызстандын экономикасынын план ченемдүү өнүгүүсүн каалайбыз", - деп айтты Нурсултан Назарбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Казакстандын экономикалык кайра түзүү жаатындагы тажрыйбасы Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу экендигин белгилеп өттү. "Өз ара пайдалуу кызматташуунун маселелерин талкуулоого кезектеги мүмкүнчүлүк түзүлгөндүгүнө кубанычтамын. Казакстан Борбордук Азияда динамикалуу өнүккөн мамлекет болгондугу бизди абдан кубандырат",- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну мындан ары чыңдоонун жана тереңдетүүнүн актуалдуу маселелерин дагы талкуулашты.
Расмий иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстан Республикасынын Өкмөт башчысы С.Ахметов, Тышкы иштер министри Э.Идрисов менен жолугушуп, Өкмөттөр аралык кеңештин кезексиз жыйынын Бишкекте өткөрүүнүн, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын өз ара расмий иш сапарларынын мөөнөттөрүн, ошондой эле инвестиция тартуу маселелерин карашты. Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары болсо сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө маданий-гуманитардык чөйрө­дө кыргыз-казак кызматташтыгынын түйүн­дүү маселелерин, ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулашты, - деп билдирет ТИМ басма сөз кызматы.
Эки боордош өлкөнүн ортосундагы биргелештик мамилелери менен стратегиялык өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулгандагын Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Н.ЖЭЭНБЕКОВ




Спикер иш сапары
Афганистан маселеси талкууланды
"Биз "Азия жүрөгү" аттуу Стамбул процессин колдойбуз. Афганистандын энергетика, транспорт, айыл чарбасы тармактарындагы аймактык долбоорлорду ишке ашырууну алдыга жылдырууга даярбыз", - деди ЖКнын төрагасы А.Жээнбеков Санкт-Петербург шаарында Таврика сарайында өткөн ЕврАзЭШтин Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПААнын) бюро жыйынында.

ЕврАзЭШ ПАА бюросунун мүчө­­лөрү Евразиялык экономикалык шериктештиктин парламенттер ара­­­лык ассамблеясынын курамына киргизилген өзгөртүүнү бекитишип, уюмдун төрагасына талапкер талкууланды.
ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңеши Сербиянын элдик Скупщинасы менен Афганистандын улуттук ассамблеясынын төмөнкү палатасына ЖККУ ПААга байкоочу макамын берүү жөнүндөгү чечимди жактырды. Афганистандын парламентинин Төмөнкү палатасынын төрагасынын орун басары Мохаммед Салех Салжукинин өз өлкөсүндөгү саясий кырдаал жөнүндөгү маалыматы угулду.
А.Жээнбеков бир катар аймактык уюмдардын, интеграциялык би­­рикмелердин, ШКУнун, ЖККУ катышуучусу катары, Кыргызстан Афганистанды тынчтык жолу аркылуу калыбына келтирүү жана өнүк­тү­­рүү иштерине өз салымын кошуу­­га даяр экенин баса белгиледи. ЖКнын төрагасы 2013-жылдын сентябрында Бишкекте "Афганистан - 2014: Афганистан Ислам Республикасынын өнүгүү келечеги, тынч­тыкты сактоо күчтөрүнүн негизги контингентин чыгарып кетүүдөн улам, Борбордук Азияда кооптуу абалдын жаралуу коркунучу" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясынын өт­көрүлөрүн жарыялады. Кыргыз делегациясы Санкт-Петербургда өт­көн ЕврАз­ЭШ ПААнын 15-жыйынына катышып, Беларусия өлкөсү бирдиктүү экономикалык аймакта товар сатуу, тейлөө кызматын көрсөтүү, капиталдар менен жумушчу күчүнүн кыймылы тармактарын мыйзам аркылуу камсыздоо тажрыйбасы менен таанышты.
А.Жээнбеков Россиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Сер­­­­­­­­­­­­­­гей Нарышкин менен жолугушуп, Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүү келечеги, Россиянын аймагына кыргызстандык эмгек мигранттарынын иштөө шарттарын жөнөкөйлөштүрүү максатында мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча пикир алышты.
С.Нарышкин Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланышкан "жол картасын" тезинен иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеп, Россиянын бул процессте Кыргызстанга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Асылбек Жээнбеков Санкт-Петербургда Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын төр­­­­­­агасы Жан-Клод Миньон менен жолугушту. А.Жээнбеков кыргыз тарап ЕК ПАА менен кызматташууга өзгөчө маани бере тургандыгын баса белгилеп: "Мындай тыгыз кызматташтык мамилени биз адам укуктары менен эркиндиктерин бекемдөө, жарандык коом­­­­­­ду өнүктүрүү механизми катары карайбыз", - деди. Төрага ЕК ПААнын Кыргызстанга "Демократия боюнча өнөктөш" макамын берүү ниети үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстандагы парламенттик демократиянын калыптануу жолу артка кайткыс мүнөзгө ээ. Азыркы аракетибиз бардык адамдар мыйзам алдында бирдей болгон мамлекетти курууга багытталып жатат", - деди кыргыз спикери. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Н.АЛИЕВА




Чыгымды азайтып, чымырканып иштөө керек
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 99 пайызга, ал эми чыгашасы 93 пайызга аткарылды. 2013-жылдын башындагы эки айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 925 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,1 пайызга өсүптүр. Ал эми экспорту болсо 178,7 млн. долларга жеткен.

Жакында Өкмөттө өлкөнүн со­циал­дык-экономикалык өнүгү­шү­нүн биринчи чейрегин жыйынтыктоо боюнча өткөргөн кеңейтилген жыйынында мына ушул сыяктуу сандар келтирилди. Бүгүнкү жашоонун утурумдук көйгөйлөрүн чечүү менен эле чектелип калбай, экономиканын эртеңки өнүгүүсүн, стратегиялык объектилерди куруп, ишке киргизүүнү, нечен жүздөгөн жумушчу орундарын түзүүнү жолго коюучу учур келди. Кыргызстанды 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы ушундай максаттарды көздөйт. Ал үчүн социалдык чыгымдарды ирээтке салууга туура келүүдө.
Өкмөт жыйынында жасалган Социалдык өнүктүрүү министри Кы­­­­­лычбек Султановдун докладына келсек, 2012-2014-жылдар аралыгында калкты социалдык коргоого багышталган стратегиялык программасында министрликтин каражатын өлкө казынасынын мүм­күн­­чүлүгүнө карабай пландаштырып алган. Бул үчүн министр мырзага өкмөт мүчөлөрүнөн сын угууга туу­­­ра келди. Вице-премьер-министр К.Талиеванын билдиргени боюнча республикада 2011-жылга караганда 2012-жылы калктын жакырлыгы 3 пайызга өсүптүр.
Министрликтин стратегиялык до­­­­кументте көрсөтүлгөн калк­ты социалдык коргоо планы болгону 64 пайызга аткарылган. Анын себеби, аталган тармакта ырааттуу жүргүзгөн туруктуу иш жок. Социалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун издегендин ордуна, аталган министрлик каражат суроонун гана үс­түн­дө. "Социалдык өнүктүрүү кызматкерлердин иштөө тажрыйбалары аз. Андан тышкары, булар укуктук актыларды иштеп чыгуулары керек эле. Министрликтеги иштердин начар аткарылышына байланыштуу министрдин жеке жоопкерчилигин кайра карап, статс-катчысын кызматтан алуу керек" , - деди Камила Талиева.
Ал эми күч түзүмдөрү боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановдун пикири боюнча мамлекеттин социалдык саясатын рыноктук шартка ылайыктуу жүргүзүүчү учур небак келип жеткен. Жөлөк пул төлөөнү иштеген адамдардын катышына карап чектөө керек. Акчаны түпсүз тунгуюкка түшүрө берсек, мамлекет өнүкпөйт. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жогоруда айтылгандарды колдоп: "Социалдык тармакка багытталып алган бюджетибиз өнүгүүгө жол бербей келүүдө. Биз чыгымдарды азайтышыбыз зарыл. Мамлекет тапкан каражатынан көп каражат чыгымдоого тийиш эмес", - деди.
Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов экономиканын өр албай, эски арабадай кыйчылдашына өз аргументтерин келтирди. Министрдин айтымында акыркы 15 жылдан бери Кыргызстандын борбордук бийлиги өнөр жайды өнүктүрүүгө көңүл бурбай келе жатат. "1991-жылы өнөр жайдын ИДПга карата көлөмү 46 пайызды түзүп турган болсо, өткөн жылы ал болгону 17 пайызга да жетпей калган. Союз учурунда өлкөбүздө 610 ири завод-фабрикалар иштеп турган. Алардын 29у биротоло талкаланып-тонолуп отуруп, акыры жоюлуп кеткен. А калганы болсо жеке менчикке өткөрүлгөн. Анысы аз келгенсип, өнөр жай тармагы бир министрликтен экинчисине тынымсыз өткөрүлө бергендиктен, биротоло каралбай калды", - деп кейиди А.Калмамбетов. Белгилүү болгондой, аталган тармак эми гана мамлекеттин өнүктүрүүнүн "Жол картасына" киргизилип, аздыр-көптүр көңүл бурууга арзып отурат...
Бүгүнкү күндө мурдагы ири ишканалардын бир нечесин кайрадан калыбына келтирип, "жан киргизүү" керек болууда. Мисалы, Майлуу-Суудагы электр лампасын чыгаруу­чу ишкананы иштетүү бир аз ийгилик жаратууда. Ал эми кайра калыбына келтире турган мурдагы чоң ишканалардын саны өлкө боюнча 25тен ашат. Эгерде Бишкектеги камволдук-нооту комбинаты союз учурундагыдай ыргакта иштеп кетсе, ондогон жаштарга жумушчу орундар камсыз болмок. Бирок, азыркы учурда карызы ай чапчып тургандыктан, аны колго алуу кыйынчылык жаратууда. "Майлуу-Суудагы электр лампасын чыгаруу заводунун иштешине аталган министрликтин эч кандай салымы болгон эмес. Тескерисинче, ага тоскоолдук кылган фактылар бар. Министрлик жергиликтүү жетекчилер менен тыңгылыктуу иштегендин ордуна, борбордон иш сапары менен барган мамлекеттин биринчи жетекчилеринин артынан ээрчип алууну адатка айландырышкан", - деп сынга алган Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жылына "бир цехти ишке киргизе албаган" өндүрүшчүлөрдүн кемчиликтерин баса көрсөттү.
Экономика министри Темир Сариев да бир нече жетекчилердин ишиндеги кемчиликтерин белгиледи. Аймактардагы мамлекеттик администрация башчылары, министрликтер менен ведомстоволордун кээ бир жетекчилери пландалган ишти аткаруунун ордуна түрдүү шылтоолорду келтирүүгө көнүп алышкан. Эгерде иш ушул ыргакта жүрүп отурса, бюджеттин пландалган киреше бөлүгүн аткаруу кыйынга турат. Ошондуктан, жоопкерчиликсиз чиновниктердин бир катарына катуу чара колдонуу керектигин сунуштады.
Жогоруда белгиленгендей эле, иштеген кызматында жаратмандуу иш жасай албаган бир нече акимдер ээрден шыпырылып, министрлик менен ведомстволордун жетекчилик органдарында "тазалоо" иши жүрүп, бир катары кызматтарынан бошотулду.






Пикир:






??.??