Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_3.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

"Мамлекеттик тил бардык улуттарды бириктирет"
Улуттук Стратегия менен Концепция
эл арасында колдоо табууда
Ушул айдын башталышында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын жетекчилиги КРнын Өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев менен бирге Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар ра­йондорунда, шаарларында болуп, жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын, жергиликтүү бирикмелердин жетекчилери, этникалык азчылыктардын лидерлери менен жолугушуп, жыйындарды өткөрүп, КРнын элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы, аны жүзөгө ашыруунун жолдору боюнча кеңири пикир алышууларды өткөрдүк.

"Тынчтык бизге аба менен суудай керек"
Биз төрт күндүк иш сапарыбызда Ош, Жалал-Абад шаарларынын, Кара-Суу, Араван, Ноокат, Өзгөн, Сузак, Базар-Коргон райондорунун активдери, этникалык азчылыктардын лидерлери, аксакалдар менен жолугуштук. Ар жолугушууга орто эсеп менен коомчулуктун жана этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнөн 70-80ден адам катышты. Кайсыл жердеги жыйынга барбайлы, ага келгендер адегенде эле элге биринчи кезекте тынчтык керектигин, ал үчүн бардык жерлерде, бардык мекемелерде жана ишканаларда элдин биримдигин, ынтымак-ырашкерлигин чыңдоо багытындагы иш аракеттерге артыкчылык берилүүсүн айтып жатышты. "Бизге тынчтык аба менен суудай зарыл. Ал үчүн эмне болсо да аткаруубуз керек", - деди советтик мезгилдеги даңазалуу пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз ССР Жогорку Советинин бир нече жолку чакырылышынын депутаты, азыркы насаатчы Дилорам Рафикова. Жыйындарга катышкандар улуттар арасындагы өз ара түшүнүшүүнү, ынтымакты жана биримдикти камсыз кылууда жергиликтүү бирикмелердин, этникалык топтордун жетекчилеринен тартып мамлекеттик башкаруу органдарына чейинки саясатчылардын, аксакалдардын ролдору аябагандай чоң экендигин белгилешип, бирок, тилекке каршы, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты саясатчылар бузуп жаткандыгын айтышты. "Биздин элге кайрылгандагы сөздөрүбүз тилибизден эмес, жүрөктөрүбүздөн чыгуусу керек, - деди Кара-Суу районунан Сейфулла Абылов. Мында көптү баштарынан өткөргөн аксакалдар үлгү көрсөтүшөт. Аксакалдар бул дүйнөнүн арматурасы. Алардын тажрыйбаларын кеңири пайдалануу керек". Этникалык, уруулук жиктер боюнча бөлүнүүлөр адатта шайлоолордун алдында күчөп кетип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолор аны дагы бир жолу ырастаган. Ошондуктан жолугушууларда мурдагы этникалык, уруу-уруктук жиктенүүлөргө саясый бөлүнүүлөрдү да кошуп түйшүктү көбөйтпөстөн жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду бир мандаттык сис­темада эле өткөрсө туура болмок деген ойлор да айтылды.

"Биздин келечегибиз - мамлекеттик тилде"
Биздин максат улуттук азчылыктар жашаган жерлерде конфликтилик кырдаалдардын алдын алуунун механизмдерин түзүү менен бирге Улуттук Стратегиянын "Элдин биримдиги мамлекеттикти сактоонун жана ийгиликтүү өнүгүүнүн шарты катарында" деген 3-бабы, элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоонун Концепциясы боюнча коомчулуктун жана улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн пикирлери жана сунуштары менен таанышуу да болгондуктан, мамлекеттик тилдин коомдогу бириктирүүчү ролун арттырып, келечекте туруктуу жашагандардын бардыгынын аны билүүсүн камсыз кылуу, үч тилге ээ болууга негизделген саясатты жүзөгө ашыруу, ошол эле мезгилде Кыргызстанда жашаган улуттук азчылыктардын өз тилдерин жана маданияттарын сактап, өнүктүрүүлөрүнө шарт түзүү жөнүндө да кеңири пикир алмаштык. Ачыгын айтуу керек, бул маселелер боюнча элдин маанайы мурдагы убактарга салыштырганда кескин жакшы жагына өзгөргөн. Мурдагы убактардагыдай, тилдерди бири-бирине каршы коюп, салыштырып, өйдө-төмөн сөздөрдү айтып, тескери сүйлөгөндөрдү жолуктурганыбыз жок. Жолугушууларга катышкан улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн бардыгы мамлекеттик тилди тереңдетип билүүнүн зарылдыгын, ал үчүн жер-жерлерде курстарды ачууну, окуу, усулдук китептерди көбөйтүүнү айтышты. Араванда болгонубузда азербайжан улутундагы Мамедов Зульфихар деген адам "мен үч тилде же кыргыз, орус, өзбек тилдеринде эркин сүйлөймүн. Эне тилимди, түрк тилин да билемин. Кайсыл жерде жашасаң ошол элдин тилин билүүң зарыл. Ал, ошол элди сыйлаганың. Мамлекеттик тилди окутууну балдар бакчаларына киргизүү керек" - десе, Өзгөн райондук аялдар комитетинин төрайымы Матлюба Мусабекова: "Азыркыдай заманда биздин келечегибиз мамлекеттик тилде. Аны эң мыкты билсек, коомдогу процесстерге активдүү аралашабыз, билбесек өзүбүздү өзүбүз изоляциялагандай абалда калабыз. Ал үчүн башкаларды күнөөлөй албайбыз", - деп жагдайды эң туура баалады.

Өзбек мектептеринде кыргыз класстары ачылууда
Өзбекстан латын арибине өткөндөн баштап республикабызда жашаган өзбектерге ал жакка барып билимдерин улантуу өтө эле татаалданса, ал жактан келген окуу усулдук китептерди, илимий популярдуу ж.б. тематикалардагы адабияттарды пайдалануу мүмкүн болбой калды. Бир чети мына ушундай жагдайлардан, экинчи жагынан бүгүнкүнү гана эмес, алыскы келечекти ойлогондуктарынан улам өзбек улутундагылар мамлекеттик тилди үйрөнүүнүн зарылчылыгын эң сонун түшүнө башташты. Ошондон улам акыркы убактарда балдарын кыргыз тилинде окутууну каалагандар кес­кин көбөйүп жатыптыр. Маселен, Араван районундагы 53 мектептин 14ү өзбек тилинде болсо, өтүп бараткан окуу жылынын башталышында алардын жармысында кыргыз тилиндеги класстар ачылыптыр. Аларда окугандардын дээрлик бардыгы өзбек улутундагылар экен.
Мындай көрүнүштөр Ош шаарында, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда ж.б. өзбектер компакттуу чогуу жашаган жерлердин бардыгында болууда. Алсак, Кара-Суу районундагы өзбек тилиндеги 1 миңден ашык окуучусу бар "Чолпон" атындагы мектепте кыргыз класстар ачылган. Бизди кубандырганы, бул мектепте иш-чаралардын бардыгы негизинен мамлекеттик тилде өткөрүлөт экен. Ал эми Ноокат районундагы өзбек тилиндеги 7 мектепте кыргызча класстар ачылган. Бизге жеткен маалыматтарга ылайык, быйылкы окуу жылынан тартып түштүктөгү облустардын Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука сыяктуу райондорунда да андай саамалыктар ишке ашырылганы жатыптыр. "Тили бирдин - дили бир" дегендей, мындай көрүнүштөр көбөйө берсе, кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы гана эмес, жалпы республикабыздагы этникалык жана саясий мамилелердин жакшыруусуна оң таасирин тийгизбей койбойт.

Колдоолор ачык сезилет
Биз жолугушуулар башталганда эле чогулгандарга Улуттук Стратегиянын 3-бабы, Концепция жөнүндө жеткиликтүү маалымат берип турдук. Мында аталган эки документтеги мамлекеттик тилдин Кыргызстандагы этносторду бириктирүүчү ролун арттыруу, келечекте өлкөбүздө жашагандардын бардыгын 3 тилге ээ кылуу жөнүндөгү өзөктүү идеялардын улуттарына, жыныстарына карабастан жарандарыбыздын кызуу колдоолоруна ээ болуп жаткандыгы ачык сезилди. Андай колдоолордун кыргыздардан мурда башка улуттагылардын өкүлдөрү тарабынан көбү­рөөк айтылганы, жолугушууларга келишкен өзбек, түрк, азербайжан, корей, орус ж.б. улутундагылардын бардыгынын мамлекеттик тилдин коомдогу бириктирүүчү ордун жана ролун таанышып, аны үйрөнүп жатышкандары бизди айрыкча кубандырды. Элдин мына ушундай жүзөгө ашырыла баштаган колдоолорун көргөндөн кийин бизде көз карандысыздыктан бери мамлекеттик жана улуттук идеологияларыбызды издеп, канчалаган программаларды кабыл алсак да элдин колдоосуна ээ болбоду эле. Эми жогорудагы эки документ аркылуу чыныгы мамлекеттик идеологиябызды таптык окшойт дегендей жылуу маанай пайда болбой койгон жок.

Орто жолдо калбоосу керек
Жакшы документтерди жараткандан аларды ишке ашыруу алда канча татаал экендиги талашсыз. Жолугушууларда чыгып сүйлөгөндөр жакшы программалардын, идеялардын көпчүлүгү "балык башынан сасыйт" дегендей, бийликтеги саясатчылар тарабынан бурмаланып, үзгүлтүккө учуратылып жаткандыгы жөнүндө көп айтылды. "Мамлекеттик тилдин коомдогу ролун арттыруу тууралуу көп сөздөр болгон менен абал мурдагыдай бойдон калып жатат, - дейт жалал-абаддык Элдос Алишеров. -Биздин аймакта орус тилдүүлөр жокко эсе экендигине карабастан жогорку органдардын документтери дагы деле орус тилинде келип жатат. Парламентте болсо депутат, министр кыргыздар деле орусча сүйлөй беришет". Ноокаттык Ташмат Сегизбаев быйыл Ашхабадда өткөн Нооруз майрамына чакырылган Пакистандын, Ооганстандын ж.б. өлкөлөрдүн лидерлери өз тилдеринде куттуктоо сөздөрүн айтышса, Кыргызстандан барган бир мамчиновник орусча сүйлөп бизди уят кылгандыгын айтат. Анын "түрк, ислам дүйнөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушканда биздин жетекчилер кыргыз тилинде сүйлөшпөсө, уят болушат" деген пикирине кошулууга болот. Ал эми өзгөндүк эмгек ардагери А.Мамасыдыков: "Бул программалык документтерди колдойбуз. Бирок, алардын акыркы тагдырлары бийликтегилердин мамилелерине гана жараша болот. Алар адаттарынча артка кетенчиктей башташса, мурдагы программалардай орто жолдо калып унутулат, аягына чейин турушса, коом сапаттык жаңы баскычка чыгып, биримдик, ынтымак жакшырат" - дейт.
Жолугушууларга катышкандар булардан сырткары кошуна өлкөлөр менен бажылык тартиптерди, экономикалык мамилелерди жакшыртуу, диний секталарга, даабатчыларга карата көзөмөлдү күчөтүү, кыргыздардын ичиндеги уруулук-уруктук бөлүнүп-жарылууларга чек коюу, эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү мамлекеттик тилде жүргүзүү, мектептер, курстар үчүн окуу жана усулдук адабияттарды чыгарууну көбөйтүү, кадрларды тандап, жайгаштырууда теңдикти сактап, туруктуулукту камсыз кылуу, биримдик, ынтымак маселелеринде аксакалдардын тажрыйбаларын кеңири пайдалануу ж.б. маселелер жөнүндө пикирлерин ортого салып, сунуштарын айтышты.
Бектемир МУРЗУБРАИМОВ,
Кыргызстан элинин
Ассамблеясынын төрагасы,
академик





Пикир:






??.??