"Кыргыз Туусу", 16.04.13 Иштермандардын эмгеги бааланса
Март айынын акыркы күндөрүндө ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков тийиштүү министрликтердин жетекчилери менен Кара-Кулжа районунун жети айыл аймактарында болуп, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүү үчүн эл менен кенен-кесири баарлашты.


Ал жолугушууларда баягы эле бузулган жолдор, кыйраган көпүрөлөр, талаш-тартыш жайыттар, таза суу, сугат суусу, эскилиги жеткен мектептер, ооруканалар жана башка ар түрдүү көйгөйлөр туурасында сөз болду. Өкмөт айтылган көйгөйлөргө жакындан көмөк көрсөтсө, калгандарын коомдук уюмдардын, коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып бүтүрсө боло турганын, ал үчүн айылды өнүктүрүү боюнча атайын фонд түзүлгөнүн айтышты.Төрага бул элдик демилгени колдоп, 30 миң сом кошту.
Туура, азыр айылдыктар Кудайга шүгүр, мактанаарлык мал-мүлк күтүп калышты. Жыйырма жыл ичинде чымырканып иштегендер бардык кыйынчылыктарды жеңип, короосунда 3- 4төн техникасы, 200- 300, кээ бирлеринде 500- 1000 баш кой-эчки, 100-200 баш бодо мал, жылкысы бар. Алар маңдай тер төгүштү, билек түрүнүп эмгектеништи. Эми үзүрүн көрүп жаткан учуру. Жалпы эле Кыргызстанда Таштанбек Акматов аксакалдын жолун жолдогон ондогон эмгек баатырлары өсүп чыгышты. Эми алардын эмгегин баалап, даңазалай турган мезгил келди.
Баарыбызга белгилүү болгондой, Ростов шаарындагы эл менен жолугушууда айтылган сунушту туура деп эсептеп, Орусиянын президенти В.В. Путин дароо эле күтпөстөн "РФнын Эмгек Баатыры" деген наам киргизди. Бизде дагы ошондой "Эмгек баатыры", ага чейин "Эпкиндүү эмгеги үчүн", "Күжүрмөн эмгеги үчүн" алтын - күмүштөн жасалгаланган медалдардай, "Мал чарбасынын устаты", "Устат - дыйкан", "Чыгаан ишкер" наамдары киргизилсе, -- деген сунуштарын айыл тургундары ошол жолугушууга барган жогорку бийликтин эки бутагынын өкүлдөрүнө айтышты.
Көпчүлүк көтөргөн мындай маселе балким, мамлекеттик деңгээлде моралдык колдоону талап кылып жаткандыр...
Исматулла ПАРПИЕВ,
Кара-Кулжа району, Ош облусу


Коомдогу тазалыктын башаты -
адамдардын ортосундагы таза мамиле
Азыркы учурда коомубуздагы абал эки актуалдуу суроого жооп табууну талап кылып турат. Биринчиси - азыр кандай абалда турабыз? Экинчиси - андан кантип чыгуу керек?


Биринчиси боюнча. Адам коомдо башка адамдар менен эмгектик, билимдик, кызматтык, адеп-ахлактык жана башка мамиле-катыштарда болот. Ошол мамилелер канчалык таза болсо, коом да ошончолук таза болот.
Бизде баары тескери болуп калган. Мисалы, малчы малды жакшы бакпайт, дыйкан жерди жакшы иштетпейт, балдар жакшы тарбия алышпайт, врачтар оорулууларды жакшы дарылашпайт, укук коргоо органдары адамдардын укуктарын коргошпойт, аткаруу бийлигинин кызматкерлери адамдардын проблемаларын өз убагында мыйзамга ылайыктуу чечишпейт, мунун ордуна баары пара сурашат, бюрократиялык тоскоолдуктарды жаратышат.
Айылда мас адамды тартипке чакы-
райын десең, андайлар көп болгондуктан кайра өзүңө асылат. А мыйзам боюнча мындай терс көрүнүштөргө каршы күрөшө турган мекеменин кызматкерлеринин бири ошол мас­тардын тууганы, таяке-жээни, бөлөсү болгондуктан, алар көз жуумп коюшат.
Натыйжада өлкөдө кылмыштуулук, мыйзамдарды бузуу күч алган. Ошол эле учурда акыйкаттык үчүн күрөшкөн адам эч качан ага жетише албайт. Анткени, туугандык байланыш күчтүү (таанышың болсо - танкасың, таанышың жок болсо - маңкасың принциби). Экинчиден, мына ошол мыйзам бузгандар, өз кызматтык милдеттерин так аткарбагандар өз ара уюмдашып алышкан (коррупция).
Ошондуктан коррупция менен күрөшөм деген адам жалгыз болуп калат да, кайра өзү "арызчыл" атка конот.
А ата-бабаларыбыз мындай терс кө­рүнүштөр менен кантип күрөшкөн? Илгери ар бир кыргыз айылда коомдук жыйын­-
дар болгон. Башка бирөөдөн жабыркаган адам ошого кайрылган. Жыйын маселени талкуулап, аны же өзү чечкен, же бийге кайрылган. Азыр Алтайда ушул салт сакталып калган.
Ушул жерден экинчи маселеге өтөлү. Ар бир айылда, ири мекеме-ишканаларда коомдук кеңештерди түзүү зарыл. Ага социалдык абалына карабастан, түз жүргөн, эл ичинде кадыр-барктуу адамдарды тартуу керек.
Азыр Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айы­лында ушундай кеңеш ачып иштеп жатабыз. Натыйжа бар. Бирок, мамлекеттин колдоосуз кыйын болууда. Ошондуктан буга өлкөбүздүн жетекчилери, биринчи кезекте Президент тарабынан колдоо керек болуп турат.
Мукалай МОЙНОКОВ,
Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы




Куйручукта курулдаган кептер көп
Биринчи. 300-400 гектар жер аянтын сугарууга жете турган суу сактагычты Куйручук айылына куруу иши 2005-жылы башталган. Бул долбоорго жумшала турган каражаттын көлөмү 32 млн. сом деп белгиленген. Аны бүткөрүү милдетин Кочкор ПМКсы (жетекчиси Сардар Термечиков) мойнуна алган. Технологиялык жол-жоболору толук сакталбай курулган бул курулуш бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга кабыл алына элек. Суу топтолуучу жайдын түбү кенен жана терең казылбаптыр. Мунун кесепетинен 20-30 гектар жерге гана жете тургандай суу топтолот. Ошол суу да тосмодон сарыгып сыртка чыгып, каптап кетүү коркунучун жаратып жатат.


Бул суу сактагычтан суу "Дөөлөт-Арык", "Чолок-Арык" деген эки арыкка бөлүштүрүлүп берилет. Ушул эки арыкка курулган суу бөлүштүрүүчү тосмонун курулушу да кыйрап, урап калды. Анткени ал сапатсыз курулган. 32 млн. сомдук курулуштун бүткөнү же бүтпөгөнү ушу күнгө чейин белгисиз. Мынча көп каражат кайда кетти? Ким жеп алды? Мамлекеттик каражаттар туу­ра эмес пайдаланылдыбы же жеке чөнтөккө түшүп кетсе, анда жегичтерди кустуруш керек! Чарбасыздыкка, мамлекеттик каражаттарды жеп-жоготуучулукка бул курулуш айкын факт боло алат. Мына ушуну териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктап, туура эмес жумшалган каражаттарды кайра кайрып келүү, суу сактагычты долбоордук кубаттуулукка жеткендей кылып бүткөрүү зарыл.
Экинчи. 2006-жылы курулушу башталып, 2008-жылы бүткөрүлдү деп эсептелинген үч класска ылайыкташтырылып, Куйручук айы­лына салынган мектептен балдар бир жыл окушту. Экинчи жылы полдору чирип сына баштагандыктан, бул мектеп пайдаланылбай калды. Ал өзү эле чирип, сынып калдыбы же "жегич курт кишилер" акчаны "үнөмдөп", сапатсыз полду салып коюштубу?
Үчүнчү. Куйручук айылында тээ башынан эле жайыт тартыш болгондуктан, бул маселе чоң көйгөйдү жаратып келет. 2-3 жылдан бери Көк-Көз кыштоосун чоочундар ээлеп алып, 100дөн ашуун бука багып, айылдыктардын мал жоюусун кысып таштады. Жайыт тартыштыгынан кыйналып келаткан эл ого бетерден кыйынчылыкка, катуу тартыштыкка туш болду. Жайыт талашуу, сөгүшүү күчөп баратат. Аксакалдар, эстүү-баштуу адамдар жаңжалдын чыгышын болтурбоого аракеттенишүүдө. Жер, жайыт талашынын себеби болгон бул маселени созбой чечпесе жаңжал чыгып кетери шек-
сиз.
Ушундай эле көйгөйлөрдүн чечилишине көмөк берет деген чоң үмүт менен Куйручук айылынын тургандарынын атынан Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиевге, Башкы прокурор А.Саляновага кайрылгандар:
Ж.Адисов, М.Султанбеков, Б.Эсенгулов, А.Багышов, С.Бекбосунов, Б.Жаркынбаев




Коррупция ж.б. "...ия" жөнүндө

Коррупция деген - жок эле мурда
кыргызда,
"Микробу жугуп",
пайда болду бул турмушта.
Ушу жөнүндө
айтып коюш керек,

өсүп-өнчү уул-кызга.
Чет сөздөр кыргызга

кызык угулат.
Өтө сылык,
жылма,

сырдуу,


же сүрдүү туюлат.
Коррупция!
Бюрократия!
Мафия!
Аягы бүт эле
"ия" менен курулат!
Кыргызча: "ыя", - десең ким угат?

Бул үч ит - "иянын" түрү окшош,
Коомго алака,
залакасы жагынан,
Теги, түбү окшош!

Коррупция - уюшкан кылмыш чоңдордогу.
Коррупция - кесепет бул, чоң жолдогу!!
Байгеге жетер кезде,
Башка чапчу чоң жоргону.
Ордуна
Сүйрөп чыгып бир топорду,
Башына илип салган жем торбону.

А бюрократ деген кесеп
Бийликке келип алган
Өзүнөн жогорку төрө - начальникке
Куп жагынган себеп:
Керек болсо, көчүгүн аарчып берет,
А төмөнкүлөр үчүн: ал
мээсинде эч нерсе жок,
кекирейген эшек.
Жалган отчет берет,
жалган күлөт,
жалган жүрөт,

Керек болсо,
Жалган сүйөт.
Кызматтан түшкөн күнү гана
Эл эсине түшүп,
адам эсебине кирет.

А мафия - каракчы

уюшкан кылмышкерлер,
Бөрүлөрдүн тобу, зордук зомбулукту.





Кыргызстаным

Алтын өрөөн - Кыргызстаным,
Алды жакта гүлдөөр турмушуң.
Жаным, дилим сендик кутманым,
Салты улуу, улуу Кыргызым!

Тоо деген - тоо, анын бүт жагы,
Табышмактуу, сүрдүү, сырга бай.
Тоодо жашайт элдин кутманы,
Тоого тиет алгач күн дагы, ай.
Тоого түшөт алгач нур тамып,
Аны ырдабай ырды бүтөмбү...
Жамгырдан соң бүт тоо нурданып,
Көрүп жүрөм Асан-Үсөндү.

Эл деген - тоо, элим кутманым,
Атың өчпөйт сансыз кылымга.
Алтын өрөөн - Кыргызстаным,
Даңктап өтөм сени ырымда.