Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_16.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_16.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_16.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_16.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Шиш темирге "мен акмын" деп илинип турат
(Юмордук аңгеме)

Айкөл атабыз Манас жер шарын түрө кыдырып жүрүп, бизге калтырып кеткен кокту-колотунда нечен кен байлыгы бар, абасы салкын, жалаң түркүн гүл жыттанган жерине көз арткандар жер шарынын бардык булуң-бурчунан сугун арткандар арбып, ал гана эмес, асыл жерибизге кызыккандар башка ааламдан да чыгып, алар көрүнбөй келип, көз артып сүрөткө тартып кетет окшойт. Азыр алар айрым убактарда кокту-колотторго жашырынып конуп турат дейт. Алар минген төрт дөңгөлөктүү учуучу тарелканы "НЛО" деп аташат тура. Ошондой учуучу тарелканын бирөө биздин жандын буту түшпөгөн, эчки-теке, топоз гана жайлаган кокту колотко келип конуп, ал жакка байтал бээнин бал кымызын ичкени келген бир эрке баланы учуучу тарелкага илип алып шуу коюптур. "НЛО" алып барган эрке баланы көрүп, башчысы теке мүйүзүн кайкайтып, эрке баланы эңип келген "НЛОго" карап:
- Бул алып келген коногуңдун кулагында биркасы бар бекен, карачы? - деди.
Аңгыча жер шарынан эңилип келген эрке балага тил бүтөт.
- Бирка деген эн тамганы советтик доордо колхоз-совхоз менчиктеген уй-койлордун кулагына такчу эмес беле. Азыр малдын кулагында андай энчилүү ысымы жок, эндей эле жүрүшөт. Ошол үчүн эт-сүтүбүз өтпөй жатат. Оңгулуктуу чет жакка, айрыкча казактарга өтпөй жатат.
Тиги эрке баланы жерден эңип келген кичине "НЛО" башчысына карап:
- Мунун эн тамга-биркасы сиз ойлогондой кулагынын учунда эмес көрүнөт.
- Анан кайда экен?
- Таптым.
- Каякта экен?
- Башында экен.
- Анда тиги үчүнчү "НЛОну" чакыр да, башын текшер.
- Неге?
- Мээси быштыбы, чийкиби билүү зарыл.
Үчүнчү "НЛО" келди да, ал жөнөкөй "НЛО" эмес көрүнөт кыясы, илим менен алакасы бар окшойт. Алаңдап, чакчаңдайт тим эле:
-Алтын экен, - деп жиберсе болобу, анысы.
- Мээси алтынбы же анын биркасы алтынбы? Караштырчы, - деп "НЛОнун" башчысы буйра сүйлөдү.
- Биркасы алтын экен.
- Анда бул оңой жоо эмес экен, - деп башын чайкап койду башчы.
"НЛОлор" мекендеген айлана-чөйрө, андан дем алган аба адамды заматта өзгөртүп, кубултуп жиберет. "НЛОлор" жашаган галактикада жер шарындагыдай жүзү каралык, эки жүздүүлүк, уурулук, ал гана эмес хулигандык, кузабырлык жок экен. Андай булардын колунан келбейт имиш. Ал гана эмес түшүнө кирбейт.
Жер шарынан "НЛО" менен эңилип келген эрке бала да, бул белгисиз ааламдын абасын бир аз искеген соң, заматтын ортосунда ичи-сырты туптунук, бээнин сүтүндөй аппак боло түштү, кудум үч жашар баладай адал. Арамдык кенедей ой жок. "НЛОнун" башчысы берген суроо түптүз ойкубай-кайкыбай, мүдүрүлбөй аппак жооп берип жатты.
- Бирка деген жепжеңил, калайдан жасалчу эле, аны кантип кымбат баалуу алтынга айлантып алдың? - деди эле, берки дароо ойлонбой:
- Жергебиздеги завод-фабрикадагы темирлерди бүт сатып, анан алтынга айырбаштадым. Оңой экен ал иш. Талкаланганга мээнин кереги жок экен.
- Аны алтынга айырбаштагандын максаты эмне?
- Журт башчысы, журт атасы болгум келет, - деп мурдун шуу тартты, көзү жайнап, шилекейи чубуруп кетти тим эле.
"НЛОнун" башчысы ичинен "и" деп алды да, ал андан аркы сөзүндө "бул жерде жашаган адамдардын баарысынын тилеги ошол. Айрыкча оң колтугуна бир мотор, сол колтугуна бир мотор бүтсө эле, асманга учсам деп, делбектеп эс-учун жоготуп калат" деп үңүлүп, ылдый карап койду.
Тиги "НЛОнун" бирөө:
- Сиз айткан жанагы адамдардын колтугуна бүткөн моторлордун аты жокпу?
- Бар.
- Эмне деп аталат?
- Оң колтугундагысын байлык, сол колтугундагысын бийлик деп аташат.
- Асманга алып чыккан ракетасынын ысмы барбы?
- Бар. Ары жоктук. Адамдын көпчүлүгүнүн ары жок болот.
"НЛО" башчысы "жерде өмүр өткөргөн адамдардын ар биринин мүмкүнчүлүгү чектелүү, анын илим-билим деңгээлин, акылын, куулук-шумдугун, ал гана эмес уурулугунун чектелүү жери бар, андан такыр ашып кете албайт. Аны адамдар маңдайга жазып койгон же тагдыр аташат", - деп кобурады.
Аңгыча бул белгисиз планетага "НЛО" дагы бир эргулду илип келди. Тиги экөө бири-бирин тиктешип, көзү өтө түштү, тааныйт го бири-бирин. Аны түшүнгөн "НЛОнун" башчысы жаңы келген эргулдан "азыр ушул тапта канча кишинин оозун майлап жатасың?" - деди эле, анысы дароо "кырк беш" деди. Берки биринчисине дагы жогорку суроону айтты эле, ал "жүз жыйырма" деди. Кыраакы "НЛОнун" башчысы.
- Экөөңдүн тең мээң быша элек тура. Чийки, журт атасы болгонго али эрте, жашсыңар.
- Неге?
- Экөөң тең бир үйдүн боз айгыры турбайсыңарбы? - деп тиги экөөнүн салаңдап, тээ жерге тийген курсагын карап койду.
Аңгыча жер шарынан келген экөө жакалашып, бир нерсени талашып калды эле, кы-раакы "НЛО" башчысы:
- Буларда ичи тарлык аябай өнүккөн. Бирөөнө бирөө ысык боткону да ыраа көрбөйт.
Аңгыча азыр эле жер шарынан учуп келген "НЛО" берки курбуларына, алаканын чаап көз ирмемдин ичинде жакалашып, бир нерсе талашып, кызыл чеке болгон эки ноён жок экенин айтты.
Тиги илимий "НЛО":
- Аларды Ньютондун закону тартып кетти.
- Кайда?
- Жерге.
- Аа, жердин тартылуу күчү бар эмеспи.
... Аңгыча кыйладан бери ойго чөмүлүп отурган Абдыкадырдын бөлмөсүнө небереси кирди да, чоң атасын жетелеп, оозгу бөлмөгө барды. Ага телевизордон бир сонун нерсени көрсөттү. Телевизорду караса, анын аккан досу Кудайберди небереси айткандай "кручокко" илинип турат. Кручокко адатта балык илинчү эле кекиртегинен, а бул эрке бала Кудайберди шымынан ак үйдүн тосмосундагы тикенектей сайылып турган шиш темирге илинип турат, "мен акмын" деп.
Абдыкадыр аккан досу Кудайбердинин сөзүнө эки саат илгери көшөрүп көнбөй койгонуна ыраазы болуп, аны жактап телевизордон бакырып турган анча-мынча элге ичинен нааразы болуп, өз бөлмөсүнө кирип, жайнамазын колго алып, мечитти көздөй жөнө-
дү...
Садыр САРЫГУЛОВ, жазуучу




Саламатсыздарбы, эл ишенип жөлөнгөн улуу урматтуу мырзалар жана айымдар? Ээси да, бээси да жоопкерчиликтерин эчак унуткан
жаамы иттердин атынан жолдогон мына бул дубай-саламымды окуганга убактыңыздар деле жок болсо керек экенин билип турам. Ошондой болсо деле бул жашоодон тойгон Кудайдын макулугу катары илгери үмүт менен катты Сиздерге жолдоого аргасыз болдум. Ит дагы кат жаза алат бекен деп жакаңыздарды кармап таңыркабаңыздар. Турмуш азабы сөөккө жеткенде кандай гана макулук болбосун ички арманын тоту куштай сайрап айтып жиберет экен керек болсо.

Иттерди иретке келтиргилечи!
Аламойноктун ээси да, бээси да жоопкерчиликтен четтеген иттердин атынан депутаттарга жолдогон КАТЫ

Ырас, биздин наамыбызга адилетсиз акаарат айтып күнөөлөгөндөрдүн саны көбөйгөндөн көбөйүп баратканы анык. Адам баласына ишенимдүү дос, коргоочу бол деп жараткан Кудайдын тилсиз макулугу - бизде эмне күнөө? Жугундуларын да аяган биздин ээлерибиз бизди короолорунун ичине чынжыр менен бекем байлап, убак убагы менен өзөртпөй өзөк жалгатып турушса, ушинтип көчөмө-көчө шүмшүңдөп, көрүнгөндүн шыйрак-куйругун каап, жаманатты болуп жүрөт белек? Биздей макулукка көңүл бурбаган тигил же бул депутатты, мэрди, айыл өкмөт башчысын, тазалыктын өкүлүн да каап, майкандарынан бир үзүм жулуп алсак кандай сонун болор эле деп, тишибиз уугуп, тамшанып калабыз кээде. Себеби, бул адамдар башкаларга караганда калориялуу тамак жешет экен, демек алардын эттери абдан даамдуу болуш керек деп ойлоп калабыз. Тилекке каршы, алардын бирин да торубузга түшүрө албай жүрөбүз. Тагыраагы - алар кайсы маал болбосун жалтылдаган мамлекеттик жеңил машинелери менен босоголоруна чейин келип, дароо короолоруна кирип кетишет, көзүбүздү күйдүрүп. Таң атпай "швеяканаларына" же базарлардагы жумуштарына шашып-бушуп жөнөгөндөрдүн таңкы жана түнкү азаптарынын бирин да көрбөй калышат. Ал бечараларды жер жарый элек сөөк-саак издеп же жөн эле кутуруп чыккан биз күн сайын көрүп турабыз. Шордууларды жөн койбой жажалап үрүп, үрөйлөрүн учуруп жүргөнүбүз чын. Бирок, биз аларды жөндөн-жөн кыйнап, жыргаганыбыздан каап жүрөт дейсиздерби? Жок, андай эмес. Ушундай жол менен (акыл-эстүү адамга окшоп митинг же жол тосууну жасай албасак кантели?..) өз укугубузду коргогубуз келет. Ушинтип үрө да, каба да берсек, улуу урматтуу депутаттар (эгер сая­-
сий кармашууларынан бошогон болушса) биз тууралуу катуураак
мыйзам чыгарышаар, бизди
ырайым менен багып карай албаган ээлерибизди ж.б. аёосуз жазага тартышаар деп үмүттөнөбүз. Эч болбой баратса бизди атып эле салышпайбы, ушундай тартипсиз жашоодон биз дагы кутулат элек деп, ичтен сызып калабыз.
Кез-кезде биз тууралуу жаалдуу сөздөр айтылып жүрөт, албетте. Бирок, тиешелүү чара көрүүнү эч кимиңиздер эске албай келатасыздар (же бизди четинен кутуруп кетсин деп жүрөсүздөрбү, айтор түшүнүксүз...). Мунун себеби эмнеде? Анын себеби - өлкөбүз бизге окшогон иттерге жана бизди мыйзам чегинде багып карай турган ээлерибизге күчү жетпеген, тентиген иттерди атып жок кылууга огу түгөнгөн алсыз өлкөгө айланып калгандыгында. Айла куруганда бизди таяк менен койгулап, ташбараң кылып өлтүрсө деле болот деңиздерчи, бирок кокус (Кудай андан сактасын) баягы Баткен согушундагыдай кырдаал түзүлүп калчу болсо, самсыган иттерди атып өлтүрө албаган өлкө кантер экен деген суроо туулбай койбойт экен. А биздин башкы душмандарыбыз - карышкырлар менен чөөлөр. Кокус алар басып кирчү болсо, кантип жан сактаар экенбиз деп, биз деле баш катырып турган чагыбыз. Иши кылып, иттерди иретке келтире албаган өлкөдө жашоо кыйын эле болуп калды.
Улуу урматтуу депутаттар! Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, жаамы иттердин атынан жазган катымды (атуулдугу да, паспорту да жок мунун дебесеңиздер...) мамлекеттин бийик трибунасынан жаамы элге окуп берүүңүздөрдү суранамын.
Жаамы иттердин атынан жазган Аламойноктун катын кагазга түшүргөн: кыргыз-тажик жазуучусу
жана журналист
Мирзохалим КАРИМОВ




Жылмайттыбы?
"Сен кеткенче оңдоп коём"
Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыров минтип айтат:
Жаңыдан жумушка орношуп, алгачкы айлык тийгенде туфли сатып алдым. Анысы чоң келип, башы бир топ артып калды. Ичине кебезден тыгып, айылга кийип барсам чоң атам аны көрүп, "Сен кеткенче оңдоп коём" дебеспи. Эски бут кийимдерди кийип жүрүп,
кетээрде жаңы туфлимди кийдим. Кайран чоң атам анын ашып калган жерин үстүнөн мык менен кагып, таманынан чыккан мыктардын учун кайрып коюптур. "Муну кантип кийип барам" деп, ыйлактасам, "Биз мындан да жамандарды кийгенбиз" деп, урушуп койду. Айла канча, Нарынга кийип келсем Күмөндөр, Аманбек байкелер аябай каткырып күлүшкөн. Азыркыга чейин айтып күлүшөт.
Бермет НУРУБЕКОВА







Пикир: