Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_14.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Боз үйдү кыргыз жасаган,
Боз үйдө кыргыз жашаган
Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта улуттук байыркы мурастарыбызга маани берилип, аларды кайрадан жандандырып, өрчүтүп-өркүндөтүүгө кеңири жол ачылды. Кыргыз эли эчендеген кылымдар бою мал менен жаны бир тең болуп, көчмөндүү жашоо-турмуш кечирип келгендиги көөнө тарыхыбыздан маалым. Табият менен үн алыша, сыр бөлүшө жашаган акылман ата-бабаларыбыз көчүп-конууга эң ыңгайлуу боз үйдү ойлоп табышып, эч бир жеринде кылайган кенемтеси жок ушул "керемет үйдө" бактылуу жашап келишкендиги суктандырат.

Айша АЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"

Союз мезгилиндеги советтик жашоо образы кыргыздарды там салып, отурукташып жашоого багыт алдыргандыктан, көп жылдар бою боз үй элибиздин эсинен деле чыга жаздаган.
Боз үйдүн жасалышы өзүнчө бир устачылык болсо, үзүк, туурдугу менен ички жасалгалары зор чеберчиликти талап кылган эбегейсиз эмгек экендиги талашсыз. Улуттук мада-
ният, каада-салт, ыйык жөрөлгө­лөрдүн көөнөрбөс көрөңгөлөрүн боз үйдүн сөөгү менен боюна сиңдирип, жашоо тиричиликтин бардыгын өз-өз орду менен өзгөчө улуттук эреже боюнча жүргүзүп келген бабаларыбыздын акылына таң калбай коё албайбыз (!).
Азыркы мезгилде боз үй жасап, аны улуттук татынакай таберик катары колдонуп келгендер арабызда арбын. Ошону менен бирге боз үйдүн кандай жасалып, ал тургай кантип тигилерин да билбеген, боз үй боюнча эч түшүнүгү жок жарандарыбыз да толтура. Албетте, аларды мындай иштерди билбегендиктери үчүн күнөөлөгөнгө да болбойт. Анткени эгемендикке чейин жашоо­нун мүнөзү башкача болуп, советтик жашоо образы улутту эмес, жалпы
союздук кызыкчылыкты көздөп келбеди беле.
Боз үйдү Нарын, Ысык-Көл облус­тарында көбүрөөк колдонушары белгилүү. Түштүктө боз үйдү "кыргыз үй" деп айтышса, Таласта кооз жасалгаланган боз үйлөр "Манас Ордо" комплексинде өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда тигилгенин көрүп жүрөбүз. Ал эми Чүйдө боз үй колдонгондор өтө аз. Көбүнчө маркумду тиги жайга узатууда гана эптеп таап келген боз үйдү тигишерин айтып калышат. Андыктан, гезитибиздин окурманы Жүзүм Осмонованын боз үй тууралуу ойлорун ортого салгыбыз келет.
Жүзүм Дөөлөтбек кызы Осмонова Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында жашайт. Учурда сексен төрт жашта. Ардагер Жүзүм эне учурунда математика мугалими болуп иштеген, эл агартуунун мыктысы. Агартуучулук ишинен тышкары узчулук өнөрү менен чоң урмат-сыйга татып, респуб­-
ликалык сынактардын жеңүүчүсү болгон. Ошону менен бирге эки китептин (ырлар, эскерүүлөр) автору. Мындан тышкары дары чөптөрдүн тилин билген элдик дарыгерчилигин да эл ичинде жогору баалашат. Кыскасы, теңир ыроологон касиети аркылуу чөп-чардан дары-дармектерди жасап, сыркоолоп келгендерден өз жардамын аябайт. Абышкасы Апыш Осмонов мурда айылдык кеңештин төрагасы болуп иштесе, азыр айылдын молдосу. Жаш кезинен комуз күүлөрүн черткенди жакшы көрөт. Айыл өкмөтү тарабынан алар жашаган үй "Үлгүлүү үй" деп табылып, атайын жасалган такта тагылып турат.
Жүзүм эненин уулу Тургунбек Осмонов Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп турганда каза болгон. Айылдын бир көчөсүнө Тургунбектин ысымы берилген жана анын жаркын элесине арналып жыл сайын мектептин стадионунда футбол боюнча республикалык маанидеги чемпионат өткөрүлөт.
Төмөндө Жүзүм эненин боз үй тууралуу баалуу сөзү менен кеп-кеңешине көңүлүңүздөрдү бура-
быз.

Боз үй жана анын физикалык мааниси
"Кыймылсыз аба боштукта болот. Мисалы, термостун ортосундагы боштукта, эки кабат терезенин ортосундагы боштукта жана жүндөн жасалган буюмдардын ортосундагы боштукта.
О
шондуктан биз жүндөн жасалган кийимдерди кийгенде биздин жылуулукту сыртка чыгарбайт да, сырттагы суукту жана ысыкты биздин денебизге киргизбейт.
Боз үйдүн өлчөмдөрү төрт, алты, сегиз, он эки канат болуп керегеге карата айтылат. Боз үйдүн жабуусу кийизден болгондуктан, жүндүн арасындагы боштуктагы кыймылсыз аба боз үйдүн ичиндеги жылуу абаны сыртка чыгарбайт. Сырттагы ызгаар чилденин суугу менен жайкы саратандын ысыгын үйгө кийирбейт. Боз үйдүн ичинде бети саймаланган, ичи кийиз туш кийиз тартылган. Ал дагы боз үйдүн ичиндеги температураны бирдей кармаган. Жерге шырдак салынган, андагы кийиздин арасында да кыймылсыз аба бар. Шырдактын үстүнө көрпөчө, көлдөлөң салынган, анда да кыймылсыз аба бар. Жатаарда төшөнчүнүн алдыңкы бети саймаланган, арткы бети кийизден жасалган алтыкат салынат, анда дагы кыймылсыз аба бар. Ошондо боз үй менен там үйгө сырткы суук жана ысык кандай өтөөрүн байкап көргүлө.
Кышында боз үйдүн түндүк жабуу­сун ачып, тобулгу, жылгын, чыбык жагып жылыткандан кийин түнкүсүн түндүк жабууну жаап коюшкан. Мындай керемет жылуулук боз үйдө көпкө сакталып турган.
Боз үйдө жашаган адамдардын кийимдери, чапан, күрмөлөрү, ак калпагы, тебетейи жүндөн шырылып жасалган. Аялдар жүндөн жасалган жиптин ичкелигин кыркынчы чарык жиптей кылып ийрип, өрмөккө салып токуп, аны кайра кездемедей бычып, бешмант, шым тигишкен.

Боз үйдү
бүгүү жана төө
Боз үйдү жыйноону бүгүү деп атайт. "Боз үйдү тикмек бар, чечмек жок" деген сөз бар. Мунун да мааниси зор.

Анткени ар бир байланган боону кылдаттык менен чечүү керек, антпесе боолор аралашып, алмашып кетсе, табылышы кыйын болуп, бушайманга салат. Буга кыргыздын "Бакылдаган текени суу кечкенде көрөйүн, тыкылдаган жеңени үй чечкенде көрөйүн" - деген макалы деле айтып турганы мисал.
Илгери кырк күн суу ичпегенге чыдаган, жарым тонна жүктү бир көтөргөн төө көчмөндүү кыргыздын көчүп жүрүүсүнө күч берген унаасы эле. Жайында жайлоого, кышында кыштоого көчкөндө бир боз үйдү бир төөгө эле биротоло жүктөп алышкан. Бийиктиги боюнча СССР учурунда экинчи орунду ээлеген туннелге жетип, токтоп карасаңар, андан бийик чокуда ичке жол көрүнүп турат. Ошол жол аркылуу кыргыздар төөгө жүгүн жүктөп, ары-бери ашып турушкан. Суусамырга бараткандагы ашуу ошондон "Төө-Ашуу" деп аталганы маалым.
Кыргыздар отурукташып жашоого өткөндөн кийин төө жаныбарынын тукуму да акырындап азайып отуруп, азыр төөнү көрбөгөндөр арабызда толтура.

Өчпөгөн
нукура боёк
Өрмөк менен боз үйдү бүт кооздогон кыргыздан кыйын уз, чеберлер чыккан.

Эркектер сай талдан кесип келип, боз үйдүн жыгачын жасашкан да, аларды тоо кенинен казып келген жошо менен
боёшкон. Кристалл түрүн­дөгү жошону талкалап, порошок түрүнө келтирип, жөнөкөй эле сууга чылап, боз үйдүн сөөгүн боёшкон. Мына ушундан кийин жакшынакай кызыл түс пайда болот. Аны жаңы союлган малдын боору менен үстүнөн шыбайт. Эч качан өчпөгөн боёкту кыргызым ушундайча ойлоп тапкан. Жошо жөнүндө жигиттер ырга да кошуп:

"Бетиң кызыл жошодой,
Көрө албадым сүйгөнүм
Беш мүнөт колум бошобой..." - деп ырдашкан.
Чынында мындай нерселерди академиктер окуп жана практикадан үйрөнгөн болсо, акылман кыргызым ой-тоодо көчүп жүрүп эле академиктин ойлорун табышкан турбайбы деген ойго келдим. Ошентип боз үйдүн куйкалаган жайкы саратанды, чыкылдаган кышкы чилдени, бороон-чапкынды ичине өткөрбөгөн физикалык касиети бул - боштуктагы кыймылсыз абанын сакталышында экенин терең түшүнүүбүз керек. Нөшөрлөгөн жамгыр болсун, суткелеп жааган ак жаан болсун, туурдуктан өткөн эмес. Коломтосуна чырпык, тобулгу, жылгын, долоно жагып, кышы-жайынын айырмасы боз үйүндө болбогон кыргыз эли көчүп жүрө беришип, көчмөндүү кыргыз атанган.

Боз үй кантип жасалат Жана эмнелерден турат?
Боз үйдүн жасалышы жыгач, өрө кийиз, боочудан турат. Жыгачына - түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга, бакан кирет.

Өрө кийизге - үзүк, туурдук, түндүк жабуу, эшик жабуу кирсе, боочуга - түндүк жабуунун боосу, жел боо, канат боо, үзүк боо, туурдук боо, курчоо, эшик боо, уук тизгич, кереге чалгыч кирет. Чий боо болсо - канат чий, чыгдан чий, эшик чий жана чыйын каптан турат. Боз үйдүн ички буюмдары болуп - аяк кап, чыны кап, күзгү кап, секичек (аялдардын баш кийимин коё турган текче) эсептелет. Боз үйдүн төрүнө жүк жыйылып, үстүнө ак калпак коюлат. Комуз керегеге илинет. Сол тарап эр адамдарга арналып, оң тарабы аялдарга таандык эпчи жагы деп айтылат. Куштун тууру сол тарапта, көөкөр, бешик жана башкалар оң капталында турат. Боз үйдүн өлчөмдөрү төрт, алты, сегиз, он эки болуп керегеге карата айтыларын жогоруда айттык. Илгери хандын залкар чоң боз үйүндө жүздөгөн кишилер курултай өткөрүшкөн.
Бир окуя эстен кетпейт. Ал убакта көчмөндүү кыргыз толук отурукташып, тамдан там тандап, боз үйдү жерип калган кез эле. Устаканада көөрүкчү болуп иштеген Асанбай деген ата сайдан тал кыркып келип, уук, кереге, түндүк, босого жасайт. Торпоктун терисин малмага салып, аны кемпири Сейке апа ашатып берет. Чүпүрөктөй ийкемге келген терини болоттон жасалган курч кестиги менен ичке-ичке тилип, керегени көктөп бириктирет. Бир боз үйдүн сөөгүн даяр кылып сатыкка койсо, бир койго да эч ким албай койгон. Ушинтип нукуралуу кыргыздын бир мыкты өнөрү артка чегинген. Ал кезде бай, кедей деген жок, бардыгы тең укукта бирдей турмушта жашап, билим алып, дүркүрөп калган учур эле.
Азыр болсо боз үйдү кайра сагынып турган кезибиз. Көчүп-конбой эле там үйлөрдүн жанында заңгыраган кооз боз үйлөр тигилип турса, жайкысын боз үйдө жашап, кышкысын там үйдө жашап ырахаттанса өмүргө өбөлгө болбойт беле. Жаңыдан боз үйдү кайрадан жасалгалоо аракети болгону менен, ар бир айылда Асанбай атадай усталарды табуу кыйын. Жалаң эле
"Кыял" бирикмесинде кол өнөрчү­лүктү өркүндөтүп, чет мамлекеттерге сатууну көздөбөй, бардык айылдарда уздар менен усталар көбөйүп, там үйлөрүбүздүн жанында заңгыраган боз үйлөр тигилип турса өмүрүбүзгө өмүр кошулбас беле, атаганат!..

Нукуралуулукту
жоготуп жатабыз
Азыркы убакта темирден жасалган боз үйдүн сөлөкөтү көбөйдү. Ал эми сай талдан жасалган нукура кыргыз боз үйү кайда кетти?

Илим-билимге жетишип турган азыркы чакта эң жөнөкөй сай талды ийип жасоо усталардын эмне колунан келбейби? Нукуралуу­лук кайда калат? Аялдар илме шибеге менен сайма саюунун ордуна
даяр трафарет менен сүрөтүн бастыра коюп, сайма сайып, соода кылышууда. Өзүнүн ой жүгүртүүсү токтоп, нукуралуулукту жоготуп алып жатышпайбы" - дейт Жүзүм эне.

Боз үй менин
акылым,
Боз үй менин
жакыным
Ак боз үйдө төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп.
Кас-кас туруп бой түзөп,
Керегеге жөлөнүп.
Боз үй менин акылым,
Боз үй менин жакыным.

Акылым учуп асманга,
Кереге боюм тирелди.
Он алтыга толгондо,
Акылым деңиз жиреди.
Боз үй менин акылым,
Боз үй менин жакыным.

Жатып алып чалкаман,
Түндүктөн жылдыз көргөмүн.
Таң жарыгын биринчи,
Эшигинен көргөмүн.
Боз үй менин акылым,
Боз үй менин жакыным.

Унутулду боз үй деп,
Унутпайлы боз үйдү.
Эгиз кылып там үйгө,
Тигеличи боз үйдү.
Боз үй менин акылым,
Боз үй менин жакыным.

Асмандагы жылдызым,
Көл үстүндө кундузум.
Коломтого кут түшүп,
Жашап келген кыргызым.
Боз үй менин акылым,
Боз үй менин жакыным.
Жүзүм ОСМОНОВА





Пикир:






??.??