Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_13.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_13.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_13.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_13.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_13.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_13.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Мыскалдын үнүн тирүү алып жүргөн ырчы
Мыскал эженин изинде келе жаткан кыргыздын таланттуу ырчы кызы Кыргыз Республикасынын эл артисти Нуржамал Табалдиеванын филармониянын босогосун аттаганына 44 жылга карады. Алгач студияда окуп, андан соң, бара-бара эл алдына чыгып ырдап, аттуу баштуу композиторлордун көңүлүн өзүнө бурду. Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри менен Өзбекстан, Казакстан, Латвия, Литва, Россиянын көптөгөн шаарларында концерт коюшуп, кыргыз ырларын башка элдерге даңазалап, чоң сахнада өнөрүн элге арнап келе жатып чыгармачылык бактылуу тагдыр, аброй тапты.


Атактуу ырчы Мыскал Өмүр­канованын ырларын өз деңгээлине, кемелине келтире ырдоо ар кимдин эле колунан келе бербес эле. Нуржамал Табалдиеванын табигый үнү Мыскал эжебиздин ырынын өлбөстүгүнүн далили болуп калды. Анын аргендей кооз, кулак кумарды кандырган, жүрөктөн кирип, бойду алган керемет үнү комуздун коштоосунда не бир укмуш сезимдерди козгоп, алакан чаптырып келет.
Филармониянын чыгармачыл жамааты менен Швеция, Бельгия, Дания, Франция, Тунис, Вьетнам, Лаос, Камбоджа, Швейцария, Монголия, Япония ж.б. өлкөлөрдө гастролдордо болуп, кыргыз үнүн таанытты. Анын репертуарында "Эстей берем", "Алымкан", "Кызыл гүл", "Ойло сен", "Ой десең", "Таарынба", "Сагыныч", "Катка жооп", "Эсте секет", "Гүлжан", "Кечир мени", "Таарыныч", "Жаштык ыры", "Бул өмүр", "Жолугабыз аз күндө", "Барам сага", "Жүрөгүм ооруйт дебеңиз", "Жалжалым", "Эңсөө", "Ак таңдарды тосоюнчу", "Алпештейм алтын жеримди" ж.б. ырлар кыргыздын улуттук музыка өнөрүндө өлбөстүккө айланып, алтын кордо жазылып, эфирден түшпөй келе жатат.
Ал өнөр жолунда кыргыздын залкар таланттары менен бирге иштеп, алардан сабак алуунун сыймыктуу тагдырын баштан кечирди. Кезегинде Токтосун Тыныбеков, Асанкул Шаршенов, Мыктыбек Үмөталиев, Жапар Чабалдаев, Бабажан Токтогулов, Бурулча Какишова, Гүлжан Сейиткулова, Ырыс Ташыбекова, Сүйдүм Төлөкова, Мейилкан Козубекова, Эсенбү Рысалиева, Анара Мадиева, Келдибек Ниязов ж.б. менен иштешип калды. Ошо залкарлар тууралуу сураганыбызда, Нуржамал эже артка кайрылып, өткөн күндөрдү мындайча эскерет:
- Мыктыбек Үмөталиев жоош, көп сүйлөбөгөн киши эле, автобузга түшкөндө эле уйкуга кирчү. Бирөөнүн көөнүн калтырбаган жумшак киши эле, сахнада таптакыр бөлөк, өзгөчөлөнүп кетчү. Улуу акын Токтогул Сатылгановдун уулу Бабажан да көп сүйлөчү эмес. Мээнеткеч киши эле. Комузун даярдап, тынчу эмес концерттин алдында. Жоош момун киши эле. Улуу кишинин баласымын деп бой көтөргөндү билчү эмес, жөнөкөй адам эле. Молдожанды комуз ойнотуп чыгарчу. Токтогулдун небереси деп мектепте комуз чертсе таң калчумун. Тагдыр экен, филармонияда атасы менен чогуу иштешип калдым.
Мейилкан Козубекова Гүлжан Сейиткулова эже экөө курдаш болчу, катуу тамашалашчу. Абышкасы айдоочу катары биз менен көп бирге жүрчү. Сахнага чыгып баратканда эжени кытыгылап жибергенде, сахнага атып чыкчу. Гүлжан эже күлкүчү болчу, "араң токтодум сахнада" деп эле айтып жатчу. Мен филармонияга 17 жашымда келдим, эжелер 45 жаштарда экен, "Ушунчалык картаң болуп алып сахнага кантип чыгып жатышат" дечүмүн. Көрсө, сахнанын бир тартып турган күчү бар тура.
Баары бир сахна жаштыкты сүйөт, бирок эмнегедир дагы эле кете албай жүрөм, Кудайдын берген ырыскысы окшойт деп ойлойм.
Бурулча Какишова эже Келдибек тамашалап бир сөздү айтса кайталап калчу, ошон үчүн белимчи деп коюшчу. Келдибек урду деп койсо бир жолу, "кокуй, урду" деп Келдибекти көзгө бир койсо, көзү көгөрүп сахнага чыкпай калган. Таң калганым, бир учурда өтө таланттуу залкарлардын бирге иштеп калганы. Көралбастык деген жок эле, бирин-бири урматташып, жол берип турчу.
Ашыралы Айталиев агай кандай керемет эле. Ашыкем көп сүйлөчү эмес, акырын, шашпай басып жүрө берер эле. Өзгөчө Гүлжан эже:
"Баарыбыз тең бирге иштешип жатабыз, силер биздин артыбызда жол улантуучусуңар, биздин жаман жагыбызды албай, жакшы жагыбызды алсаңар" деп айтып калчу.
Менин сахнадагы чыгармачылыгымда репертуарымды тандоодо Токтосун, Эстебес агайлар сабак беришти. Токтосун Тыныбековдун "Жаштык ыры" деген ыры жигиттин ыры экен. Бир күнү репертуар тандап олтурсак, эркектин ыры го десем, кел мен кыздын ыры кылып берейин деп оңдоп берген. Ошону кийин кыздын ыры кылып көпкө ырдап
жүрдүм.
Жапар Чабалдаев агай тамашакөй киши эле, көп сүйлөчү эмес. Үнү башкача эле. Ошко барып калдык, көрсө катуу ооруп жүрүптүр. Концертке чыкпай эле коюңуз десек, "Мен быякка эмнеге келдим?" деп болбой сахнага чыгып кетчү. Эмнегедир ушул залкарлардын сахнага чыкканда элди тартып алчу магниттери барбы деп ойлоп калчумун. Гүлжан эже бир чыкканда эл суранып калса ондон ашык ырды бирдей ырдап кетчү. Ушулардын эмгеги бааланбай
калды.
Кийинкилер Замирбек Үсөнбаев баштаган муун ошо залкарлардын учугун улап, узанып келе жатышат. Жетекчи катары Замирбек ар бирибиздин жеке концерттерибизди өткөртүп, жакшы демилге көтөрдү. Андай нерсе чыгармачылыкка дем берет экен. Акыркы жылдары филармониянын артисттеринин жеке концерттери берилип, эл жакшы кабыл алып жатат. Бизде фольклордон эки топ бар - А.Үсөнбаев атындагы, экинчиси "Эл ырчысы Эстебес" тобу. Мен ушул топту жетектейм. Гастролдорго алыскы аймактарга чыга албай жатабыз. Рынок экономикасында ушул жагынан чыгармачыл жамааттарга каржылык кыйынчылык түшкөнү белгилүү да. Ошентсе дагы быйыл, жакын арада чы-
гууга ниеттенип жатабыз, жетекчилигибиз аракет кылып жатат. Эл деле сагынды го. Мурун көп чыкчу элек. Күнүгө ырдап турсаң өзүңдүн үнүң ордуна келип турар эле. Жөн ырдаган сахнадагыдай болбойт. Биз дагы элди сагындык, - дейт Нуржамал
эже.
Таланттардын тагдыры эл менен тамырлаш эмеспи. Элге чыгып, өнөрүн тартуулап турууга не жетсин. Ошондон рахат алып, чыгармачылыкка дем кошулары чындык. Жакын арада Нуржамал Табалдиева эжебиз дагы "Эстей берем" аттуу жеке концертин бергени жатат. Кыргыздын нукура ырларын үч кыл комуз жана оркестрдин коштоосунда оболоткон эл артистинин бул концертинде жаңы ырлар дагы бар. Элдин кызы элге ырын арнай бер-
син.





Сунуш
Куйкум сөз жалындай куйкалайт
Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын президенти М.Мамытовго
КУИА Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору А.Акматалиевге

Кыргыз адабиятында онго жетпеген гана сатирик болсо, ошолордун бири - акын жана сатирик, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Эсенгул Чопиев. Ал кыргыз адабиятына 1950-жылдын баш жагында келип, Райкан Шүкүрбековдон, Аалы Токомбаевден жана башка залкарлардан таалим алган калемгер. Анын башка акын-жазуучулардан өзгөчө бир касиети - бүгүнкү күнү жок болуп кетүү коркунучунда турган сатира жанрын сактап калгандыгында жана борбордон сырт, элет жеринде жашап туруп, борбордун эле эмес, бүтүндөй республикабыздын боорунда болуп жаткан бардык көйгөйдү көрүп-билип, ошону куюлушкан куйкум тил менен сындап, чыгармалары аркылуу чындыкты айтып, чыркырап турганында. Автордук таланттын мына ушундай кудуретин, мекендин өсүп-өнүгүүсүнө күйүп-бышып кошкон аракетин, акыйкаттуулукка, тазалыкка, калыстыкка чакырган адамдык асыл касиетин анын жакында жарык көргөн "Ата-Журт ажары", "Сырдуу сыйыртмак" аттуу китептери айгинелеп турат.
Сатира жазыш үчүн автордун өзүнүн ички, сырткы дүйнөсү элге үлгү болуш керек. Ошол жагынан алып караганда да, калемгерлеринин жана окурмандарынын баамдарын эске алганда, Эсенгул Чопиев жаш кезинен тапкан автордук абийиринин гүлүн түшүрбөй, мына ушул убакка чейин калыбынан жазбай, намысын булгабай, айлана-тегерегине, кичүү муундарга үлгү болуп келаткан калемгер. Коомдогу ыпылас, булганыч көрүнүштөрдү өтө кылдаттык менен сындап, керек болсо ага чыгармалары аркылуу тымызын өрт коюп келаткан сатирик. Ошондой эле жеке адамдын керт башына таандык аңдабастык, көралбастык, ичи тардык, кайдыгерлик ж.б. ушул сыяктуу адаттарды чымчып жазып, окуган адамды "бырс" күлдүрүп, ошол эле учурда кайра ойго салып, алды-артын карантып, түзөлтүп да коё алат. Демек, анын чыгармаларынын жаш
муундарды акыл-эстүүлүккө, нарктуулукка, чынчылдыкка, мекенчилдикке, эмгекчилдикке тарбиялоодо таасири абдан күчтүү. Андыктан, Э.Чопиевдин сатираларын мектеп программасына коркпой-үркпөй эле киргизүү зарылдыгы бар деп эсептей-
биз.
Бүгүнкү сынды угуп - укмаксанга, көрүп - көрмөксөнгө салган заманда сатира жанры көмүскөдө калып, ага көңүл бөлүнбөй деле калды. Бирок, адабият - өлбөстүн суусун ичкен дүйнө. Ал - өлбөйт. Э.Чопиевдин сатиралары да муну ырастап турат. Арийне, Чопиевдин "Сырдуу сыйыртмагы" өзүнчө бир илимий иш жаза турган китеп. Китепти окуп жатып, ар бир эле окурман сатира деген өзгөчө бир касиетке ээ, турмуш чындыгына барып бир тийген жанр экенине дагы бир ирет ынанууга болот. Анда автор турмуштун биз аралап эле, кечип жүргөн былык-чылыктарын көзгө сайып көрсөтүп берген. Ошондуктан, айрым чындыкты жазган, артынан запкы тарткан журналисттер сыяктуу эле, бу сатира жазуу дагы - коомду агартууга, коррупцияны тузактоого кошкон бирден-бир чоң салым, курал деп түшүнүүгө, баалоого болот.
Ошол эле убакта Э.Чопиевдин чыгармалары автордун жөн эле сатирик эмес, философ сатирик экендигин да тастыктап турат. Андыктан, ушул китепти улуттук илимдер академия­-
сына жиберип, окумуштуулардын изилдөөсүнө сунуш кы-лууну туура көрдүк. Анын жаңы китебинде кыргыз элинин 20 жылдык башынан өткөргөн окуялары, тактап айтканда тамтыгы чыккан азыркы заманыбыз толук камтылган. Демек, Эсенгул Чопиевдин сатираларын жалпы кыргыз сатирасынын жетишкендиги катары карап, ага олуттуу баа беришибиз
керек.
Омор СУЛТАНОВ - Кыргыз эл акыны;
Калканбай АШЫМБАЕВ, Асан ЖАКШЫЛЫКОВ - Кыргыз эл жазуучулары; Сейит ЖЕТИМИШЕВ, Карбалас БАКИРОВ, Шаршеналы АБДЫЛДАЕВ, Акбар РЫСКУЛОВ, Догдурбек ЮСУПОВ - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлери; Санарбек КАРЫМШАКОВ - филология илимдеринин кандидаты; Жыпара ИСАБАЕВА - Алыкул адабий сыйлыгынын лауреаты;
Айдарбек САРМАНБЕТОВ - Евразия адабий
сыйлыгынын лауреаты







Пикир: