Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_12.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_12.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_12.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_12.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Алсыздарды аяган, алдыга жөлөп-таяган...
Мындан биз аз жылдар мурун Сузак районунда адамдын үрөйүн учурган бир укмуштуу окуя болгон. Т.а. мектепте окуган он төрт жаштагы Гүлжамалды өзүнүн М. аттуу класс жетекчиси Ош шаарынын тургуну Н.нын машинесине зордоп салып берген. Н. уурдап келген "олжосунун" алтын сөйкөлөрүн чечип алып, үйүндө бир ай камап отурган. Маалымат булактарында айтылгандай, Кудай жалгап анын кызды чет өлкөгө сатуу тилеги ишке ашпай калган. Анткени, тынымсыз издөөнүн аркасында, бир айдан ашык убакыттан соң энеси кыздын камалып отурган жерин таап барган. Бул маалымат бүтүндөй республиканы "шок" кылган. Таң калыштуусу, укук коргоочу Ш.Абдыкадыровдун айтымында, "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" болуп, кызды уурдаган тарап: "Менин беделиме доо кетиргендиги үчүн миллион сом төлөсүн. Мен анын кызын ыйлап жүргөн жеринен таап алып, багып жүргөмүн", - деп кайра уурдалган кыздын энесинин үстүнөн арызданган...


Укук коргоочу Ш.Абдыкадыров жетим менен жесирдин башына мына ушундай кыйынчылык түшүп турганда кезиккен. "Мен чыдап карап тура албадым. Эгерде жайына койсом, тескерисинче жетим кыз, жесир аялды доого жыгып коюшмак. Эки жарым жылдай алышып жатып, акыры баарын мойнуна алдырып, кыздын сөйкөсүнөн бери төлөтүп (сотто "алган эмес" деп акталган), "Уурдаганыбыз чын болчу", - деп эне-баланын буттарына жыгылып кечирим сураганга мажбур кылдым", - дейт укук коргоочу.
Мына ушундай жагдайлардан улам, карапайым калктын басымдуу көпчүлүгү учурда сот органдарына ишенбейт. Натыйжада "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, көпчүлүктүн ишениминде: "Укук коргоо органдарынын
дээрлик 90%ы "акчанын кулу", кай тарап пул берсе, ошол тараптын кызыкчылыгын коргоп коё беришет", - деген түшүнүк жашайт.
Бирок, Жалал-Абадда колунда жок, өз укуктарын кантип коргоорун билбей кор болгон, жардамга муктаж жарандар ишенген (жогоруда биз учкай кеп кылып өткөн) 72 жаштагы Шарап Абдыкадыров аттуу укук коргоочу бар жана анын ысымын эли урмат менен аташат. "Ал бир топ жылдардан бери милиция, прокуратура, акимчилик, мэрия аткаруу бийликтери жана алдамчылар, зөөкүрлөр тарабынан болуп келаткан туура эмес иштерден көптөгөн адамдарды коргоп келди", - дейт адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы М.Жакышев. Анын берген мүнөздөмөсүнө таянсак, Шарап ага көптөгөн адамдардын укугунун сот органдары тарабынан туура чечилишине жетишкен. Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун эли, көп жылдардан бери өзү үчүн эмес, чындык үчүн чыркырап жүргөн, калыстыкты, акыйкатты сүйгөн, камкор жана боорукер, ыймандуу укук коргоочуга "Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу" ардактуу наамын берген. Замандашыбыздын мына ушундай өзгөчө инсандык касиеттери эске алынып, "Кыргыз

Туусу" гезитинде дагы Шарап Абдыкадыров "2012-жылдын мыкты адамы" катары таанылган.
Зордукчул өкмөт,
он беш жаштагы укук коргоочу, Кремль...
- Адам укугун коргоону мен он беш жашымдан эле баштапмын, - дейт Шарап аке, - Ийри-Суу айылында Мамадалы Аттокуров деген айылдык кеңештин төрагасы бар эле.

Ал эч ким менен акылдашпай туруп эле, жанына бир милиция кызматкерин кошуп алып, үймө-үй кыдырып: "Эт, мал, жүн, сүт тапшыргыла!" - деп зордук-зомбулукка салчу. Анан районго: "Эл өз ыктыяры менен баланча продукция тапшырды", - деп отчет бере турган. Ошентип, районго алдыңкы жетекчи катары таанылып, кадыр-баркы көтөрүлүп эле жатып калчу...
Бирок, Шарап аке бала болсо да, жетим-жесирлердин:
"Бала бакырабызга сүт ичирбес болду", - деп ыйлап-сыктаганын көрүп, зээни кейийт.
- Ошондо биринчи жолу элдин укугун коргоо туу­ралуу ойлонуп, колума кагаз, калемсап алдым, - дейт. Совет доорунда абдан таасирлүү деп табылган "Чалкан" журналына болгонду айтып, кат жазат. Көп өтпөй эле журналдын Токуш Айтикеев аттуу кабарчысы айылга келет да, элди чогултуп: "Шарап Абдыкадыров дегенден кат барды. Аттокуров силердин зордукка салып, эт, сүт, жүн чогултканы чынбы?" - дейт. Элдин баары жапырт чын экенин айтышат. Ошондон кийин "Чалканга" "Акаларга таарыныч" аттуу сын макала жарыяланат жана зордомой токтотулат.
Ушундай көрүнүштөр совет доорунда тымызын болуп турганын айтат укук коргоочу. Оруп-жыюу
маалында элди жапырт тоют кам-доого айдаган маал. Ал Жалал-Абадда иштеп жүргөндө Базар-Коргонго ишке айдашат. Бирок, эл канчалык
тоют камдоого катышканы менен, эмгек акылары берилбей келгенин, көрсө, шаардык жетекчи менен колхоздун башкармасы жеп коюп жатканын байкайт. Жогору жактагылардын баарына кайрылат. Жооп
болбойт:
- Акыры, отпуска алдым дагы, эч кимге билгизбей Москвага жөнөп калдым. Түз эле Кремлге кирдим. Акыйкат болуусун талап кылдым. Ошентип, текшерүү келди. Териштирди. Колхозчулардын бир эмес, эки жылдык эмгек акысын төлөп беришти, - дейт Шарап аке.

"Шарап аке, биз сизге терең ыраазыбыз..."
Мына ошондон тарта адилетсиздикти көргөндө жаны жай алып отура албаган укук коргоочу жалаң алсыз тараптын таламын талашып, чыркырап чындык издеп келет.

Ушуга чейин канчалаган карапайым жарандарга жарыгы тийип, ыраазычылыгын алып, өзү да ошондон каниет алып жашоого бел байлаган. Анын дарегине келген ыраа­зычылык каттардын баары - анын ишинин ийгилигинин, акыйкатсыздыкты жеңип, жеңишке ээ болгонунун күбөсү. "Мен сизге 2008-жылдын 23-июлунда укугумду коргоп берүүңүздү өтүнүп кайрылган элем, - деп жазат Өзгөн шаарынын тургуну Мухаядан Игамбердиева. - ...Сиз менин өмүрүмдүн
коопсуздугун камсыз кылды­ңыз. Эгерде сиз ушунчалык катуу киришпегениңизде, булар мени өлтүрөт эле же камайт эле. ...Мен сизге терең ыраазычылык билдирем жана сиздин эрдигиңизди, эмгегиңизди жогору баалаймын".
Мындай каттар көп. Ошолордун ичинен колубузга тийген дагы бирин барактап көрөлү.
- Биз Жалал-Абад шаарынын базарынын айланасындагы автоунаалардын баш аламандыгын жолго коюп берүү үчүн жардам сурап, 2005-жылдын 10-сентябрында Шарап Абдыкадыровго арыз менен кайрылган элек. Укук коргоочу эки жыл бою улам жергиликтүү бийиктегилерге биздин үнүбүздү угузуп, чуркап жүрүп, ошонун негизинде 2008-жылдын 1-апрелинде облустук администрация буйрук чыгарып, атайын комиссия түздү жана машинелердин баш аламандыгы тартипке салынды, - дешет укук коргоочуга ыраазычылык билдирген Жалал-Абад шаарындагы "Өзгөрүш транс" ЖЧКсынын айдоочулар жамаатынын атынан А.Насиров, И.Исманов ж.б. Ал эми Сузак районунун Дөмөр айылынын тургуну Ибрагим Хамракулов:
- 2008-жылы милиция тарабынан менин уулум жалган жалаа менен кармалып, башыбызга иш түшүп турган кезде укук коргоочу Шарап Абдыкадыровго кайрылган болчубуз. Ал дайыма биз менен бирге болду. Адам адамдын ким экенин башына оор иш түшкөндө билет экен. Башыбызга түшкөн кырсыкты угуп, урук-туугандарыбыз да, жакын санаалаштарыбыз да коркуп, бизден оолактап калышты. Жалгыз гана Шарап аке бизди таштаган жок. Ал басма сөз аркылуу мунун баары акча өндүрүү үчүн жасалган жалаа экенин айтып, түшүндүрүп да жатты,укугубузду коргоп да жатты. Мен ал кишиге терең ыраазычылык билдирем..."

"Укук коргоочунун өмүрү коркунучта..."
Жогоркудай ыраазычылыктар менен удаа эле, анын дарегине, уюлдук телефонуна үрөйдү учурган коркутуу "смс" каттар (сүрөттө) келип турган.

Айрыкча, адам уурдаган уурулар менен болгон эки жылдык күрөштө анын өмүрүнө коркунуч туу­дурган фактылар байма-бай болуп тургандыгын, атүгүл эшигинин алдына канга боёлгон чоң шамшар бычак таштап кетишкенин айрыкча акыркы эки жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттары какылдап какшап, кабарлап келет. Андагы айрым билдирүүлөргө таянсак: "2010-жылдагы июнь коогалаңында үй мүлкү тонолуп, материалдык
зыянга учураган. Жалал-Абаддык шааардык ички иштер башкармалыгы ууруларды колго түшүргөнү менен, кайра эле боштондукка чыгарып жиберишкен" ("Мыйзам мейкини", 20-апрель-май, 2012-жыл).
Анда маалымдалгандай, адам уурулар укук коргоочунун өмүрүнө коркунуч келтирип турушкан. Ошол эки жыл аралыгында Ш.Абдыкадыров бийлик бутактарына, анын ичинде сотко, прокуратурага, депутаттарга, премьер-министрге, президенттин аппаратына, жалпы жонунан 118 кат жолдогон. Укук коргоочу Президенттик аппараттан Башкы прокуратурага үч жолу: "Иш тез арада калыс каралсын" деген көрсөтмө жиберилгенин айтат. "Бирок, укук коргоочулардын буга шалаакы мамилесинен улам, ага карата коркутуу аракеттери улана берген" ("Мыйзам мейкини", 20-апрель-май, 2012-жыл).
Атүгүл өткөн жылы өз өмүрүн коргоо үчүн укук кор-гоочу чет өлкөдөн башпаанек суроо жөнүндө ойлонууга мажбур болуптур.
- Бирок, ишти таштап кете албадым. Балдарым Москвада болгондуктан, акыры кемпиримди ошол жакка алып барып коюп, кайра келдим, - дейт Шарап аке биз менен маегинде. - Анткени, жанагы кыз уурдоо боюнча ишти аягына чыгарышым керек болчу. Болбосо, жетим кыз, жесир аялдын укуктары тебеленип калчудай эле...
Ошентип, Жалал-Абад шаардык сотунда төрагалык кылган судья Т.Жоробеков окуяга акыркы чекитти коюп, ар ким өз жазаларын өтөмөй болушкан...

Жергиликтүү эл:
укук коргоочу
мамлекеттик сыйлыкка татыктуу
"Эгерде биздин укук коргоо-
чубуз Шарап Абдыкадыровдун эмгегин баалап, ага мамлекеттик сыйлык ыйгарылса, анда эл: "Эмгек жерде калбайт экен" деп жакшы иш жаратууга шыктанат эле жана башчыбыз Алмазбек Шаршеновичке, парламенттин төрагасы Асылбек Шариповичке жана Өкмөт башчыбыз Жантөрө Жолдошевичке зор ишеним пайда болот эле.

Укук коргоо жаатында коррупция менен күрөшүүдө алдыга дагы бир кадам жасаган болор элек", - деп жазышат Ш.Абдыкадыровду мамлекеттик сыйлыкка сунуш кылып, кайрылуу жазган жердештери.
Кайрылууда жазылгандай, биздин каарманыбыз 1941-жылдын 15-апрелинде Өзгөн районунун Ийри-Суу
айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектептен кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн жана алгачкы эмгек жолун Тажик Республикасынын Жерге-Тал райондук гезитинде кабарчы болуп баштап, Чабай айылында мугалим болуп иштеген.
1973-жылы Жалал-Абадга көчүп келип, туруктуу жашап калган жана Жалал-Абад шаардык күзөт бөлүмүндө иштеп, ардактуу эс алуу­га ушул жерден чыккан. Жогоруда айтылгандай, ал он беш жашынан баштап, ушул убакка чейин адам укугун коргоо менен алпурушуп келет. 1999-жылдан тарта облустук адам укугун коргоо комитетинин мүчөсү.
Бар болуңуз, Шарап ага!

Сүрөт автордуку





Пикир: