Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_11.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_11.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_11.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_11.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
"Жашоонун жакшы үмүтү - жарым ырыс,
Жолдордон агып турсун жашыл жарык..."
Биздин кесиптешибиз, кыргыз элинин белгилүү акын кызы
Бактыгүл Чотурованын "Найман" аттуу ыр жыйнагынын жарык
көрүшү коомчулукка, айрыкча поэзия ышкыбоздоруна, адабий чөйрөгө
жакшы жаңылык болду десек жаңылышпайбыз. Анткени, эзелтен сөз
баккан, сөз сыйлап, сөздүн кудуретине сыйынган калкыбыз али да болсо
поэзия таанымынан танбай, анын көкүрөк-көңүлгө "жылт" этип конгон керемет учкундарынан нур алып, таасир алып, азык алып жашап жатканы чындык. Муну окурмандарыбыздын биздин редакциябызга келген кат-кабарларынан, коңгуроолорунан улам да тастыктоого болот. Ал эми бүгүн биз алардын арасынан иргеп, адабияттын, маданияттын аттуу-баштуу өкүлдөрүнүн "Найман"
тууралуу ой-пикирлерин гезит бетине жарыялоону эп көрдүк.


Маекти чогулткан Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"
"Найман" - акындын чоң ийгилиги

"Найман" ыр китеби акын кызыбыздын кезектеги чоң жеңиши. Китепке ар кыл темадагы, ар кыл мазмундуу ырлары кирген. Б.Чотурованын көлөмдүү ыр китеби мааниси, мазмуну терең ырлар, поэмалар менен толтурулган.
Китептеги жакшы ырларды тизмелеп олтурсак, ченем жетпегендей. Ошондуктан, жалпысынан китептин көп бөлүгүн түзгөн ырларга жакшы пикирди жалпылап айтууга гана туура келет. Бул китеп акындын кийинки жылдарда чыгармачылык жактан таанылгыстай өскөндүгүн көрсөтүп турат. Акындын Закавказье, Тоолуу Алтайдан алган таасирлеринен жазылган ырлары бул китебин көрктөп турат. Акын ак ырларды кандай чебердик менен жазса, чоң полотнодогу поэмаларды ошондой эле ийгиликтүү жазганын окудук. Китептеги "Найман" аттуу поэмасы биздин ата-бабаларыбыздын жакшы тукум үчүн, демек кыргыздын келечеги үчүн акылдуулук, көрөгөчтүк менен кам көрүшкөнүн, күрөшкөнүн далилдейт. Поэма акындын чоң ийгилиги экени далил. Калган "Базыл баатыр", "Кут", "Даркан талаа", "Улуу тоо" аттуу поэмалары да бир топ чебердик менен жазылган. "Найман" аттуу жаңы, жакшы ыр китеби менен акын кызыбыз Бактыгүл Чотурованы чын ыкыластан куттуктаймын.

С.ЖУСУЕВ, эл акыны

"Бул катардагы жыйнактын
бири эмес"

Жыйнакты бир дем менен окуп чыктым. Мага жакты. Акындын мыкты лирик экени мурда эле маалым. Бул китепте Бактыгүл анык дастанчы экендигин далилдептир. Жыйнактын үчтөн бирин "Найман" баштаган поэма-дастан түзөт экен. Баа­ры олуттуу сөз кылууга арзыйт. Бирок, алардын ичинен "Найман" өзгөчө бөлүнүп турат: сюжет, идея, көркөмдүк жагынан. Биз көп эле угуп жүргөн уламыштарды Бактыгүл чыныгы акындык зиректик, энелик сырдуу инстинкт, таланттын күчү менен өтө оригиналдуу чечмелептир. Бул алгачкы окугандагы эмоционалдык кабылдоодур, акыл токтотуп, аналитикалык талдоо жүргүзүүчү убакыт да келер. Башкалар да окуп, пикир айтышар. Ошондо бул катардагы жыйнактын бири эмес, акындын беш-алты жылдык чыгармачылык өмүрүн - эмгегин, шык-демин, эркин камтыган поэзиядагы окуя экенине окурмандар ишенишер деп ойлойм.

Мырзаян ТӨЛӨМҮШОВ, адабиятчы
"Мамлекеттик сыйлыкка
татыр китеп болуптур..."

Бактыгүл Чотурованын "Найман" деген китебин жаңы эле колума алдым. Кызыгып окуп, карап чыктым. Жыйнакка акындын лирикалары менен катар, бир топ поэмалары кириптир. Ар бири кыргыз адабиятындагы сапаттык жагынан көзгө көрүнөрлүк, талкуулана турган чоң чыгармалар. Бул китеп - акындын ажары ачылган, аябай такшалган чоң акын экенин далилдеп, атүгүл мамлекеттик чоң сыйлыкка көрсөтө турган китеп болуптур.

Кален СЫДЫКОВА,
жазуучу




"Наймандан" насыйкат
Шүйкүмү шылынган заманга шылтабай, желесине чалынбай, калеми менен акыл-ой чырагын балбылдатып, кылым кыялай кыргыз рух-дөөлөтүнүн кырманын үйгөн, кыска өмүрдө кыйышпаган эки тилектешим бар. Бири - ой чалгыны орошон, таскагынан жанбаган, өзүнө өзгөчө талаптуу Мундуз-
бек Тентимишев жана "бөлөк планетанын" поэзиясынан түшүп келгендей жанын чабыттатып, бир сырдуу жүргөн, ариеттүү акын Бактыгүл Чоту-
рова. Табиятынан ак көңүл, жоомарт жаралган бул экөө тең эң оболу улут-тук журналистикада, улуттук адабиятта өзүнчө бир бөксөлүк, боштукту толтурууга, алкагын кеңейтүүгө сөз зыйнаты менен салым кошсом дегенде ак эткенден так этишкенине өзүм күбөмүн. Мундузбектин аналитикалык кудурет-кубатына, рух таанымынын молдугуна, бай эрудициясына жана ашкере толеранттуулугуна баа берүү мөөрүтүн эртеңкиге калтырып, ырына "кымындай да калп айта албаган" Бактыгүлдүн колубузга жаңы тийген "Найман" аттуу китебине назар бурсак.


"Найманды" окуп баратып, Бактыгүлдүн жаны менен кошо бүткөн пакизалуу поэзиясына, өмүр тагдырын сөз тагдырына багыштаган пешенелүү таланттын кезектеги оомат-кенчине оропара бир кумардан чыктым, эй! Кээде, баам-парасат бойлой албаган турмуштук жөнөкөй нерседен поэзия кереметин каалагандай сузуп алган сезимтал шыктын ээси күнү-бүгүн күчүндө, "сөөмөйү сынып кеткиче" (А.Чехов) сөздөрдү сезим ыраңына боёп, жашообузга жабыз келген миң тамырлуу поэзия жаратуунун үстүндө экен. "Бактылуу кыла албаган менен эч ким, бактылуу кылган мени - поэзия!" деген акындын өзөк тамырын жарып чыккан чындык жаңы жыйнагынан добулбас болуп кагылып турат.
Талант эч кимден жукпас угум-туюм. Ал киндик кан менен кошо бүткөн көрөңгө. Есениндин айтканы бар: "Талантты маңдайынан баамдай албайсың, аны ыраактаганда барып, ылдам тааныйсың..." Бактыгүл да "Найман" ырлар жыйнагын өмүрдүн кыя жолунда бир кыйла ыраактатып чыгарды окшойт. Чыгарганда да, аруулуктун, улуулуктун кол жетпеген табылгаларын өзүнүн философия­сына салып тереңдеткен экен. Китептеги кучак толгон кызгалдактуу ырлар жашоо маңызын, доор ыргагын жаңыча кабылдоону аваз кылган автордун чаалыкпас изденүүсү.

"Түнбү, күнбү турса да үймөлөшүп,
түртүп коюп түйшүктү үйгө келип.
Бир тоголок дан түрткөн кумурскадай,
бир сап ырды келатам дүйнө көрүп..."
Автордун ыйман, адамгерчиликке чакырган саптарын окуганда абийирдин булагына чайынгандай болосуң. Далай-далай тагдыр "шапалагын жеген" бейкүнөө сүйүү, махабат элегиясы жүрөккө тикенектей тепчилет-ов!.. " ... баары бир өчүралбай кыйналарсың, жалт эткен элесимди көздөрүңдөн..." (175-б.) Же болбосо байлыкка "ашепке" байырлаган байбачаларды " ... адамдын жанын ажал алам десе, арачы болор бекен алтын тенге..." (75-б.) деп аста нукуйт. Турмуштун оош-кыйыштары, өзгөчө сүйүү лирикасы чөгөрүлгөн ырларында эмоция да, ыймандай сыр да жетишер-
лик.

"Кетүүгө сенсиз жакка кол сунамын,
күлүктөй көрсөмбү деп жол сынагын.
Түрталбай элесиңди.., бирок түндү,
ыйлатып кирпигинде олтурамын..."
164-б.)

"Найман" жыйнагындагы ой жүгүртүү
бийиктиги, эстетикалык маданиятынын өс­көндүгү Бактыгүл Чотурованын адабияттагы балбылдаган өз жүзүн кадыресе ачып берген. Бейнеге, идеяга канат болуп берүүчү сөздөрдүн баасын, боёгун кылдат туйганын байкадым. "Өмүрдүн бүт күнү жашоо эмес, жашоо дейт күндөрдү эсте калган..." деген ыр саптары жалган дүйнөнүн табышмагын, биз болгону бири-бирибизге бир күндүк мейман экенибизди эскертсе, муңайып, муунуң бошойт. Автордун "Түркия кайрыктары" бөлүмүндө "Кара деңиз кеттим эми, кош дедим, сенде туруп Ысык-Көлдү эстедим" (266-б.) деп ырдаса, "Алтай сапарында" Энесайдагы эстен кеткис күндөр, Кузбасс кенчилери менен кездешүүсү, өлбөстүк темасын өлтүрө жазган В.Шукшиндин издерин музейинен издегенин сыр кылып, кагазга чебер түшүргөн. "Акын жашайт ырларынын сабында" дегендей, Бактыгүл турмуш азгырыктарынан алыс болуп, убакыт мезгилин жүгөндөй алган өжөр инсан. Күлүгү чыккан күндөрү, жоргосу уткан жылдары да шымаланып, жокко-барга шүгүрчүлүк кылып боюнан кут-керемети мөлтүлдөгөн ырларды жазды. "Наймандын" тулку-боюн уялаган ыр капкасы - досубуздун акындык келечегин аныктап, өзүнө таандык руханий дүйнөсүн жайнатып ачып турат.
Жыйнакты жонуна көтөргөн беш поэманын бири - "Найман". Кыргыз ханы каргадай баласы калдайып, бой тиреген сайын, менден кийин хан болот деп өзүнчө болжоп, бейгам жүргөндө жергесин капысынан жоо басат. Жалгыз тиреги калың колду баштап, душманды жеңген менен, өзү урушта алган жараатынан түзөлө албай, жан берип, сөөгүн хан ордого жүктөп келишет. Ордо чайпалат. Жалгыз мураскер жоо колунан каза тапты, эми бизди кийин-соңу ким башкарат деп, бийликке көз арткандар тымызын бытырандылыкты баштайм деп турганда, хандын чырактай эстүү келини кайнатасына акыл кошуп ишке жарайт... Убаймалуу хандын бир башын эки кылып, туюктан жол таап, мураскерлүү кылат. Эл чайпалбай, чачылбай Найман тукуму уланат... Поэманын данектей даана акылы, эзелтен муундан муунга мурасталган тукум улоочулук - генофонд көйгөйү курч көтөрүлгөн. "Бул өзү урпактарга укчу сабак! Кубаттуу Ордо түзүп улуу канат" деген өзөктүү ой менен бүтөт. Чыгармада "кыргыздын жалпы жоосу - ынтымаксыздык" деген кылымдарды карыткан маани да жетиген жылдызындай жанып турат. Кара сөздүн кетменин чапкан инсан катары айтсам, Наймандын санжыралуу өмүрү ыр менен жазылган романга татырлык экен. Анын тулку боюнан сөзү айбат, батасы кайрат болгон ата-бабаларыбыздын бизге жеткен нускалуу насыйкаттары бүгүнкү урпактарга унутулгус күлазык. Көлөм жагынан анча деле чоң болбогону менен идеясы, философиялык ой-чабытынын тереңдиги боюнча өзгөчөлүү, өмүрү узун болчу чыгарма. "Базыл баатыр" поэмасы да эстетикалык-көркөм баалуулук катары ак кызмат өтөй берээр. Аны менен Б.Чотурова тарыхыбыздын жылдыздуу асманында дагы бир жаңы жылдызды - Базыл баатырдын байтеректей бейнесин адабиятыбызга алып кирди. Берки "Үч бай", "Кут" поэмалары да замандан заманга закымдаган чындыкты алып жүргөн, акындын жан-дүйнөсүндө жанчылып, сезим отунда какталып жүрүп бышкан чыгармалар.
Жаңылбасам, "Акын үчүн карьера эмес, өсүш керек" деп орус акыны А.Блок айткан болуш керек. Бактыгүл "Кыргыз Туусунда" өстү, өндү... Өзү дагы "Кыргыз Туусу" адам кылды, акын кылды деп калат... Алыкулдун "турар күнүм бир, калар күнүм миң..." деген унутулгус саптары поэзия бийиктигин кубалаган акын досубуздун жадысында жүрсө керек.
Жыйынтык сөзүбүздө, сыймыгынан сая бас­кан жүгү оор акындык тагдырга таалайын байлаган замандашым чеберчилик жактан жетилип, бир боор поэзиябыздын айдыңында акындардын бир муунунун көч башында, таанымалы да, сүйүктүүсү да деп тайсалдабай айтсам жарашат. Жакшы тилек, жарым ырыс. Пашарт, баягы Токтогул атындагы сыйлыктын кезектеги жарышы жарыя болуп калса, "Наймандын" жал-куйругун түйүп, жарышка салсак, мөөрөй алып чыкчу акжолтой китеп. Чоң атасынын куту уялаган сыйлык "өзүн поэзияда бактылуу сезген" небереси үчүн эле эмес, жалпы поэзия сүйүүчүлөр үчүн да сыймык болор. Мезгил тараза, байкап туралы...

Абдиламит МАТИСАКОВ,
жазуучу






Пикир: