Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_10.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_10.htm on line 5

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_10.htm on line 5

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0416_10.htm on line 5

Кыргыз гезиттер
Мурдагы чабан, азыркы фермер
Кадыралы айылында алдыңкы фермерлердин бири болуп Рысбек Чодонов аталат. Анын иши жердештерине үлгү болорлук. Жүргөнү токтоо, мүнөзү калбаат бул жигиттин сөзүнө так, ишине да төп келе эмгектенген азамат экенин айылдаштары суктануу менен кеп кылышат.


Жайкысын жайлоодо, кышкысын кыштоодо малын бакса, ошол эле учурда жерин да иштетүүгө үлгүрөт. Кере желе кулун байлап, бээлерин саашып, тамшандырган бал кымыз жасашат. Алардын дарылык касиетке ээ суу­сундугуна жыл сайын Бишкектен аңаза кылып арзып келишип, айлап чатырларын тигип алышып, жанына автоунааларын токтотуп коюшуп, ден соолугун чыңдап кеткендер жылыга көбөйүүдө. Ал эми жасаган айраны, алган сүзмөсү, жайган куруту, сызгырган сары майы өздөрүн эле эмес, керектөөчү кардарларды да камсыз кылуу-
да.
- Мен, - дейт ал, - 1966-жылы Ат-Кулак жайлоосунун ажайып кооз Жазы-Карагай конушунда туулгамын. Атам суу чарбасынын райондогу белдүү кызматкери эле. Апам Гүлсайра да оозунан сөз, колунан иш келген мыкты аялзаттарынын бири. Атамдын көзү өтсө да апам бизге баш-көз. 1983-жылы Тилектеш орто мектебин бүтүрдүм. Бир жылы суу чарба тармагында иштеп туруп, Советтик Армиянын катарында Карель АССРинин Петрозаводск шаарында кызмат өтөдүм. Аскерден келгенден кийин колхоздо ар кандай иште иштеп такшалдым. 1989-жылы өмүршеригим Назгүл Байшериевага баш коштум да, чабандык кесипке өттүм. Чарбанын бир короо козусун бактык. Аңгыча колхоз тарады. Маркум атам "Топ-Терек" дыйкан чарбасын түзүп берди. Ошону менен дыйкан чарбаны өнүктүрүүнүн татаал жолунан тайбай эмгектенип келата-
мын.
Ооба, мыкты фермердин колуна кол, бутуна бут болгон, өйдөдө өбөгү, ылдыйда жөлөгү Назгүлү. Жубайы айылдагы тың, чыйрак келиндердин бири. Кези келсе кой кайтарып, нечен азоо бээлерди, 5-6дан уйду күн сайын саап, сүт азыктарынын бир нече түрүн бир убакта, комплекстүү даярдоого анча-мынча жүдөө аял жетише албайт. Төрт баланы төрөп, тарбиялоонун өзүндө да канчалаган миң толгоолуу түйшүктөр жатат. Ошонун баарын кабагым-кашым дебей бүткөрүп, конок өксү болбогон үйүндө дасмалын албай, такай жайган ак пейилдиги, Рысбекке төп келген жайдары мүнөзү кимди болсо ыраазы кылбай койбойт. Эки кызы, эки уулу биринчи байлыгы экени шексиз.
Аты айтып тургандай, "Топ-Терек" дыйкан чарбасы өсүп-өнүгүүнүн үлгүсүнө айланган. Учурда 100дөн ашуун койлору, 15тей уйлары, торпоктору, 7-8 жылкылары өрүшүндө күтүрөйт. Малы, өздөрүнө азык үчүн 4 гектарга беде, бир гектарга буудай, бир гектарга арпа айдалат.
Уулу Акылбек бүтүндөй талаачылыгын өз колуна алган. Өздүк чарбанын трактору, сокосу, сеялкасы, тележкасы, тырмоосу менен эл кызматында. Жазгы айдоо-себүүдө техникалары 40 миң сомдой, жайда 15 миңдей, күздө 15 миңдей пайда түшүрөт. Орточо жыл сайын 30дай кой сатылып, 180 миң акчаны үй-бүлөлүк чөнтөккө түшүрөт. Бодо малдардын кирешеси башка. Алты орундуу жеңил автоунаасы элге зарыл учурда такси катары жана өздөрү кайда барабыз десе алдына тартылуу. Техника бүт Акылбектин башкаруусунда. Өрүш алып, өрнөктүү аталган "Топ-Теректин" иштемчил ээси "Иштерман" жылынын алдыда айтылуучу азаматтарынын катарын-
да.
Өмүрбек ДӨЛӨЕВ,
Ак-Талаа району




Пикир: