Кыргыз гезиттер

п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Киреше 15 пайызга азайган

Салык кодексине оңдоо киргизгенден улам 2013-жылдын биринчи кварталында кирешеден түшчү салык 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,7 пайыз­га азайды. Бул тууралуу, 15-апрелде бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев билдирди. Анын айтымында, бюджеттин долбоо­рунда кирешеден түшкөн салыктын суммасы 2013-жылдын 1-кварталында 1 млрд. 320 млн. сомду түзгөн. "Иш жүзүндөгү салык 1 млрд. 443 млн. сомго барабар болду. Бирок бул сумма 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 268 млн. сомго же болбосо 15,7 пайызга аз.

Ошто эстакадалык көпүрө курулат

Кечээ, 15-апрель күнү Ош шаарында жаңы эстакадалык көпүрөнүн долбоор-сметалык документин иштеп чыгуу боюнча тендер өткөрүлдү. Тендер боюнча сынакка эки курулуш компаниясы катышып, эстакадалык кө­­пү­­­рөнү куруу боюнча тендерди "Гуйсуе" кытай консалтинг компаниясы утту. Ош шаардык Жол башкармалыгынын башчысынын орун басары Равшанбек Дарыбеков билдиргендей, тендерден уткан компанияга долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга 1,5 ай мөөнөт берилди. Негизинен Ош шаарында узундугу 450 метр жана туурасы 18 метрди түзгөн эстакадалык көпүрө куруу пландаштырылган болчу. Аталган көпүрө Ленин көчөсүнөн А.Ма­салиев көчөсүнө чейинки аралыкка Навои көчөсүнө курулат.

Баткен окуясынын катышуучулары нааразы

"Мамлекет бизге салыштырмалуу Чернобыль кырсыгынын катышуучуларына жана 7-апрель революциясынан жабыр тарткандарга камкордук кылууда. Бирок бизди унутуп калгандары калыс эмес",- деди Баткендеги жоокерлер кеңешинин төрагасы Сатыбек Молдалиев. Баткендик жоокерлерге өкмөт тараптан атайын жеңилдиктерди берүү 1999-жылдын ноябрь айында киргизилген эле. Бирок 2000-жылдын январь айында токтотулуп калган. "Аскер кызматы жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүп, бизге жеңилдиктерди берүүнү сурайбыз. Биз медициналык тейлөөдөн, акысыз өткөнгө жана электр энергиясы үчүн, отун сатып алууда арзандатуу менен алууга акыбыз бар",- дейт "Баткен жоокерлери" коомунун Чүй облусундагы төрагасы Улан Орозалиев.
Өз маалыматыбыз












??.??