Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 2

Кароол чоку
Президентибиздин бир жакшы сөзү бар: "Эгерде баарыбыз биригип, бир максатты көздөсөк, анда Кыргызстаныбызды тез эле гүлдөгөн өлкөгө айландырып алабыз",-деген. Бул сөз биздин ишкерлерибизге, өндүрүшчүлөрүбүзгө жана өлкөбүздүн ар бир жаранына багытталып айтылгандыгы анык. Азыр көпчүлүктүн арасынан даана байкалган мыкты ишкерлерибиз, мыкты менеджерлерибиз, мыкты бизнесчилерибиз жүздөп-жүздөп саналаары да белгилүү. Бирок ошолордун арасында жалпы элдин камын көргөн меценаттарыбыз, демөөрчүлөрүбүз өтө аз болгондугу өкүнүчтүү. Бир бала бакча салгандын ордуна катар-катар базарларды куруп жаткандарды көрүп эле турабыз... Балким башкаларга үлгү болоор деген үмүт менен биз бүгүн "Бай Түшүм жана Партнерлер" банкынын өлкөбүздү жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөгөн социалдык багыттагы бир канча долбоорлорун жана демөөрчүлүк жардамдарын мисалга келтирүүнү туура көрдүк.

"Бай Түшүм жана
Партнерлор" банкы

социалдык колдоо көрсөтөт

Даярдаган
Гүлсүн КЕНЖЕГОЗУЕВА,
"Кыргыз Туусу"

"Бай Түшүм жана Партнерлор" чаканфинансы компаниясы алгачкы уюшулган күндөрүнөн тартып эле өзүнүн негизги милдети катары социалдык колдоо көрсөтүү багытын көздөшкөн. Финансы уюму катары жылдан жылга өсүш алуусу менен катар, анын социалдык көмөк көрсөтүү долбоорлору да кеңейип жүрүп отурду. Бүгүнкү күнү чакан финансы уюму "Банк" даражасына өсүп чыкты. Демек банктын укугу да, укуругу да өскөн учурда, анын социалдык багыттагы иштери кандай өзгөрүүлөргө дуушар болду? Банк өзүнүн негизги милдети деп аныктап келген социалдык колдоо көрсөтүү чөйрөсүндө жаңыруулар болобу?
- Жалпы кыргызстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатууга өз салымыбызды кошкон бир канча долбоорлорубузду мисалга келтиргим келет, - деп айтты "Бай Түшүм жана Партнерлор" банкынын башкы менеджери Гүлнара ШАМШИЕВА биздин гезиттин окурмандары үчүн маалымат берген учурунда.
- 2012-жылы банктын директорлор кеңеши социалдык багыттагы ишибиздин алкагын кеңейтүүнү чечкен. Атайын изилдөө жүргүзүп көргөндөн кийин, көйгөлүү деп эсептелген - Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Чүй облус­тарындагы социалдык багыттагы алты долбоорду тандап алып, аларды толук каржылап, ишке киргиздик.
Мисалы, Сузак районундагы Багыш айылында Р.Исманалиев атындагы №33 орто мектеби 2012-жылдын жаз айындагы бир нече жолу сел каптоодон кийин опурталдуу абалга кептелип калган. Ата-энелер комитетинин мүчөлөрү, мугалимдер жана мектеп директору Койчуман Абдыраманов менен жолугушуп, алардын сунуштарын, пикирин уккандан кийин, биздин банк курулуш иштери үчүн 322 000 сом өлчөмүндө демөөрчүлүк жардамын берген. Бул каражат мектепти капиталдык ремонттоого жана кошумча жаңы окуу корпусунун курулушуна жумшалды. Ремонт жана курулуш иштери ыкчам жана сапаттуу жүргүзүлдү. Акча каражаты өтө сарамжал пайдаланылды, муну мектеп жетекчилиги менен ата-энелер комитети көзөмөлгө алып турушту. Натыйжада жарым жылга жетпеген убакыттын аралыгында, 2012-жылдын ноябрь айында, мектеп кайрадан толук бүткөрүлүп, кошумча жаңы имарат да пайдаланууга берилди. Мектеп окуучулары үчүн бул өзгөчө кубанычтуу күн болгондугун көрүп, мен өзүм да абдан кубандым.
Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында 6 миңден ашуун калк жашайт. Ар жылы жаз-жай айларында сугат суусу жетишпегенден улам бул айылда дан эгиндеринин жана картошканын түшүмү начар болуп келген. Сугат суусунун агымын көбөйтүү максатында кошумча насосту орнотууга жана сугат тармагын оңдоп-түзөө үчүн бир топ каражат керектелет экен, буга атайын талдоо жүргүзүп көрдүк. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн банк жергиликтүү коомчулукка жакында 900 000 сом каражат бөлүп берди. Сугат суусу жазгы талаа жумуштары башталган учурдан тарта бериле баштайт.
Панфилов районундагы Курама айылындагы балдар бакчасы эскирип, кайрадан оңдоого муктаж болуп тургандыгын биздин изилдөөлөр аныктаган соң, ал үчүн 298 650 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилди. Бакчага ашкана жабдуулары жана тиричилик техникасы, ар кандай деңгээлдеги оюнчуктар, кеңсе товарлары, шейшептер ж.б. керектүү буюм-тайымдар сатылып алынды. Өткөн жылдын 24-октябрында Курама айылында бала бакчанын ачылышына Кыргыз Рес­публикасынын экс-президенти Роза Отунбаева катышып, ак дилинен жакшы каалоолорун айтты. Балдар үчүн, келечек үчүн аз да болсо өз салымыбызды кошуп жаткандыгыбызга ата-энелер ыраазычылык билдиришти.
Мына ушундай долбоорубуздун бири -Талас шаарындагы балдар ойноочу аянтчанын курулушу. Аянтчада селкинчектер, кумда ойноочу жабдуулар, дөңчөлөр (горки) жана абдан кооздолгон тапчандар орнотулду. Буга жалпысынан 200 000 сом акча каражаты берилди. Бул аянтчанын пайда болушу кичинекей бөбөктөр үчүн кубаныч тартуулады.
Ысык-Ата районундагы (Чүй облусу) "Келечек" реабилитациялык борборунда 5 жаштан 16 жашка чейинки 47 жетим бала жашайт. Борбордо канализация курулган эмес, кыш мезгилинде ыңгайлуу жылытуучу шарты жок эле. Бул борборду капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана канализация жабдууларын орнотуу үчүн 499 972 сом каражат бөлүнүп берилген болчу. Бул долбоор 2012-жылдын октябрь айында толук бүткөрүлдү.
Бул аталган иштер "Бай Түшүм жана Партнерлор" банкы тарабынан 2012- жылдагы толук бүткөрүлгөн долбоорлор болуп саналат.

Долбоорлор
кандайча
тандалат?

Социалдык багыттагы долбоорлорду тандап алуунун жүрүшү да ачык-айкындуулукта жана жөнөкөй эле негизде аныкталат. Мисалы, өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарында жайгашкан банктын филиалдарынын кызматкерлери ошол жердеги эң көйгөйлүү деп эсептелген, көпчүлүктүн керегине жарай турган обьектилерди жана калктын эмнеге көбүрөөк муктаж болуп тургандыктарын талдап чыгышат. Анан атайын долбоорлор жазылып, банктын директорлор кеңешине талкууга коюлат.
Кайсы бир айылга тиги же бул багыт боюнча акчалай жардам көрсөтүү чечими өтө кылдат талкуулангандан кийин гана кабыл алынат. Ошол долбоордун негизинде мыйзамдуу түрдө тендер жарыяланып, жеңип чыккан ишканалар ошол дол-боорлорду ишке ашыруунун үстүндө иштешет. Жергиликтүү коомчулук, айылдык кеңештер, айыл жетекчилери долбоордун туура багытта жүргүзүлүшүнө көзөмөл жүргүзө алышат. Банк долбоорго талап кылынган акча каражатын толук бөлүп
берет.

Айыл
чарбасына да
колдоо көрсөтүлөт

Бүгүнкү күндө экономикабыздын негизги өзөгүн айыл чарбасы түзүп турганы менен, айыл чарба техникаларынын абалы өтө начар экени анык. Дыйкандарыбыз, фермерлерибиз колдонуп жүрүшкөн техникалар совет мезгилинен бери келе жаткан шаймандар. Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте ошол техникаларыбызды жаңыртууга тийишпиз. Ушул багытта "Автомаш-Радиатор" ЖЧКсы менен банк жергиликтүү лизингдик программаны иштеп чыктык. Программанын негизги максаты - айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн узак мөөнөтүү насыя алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү.
Лизинг программага катышуучулар Россия жана Белоруссия мамлекеттеринен чыккан айыл чарба техникаларын (он миллион сомго чейин) беш жылдык мөөнөт менен сатып ала алышат. Банк керектелүүчү сумманын 70 пайызга чейинкисин
насыяга төлөп берет. Бул программанын чегинде тракторлорду, комбайндарды, урук себүүчү жана башка айыл чарбасына керектүү техникаларда алууга бо­лот.
Биздин банк социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууну уланта бермекчи. "Жалпылап көтөргөн жүк жеңил" дегендей, эгерде баарыбыз бири-бирибизге көмөктөшсөк, анда келечегибиз байманалуу болоруна ишенем.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_9.htm on line 55