Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 2

Күчтүү адис - күчтүү мамлекет
Борбордук Азиядагы
Ханнс Зайдель Фонду долбоорунун жетекчиси доктор Макс Георг МАЙЕР:
"Гранттарды күтө бербей, өзүңөр да аракеттенсеңер"

Турусбек СОЛТОБАЕВ, "Кыргыз Туусу"

Германиянын Ханнс Зайдель Фонду отуз беш жылдан бери өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө демократияны бекемдөөгө, социалдык-рыноктук экономиканы жөнгө салуу аркылуу калктын татыктуу жашоо шартын жакшыртууга, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө бардык мүмкүнчүлүгүн жумшап келет. Жергиликтүү өнөктөштөр менен биргеликте кеңеш берүү, адистердин билимин жогорулатуу багытындагы долбоорлорду тең укуктуу кызматташтыкта, өз алдынчалык жана тараптардын жоопкерчиликтүү принциптеринде жүзөгө ашырат.
Коңшулаш Тажикстанда, Казакстанда, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин билим деңгээлин, адистигин жогорулатууда фонддун аталган иш-аракеттери натыйжалуу жыйынтыктарды берип жатканын жагымдуу көрүнүш катары баалоо керек.

Фонддун Кыргызстандагы максаты
Биз жогоруда сөз кылган Фонд өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга жарактуу жаш адис­терди окутуу жана алардын ке­сип­көйлүгүн жогорулатуу багытында ырааттуу иш-ча­ра­ларды жүзөгө ашырууда. Фонддун бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөттө каралган магистрдик программалары боюнча окутуудан өтүш­­­көн бүтүрүүчүлөр өзүлөрү эмгектенген өз алдынча, мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоодо, жарандык коомду калыптандырууда жана парламенттик маданиятты өнүктүрүүдө негизги таяныч болууга тийиш. Фондду жетектөөгө алган дагы бир багыттары мамлекеттик башкаруу академиясына окуу программаларын иштеп чыгуу, эл аралык жайкы мектептерди, конференцияларды өткөрүү экенин да эсиңиздерге сала кетели.
Кийинки учурларда Кыргызстанда жашоочулардын курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында билим деңгээлин ушул фонддун бү­­түрүүчүлөрү менен шериктештикте жү­­­­­­­­­зө­­­­гө ашырууну колго алганы өзгөчө белгилей кетүүгө арзыйт. Аталган фонд Германия - Кыргызстан өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бе­­­кем­­дөөнү, мамлекеттер аралык байланышты кү­чөтүүнү башкы максаттарынын бири катары эсептейт.

Жемиштүү
он жыл
Тажрыйба көрсөткөндөй, ар бир жаңы­лан­­­ган өлкө башкаруу формасын туура тандап алганда гана өсүп өнүгөт жана экономикасы жогорулайт. Кыргызстан өз алдынча эгемендүү көз карандысыз мамлекет катары таанылгандан бери бир нече жолу башкаруу формасын өзгөрттү. Аталган фонд алгач биздин өлкөдөгү эң орчундуу маселелер кайсылар деген суроолордун негизинде иликтөө жүргүзүп, мамлекеттик башкарууга, мамлекеттик кызмат органдарына колдоо көрсөтүү тууралуу бир бүтүмгө келген. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик Башкаруу академиясы менен биргеликте он жылдан бери магистрдик программалар менен кесипкөйлүктү жогорулатуу курстарынан миңден ашык стипендиаттар билимдерин жогорулатышып, атайын сертификаттарга ээ болушту.
Ханнс Зайдель Фонду сапаттуу билим берүү менен гана чектелбестен, бүтү­рүү­­чү­лөр­­дүн иш менен камсыз болуусун, алардын кызматтык жогорулоосун да зор түйшүктү талап кылгандыгына карабастан, иликтөө жүр­­­гүзүп турат. Фонддун кызматкерлеринин айтымында, сурамжылоо көрсөткөндөй иш бе­рүү­­чүлөрдүн бүтү­рүүчү­­лөр тууралуу пикирлери жакшы. Аталган мекемелерде өсүш­төр ачык байкалууда. Бул аткарылып жаткан долбоорлорго туруктуу ички мониторингдер өт­көрүлүп, алдыга койгон милдеттерге жетишүү деңгээлин аныктоо, белгиленген натыйжаларга тек­шерүүлөрдү жүргүзүү үчүн сырттан көз карандысыз эксперттердин баа берүүлөрү да айрым мү­чү­лүш­түктөрдү чет­те­түү­гө жол ачат.

Кайсы бир аймакка артыкчылык берилбейт
Аталган фонддун жетекчиси доктор Макс Георг­ Майердин айтымында, бир жылдан эки жылга чейинки магистрдик оку­­­­­­туу­га талапкерлерди тандап алуу­да аймактык теңдик катуу сакталат. Ошондуктан бардык облустарга бирдей квоталар берилет. Эгерде окууга ага чейин мамлекеттик өз алдынча башкаруу органдарында иштеп жүргөн угуучулар тартылса, алардан кайтарым арбыныраак болоорун эси­­­­­­­­­ңиздерге сала кетели. Окутуу мезгилинде угуучуларга билим берүү менен гана чектелбестен, аларга коомдогу болуп жаткан өзгөрүүлөргө баа берүүгө, ага активдүү катышууга, чиеленишкен маселелерди чече билүүгө, алдыга ар дайым умтулуусуна жетиштүү үйрөнүүгө шарттар окуу процессинде түзүлгөн.
Алыскы аймактардан келишкен угуучуларга окуудагы жетишкендиктерине жараша күндүзгү бөлүмдө билим алгандарга 2500 сомдон 3500 сомго чейин стипендия төлөнүп, муктаждарына жатакана берилет. Активдүү бүтүрүүчүлөргө окууларын өркүндөтүү үчүн Германиядан билим алууга да жолдомо берилмекчи.

Экологиялык абалга көңүл буруу зарыл
Дүйнө жүзүндө акыркы жылдары климаттык өзгөрүүлөр айлана-чөйрөгө, жаратылышка кескин терс таасирлерин тийгизип жатканы адамзатты тынчсыздандырып келет. Кыргызстанда да бул жаатта чечилбеген, бирок аны четтетүү боюнча кечиктирилгис маселелер жетиштүү. Доктор Макс Георг Майердин айтымында кайталангыс жаратылыш байлыктары мол Кыргызстан үчүн экология, жаратылышты коргоо маселеси мамлекеттин такай көзөмөлүндө болуусу шарт жана аны жүзөгө ашырган мамлекеттик, көз карандысыз мекеме-уюмдар жетиштүү санда болгону менен алардын аткарган иш-аракеттери анчейин купулга толбойт.
Ханс Зайдель Фондунун экология боюнча алгачкы эки долбоору республиканын Тоң, Токтогул райондорунда 2012-жылдан иштей баштаган. Себеби аталган эки райондо жетекчи кызматтарда фонддун бүтүрүүчүлөрү көбүрөөк иштешет жана алардын жардамдары менен жүзөгө ашыруу белгиленүүдө. Ар бир райондон тогуздан айыл, бул долбоор менен иштөөчү активисттер тандалып алынган. Эми бул адамдар өз айылдарындагы эң орчундуу деп эсептелген көйгөйлөрүн аныкташып, аткарылчу иш-чараларды белгилеп, аракеттер улантылмакчы. Фонд аларды окутуп-үйрөтүү үчүн Бишкектен ушул тармак боюнча адистешкен адамдарды жибермекчи. Бирок жаратылышты сактоо, коргоо ж.б. байланышкан иш-чараларды аткарууга фонд каражат бөлүп бербейт, фонддун максаты - кайсы булактардан каражат тартууга болоорун атайын окуу куралдары менен активисттерди камсыз кылмакчы.

Кыргызча каалоо
айткан Майер
Ушул жылдын 29-мартында Президенттин мамлекеттик башкаруу академиясында "Менеджмент" багытында "Жергиликтүү мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу" адис­тиги боюнча магистрдик курсту аяктаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор, фонддун сертификаттары тапшырылды. Ал жыйында доктор Макс Георг Майер кыргыз тилинде кайрылып, каалоолорун жолдоду. Ал Кыргызстанда демократия кынтыксыз иштеген мамлекеттик башкаруу системасын камсыз кылганда гана орноорун өзгөчө белгиледи. Мамлекеттик башкаруу менен мамлекеттин кызматташтыктын ортосундагы айырмачылык бар экенине басым жасап, демократия талаптарына жооп берген мамлекеттик башкарууну түзүп коюу жетишсиз, мында иштеген кызматкерлердин ой жүгүртүүсү жогору болуп, жүрүм-туруму башкалар үлгү алгандай болушу да шарт экенин бүтүрүүчүлөрдүн эсине салды.
Ошол жыйындын катышуучусу катары ушул саптардын авторуна биздин өлкөнүн келечегине кайдыгер эмес чет элдик жарандын төмөндөгү каалоолору өзгөчө жакты. Ал ар бир бүтүрүүчүнү кийинки иштеринде мекенчил болууга үндөп, өлкөдөгү утурумдук кыйынчылыктарга, оор шарттарга даттана бербөөгө чакырды. Ушул кырдаалдан чыгуунун жолун чогуу издеп, жарандарды алга сүрөп, мыкты Кыргызстанды курууга умтулууга чакырды. Анан качан чет өлкөдөн бекер грант келет деп күтүп олтура бербей, миң жылдардан бери жашап келе жаткан элдин урпактары экенин дүйнө жүзүнө өз маселеңерди өзүңөр чечүүгө кудуретиңер жетээрин далилдегиле деген чакырык таштады.
Албетте, ушул жыйынга катышкан бүтү­рүү­­чүлөр бул ачуу чындыкка кандай мамиле кылып, кандай жыйынтык чыгараарын мезгил көрсөтөөр. Учурда өлкө туура багыт менен мыкты жыйынтыкка жеткирген кесипкөй адистерге муктаж болуп жатканы талашсыз. Аз да болсо бул тармакта жогорку деңгээлде кайтарым менен эмгектенген кесипкөйлөрдү даярдоого үлүш кошкон аталган фондго ыраа­зычылык гана айтмакчыбыз.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_8.htm on line 50