Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 2

Суу жана аймактык коопсуздук
Аймагындагы сууну кантип
пайдалануу - мамлекеттин өз иши
Акыркы убакытта гезит беттеринде суу ресурстары жана энергетика маселелери боюнча ар кандай ой-пикирлер айтылып келүүдө.Чынында, калың элдин катмарында суу-энергия маселеси эң чоң көйгөйлүү маселе болуп турат, себеби жарыксыз калып, "тезек терген" жылдар артта, унутта калган турбайбы.


Өзбекстандын тышкы иштер министринин Камбар-Ата ГЭС­теринин курулушуна карата расмий билдирүүсүндө ("Агым" гезити, 05.06.09) "СССР мезгилинде сууну ысырапкорчулук менен пайдалануудан улам Арал деңизи соолуп калган" десе, президенти Ислам Каримов "Суу үчүн чоң жаңжал, согуш чыгып кетиши мүмкүн", "ГЭСтердин курулушу өтө кооптуу", "Аларды куруу үчүн Кыргызстан коңшу мамлекеттердин макулдугун алыш керек", - деп акыркы убакытта опузалап баштады. Ошого мындай негиздүү жооп кайтарсак туура болоор
эле.
1. Сууну СССР учурунда ысырап колдонду дегенге эч кандай далил жок. Өз мезгилине жараша болгон мүмкүнчүлүктү, жаңы, алдыңкы ыкмаларды колдонуп, ар бир респуб­-
лика үнөмдөгөндө, дагы ошончо көлөмдөгү суу пайдаланчу - сарпталган суунун көлөмү Арал бассейнинде мындай эле:
Келтирилген таблицадан даана көрүнүп тургандай, кайсы мамлекет сууну кандай сарптап, пайдаланган жана кандай үнөмдөй башташкан, ал эми Аралды сактоо максатында, Өзбекстан башка кошуналары
сыяктуу үнөмдөгөндүн ордуна сууну пайдалануусун эч кыскарткан да эмес. Эң алдыңкы, Израилдей өлкөлөргө салыштырсак, албетте, аларга караганда суу биздин Борбордук Азияда бир нече эсе көп ысырап болот. Ал эми алардыкы болсо суунун баары жабык түтүктөр менен талааларга жеткирилип, ар бир тамчы сууну аяп, абдан үнөмдүү ыкмаларды пайдаланышат (жаадыруу же тамызуу ыкмасы менен сугарышат). Биздикиндей асман алдында ачык шагыл жер менен өткөн каналдар менен келип, жерге сиңип, бууланбайт жана сугат суусу жайылып же бороз менен сугарылбайт.
2. Эмне себептен Арал көйгөйү пайда болгонун төмөндөгүдөй чечмелесек
болот:
Атайын СССР Министрлер Кеңешинин көргөзмөсү боюнча 1965-жылы 6-октябрда "Арал деңизинин балык чарбасын сактоо чаралары тууралуу" СССРдин, Айыл жана суу чарба министрликтеринин ичинен эң ириси болгон "Средазгипроводхлопок" долбоорлоо-изилдөө жана илимий-изилдөө институтуна (Ташкент ш.) Арал деңизинин суу ресурс­тарын 1985-2000-жылдардын дэңгээлинде пайдалануунун комплекстүү схемасын иштеп чыгуу тууралуу тапшырма берилген. Бул тапшырмада адам санынын жылыга өсүшүн, жаңы сугат жерлердин өздөштүрүлүшүн, айлана-чөйрөгө кандай таасир тийгизээрин жана башка көп маселелерди кароо тапшырылган. Албетте, мында жер, климат шартынын пахта, күрүч, жүзүм, башка баалуу өсүмдүктөрдү өстүргөнгө ыңгайлуулугу жана андан тышкары жылына 2-3 жолу түшүм алуу мүмкүнчүлүгү эске алынган. Бул институттун корутундусунда "Мындан ары жаңы жерди кеңейтип өздөштүрүү эч мүмкүн эмес (5,5 млн гектардан ашырып, 10 млн. гектарга жеткиргенге эч болбойт), болбосо күтүлбөгөн кесепеттерге туш келебиз"-деген тыянак чыгарылган. Анткени жерди кеңейтип өздөштүрүүгө башка кошумча суу керектелмек. Мындай тыянак бүт Орто Азиядагы республикалардын башкы жетекчилерине маалым болгон. Бирок "ак алтын пахтаны көбөйтүп, өстүрүп, жылына 5 млн. тоннага жеткизебиз" деген максат коюлуп, жогорудагы тыянакка карабай жерди тез ылдамдык менен кеңейте беришти. 1970-жылы бул бассейнде суу баскан жердин аянты 6,1 млн. гектарга жетсе, 1985-жылы 9,7 млн. гектарга, азыр болсо 10 млн. гектардан ашып калды. Анын ичинен Өзбекстандыкы 4,6 млн. гектарды, Кыргызстандыкы 0,422 млн. гектарды түзөт.
Буга дагы түрткү болгону - Сибирдин (Обь дарыясынан 3-4% жылдык аккан көлөмүн) суусун кайрып Орто Азияга алып келебиз деген чоң максат, ишенич бар эле. Бул маселе боюнча убагында көп институттар долбоорлорду түзүп, миңдеген кишилер иштеген. Союз урагандан кийин иш такыр токтоп калды. Орусиянын суу чарбада иштеген билермандарынын айтуусунда, бул максат качан ишке ашаары азырынча белги-
сиз.
Менин айтаарым, мурун сууну ысырап колдонгондон эмес, суу баскан жерди ченемсиз кеңейтип, көбөйтүп, Аралдын суусун тартып алып, жаңы ондогон райондорду, жүздөгөн колхоз-совхоздорду уюштуруп, баалуу айыл чарба өсүмдүктөрүн көбөйтүп, бирок кошумча Сибирь суусун алып келбей калгандыктан, Аралдын көйгөйү Орто Азияга гана эмес, көп башка жерлерге да залалын тийгизип жатат.
Орто Азиянын республикалары СССРден чыгып, ар бири өзүнчө мамлекет болгондон кийин, 1994-жылы беш президент чогулуп, Аралды сактоо боюнча Эл аралык фонд (МФСА) уюштуруп, 2-3 жылда төрагалык алфавит боюнча бир мамлекеттен экинчисине өтүп, жылына 1-2 жолу жолугушуп, план түзүп, иш жүргүзүү макулдашылган.
3. ГЭСтер сууну өзүнөн өткөзөт да, сууну жоготпостон, башка жакка кетирбестен, көлөмүн азайтпастан жана көбөйтпөстөн, плотинанын бийиктигинен түшкөн суунун басымын гана пайдаланат. Натыйжада, курулуп жаткан ГЭСтер электр энергиянын кубаттуулугун көбөйтүп, Токтогул суу сактагычынан кышында аз суу чыгарып, тетирисинче сууну топтоп, ылдыйкы кошуналарга сугат мезгилинде сууну керек-түү өлчөмдө берүүгө мүмкүнчүлүк пайда
болот.
4. "Курулуштарды жүргүзүүдө коңшу мамлекеттердин макулдугун алыш керек" деген туура эмес. Бул ички иштерге кийлигишкендик болуп саналат. Анда эмне үчүн Өзбекстан акыркы жылдары бир нече ТЭЦтерди, чоң көлөмдүү суу сактагычтарды кошуналардын эч макулдугу жок эле курууну улантууда? ТЭЦтердин айлана-чөйрөгө зыяны абдан чоң; абаны түтүн менен булгайт, күлү жерге түшүп, шаарларды кирдетет, адамдарды, мал-жанды, өсүмдүктөрдү илдетке чалдыктырат, айдоо жердин кыртышын бузат. Курулуп жаткан суу сактагычтар
жайык, түздүк жерде жайгашкандыктан, алардын кайрымдуулугу абдан аз болот. Себеби түздүктөгү суу сактагычтардын тереңдиги абдан тайыз болгондуктан, аянты абдан чоң, ошондуктан суунун жерге сиңиши абдан жогору, буулануусу да зор (Пайдалуу коэффи-
циенти 50%, мына ушул ысырапкорлук. ТЭЦтен иштелип чыккан электр энергиясы
ГЭСтикинен 30%га кымбат!)
Ушуларды компетенттүү адистер туура түшүндүрүп, ГЭСтерди курууга жардамдашып, тез бүтүрсөк (Нарынга 33 ГЭС курууга болот), ТЭЦтерди жаап, аба ырайын оңдоп, ГЭСтин арзан электр энергиясын пайдалансак, өйдө-ылдыйына карабай, бардык элибизге чоң жеңилдик, жардам бо-
лоор эле.
5. МФСАнын негиздөөчүлөрү "Аралды сактайбыз" деп кол коюшкандан кийин, эч кайсы кошуна өлкөлөр менен макулдашпай туруп 2000-жылы Түркмөнстан сыйымдуулугу 132 км3, аянты 460 км2 Кара-Кум чөлүндө чексиз чоң көл долбоорлоп, куруп жатат. Алар Кара-Шоро деген ойдуңда жаңы жерлерди өздөштүрүп, жылына кошумча 470 миң тонна пахта алабыз деген максат коюшкан. Мынча суу Амударьядан алынбаганда кайдан алынат, ал суу Аралдыкы болбойт беле?
6. Арал деңизин ушул деңгээлде сактап калыш үчүн, мындан ары дагы өрчүп-өсүш үчүн башка булактарды издешибиз керек. Орто Азиядагы суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн, эң биринчи, анын башатын сактап калууга кам көрүү зарыл. Себеби, акыркы жылдары жогорку ылдамдык менен күндүн жылышына байланыштуу, климат өзгөрүп жатканы баарыбызга белгилүү. Кыргызстандын
тоолорундагы мөңгүлөр, суунун башаты жылдан-жылга азайгандын үстүндө. Акыркы 20 жылдын ичинде Нарын дайрасынын башаты башталган эки миңдей мөңгү эрип жоголгон. Азыркы калып менен жүрүп отурса, илимпоздордун алдын ала божомолдоосу боюнча, дагы бир 30 жылдан кийин Нарын дайрасынын суу ресурсу үч эсеге
азаят. Андай болсо кантип жашап, өсөбүз, суусуз өмүр жок да! Ошондуктан глобалдык жылуулукка көмөк болгон ТЭЦтерди курганды такыр токтотуп, тез арада ГЭСтерди куруу абзел. Мөңгү сууларды азыртан сактоого кам көрүп, ага кошуна өлкөлөр жардамдашып, каражат бөлүп бербесе, бөлүнчү суу азайгандын үстүндө болот. Бул чоң эбегейсиз иш жалгыз Кыргызстандын колунан келбейт. Маселе совет доорунда башталып,
Союз ураганда токтогон. Сибирь дарыяларынан Орто Азияга суу буруп келүү боюнча долбоорду кечиктирбей кайра баштап улантпаса өсүш жок. Орусия бул маселени жокко чыгарып салган эмес, азыр да кол-
дойт.
Андан тышкары суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун көп жолдору бар. Муну дагы эсептен чыгарбай пайдаланышыбыз абзел. Маселен, Кыргызстандын
суусун пайдалануучу коңшулар бизге газга, электр энергиясына акы төлөткөндөй эле, сууга да акы төлөшү керек. Өзбекстан, Түркмөнстан төлөбөйт. Ал эми Кыргызстанда, өз жеринде1999-жылдан бери суу пайдалануучулар аз да болсо төлөп келе жаты-
шат.
Азыркыга чейин колдонулуп келе жаткан эл аралык мыйзам боюнча, өз аймагында суу ресурстары жаралып, башталган өлкө анын 50%ын пайдаланууга укугу бар. Союз мезгилинде акыркы 30 жылдын ичинде Арал бассейнинде Казакстандын 200%, Тажикстандын 150%, Түркмөнстандын 300%, Өзбекстандын 150%га суу баскан аянттары кеңейип өссө, Кыргызстандыкы болгону 17% га өскөн. Ошондуктан Кыргызстандын элин, малын башка жерден көз карандысыз багыш үчүн суу баскан жерди кеңейтүү өтө
зарыл.
Чоңдукту салып, басым жасабай, тең ата болуп чогулуп, кеңешип иш жүргүзсөк, кандай маселе болбосун акыл калчаган иш тез, оңунан чечилет деген ойду айткым
келет.
К.БАТЫРКАНОВ,
суу чарба тармагынын ардагери,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_7.htm on line 59