"Кыргыз туусу", 09.04.13 Улут саламаттыгы
"Өткөн жылы 1 млн. киши
ооруканага жаткан..."
Өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, балдардын жүрөк оорусу боюнча адис Абдиманнап Муратовго калктын ден соолугуна байланышкан суроолор менен кайрылдык.

Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
- Абдиманнап Аттокурович, кийинки кезде балдардын төрөлүшү көбөйдү деп сүйүнгөн менен наристелердин өлүмү жогору. Эмнеликтен жашоого келип-келбей жатып, жаш балдардын өмүрү соолуп калып жатат?
- Статистикалык маалыматка караганда жылдан-жылга жарык дүйнөгө келген балдардын саны көбөйүп, демографиялык оң өсүү бар. Тилекке каршы, тубаса майып болуп төрөлгөндөрдүн саны да арбын. Кыргызстанда жылына 140 миңге чейин бала төрөлсө, ошонун бир топ бөлүгү жүрөктүн тубаса оорусу менен төрөлүшөт. Алардын көбү төрөлгөндөн бир ай өтпөй, кээ бирлери бир жашка чейин чарчап калышат. Жыл сайын 5-6 миң бала жүрөк оорусу боюнча операцияга муктаж болсо, бир жылда 500гө жакын балага гана операция жасалат. Башка жактардан операция жасатып келгендерди кошкондо 600 операция жасалышы мүмкүн. Анын себебинен жүрөктүн тубаса кемтиги бар балдардын саны көбөйгөндүн үстүндө.
- Операция кымбаттыгынан ушундай болуп жатабы?
- Ооба, операция кымбат. Анткен менен адистер, кадрларыбыз жетиштүү. Балдарга операция Бишкектеги жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплатациялоо илимий институтунда жасалат. Мындан сырткары, Жалал-Абадда жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк филиалы, Ошто жүрөк-кан тамыр хирургия бөлүмү бар. Бирок көп оорулуу балдар текшерүүдөн өткөндөн кийин операция жасалбай кайтып кетишет. Себеби, операцияга алдын ала даярдоо керек, дарылоо талап кылынат. Жүрөккө жасалуучу операция кымбат турат, аны көптөрү төлөй алышпайт. Балдардын жашына, салмагына жараша бир операцияга керектүү мате-риалдар тандалып алынат. Ар бир операция үчүн кислороддук жаздыкча - оксигенатор керектелет. Ал эми анын бирөөсүнүн эле
баасы 500-600 АКШ долларынын тегерегинде турат. Бул үчүн Өкмөт тарабынан жогорку технология фонду аркылуу акча бөлүнөт. Бирок муктаж болгондордун баарына же-тээрлик деңгээлде камсыз кылуу мате-риалдык жактан абдан татаал. Бул бир жагы.
Мындан башка бөйрөктүн, боордун, бет-жаак, ооз-мурун, кулак ж.б. органдардын ар кыл тубаса оорулары да бар. Эгерде операция өз убагында жасалбаса бала тубаса майып боюнча калат же өлүмгө учурашы мүмкүн. Бир эле учурда ар түрдүү тубаса оорулары менен төрөлгөндөр да бар, алар көбүнчө операция­ны көтөрө алышпайт же опера-
цияга жетпей эле кайтыш болушат. Мындан башка да ымыркайлык кездин көптөгөн оорулары бар. Ошондуктан көптөрү бир жашка жетпей каза таап калып жатышпайбы.
- Балдардын жарым жан, тубаса
майып төрөлүшүнө алып келген себептерди айтып берсеңиз?
- Мурдагы заманда майыптыгы бар балдарга жакшы диагностика коюлган эмес. Алардын көбү билинбей башка диагноз менен көз жуумп калышчу. Азыркы учурда илимий техниканын жетишкендигинен улам, айталы магниттик-резонанстык томография, компьютердик томография, ЭХО аппараттары менен так диагноз коюлуп, оорулар көп жана убагында табылып жатат.
Экинчи жагынан экологиянын бузулушу, вирустук, башка инфекциялык жана ар түрдүү факторлордун да таасири зор. Чет жактарда мигрант болуп көптөгөн кыз-келиндерибиз жүрөт. Күйөөсү жок боюна бүткөндөр, аргасыздан төрөгөндөр арбын. Кээ бирөөсү баласын бойдон алдырыш үчүн эмне деген гана дарыларды ичишпейт. Ошолордун негизинде ара же майыптык менен төрөлгөн балдар аз эмес. Союз учурунда баланы пландаштыруу деген бар эле. Азыр андай калыпка салынган иш-чара жок болуп жатат. Элдин арасында оорулардын алдын алуу - профилактика жаатындагы түшүндүрүү иштери жетишсиз. Көбүнчө оорулар социалдык, атап айтканда аз кандуулук, витаминдердин, керектүү азык-заттардын, тамак-аштын жетишпегендиги акыры келип эле эненин ден соолугуна түздөн-түз терс таасирин берүүдө.
Азыркы күндө энелердин 80 пайызы аз кандуулук менен жабыркашат. Өздөрүнө кан жетишпей жатса, балдары дени соо төрөлбөйт да. Ошонун негизинде балдар, алсыз, начар абалда жарык дүйнөгө келүүдө. Өкмөттүк органдар менен эл аралык уюмдар тарабынан жардамдар берилгени менен төрөт үйлөрүндө жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн түзүлгөн шарт талаптагыдай эмес. Ушул жагдайдан улам жасалган иштердин маңызы талаптагыдай чыкпай калууда. Андыктан бул багыт боюнча атайын программа түзүп, аны ишке ашырууда жигердүү иштерди аткаруу жана дарыгерлердин жоопкерчилигин көтөрүү керек.
- Жоопкерчилик демекчи, ак халатчандардын өз ишине жоопкерсиз, көңүлкош мамиле жасаганы боюнча айрым учурда сотко чейин жеткен фактылар учурачу болду.
- Врачтардын бардыгы кесибине кайдыгер карап калды деген туура эмес. Алардын ичинде өз кесибин жогору койгон, таза иштегендери көп. Бирок кээ бир фактылар кездешип жатканын танууга болбойт. Жогоруда айткандай, негизги кемчилик жоопкерчиликтин жоктугунда. Менин оюмча медицина тармагы бир топ коммерциялашып кетти окшойт. Дарыгерлер дары жазып бере турган болсо, фармкомпаниялар менен келишим түзүп алышып, ошол компаниянын дарыканасынан алууга мажбурлашат экен, анткени кызыкчылык бар, бонусун алышат. Кээ бир дарыгерлер өздөрү дарыканаларды ачып алышкан. Бул сапатка алып келбейт, кайдыгерлик ушул жерден чыгат. Балким врачтар өздөрү муну сезбей жатышкандыр. Ошондуктан элге жеңил болсун деп кошумча пакетке киргизилген дарылар сатылбай калууда. Анткени, бул программа боюнча врачтын рецепти менен оорулууга дарынын баасынын 30-70 пайыздайын Өкмөт компенсация кылат. Ошол өкмөт тарабынан компенсациялануучу дарылар берилбей, анын ордуна дарыгерлер башка дары жазып берип жатышат. Себеби бонусу кызыктырат. Бул да коммерциялаштыруунун бир түрү.
Анан ооруканаларга жаткыруу жагындагы жоопкерчиликти жогорулатпаса болбойт. Өткөн жылы Кыргызстанда 1 миллионго жакын киши ооруканага жатыптыр. Өлкөнүн калкы беш миллион болсо, 20 пайызы ооруканага жатып чыккан болуп жатпайбы. Негизсиз жаткыруулар боло берсе, эмдиги жылы калкыбыздын жарымы ооруканага жатып калышы мүмкүн. Бул жерде ооруканага жатпасам дарылануунун жыйынтыгы болбойт деген элдин психологиялык түшүнүгү жана оорукананын башкы врачтары оорулууну канчалык көп жаткырса, бюджеттен ошончолук көп каржылоо болоору сыяктуу кызыкчылыктар себепкердир. Ар бир ооруканага жаткан киши "дарыланып чыккан" деп эсептелинет. Ал эми оорулуунун са-
кайып чыккан, чыкпаганы эсепке алынбайт.
- Акыркы кезде малдан, жаныбарлардан жуккан жугуштуу оорулар көбөйүп кетти. Мисалы, бруцеллез, эхинококкоз, альвеококкоз ж.б. Канткенде алдын алса болот?
- Оорулууга жардам бериштин 15 пайызы гана медицинадан көз каранды, калган 85 пайызы башка тармактарга жана адамдын өзүнө таандык. Малдан оору адамга жукпаш үчүн мал оорулуу болбош керек. Ал үчүн малды убагында текшерип, дарылоо зарыл. Оорулуу малдын продукцияларын тамак-ашка колдонууга болбойт. Ар бир адам тазалыкты сактап, оору жуктуруп албаганга өзү кам көрүшү керек. Негизинен алдын алуу иштери бир эле медицина тараптан эмес, жалпы коомчулук, башка мекемелер, ЖМК тарабынан да такай жүргүзүлүшү керек.
- Абдыманнап Аттокурович, өлкөбүздө тармактардын ичинде саламаттык сактоо жаатында реформа алгачкылардан болуп жүргүзүлдү. Бюджеттик каржыдан тышкары, эл аралык уюмдардан чоң суммадагы каражаттар грант, кредит түрүндө берилип эле келатат. Бирок реформа башталгандан бери бир да оорукана салынган эмес. Тармактагы реформадан эл күткөндөй натыйжа болбой жатканын эмнеден көрөсүз?
- Реформа 1996-жылы башталып, "Манас-1", Манас-2", андан кийин "Манас таалими" программалары ишке ашырылды. Азыр анын уландысы "Ден соолук" программасы жүзөгө ашырылууда. Реформанын оң жактары бир топ. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу түзүлдү, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизилди, бул чоң жетишкендик. Бирок, өзүңүз айткандай, эл күткөн жыйынтык чындыгында болбой жатат. Ошондой болсо да бүгүнкү күндөгү медицина тармагындагы саясаттын багыты туура. Анын жыйынтыктуу болушу үчүн бир топ иш-аракеттер аткарылууга тийиш. Эң негизгиси, бүгүнкү медицина тармагына берилген каражаттарды сарамжалдуу, жоопкерчилик менен жана максаттуу түрдө колдонуу. Бул бир топ маселелерди чечет. Азыркы күндө бюджеттен медицина тармагына бөлүнгөн каражаттардын көбү дарыгерлердин маянасына, Соцфондго которууга, эски имараттардын коммуналдык кызматын тейлөөгө кетет. Оорулууларды дарылаганга, оорулардын алдын алганга 10 пайыздын тегерегиндеги гана акча каражаты жумшалат.
Мындан сырткары, баштапкы санитардык медициналык кызматын жакшыртуу максатында кээ бир өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Алардын негизги максаты энелер менен балдардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу, социалдык оорулардын, инфекциялардын алдын алуу, профилактика, диспансеризация кызматтарын күчөтүү жана медицина кызматынын сапатын жогорулатуу. Бул маселелерди чечүү максатында саламаттык сактоо министирлиги тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясы иштелип жатат.
- Советтик доордо билим алышкан мыкты адистер улгайып, жаштары чет өлкөлөргө кетип, кадр кризиси ачык байкалып турат. Ошол эле учурда ушул таптагы медициналык окуу жайларындагы билим берүүнүн деңгээлине күмөн санагандар арбын. Эл ичинде чала сабат билим берилип жатат дегенге жообуңуз?
- Билим деңгээли боюнча алып карасак, эң эле жогорку билим берүү деңгээли бүгүнкү күндө медицина академиясында жана КРСУда канааттандырарлык. Бирок аларда дагы билим берүү деңгээли союз мезгилиндегидей эмес. Экинчи маселе, окуу жайын бүткөн кадрлар башка жакка кетип калып жатышат. Бюджеттик гранттык каражатка окугандар бөлүштүрүү боюнча айыл жергесине барып иштеп келиши шарт. Бирок, бул дагы жакшы ишке ашырылбай калууда.
Азыр Саламаттык сактоо менен Билим берүү жана илим министрликтеринин ортосунда токтом даярдалууда. Бул региондорду кадрлар менен камсыздоонун бир жолу болот. Себеби ЖОЖду бүткөндөр айыл жеринде эки жыл иштеп келиши зарыл. Буга чейин "Жаш врачтын депозити", "Жаш мугалимдин депозити" боюнча барып иштегендерге 3 миң сом депозитине которулуп, бир жылдан кийин акчасы колуна берилчү. Ал система күткөндөй натыйжа бере албады. Айылга жаш адистер баргысы келишпегендиктен, ал жакта он жылдап отурукташып калган адистерди айтылган программага киргизүүгө туура келген. Бул туура эмес. Азыр ошол эле депозит врачтар үчүн 7,5 миң сомго көтөрүлгөн. Бул канчалык натыйжалуу болот, азыр айтуу эрте.
Негизи, кадр маселесин чечүүдө, мурдагы эле сыноодон өткөн ыкма менен иштөө туура болсо керек. Бюджеттик каражат менен окууну бүткөндөр (жыл сайын жок эле дегенде 300 киши) айыл жерине барып 2 жыл иштөөгө тийиш. Алардын мөөнөтү бүткөндө кийинкилери келип иштейт. Ошентип элеттиктер врачсыз калбайт, дарыгерлердин жетишсиздиги азаят, ал эми жаштар үчүн бул баа жеткис практика, тажрыйба болот. Мындай практика дүйнөдө көп мамлекеттерде кеңири колдонулат.
Жогоруда айтылган 2020-жылга чейин саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнүн стратегиясынын бир бөлүгү - бул медициналык кадрларды даярдоо, тармакты адис­тер менен камсыз кылуу программасы. Бул программага ылайык медициналык жогорку окуу жайын бүткөндөр жалпы практикалык врач деген кесипти алып чыгышат. Андан кийин бир жылдык интернатураны бүтүрүп, эки жыл жалпы практикалык врач деген адистик менен иштешет. Ушул үч жылдын ичинде идиреги бары тажрыйбалуу врач болуп чыга келет. Үч жылдан кийин кайда барып иштейм десе өз ыктыяры менен каа­­лаган адистиктерге атайын окуудан өтүп иштеп кетишет. Анткени, ал Өкмөттүн окууга бөлгөн акчасын актады, экинчиден, жалпы практикалык тажрыйбага ээ болуп чыкты. Ошентип, бул жерде эки маселе чечилет. Биринчиден, деңгээли жакшы тажрыйбалуу кадрлар чыгат. Экинчиден, айыл жергесиндеги медициналык мекемелер кадр жагынан өксүбөй калат. Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүнүн бир багыты ушунда. Биз ушуга баратабыз.