Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_5.htm on line 2


п»ї

Роза ОТУНБАЕВА:
"Бакиевди өлкөдөн мен чыгаргам жана
ал үчүн жоопкерчиликти алганга даярмын"
Азимжан ИБРАИМОВ, "Кыргыз Туусу"

Кыргызстан ушул күндөрү 2010-жылдагы Апрель окуяларын талдоого алып, анын натыйжаларына саясий баа берүүсүн улантууда. Андай илимий-практикалык конференция Кыргыз улуттук университетинде да өтүп, ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева коомчулукка кылмышкер президент Курманбек Бакиевди Кыргызстандан өзү чыгаргандыгын жана ал үчүн жоопкерчиликти алганга даяр экендигин жар салды.

Роза Отунбаева өз сөзүндө революциядан кийин К.Бакиев Жа­лал-Абаддагы Тейит айылына жердештерин, спортсмендерди топтоп алгандыктан, ал жерде жаран­­­­­­дык согуш чыгып кетүүсү ыктымал болгондугун баса белгиледи: "Мына бүгүн айтып жатышат, "Ким Ба­киевди чыгарса, ошол жооп­­­­керчиликти алсын", - деп. Мен чыгардым Бакиевди (Кыргызстандан) жана мен жоопкерчиликти алганга даярмын. Ал кезде кырдаал абдан курч болуп турган. Түштүк-түндүк маселеси да курч эле. Биз, чынында эле, кармашып калышыбыз ыктымал болчу. Ошондо Нурсултан Назарбаев мага телефон чалып, минтип айтты: "Мен азыр Вашингтондомун. Жанымда Д.Медведев, Б.Обама турушат. Биздин сунушубуз - Бакиевди чыгарып жибериш керек. Силер өлкөнү көзөмөлгө алып, тынчтыкты орноткула", - деди. Мен ушуну Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө айттым. Алардын көбү болбой коюшту: "Жок, биз жоопкерчиликти албайбыз,-дешти. Эсимде, Өмүрбек Текебаев: "Мен 2005-жылы А.Акаев­дин аркасынан барып, мыйзамдуу түрдө кол койдуруп, макулдугун алып келем деп, беш жыл бою жаманатты болдум. Мен жоопкерчиликти албайм", - деди. Баары баш тартты. Ошондо мен жоопкерчиликти өзүмө алууга мажбур болдум. Өзүңөр элестетип көргүлө, үч чоң мамлекеттин президенттери айтып: кыргыздар, силер бир пикирге келип, туңгуюктан чыгып кетиш үчүн ушундай кылгыла", - дешти. А бизге ошол учурда Казакстан баштаган көп мамлекеттер, эл аралык уюмдар жардамга келишпеди беле. Ошентип кырдаалдан чыккан болчубуз. Бүгүн көп нерсени айта берсе болот. Бирок биз аркабызга кылчайсак, көп эле туура иштерди жасаганбыз деп айтат элем".
Албетте, Р.Отунбаеванын бул маалыматынан кийин, кыргызстандыктарда көп суроолор чыкпай койбойт. Ушуга байланыштуу, алгач УӨнүн мүчөсү, кийин КР Президентинин аппаратынын жетекчиси болуп иштеп келген Э.Каптагаевден тактоо иретинде тө­­­мөнкүдөй кошумча жооп алдык:
- К.Бакиевди Кыргызстандан чыгарып жибергенибиз абдан туура чечим болгон. Антпесек, жарандык согуш чыгып кетүүсү мүмкүн эле. Эң негизгиси - мамлекеттин бүтүндүүлүгү сакталып калды. Анткени Бакиев түштүктө тынч эле жата бермек эмес.
Бул иш-чарада Аксы окуясына, 2005-жылкы Март жана 2010-жылкы Апрель окуяларына саясий баа берүү, "Акыркылары төңкөрүшпү же революциябы?"-деген суроолорго жооп берүүгө аракеттер жасалды. Илимпоздор бир ооздон 2010-жылы революция жүргөндүгүн жана авторитардык, кылмыштуу режимге каршы элдик көтөрүлүш болгондугун белгилешти. Өз учурунда Р.Отунбаева жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, журналисттер жана илимпоздор тарабынан өлкөдө жүрүп жаткан окуяларга терең баа берүү, талдоо жетишпей жаткандыгын жана бул тууралуу китептер дээрлик жазылбагандыгын айтты. Коюлган маселе боюнча Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаев мындай пикирин билдирди:
- Эми, бул окуялар тууралуу бир аз китептер чыккан, эмгектер жазылган. Бирок, Роза Исаковна айткандай, абдан терең талданган китептер аз. Мен да, буюрса, ушуга байланыштуу бир эмгектин аягына чыгам деп турам. Ал эми 2010-жылы апрелде революция болгон деген пикирге толук кошулам, убагында атайын мамлекеттик комиссия да түзүлүп, дал ушундай жыйынтыкка келген. Анткени, төңкөрүштө аз гана топ бийлик алыш үчүн аракет кылат, ал эми революция болгондо бийликке жалпы элдик нааразычылык, каршылык көрсөтүлүп, бүткүл коом кө­төрүлөт. Анын объективдүү, су­бъек­­­­тивдүү жактары да бар.




Апрель революциясы:

жемиштери
менен сабактары
Азимжан ИБРАИМОВ,
"Кыргыз Туусу"
"Ким өз тарыхын унутса, аны кайра басып өтүүгө мажбур болот" дегенди акылмандар кыргыздарга окшогон элге карап айтса керек. Анткени, 8 жыл (2002-2010-жылдар) ичинде 3 ирет элдик көтөрүлүш менен кезектеги улут аралык жаңжалды (эсеби, бу да үчүнчүсү) башыбыздан өткөрсөк да, али күнчө акыл-эсибизди камчыланып, сакадай салмактуулук көрсөтө албай койдук.
Кандуу булоон менен коштолгон 3 жыл мурдагы Апрель окуялары да ушунун кесепети... Аны айрым "жылаңач баатырлар" менен жармач саясатчылар азыр да улантышып, кайдагы "үчүнчү революциянын" жалынын сапырганга даяр турушат. Муну, илгери, кутумчулук дешчү. Аларга өлкө кезектеги казатты көтөрө алар-албасы, мамлекеттүүлүгүбүз коркунучта калар-калбасы кызык эмес, алар үчүн байлык менен бийликти кайра бөлүштүрүү процесси кызык.
Бирок "...кербен жүрө берет". Үч жыл мурда кылмыштуу, авторитардык бийликти кулаткан кыргыз эли өз мамлекетин урматтап, коргогонго, керек болсо жанын берип, кан төккөнгө үйрөндү. Эми ага көкөйгө көк таштай тийген митингдер, революция­лар эмес, эң оболу, тынч заман, мамлекеттин туруктуулугу зарыл экендигин кашкайта түшүндү. Муну жалпы элдин бийликке койгон талабы десе да жарашат. Айтмакчы, эл кызыкчылыгын, өлкө келечегин эске алып, бийлик ар кандай митингдерге, "кетсин" менен "келсиндерге" референдум аркылуу убактылуу тыюу салса куп туура болмок дегендер да жок эмес. Мындай демилге шайлоочулардын колдоосуна ээ болоорун мен да бөркүмдөй көрөм. Менимче, элдин эркине эч ким, ошол эле эл аралык кадырлуу уюмдар да, оппозиция, позициядагы күчтөр да "демократиянын принциптери тебеленди" деп өпкөлөй алмак эмес. Бирок буга Президенттин барышы кыйын. Ошентсе да улут митингдин ордуна ишти, эмгекчилдикти культ кылганга өтүшү керек. Балдарыбызды жаштайынан папке көтөргөнгө эмес, тула боюна, чыгыш элине мүнөздүү, иш билгиликти, жоопкерчиликти, анан намыскөйлүктү алып жүргөнгө үйрөткөн көсөмдүк болоор. Эмесе, ошол намыскөйлүк, мекенчилдиктин үлгүсү болгон 2010-жылдын Апрель окуяларына кайрылып, андан кыргыз эли алган айрым сабактарга токтоло кетсек.
Бийлик сабагы. Президенттик бийликтин туткунунда калып, өзүм билемдиктин, жеке басарлыктын жемиштерине "оозу күй­гөн" Кыргызстан үй-бүлөлүк, кылмыштуу башкарууну кубалаган соң, КМШ өлкө­­­­лөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп өзү­нө парламентаризм институтунун таажысын ченеп көрдү. Жамандыр-жакшыдыр партиялык принцип менен куралган Жогорку Кеңештин фракциялары кызыл чеке талаш-тартыштын, бирок ачык-айрымдуулуктун принцибинде парламенттик-президенттик бийлик талаасында ишин аркалоодо. Бул жетишкендигибизге бир аз ич күйдүлүк кылышкан кээ бир алыс-жакын коңшулар биздин кезектеги ­саясий жүрүштөн жыдышыбызды күтүп, асты сынап турушкан кези. Айрымдары, Чыгышта биринчилерден болуп башталган кыргыз революциясынын эпкиндеринен чочулап да жүрүшкөндүгү ырас.
Эркиндик сабагы. Өлкөгө сөз эркиндиги, басма сөз эркиндиги кайтып келди. Мурдагы бийлик тушунда куугунтукка алынган маалымат каражаттары ("Азаттык"радиосу, "Пирамида" ТРКсы, "Де-факто", "Алиби" ж.б. гезиттер) кайрадан жарыкка чыгып, чындык үчүн куугунтукка алынган журналисттер, сая­сатчылар мекенине кайтып келишти.
Пара сабак. Өлкөдө Акаев менен Бакиевдин доорунда гүлдөп кеткен коррупция менен айыгышкан күрөш жүрүп, А.Атамбаев дембе-дем айткан мыйзамдын үстөмдүгү баш багууда. Маселен, 2012-жылы жалпысынан республикада жалпы укук коргоо органдары тарабынан 1180 кылмыш иши козголуп, алардын ичинен прокурорчулук тарабынан 462синин иши сотко ашкан. Кылтакка түшкөндөр - "Коюндан түшсө - кончко" болуп, паракорчулук, жемкорчулук чоң чиновник, депутат, соттордон башталып, мэрия, акимчиликтер, транспортчулар, салыкчылар, айыл өкмөттөрү менен улантылып келди. Сот реформасы жүрүүдө, ага карабай бул чөйрөнүн алкы бузуктары биринен сала экинчиси пара менен кармалганын койбойт. Ал эми далайдан талашка түшкөн Жогорку сот менен Конституциялык палатанын судьялары электен өтпөй, такалып туруп калды.
Баскын сабак. Бакиевчилер бетпактык менен басып алган элдин, мамлекеттин мүлктөрү кайтарылып алынды. "Түн­­­­дүк электр" (1,7 млн.долларга), "Жалал-Абад­электр" сыяктуу ишканалар, кыймылсыз мүлктөр, жерлер ("Витязь" пансионаты) мамлекетке кайтарылып берилди. Эл аралык финансы шылуундарынын (М.Надель, Е.Гуревич) жолуна бөгөт коюлду. Электр энергиясы, уюлдук телефон кызматтары үчүн элдин жонунан кайыш тилүү токтотулду. Өлкөдө саясий буюртманын курмандыктары, өлүм-житимдер кыскарды, кылмыштуу топтор ооздукталып, "куюшканы тартылды".
Экономикалык сабак. Революция өз максатына жетиш үчүн кыргыздар бирөө­дөн нан сурап жеген көз карандылыктан кутулуусу, ал эми чет мамлекеттер менен өнөк, теңата позицияда мамиле жүр­гүз­гөн­­­­гө жетүүсү абзел эле. Андыктан Президент А.Атамбаевдин демилгеси менен "Өнү­­гүүнүн 2013-2017-жылга карата улуттук стратегия­­сы" иштелип чыкты жана Өкмөткө быйыл ички дүң продуктуну 7%га жеткирүү милдетин койду. Тышкы соодада экспорт менен импорттун ажырымы атамекендик өндү­рүш­­­тү көтөрүү аркылуу жоюлууга тийиш. Өнөр жай 7%га көтөрүлүп, социалдык долбоорлорду (квартира куруу ж.б.) жандандырганга, мунун ичинде айрым чөйрөлөр үчүн айлык акы менен пенсияларды азыраак көбөйткөнгө жетишти. Энергетикалык көз каранды эместиктин биринчи кадамдары жасалды же Жогорку Нарын кас­кады, Камбар-Ата-1 сыяктуу ири долбоорлор, нефти иштетүүчү өнөр жай ишканалары пайда болду. Россиянын "Газпром" компаниясы элге арзан газ бермей болууда. Тоо-кен байлыктары мамлекеттин көзөмөлүнө алынып, алтын, көмүр кендери иштетиле баштады. Алтындын кору боюнча дүйнөдө 7-орунду ээлеген "Кумтөр" бюджетке, буюрса, жылына 7 млрд. сомдон ашуун киреше бергени турат, алдыда үй-бүлөлүк клан майкандап жетишпей калган Талды-Булактын сол жээги, Жер-Үй, Казан-Куйган, Андаш сыяктуу 38 алтын кени иштетилмекчи.
Кадр сабагы. Апрель революциясынын жеңиши менен бирге коомчулукта жаңы бийликке болгон нааразычылыктар, "Революция өз максатына жеткен жок" деген пикирлер да жок эместигин чындык үчүн белгилей кетсек. Эң олуттуусуна, басма сөздө көп жазылган, өлкөдө кадр саясаты башаламан жүрүп, экономикада олуттуу өзгөрүүлөрдү, реформаларды жасоого жөндөмдүү команда түзүлбөй жаткандыгы тууралуу пикирди белгилесе болот. Турмуш Кыргызстанда ­саясий партияларга жалпы улуттук маанидеги олуттуу маселелерди, мунун ичинде кадр маселесин ишенип берүү жыйынтыгында партия­­лык бөлүшүүлөр менен жеке кызыкчылыктардын гана өркүндөшүнө алып келгендигин ырастады.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:










??.??