Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 2

Тил көйгөй
"Сөөлөтүнөн ажырап,
сөз бузулат, сак болгун"
Баары сөз таасиринен башталат. Коомдо, мамлекет, эл турмушунда, окуу тарбия иштеринде, жалпыга маалымдоо каражаттарында сөз канчалык таасирдүү болсо, илим, билим ошончолук өнүгөт, адамдарда аң-сезим, түшүнүк, өз ара мамиле жакшырат.


Мындан сегиз кылым мурда байыркы Кет Бука бабабыз: "Өзөгүңө өрт таштап, өз бузулат, сак болгун. Сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулат, сак болгун" деген тура. Сак боло албадык. Учурунда чара көрүлбөдү.
Жакында Өкмөт башчыбыз жыл жыйынтыгында көрөрмандардын суроолоруна жооп берип жатып бир катар маселелерди жакшы айтты. Бирок, "налог", "доход", "отопительный сезон", "энергоотопление", "среднесрочная политика", "бытовое оборудование", "стимулирующий грант", "статданные", "в среднем" деген сөздөрдү кошуп сүйлөсө да, ал кишинин сөзүнөн эне тилимде, мамлекеттик тилде таза сүйлөйүнчү деген жоопкерчилик сезилип турат. Ошентсе да, өлкөбүздүн башкы жетекчилеринде эне тил жагынан сөз маданияты өрнөк, үлгү деңгээлинде болушу керек эле.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларынын бири: "мыйзамдарды кыргыз тилинде жаза албайбыз, терминдер жетишсиз" деди. Бул деген - иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлө баштаса, андан чочулагандардын айтар сөзү. "Терминдер жетишсиз" деп коомдук пикирди будамайлоонун ордуна, жасалган тоодой эмгекти пайдалана албай, ишке маани бербей жатабыз деп айтылса, мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчиси катары сөз орундуу болмок.
Маселеге кыскача түшүнүк бере кетейин. Терминология комиссиясы өлкөбүздө 1926-жылы иштеп баштаган. Тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Караев, академик Бүбүйна Орузбаева, көрүнүктүү түрколог Жапар Шүкүров, академиктер Болот Юнусалиев, Абдулхай Алдашев, Иса Ахунбаев, Какин Сулайманкулов, Муса Адышев, Аман Мамытов, Асылбек Алтымышбаев, профессорлор Кубаныч Нурбеков, Батырбек Аманалиев, доцент Ракым Усубакунов баш болгон окумуштуулар, илим тармактарындагы жүздөгөн адистер мамлекет, коом, эл турмушунда керектүү терминдерди иштеп чыгып, алардын баары жүзгө жакын китеп болуп басмадан чыгарылган жана бул иш азыркы заман талабына жараша Мамлекеттик тил комиссиясындагы терминком тарабынан улантылып жатат.
"Түшүндүрмө сөздүк", "Орфографиялык сөздүк", "Атоолордун сөздүгү" иштелип чыгып, басмадан чыгарылды. Кыргыздын макал-лакаптары топтолгон том-том китептер бар. Сөз көркү, сөз мадания­ты делип телерадиодон айтылып, маселеге маани берилсе экен деген аракеттер жасалып жатат. Абалга жаны ачыгандардын эл-журтка, бийликтегилерге кайрылуулары, не­-
чен миңдеген макалалар гезит беттеринде жарыяланып, көптөгөн сунуш-пикирлер айтылууда. Тилекке каршы, аларды териштирип, бийлик тараптан эске алуу болбой жатат.
Касым Тыныстанов баш болгон тарыхый атуулдарыбыздан берки сексен жылдан ашык мезгил бою кыргыз тилинин айтылбаган чоло жери калган жок. Кемеге башында кейиш болуп жүрүп олтуруп, өзүбүздү өзүбүз тааныбай, өз кадырыбызга өзүбүз жетпей, тегибизди танып, эне тилибизди жеригендерге жем болуп келдик.
Сөз жөнүндө сөз деп көп эле макала жаздым. Окумуштууларды,
интеллигенция өкүлдөрүн баш кош-
туруп турган "Билим" коому деген болгон. Ошондо "Оозеки сөз методикасы" секциясын тейлеп, он беш жыл иштедим. Штаттан тышкаркысы, штаттагысы болуп кырк жылга жакын теледе баяндамачылык кызмат өтөдүм. Колуман келишинче эфир аркылуу эл-журтка угуза элибиздин эне тил маселелерин айттым.
Ошол жылдары "Кыргыз элинин сөз табияты" деп, сөз атасы Түгөлбай Сыдыкбеков менен болгон кезектеги маекте ал киши: "Көтөрүлүп келаткан ай жарыгы күңгөйдү ала көлөкөлөп калганда коонун тескейинде капталдай бас­тырган Түлкү баатыр үрүң-бараңдап ууру
келатты, - деген сүрөттөмө сүй­лөмдү көп жыл мурда сабатсыз сөзмөр Шааке акеден эшиткенбиз" деп баштаган эле сөзүн.
"Өнөр алды - кызыл тил" деп, сөздүн элестүүлүгүнө элибизде маани берилип келгендиги айтыла турган, коомчулуктун назарынан орун ала турган зарылчылык маселелердин бири. Көрүнүктүү түрколог, этнограф, академик В.Радловдун да элибиздин сөз жандуулугун баамдап, топ жыйында бирөөлөрү сөз баштаса, баары тымтырс кулак төшөп, сүйлөп жаткандын сөзүнүн ыр сыяктуу куюлушкан ыргактуулугун айтканы бар.
"Курган башымдан оомал-төкмөл дүйнө өттү. Ооматым кеткен учурда кыргызга батамбы... деп жүрөкзаадамын. Элиң жөнүндө... айт, билейин", - дейт Алмамбет. Ошондогу айкөл Манастын айткан жообунда: "Сөзгө дил төшөйт. Мыйзам заңы - оозунда" деп айтылган жери бар (К. Жусупов, Манас: кара сөз менен, 88-бетте).
1972-жылы "Советтик Кыргызстан" гезитинин редакциясындагы журналисттердин жыйынында Хусеин Карасаев жалпыга маалымдоо каражаттарындагы келишпеген келегей, эне тилибизге жат, коошпогон копол, орусчаланган оолукма сүйлөм түзүлүштөрдүн далайын мисалга келтирип, кеңири баяндама жасап, бул тескериликтерден тазалана албасак, элибиз тил жагынан ого бетер оор абалга дуушар болорун айткан эле. Андан бери 40 жыл өттү. Абал оңолгон жок. Маселе ого бетер татаалдашты. Эки сөздүн бирин орусчаламай мурдагы кездердегиден бешбетер күчөдү. Эрөөн-төрөнү жок көнүмүш көрүнүшкө айланып баратат.
Бизнес чөйрөсүндө иши илгерилеген ири капитал ээлери, жалпы эле эл-журт тарабынан жетишерлик акча каражат топтолуп, болжол аталышын айтайын, мисалы, "Кыргыз дүйнө" делип келишкен кеңири жай курулуп, ал жерде элибиздин эне тил күйөрмандары, төкмө акындар, манасчылар, комуз күү таланттары, санжырачылар, кол өнөрчүлөр, Аксакалдар кеңеши канатташ, катарлаш иштегидей шарт түзүлсө, жыйындар өткөрүлчү жайлар, мейманкана, ашкана кошо курулуп, элдик маданий борборго айландырылса деген тилегим бар. Калканбай Ашымбаевдей сөз устаттарынын мектеби ачылмакчы. Кыргыз элдик сөз өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү азыркы кыргыз журналисттерине абдан керек. Бул жагынан да аларга шарт түзүлмөкчү.
Урматтуу Президентибиз элибизге ден соолук кандай керек болсо, жан соолук да дал ошондой зарыл экендигин эске алышы керек.
Кенжалы САРЫМСАКОВ, Кыргыз Республикасынын Аксакалдар кеңешинин мүчөсү




Көз караштардын мыйзамы жана тушалган идеология
Совет мезгилинде саясий үстөмдүктү кармап турган компартиянын идеологиясы диний көз караш менен диалектикалык-материалисттик көз карашты келишпес кагылышууга алып келген. Ал жаштарды илимий атеисттик тарбия­-лоо үчүн ойлонуп табылган коммунисттик партиянын жаңы таптык идеологиясы эле. Анткени, партия үчүн коомдо бир гана коммунисттик көз караштын болушу маанилүү жана ал идея­да элди башкаруу жеңил жана ыңгайлуу болгон.

Жапайы ишенимдин
илдети

Мен билгенден, өткөн кылымдын 60-70-жылдарында Ош педагогикалык институтунун философия кафедрасынын башчысы Ю.Петраш баш болгон Х.Артыков, Б.Абдуллаев сыяктуулар айрым студенттер менен бирдикте сыйы­нуу үчүн келген адамдарды Сулайман тоосуна өткөрбөй, жолду тосушуп чыгарышчу эмес. Ал турсун тарыхый эстелик болгон Бабурдун эски үйү бузулуп, жок кылынган. Мечиттерде кагылышуулар болгон. Албетте, бул жаштарды атеисттик духта же диний көз карашка караманча каршы тарбиялоо же ислам динин такыр жок кылуунун курал-каражаттары болуучу. А бирок авторитардык режим адамдардын дүйнөгө болгон көз караштарын жогото албады. Мен тигил окумуштуу-педагогдордун ошол учурдагы идеологиянын курмандыктары болуп калганына эмдигиче ичимден кейим. Айтайын дегеним, кайсы бир көз карашка "сокур ишенүү" эмес, өзүң ынанган көз карашка бүт жан дүйнөнү биротоло арнап жибербей салыштырып, акыл калчап, "жети өлчөп, бир кесип" дегендей ишенүү туура болоор деп айткым келет. Себеби ишенүүнүн фанаттык жолуна түшкөн адамды кай бир агымдын мүчөлөрү жипсиз жетелеп, ар кандай жан кечтиликке чейин түртүп да жатышканы белгилүү болуп жатпайбы.
Жапайы ишенүү же бир агымдын айткан идеологиясына ойлонбой баш-оту менен кирип, аткара берүү, "тар жол, тайгак кечүүгө" алып барат. Ар бир адамдын жеке негиздүү көз карашка ээ болушу жашоодон адаштырбайт. Аны турмуш да, фундаменталдык илим да далилдеп жатпайбы.
Арийне, коомдогу көз караш, мамилелердин ортосунда эч кандай бийлик тараптан кийлигишүүлөр, тескөөлөр, ооздуктоолор болбошу абзел. Илимий көз караш менен башка көз караштардын ортосунда толеранттык, жаратмандык, түшүнүү, урмат-сый мамилелердин болушуна мамлекет жана ар бир инсан себепчи болушу маанилүү. Бирок диний экстремисттер, адамдарга, мамлекеттин ички ишине жана анын коопсуздугуна коркунуч келтирген көз караштагы уюмдар, агымдар табылса, аларга мамлекет тиешелүү чараларды колдонууга тийиш.

Түшүнүктөрдүн
атаандаштыгы керек
Көз караштардын бирин таптык мүнөздө жоюу менен экинчи көз карашты өнүктүрүүгө мүмкүн эмес экендиги өткөн тарыхтан белгилүү. Диний жана илимий көз караштар бири-бирине окшобогон көрүнүштөр болгону менен, ошол эле учурда бири-бирисиз жашай албайт. Экөөнү бир бүтүн нерсе катары да кароого мүмкүн. Себеби ой-жүгүртүүнүн, түшүнүктөрдүн, көз караштардын айырмаларынын натыйжасы бириккенде жаратмандык позицияга ээ болуу менен диалектиканын өнүгүү процессин камсыздайт жана бири-бирин толуктап да турушат. Эгерде, бир көз караш жок кылынса (адам аң-сезиминдеги ой-пикирди алып салууга мүмкүн да эмес), адамдардын салыштыруу (айырмалоо, окшоштуруу, классификациялоо, жалпылоо) жолу менен ой жүгүртүүсүн, дүйнө таануусун да жок кылуу дегендикке жатат.
Өнүгүүдө альтернатива, кайчы пикир болбосо, анда ички ой-жүгүртүүлөрдүн, пикирлердин жана түшүнүктөрдүн конкуренциясы жок болуп кетет. Ошондуктан ар кандай көз караштардын бири-бирине болгон сый-урматтоонун негизинде жанаша жашашы кандай сонун. А бирок, адамдын өзүнө гана тиешелүү ойлогон ою, жеке пикири болбосо, жанындагы адамдын көз карашын урматтабаса, өз алдынча коомдук процесстердин жүрүшүнө туура баа берип, чечим чыгара албаса, ал ким болот? Менин оюмча, ал адам роботко айланып, берилген эле тапшырманы аткаргыч болуп калат.
Мисалы, "Манас" телеканалында Өзүбек ажы бир топ жылдан бери жаштар, окуучулар менен пикирлешип келет. Азыр андай пикир алышуунун жаштарга жугуму канчалык болгону белгисиз. Арийне, ажынын бир жакшы жагы - коомдук көз караштарды өзгөртүү боюнча ой-санаасы, чын дилден кыргыз калкына кызмат кылгысы келгендиги адамды кубандырбай койбойт. Бирок, ал максаттын түпкү илимий негизи туурабы, ишке ашыруу ыкмасы натыйжалуубу, кеп ушул жакта. Анын улуттук маданиятты сактоо, улуу муундан кичүү муунга өткөрүү маселесин козгошу, жаштар арасында адеп-ахлак маселесин батыраак чечсем деген ой-максаты, чынында, баалуу. Туура, кыргыздын мекенчил инсаны катары эртеңки заман үчүн ал ичинен да, тышынан да күйүп-бышып жатат. Ошол максаттарды ишке ашырууда илимий теорияларды билип коюу да ашык болбос беле дегеним.
Коомдук аң-сезимди калыптандырууну кайым айтышуу жолу менен эмес, пикирлешүүдө негиздүү чечендикти, алдыңкы педагогикалык, психологиялык тажрыйбаларды, алардын натыйжа берчү технологияларын пайдаланса, албетте, илимий билимдин үстүндө да иштеп койсо, таалим, таасирдин сапаты болооруна ишенем. Бирок, максат бийик болгону менен, аны турмушка ашыруу үчүн курал-каражаттарды ыңгайлуу пайдаланууда мүчүлүштүктөр чыгуу­-
да. Албетте, коомдо өзү иш кылбай, бирок, мага окшоп капталдан сүйлөөчүлөр, сын айтчулар да жетиштүү. Ошентсе да угуп коюу жана керектүү жерин пайдалануу ашыктык эмес деп ойлойм.

Идеологиядан -
чындыкка
Бу заманда ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө, жеке пикирге, көз карашка ээ. Мындай шартта көз караштын өнүгүшүндөгү салыштырмалуу чындык турмуш менен бекемделиши кажет. А бирок, адам деген чындыкка, фундаменталдуу негизи бар илимий көз карашка умтулуусу зарыл. Себеби, негизсиз идеология бизди эмнелерге гана алып келген жок. Демек, көз караштардын ортосунда ызы-чуу салып, курулай бири-бирине согуш ача берүү азыркы адамдардын иши эмес. Коомго ызы-чуу салган илимий-атеисттик тарбиялоо нечак жолдо калган.
Арабызда атеисттик идеология сыяктуу диний көз караштагылар, элдин көп кырдуу ойлонуусуна, дүйнөгө болгон көз караштарына чек койгон, бир гана ислам динине артыкчылык бергиси келгендер, ислам халифатын күч менен орноткусу бар агымдар да жок эмес.
Дүйшөн СУЛТАНКУЛОВ,
Бишкек шаары




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_4.htm on line 69