Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_3.htm on line 2


п»ї

Реджеп Тайип
Эрдоган Түрк Республикасынын 61-өкмөтүнүн премьер-министри, "Адилеттүүлүк
жана өнүгүү" партиясынын
башкы
төрагасы.
Ал түрк дүйнөсүнүн ишенимине татыган лидер

Реджеп Тайип Эрдоган 1954-жылы 26-февралда
төрөлгөн. 1973-жылы "Имам Хатиб" лицейин аяктап, Стамбул шаарындагы Мармара университетинин экономика факультетине кирген жана аны 1980-жылы аякта-
ган.
Студент кезинен "Милли Селамет" ("Улуттук бакубаттуулук") исламчыл кыймылынын активдүү жак-тоочусу болгон, кыймыл кийин "Милли Селамет" сая­сий партиясы андан соң "Рефах" партиясы болуп кайра түзүлгөн.
Ал 1976-жылы "Милли Селамет" партиясынын Стамбул округу боюнча жаштар канатынын жетекчиси болуп шайланган. 1980-1982-жылдары жеке сектордо иштеп, 1982-1983-жылдары армияда кызмат өтө-
гөн.
1984-жылы "Рефах" партиясынын Стамбул шаарынын Бейоглу району боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, 1985-жылы ушул партиянын Стамбул боюнча бөлүмүнүн жетекчиси болуп шайланган.
1986-жылы "Рефах" партиясынан Түркия Республикасынын парламентине талапкерлердин тизмесине киргизилген. 1991-жылы ошол партиядан парламентке депутат болуп шайланган, бирок БШКнын чечими менен шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарыл-
ган.
1994-жылы Стамбулдун мэри кызматына шайланып, 1998-жылга чейин иштеген. 1998-жылы ислам поэзия дүйнөсүндө белгилүү акын Зиа Гокальптан жарыя цитата келтиргени үчүн Р.Эрдоганга карата айыптоо коюлган жана саясий ишмердүүлүккө тыюу салынган, анткени мындан түрк бийликтери диний араздашууга чакырыкты көрүш-
көн.
1999-жылы 26-марттан 24-июлга чейин Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык жана диний белгилери боюнча жек көрүүнү жарыя козгоо" беренеси боюнча "Пынархисар" түзөтүү колониясында камал-
ган.
2001-жылы "Фазилет" партиясынан чыгып кетишкен реформаторлор тобу менен бирге жаңы реформачыл өңүттөгү "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясын түзүшөт да анда партиянын башкы төрагасы кызматын ээлейт. 2002-жылдын 3-ноябрында кезектеги жалпы парламенттик шайлоодо Р.Эрдогандын партиясы ишенимдүү жеңишке жетишет, бул бир партиялуу өкмөт түзүүгө мүмкүндүк бер-
ген.
2003-жылдын 9-мартында Сиирт шайлоо округу боюнча кайталанган шайлоодо жеңип чыгып, парламенттин депутаты болуп шайланат. 2003-жылдын 11-мартында Түркиянын 59-өкмөтүнүн премьер-министри болуп калат.
2007-жылдын 22-июлунда кезексиз парламенттик шайлоо болуп, анын натыйжасында "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы ири жеңишке жети-
шет.
Анын натыйжасында 2007-жылдын 5-сентябрында Р.Эрдоган 60-өкмөттү түзгөн. 2011-жылдын 12-июлунда кезектеги парламенттик шайлоодо "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы жеңгенден кийин Р.Эрдоган Түркиянын 61-өкмөтүн түздү.
Р.Т.Эрдоган үй-бүлөлүү, 4 баласы бар.




Кыргыз-түрк соода-сатык кызматташтыгы эки эсеге өстү
Түркия Республикасынын өкмөт башчысы Реджеп Тайип Эрдоган 9-10-апрель күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен болот. Түркия мамлекети 1991-жылдын 18-декабрында биринчи болуп Кыргызстандын көз каранды эместигин таанып, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 29-январында түзүлгөн.


Түркия өзүнүн өкүлчүлүгүн Бишкекте 1992-жылы апрелде ачса, Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анкара шаарында ушул эле жылдын октябрында ачылган. Бул Кыргызстандын чет мамлекеттеги эң биринчи дипломатиялык өкүлчүлүгү болуп калды. 1994-жылдын апрелинде Стамбул шаарында өлкөбүздүн башкы консулдугу ачылды.
2011-жылдын 26-апрелинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңеши түзүлүп, алгачкы
жыйыны ийгиликтүү өткөрүлдү. Жогорку деңгээлдеги мындай сунуш кылынган кызматташуунун формасы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөчө статусуна күбө болуп турат.
Бул жылдардын ичинде эки боор­дош өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык чөйрөдө кызматташуу алгылыктуу өнүктү. Түркия ири соода-экономикалык өнөктөш катары биздин өлкөбүздүн тышкы
соода жүгүртүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. 2012-жылы мурунку жылга салыштырганда Түркиянын бизге көрсөткөн жардамынын көлөмү эки эсеге өскөн. Өзгөчө эл аралык кызматташтык боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) көрсөткөн жардамын баса белгилеп кетүүгө тийиш-
пиз.
Эки өлкөнүн ортосунда маданий-гу­ма­нитардык чөйрөдө да кызматташтык активдүү улантылууда. Түркия мамлекети социалдык чөйрөнүн, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун өнүгүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтүп, өлкөбүздүн маданий-гуманитардык демилгелерин колдоп келүүдө.
Бул жылдардын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик, чарбалык, маданий чөйрөлөрүндө жана билим берүү ишмерчилигинде алектенишкен жарандар үчүн ар түрдүү билим берүүчү жана тажрыйба алмашуучу программалар уюштурулуп келүүдө. Кыргыз маданият жана көркөм өнөр ишмерлери Түркияда өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышууда.
Түркия премьер-министринин бул жолку расмий иш сапарында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, кызматташууларды тереңдетүүнү көздөгөн бир нече соода-экономикалык, гуманитардык багыттагы документтерге кол коюлуп, кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму өтмөкчү.

Саякбай МОЛДОКУЛОВ




Баш прокурор эмне дейт?
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 4-апрель күнкү отурумунда "Республика" фракциясынын депутаты Обдунов Элмуратты кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча макулдук берүү жана депутаттык кол тийгис укугунан ажыратуу жөнүндө Башкы прокурордун сунушу каралган.

Обдуновдун кылмыш иши далилденген

Буга чейин маалым болгондой жогорудагы көрсөтүлгөн суроону кароо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия өздөрүнүн кесиптешинин кылмышы далилденбегенин билдиришкен. Комиссиянын төрагасы депутат Абдырахман Маматалиевдин сөзүнө ылайык кассадан алынган бардык акча кайтарылгандыгы Элмурат Обдуновдун күнөөсүз экендигин далилдейт деп тапкан.
Башкы прокуратуранын пикиринде депутат Элмурат Обдуновдун күнөөсү кылмыш иштин айланасында чогултулган материалдар менен толук далилденген. Элмурат Обдунов жана кылмыш иши боюнча фигурант болуп өтүп жаткан адамдар тарабынан келтирилген акчалай чыгым кайра кайтарылгандыгы кылмышка катыштыгы жок же кылмыш жасабаган деп эсептелбейт.
Андан сырткары жалпыга маалымдоо каражаттары көзөмөл органынын өкүлү жогорудагы каралып жаткан суроо боюнча Жогорку Кеңештин отурумуна келбей койгондугун билдирген. Бул чындыкка туура келбейт. Тескерисинче ошол суроо каралып жаткан убакта Башкы прокурордун орун басарын жана башкармалыктын башчысын Жогорку Кеңештин отурумуна киргизбей коюшкан.
Андан сырткары, бул кылмыш ишти тергөө жана тергөөсүн көзөмөлдөө Ош шаардык прокуратура жүргүзгөндүктөн Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда алар билдирүү менен чыгыш керек эле. Жогорку Кеңештин жогорудагы суроону кароо жөнүндө чакыруу барагы ошол күнү, тактап айтканда, карала турган күнү Башкы прокуратурага жиберилген.
Айта кетчү дагы бир маселе бул кылмыш иши боюнча укуктук жардам берүү өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Түркмөнстан Республикасына кат жиберген жана айтылган республиканын компетенттүү органдары тарабынан жөнөтүлгөн өтүнүч аз болсо дагы аткарылган жана тиешелүү материалдар 2013-жылдын 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын дарегине жиберилген.
Алынган материалдардын анализинде 26 студенттин ичинен 18и аныкталып, 15 студент берген көрсөтмөлөрүндө ОшМУнун кассасынан акча албагандыгын билдирген, бул сумма 159 миң 75 сомду түзгөн. Материалдарда көрсөтүлгөндөй 8 студент Түркмөнстанда болбогондуктан суралбай калган. Алардын үстүнөн түзүлгөн, финансылык документтерге ылайык акча каражаттардын суммасы 129 миң 350 сомду түзгөн, - деп билдирет Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, Э.Обдунов депутат болгонго чейин ОшМУда башкы эсепчи болуп иштеген.

К.САМАКОВ




Бажы кызматында
Көзөмөл автоматтык түрдө жүргүзүлөт
Транспорттук топтолууну азайтуу максатында Кыргызстандын "Ак-Жол" жана Казакстандын "Кордай" өткөрүү пункттарында жүргүнчүлөрдүн агымын жана жүктөрдү чек ара аркылуу өткөрүүнү өз-өзүнчө жүргүзүү чечилген. Мындан ары жүк ташуучу унаалар "Ак-Тилек" (Кыргызстан) жана "Карасу" (Казакстан) өткөрүү пункттары аркылуу өткөрүлмөкчү.


Гүлсүн Кенжегозуева,
"Кыргыз Туусу"
"Ак-Тилек" өткөрүү пункту заманбап жабдуулар менен жабдылган. Бул жерде унаалардын салмагы, көлөмү жана андагы жүктүн радиациялык деңгээли толук текшерүүдөн өтөт. Бир күндө жүз автоунааны өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Көзөмөлгө алынып жаткан унаа жөнүндөгү толук маалымат автоматтык түрдө бажы кызматынын борбордук аппаратына жетип турат.
2013-жылдын март айынан бери өк-мөттүн токтомуна ылайык, чек ара аркылуу өтүүчү унааларды эсепке алууну, аларды баштапкы текшерүүдөн өткөрүүнү ж.б. көзөмөл жүргүзүү иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги эмес, Бажы кызматы өзү жүргүзмөй болду. Буга чейин чек ара постунан өтүүдө үч жолу текшерүүгө (бажы, чек ара жана транспорт көзөмөлү) кириптер болушкан ай-доочулар эми эки гана текшерүүдөн өтүшөт, өкмөттүн бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюудагы бул дагы бир кадамы бол-
ду.
Инспекторлор менен айдоочулардын ортосунда эч кандай байланышуу болбойт, баары автоматтык түрдө көзөмөлгө алынып, ишке ашырылат.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:










??.??