Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 2

Кайрылуу
Эл баатырларын
эч качан унутпайт
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 7-апрель - Элдик апрель революциясы күнүнүн үч жылдыгына карата мекендештерге кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер!
Өлкөнүн тагдыры элдин тагдыры менен ар дайым киндиктеш болот.
Акыркы жыйырма эки жылда өлкөбүз татаал жолду басып өттү. Бирок далай кыйынчылыктарды, сыноолорду баштан кечирген кыргыз эли өлкөдөгү адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка эч качан моюн сунган эмес. Карапайым эл тизелеп жашагыча, тикесинен тик туруп өлгөндү артык көргөн үчүн 2002-жылдагы Аксы окуялары, 2005-жылдын мартындагы элдик көтөрүлүш тарыхыбызда орун алды.
Тилекке каршы, 2005-жылдагы элдин тилеги акталбай калды, элдин жеңиши уурдалды, элдин үмүтү тебеленди. Эгерде ошондо бийликтин ниети таза болгондо, азыр өлкөбүз таптакыр башкача болмок. 2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы жоготуу­­лар, трагедиялар болмок эмес.
2005-жылдын март окуяларынан бир аз гана убакыт өткөн соң, мурдагыдан ашып түшкөн үй-бүлөлүк, криминалдык режим орногон. Бийлик сын айткандардын көзүн тазалап, коркутуу-үркүтүү жолу менен элдин оозун жапканга аракеттенди.
Кыргызстан толугу менен мыйзамсыздыктын, криминалдын туткунуна кабылды. Бир учурда элде таптакыр үмүт калбай калгансыды. Бирок, таң атарда түн өзгөчө караңгы болот эмеспи!
2010-жылдын 7-апрелинде элдин чыдамы түгөндү.
Кылым карыткан тарыхыбыздын эң татаал учурларында чындык, калыстык, өлкөбүздүн эгемендиги үчүн карапайым мекендештерибиз өз жанын аяган эмес. Ошол жамгырлуу жаздын күнү миңдеген мекендештерибиз бийликке, зомбулукка, адилетсиздикке каршы кө­­төрүлдү. Алар мыйзамдуулук үчүн, Мекени үчүн, элдин келечеги үчүн мындай чечкиндүү кадамга барышты.
Ошол учурдагы бийлик өз элине каршы курал колдонуп, Кыргызстандын тагдырына балта чапканга аракет кылды. Жакшылык менен жамандыктын, адилеттүүлүк менен зомбулуктун ортосундагы кандуу кармаш ошол күнү болду.
Урматтуу мекендештерим!
7-апрелдеги элибиздин эрдиги болбосо Кыргызстандын келечеги кандай болорун айтыш кыйын болмок. Себеби өлкөбүз 7-апрелге чейин кандай абалда калгандыгын бардыгыбыз жакшы билебиз.
Чыркыраган чындыкты айтам деп көз жумган замандаштарыбызды эстесек. Бийликтеги зөөкүрлөр сын пикир үчүн уруп-сабап, колу-бутун сындырып, өлкөдөн качууга мажбур болгондорду эстесек. Бийлик аталарыбыз кашыктап чогулткан элдин байлыгын ит бекер ар тарапка сатканын эстесек. Бийлик менен криминал кол алышып өлкөнү бирге башкарып тургандыгын эстесек!
Урматтуу мекендештерим!
Эл шейит кеткен баатырларын эч качан унутпайт!
Арадан үч жыл өтсө да, кырчындай уулдарынан ажыраган элибиздин көз жашы али кургай элек. Бирок ушул кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз ондогон жылдарга тете жолду басып өттү. Биз башка мамлекет болдук. Биз сабырдуу, күчтүү, келечекке багыт алган коомго айландык.
Азыр эмгектене турган мезгил келди. Ар бирибиз четте калбай, жеке өзүбүздөн баштайлы! Мамлекет мага эмне берет дебей, мен өзүм мекениме эмне жардам бере алам деп сурасак!
Кудайдын колдоосу менен, биргелешип өлкөбүздү өнүгүү жолуна салалы! Биз Аксы жана апрель баатырлары эңсеген адилеттүү, күчтүү, өнүккөн Кыргызстанды курууга милдеттүүбүз!
Кудай элибизди, жерибизди колдосун! Ынтымак, биримдик берсин! Жашасын Кыргызстан!
Алмазбек АТАМБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын Президенти





Апрель ыңкылабынын баатырларына
Ар бир жазда, оо баатырлар, гүл болуп,
Көрккө бөлөп турасыңар жергемди.
Силердеги эрдик, кайрат, күч-кубат,
Бабам Манас рухунан келгенби?!

Чөгүп кетпейт, жер карабайт кыргыз эл,
Эркин жашап миң жылдарды карыткан.
Бийик тоолор бийиктикке көндүрүп,
Өчпөй келет ысымы карт тарыхтан.
Ыңкылаптын баатырлары, билсеңер,
Силер менен жашоо көрктүү, маңыздуу.
Өрдү көздөй өскөн кезде мекеним,
Сөзгө айланып кетесиңер аңыздуу.

Жадыраган жаз айында бийликтин,
Кордугуна чыдай албай чыктыңар.
Октон коркпой жүрөгүңөр туу болуп,
Ханмын деген жексурларды жыктыңар...




Бишкекте эми
сакура да гүлдөйт...
Айша АЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Айлана-чөйрөнү тазалоо боюнча 6-апрелде Бишкекте өткөрүлгөн ишембиликте көңүл кубанткан окуя болду. Борбор калаабыздын түштүк дарбазасындагы Дайыр Асанов атындагы жемиш багында Япония өлкөсүнөн алынып келинген сакура багынын көчөттөрү отургузулду.
Бул иш-чарага Президент Ал­маз­бек Атамбаев, Премьер-ми­нистр Жантөрө Сатыбалдиев жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коюкэ катышышты(сүрөттө) . Атагы аңызга айланган сакуранын 140 көчөтү баш калаабызда отургузулганы кыргыз-япон элдеринин достугуна күбө экендигин билдирет.
Белгилей кетсек, сакуранын ушул көчөттөрүн 2011-жылкы катуу жер титирөөдө көрсөткөн жардамы үчүн Япон өкмөтү Президент А.Атамбаев расмий иш сапары менен Японияга барганда белек кылган. "Сакуранын бул көчөттөрү беш жылдан кийин гүлдөйт, андыктан аны жакшылап багып-өстүрүү керек", - деди Президент.
Чындыгында Кыргызстан эге­мен­­дүүлүккө ээ болгондон бери Япония тарабынан көптөгөн жардамдар болуп келгендигине элибиз күбө. Тилектештик менен кол сунуп, көмөгүн аябаган, ички дүй­нөсү бай япон элине кыргыз эли да ыраазы.
Мамлекет башчысы белгилегендей, алыскы күн чыгыш өлкө­сү­нөн атайы алынып келинген сакуранын гүлдөөр мезгили да тез эле келери белгилүү. Андыктан, ажайып сакура багынын тө­гүлө гүлдөп, аңкыган жыты менен көз тойгузган көркү борбор калаабызды кулпурта берүүсүнө тилек кылып, салымыбызды кошо берели.




Эки элдин достугуна данакер болгон

Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"

Кечээ Бишкек шаарынын Мухтар Ауэзов атындагы көчөсүнүн 37-үйүндө казактын улуу жазуучусунун урматына арналган мемориалдык такта ачылды.
Салтанатта сөз сүйлөгөн КР маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Мухтар Ауэзовдун үч касие­тине өзгөчө токтолуп өттү. Биринчиден, Мухтар Ауэзов кыргыз калкын чын дилден сүйгөн инсан. Экинчиден, мындан алтымыш жыл мурда тоталитардык мезгилдин кысымына карабастан "Манас" элдик эпосун сактап калууга орчундуу салым кошкон. Үчүнчүдөн, Мухтар ­Ауэзов кыргыздын ошол кезде жаңыдан көрүнө баштаган таланттуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ааламдык мейкиндикте таанылуусуна өбөлгө түзгөн.
Мемориалдык тактаны ачуу аземине Алматы шаарынан Мухтар Ауэзовдун уулу, белгилүү жазуучу Мурат Ауэзов, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Гали Шаймаков жана Казакстан жана Кыргызстан эл ассамблеяларынын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, эмгек, миграция жана жаштар министри Алиасбек Алымкулов жана Аламүдүн кичи районунун тургундары катышышты.
Ушул эле күнү Улуттук университетте тегерек үстөл өткөрүлүп, мамлекеттик тарых музейинде "Манас" эпосун изилдөөдөгү жана түбөлүккө сактоодогу Мухтар Ауэзовдун ролун баяндаган "Инсандардын жолу" аттуу документалдуу фильмдин бетачар аземи болду.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_2.htm on line 91