Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_16.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_16.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_16.htm on line 2


п»ї

Биринчи байлык - ден соолук
Ысык-Ата арашан - дартка даба абалтан
Бишкек-Балыкчы автожолунун Ысык-Ата кайрылышынан тоону көздөй сапар алып, Ысык-Ата, Юрьевка, Сын-Таш, Карагай-Булак айылдарын аралап, Ысык-Ата суусун жээктеген жол - дарылык касиети күч, ажайып кооз Ысык-Ата ден соолукту чыңдоочу курорттук-санаториясына алып келет. Ысык-Ата суусунун дарылык касиети II-III кылымдарда белгилүү болуп, жергиликтүү жашоочулар ысык булактарынан пайдаланышып, аларга сыйынып келишкен. Бул чөлкөмгө XIX кылымдарда башка улуттар көчүп келе баштап, 1875-жылы орус окумуштуусу И.В.Мешкетов тарабынан геологиялык маалымат алынган. Суунун температурасы 48-55 градуска чейин, тунук, күкүрттүү суутек жыттанат. Булактардын жалпы чыгышы 3,64 л/сек. Кенде сегиз бургулоо көзөнөгү бар. Алардан чыккан ысык суунун жалпы чыгымы 20 л/сек. Ванна суусунун химиялык курамында калий, натрий, карбонат, аз өлчөмдө бром ж.б. он төрт элемент бар. 1891-жылы Жети-Суу облусу аркылуу ысык сууларга түшүп, ден соолукту чыңдоо үчүн атайын жыгач палата үйлөр курулуп, пайдаланууга берилген. Суунун геологиялык, химиялык курамы тоо инженери Г.А.Арген жана химик У.Гейх тарабынан изилденген. 1918-жылы Кызыл Крест коому аркылуу 2 жатакана курулуп, 12 ванна, 2 жылуу суу булактары иштеген. Санаториянын негизги иши 1931-жылы Кыргыз курорттук башкармалыгына өткөндөн баштап өркүндөп иштей баштаган. Ушул эле жылы, башкача айтканда 1931-1939-жылдары № 3, 4, 5, 6, 9 уктоочу корпустар, бир кабаттуу эмкана, суу өткөргүчтөр жана турмуш-тиричилик жайлары курулган. 1941-1946-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу курорт өз ишин өзгөртүп, аскердик жарадарларды дарылоочу госпиталдык жайга айланган. 1954-жылы санатория 200 орунга эсептелип, жайкысын гана иштесе, кийинчерээк 100 орундуу № 10 корпус курулуп, ишке берилип, жыл сайын иштөөгө өткөн. Ал эми 1957-1982-жылдары 117 орундуу 3 кабаттуу уктоочу корпус жана 3 кабаттуу эмкана жайлары курулган. Санатория эки оор мезгилди баштан кечирди. Биринчиси, 1941-1945-жылдардагы согуш учуру болсо, экинчиси, 1991-жылдары союз ыдырап, экономика кризиске учураган, чарбалар тарап, ишканалар менчиктештирилгенде, Кыргызстан профсоюздар уюму мындай уюмдарды талатып-тонотпой сактап калган оор мезгил болду. Ал жөнүндө санаториянын директору Осмонгазиев Алчын Кадыркулович төмөнкүлөргө токтолот.


Болот ЖУМАГУЛОВ,
"Кыргыз Туусу"
- Эгерде ошол жылдары санатория менчиктештирилгенде, бүгүнкү күндө дарылануучулар кайда барышат эле. Муну Кыргызстан профсоюздук уюмунун дарылануучулары үчүн өтөгөн зор эмгеги деп баалоого болот. Уюмдун жаңы төрагасы А.Токтогулов ишке келиши менен суроо-талап да катуу боло баштады. Санаторияга жолдомо менен келүүчүлөр көбөйдү. Үстүбүздөгү жылы өткөн жылдарга караганда февраль-март айларында адам саны 200дөн ашып турду. Жогоруда белгилегендей, корпустарыбыз эски. Ошондой болсо да эскилеринин четинен капиталдык оңдоодон өткөрүп, ишти жакшыртып келебиз. Жылыга 5 миңден ашык, адамдарды дарылап, салыкка да салым кошуудабыз.
Санаторияда буту-кол, сөөк-муун, нерв, гинекологиялык жана тамак сиңирүү органдарынын оорулуулары дарыланат. Курортто негизги дарылоо каражаттары минералдык суу­лар болуп эсептелет. Андан тышкары дарылоонун кошумча булактары болгон 4 укалоочу (массаж), 4 физкабинет, мануалдык терапия, эртең мененки гигиеналык гимнастика, дене тарбиялык дарылоо ыкмалары колдонулуп, 20 суу ваннасы, 14 кара балчык, 7 парафин кушеткалары иштейт. Бул жерде өзгөчө баса белгилеп кетүүчү нерсе, суу ваннасы, балчык жана парафин менен дарылоодо дененин температурасындай 36 градус жылуулукта болсо гана дарылоо ыкмалары ошончолук пайдалуу болот. Ал эми ванна суусун ысык кылуу же кара балчыкты ашыкча колдонуу деген тескери түшүнүк организмге терс таасирин тийгизет. Жолдомо акысы 1000 сом болсо, анын 350 сому дарыланууга кетээрин дарылануучулар да түшүнүшү
абзел.
Адамдардын ден соолугунун жакшырышына жалаң гана дарылоо ыкмалары жардам бербестен, санатория­-
дагы айлана-чөйрөнүн тартип тазалыгы, жаратылыштын кооздугу, абанын тазалыгы, дарыгерлердин жылуу мамилеси, дарылануучулар бош убактарын көңүлдүү өткөрүү үчүн теннис, бильярд, шахмат ойноочу залдар, 200 орундуу маданий жайда көрсөтүлгөн кинолор, концерттер, эс алуучу аллеялар, азык-түлүк буфеттер, ашканадагы даамдуу тамак-аштар ден соолуктун чыңдалышына чоң таасирин берет. Санаториянын уктоочу бөлмөлөрүндөбү, дарылануучу, эс алуучу жайларындабы, же уктоочу бөлмөлөрүндөбү тартип, тазалыкка өзгөчө көңүл бурулуп, санатория, дарыгерлер жөнүндө дарылануучулар өз ойлорун ортого салы-
шат.
А.И.БИРЮХИН,
Москва, Воронеж облусу:
- Мен жаш кезимде Кыргызстандын геологиялык иштеринде көп иштедим. Ошондуктан бул жайдын дарылык касиетин жакшы билем. 1985-жылы эки бутум ооруп, баспай калганда бул жакка жыйырма күн дарыланып, айыгып кеткем. Эми кайра ооруганынан экинчи жолу он күнгө келгем. Буюрса айыга баштадым. Дагы он күн дарыланайын деп жа-
там.
Т.СЕРКЕБАЕВ,
Казакстандын
Чу аймагынан:
- Сөөк-муундарым ооруп, эки колум көтөрүлбөй калган. Санаториянын жылуу ваннасы, кара балчыгы ж.б. кошумча дарылоо ыкмаларын алуу менен муундун ооруганы жакшырып, эки колум мойнума жетип
калды.
Б.ШАРИПОВА,
Ош облусу:
- Көп эле курорттордо болдум. Алардын ичинен Ысык-Ата курортунда дарылоо ыкмалары, бөлмөлөрдүн, айлана-чөйрөнүн тазалыгы, дарыланууга тү­зүлгөн ыңгайлуу шарттары ден соолукка дем берет. Он күн ичинде сөөктөрүмдүн, башымдын ооруганы басылып, айыгып
калдым.
А.КАЗЫБАЕВА,
Нарын облусу:
- Мен гинекологиялык жана тамак сиңирүү органдарынан жабыркап келгем. Дарыланганыма жети күн болду. Кадимкидей жакшы болуп калдым. Дарыгерлер жалаң гана дарылабастан, ыр, бий тобун түзүшүп, майрамдык кечелерде оюн-зоок кечелерин уюштуруп, ден соолукту жанга жагымдуу музыка менен да дарылашат экен.
Санатория сыртынан караганда комсоо көрүнгөнү менен аралаша келсең андагы көп кабаттуу үйлөр, башталгыч мектеп, тоо боорундагы кафе-барлар, конок үйлөр, ашкана, кафелер, азык-түлүк, кийим-кече дүкөндөрү, суу бассейни өзүнчө эле чакан шаарчаны элестетет. Санатория­да 30 врач-медик, 40 кичи персоналдар, чарба жумушчулары, ашпозчулар ж.б. кызматкерлер болуп, 150дөн ашык адам бул аймакта жашап, дарылануучулар үчүн эмгектенип, өмүр кечирип келишет. Ал эми өмүрүнүн чейрек кылымдан ашыгыраагын санаторияга, дарылануучуларга арнаган медицина кесип ээлерин, алардын ичинен жогорку категориядагы врач-физиотерапевт Мурдалиев Турат Мариповичтин, мануалдык терапевт Көкүлбек Айтикеевдин, процедура медайымы Э.Алымкулованын, саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы физикалык дарылоо медайымы Б.Узакманованын жана №8 корпустун көзөмөл кызматкери Н.Рысалиеванын эмгектерин сыймык менен атоого болот.
Сүрөттөрү автордуку







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:










??.??