Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 2

"Адашкан
саптар"
Мына ушундай ат менен жарык көргөн, мукабасына ак жоолук, ак саамай апасынын сүрөтү коюлган бул китеп - калемдешибиз 60 жаштын аргымагын алкынтып турган Шерназар Шүкүровго (сүрөттө) таандык. Китебине кол тамга жазып берип жатып: "Ушундай сулуу байбичени буга чейин көрдүң беле?" - дейт тамаша-чындан. "Жок..." Жаш баладай кудуңдап, сүйүнгөнсүп коёт... Ылайым жүзүңүздөн нур, ууртуңуздан күлкү, көкүрөк-көөдөнүңүздөн эргүү, башыңыздан бак кетпесин! Бир кезде сиз иштеп кеткен
"Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты Сизге чыгармачылык, үй-бүлөлүк бакыт каалайт. Бар болуңуз!
Ал эми, аруу сүйүү, анын адамга ташпиш арткан ыракаттуу түйшүгү, төрт саптар менен көп саптарга катылган, чар тарапка салмактуу чачылган ойлорду поэзия туткунуна чырмооктоп берүү автордун негизги максаты, жеткен мартабасы делет. Туулган жерге кусалануу, анда калган жакын-алыс санаалаш туугандарын, чогуу өскөн жердештерин, деги эле бул жарыкта бар жана аркы дүйнөгө сапар карыткан ынактарын жоктоо топтомдун негизги өзөгүн тепчип, кылым кыйырынан келаткан кыргыз көчүн күү сырына батырып, муңканып ырдап турганын айтат автор...


Жан дүйнөнүн шыбыры
Акын жаратылышынын жөнөкөй пенделерден өзгөчөлүгү - жан дүйнөсүнүн жүрө­гү­­нө шыбырап жаткан жашоосунун кубанычы менен кайгысын, албууттанган денесинин тереңиндеги толкуп-ташыган сезим кайрыктарын ырга айлантып, кагаз бетине түшүрүп, же комуздун үч кылынын мукам авазына үнүн кошо элге берет, сыртка чыгарат.
Шерназар Шүкүровдо (Шер-Мухаммед Шү­күр­­дө) дал ушундай кубулуш бар! Ал анын жүрөгүнө тынчтык бербей: "Бирде макалага, бирде көркөм котормого, бирде аң­гемеге, акырында ырга айланып, сыртка чыгалбай албууттанып жаткан тура!" - деп, ой бактым да, анын ырларын окуп, өзүмдүн көз карашымдын тууралыгын сездим.
Шерназар бул аруу сезим агымдарын поэ­зия дегендин "эреже, тартип", - деп, адабиятчылардын кагаз бетиндеги заң-закүн сыяктуу көрсөтмөлөрүнө баш ийбейт. Ыр түзүлүшү, саптардын жайгашып турушу, муун өлчөмдөрү эркин, каалагандай. Ошол опурталдай саптарда автордун алтымыш жыл бою эч кимге айтпаган жалгыздыгы, сүйүүсү, көңүл калуусу, туулган жеринин өксүтө сагынткан элеси, чачырап Борбор Азиянын ар кайсы бурчунда, бөтөн улуттун арасында күн көргөн боордошторубуздун боздогон үнү жатат.
Шерназардын ыр саптарын, ой-са­наа­ларын "эрежеде мындай эмес" деген алаң­­­­га­­­­­­­зар ойго батпай түшүнүшүбүз абзел. Кеп ыр түзүлүшүндө эмес, акындын жан дүй­­­нө­­сүнүн ый-күлкүсүн сезе билишибизде. Ал айтып жаткан зар, муң, кичинекей сезилген жоготуу менен сагынуулар, аруу сүйүү­­лөр, өксүүлөр бүгүнкү пенденин баарынын башында бар. Анда жан дүйнөңдүн шыбырын каалагандай ыр казалына салып, кагазга түшүрө бер, Шеке.
Төлөгөн МАМЕЕВ,
Кыргыз Республикасынын эл акыны

Зааминдик
Шүкүров
Мен дос үчүн таза жүрөгү менен күйгөн бир адамды көрдүм. Ал - Шерназар Шүкүров. Таланттуу акын, бир сырдуу жазуучу Абдыманап Жапаркуловдун көзү өткөндөн кийин 69 басма табак көлөмүндөгү эки томдукка барабар ырлар, поэмалар жана прозалык чыгармалар жыйнагын уктабай даярдап, чуркап жүрүп басмадан чыгарды. Ал эмгектер эртедир-кечтир өз баасын алып, адабиятыбыздан өз ордун табар күн алдыда. Анткени ошого татыктуу экенин билем.
1989-жылдары биздин "Кыргыз Туусу" гезитинде иштеп жүргөндө "Кыргыз көппү, жылдыз көппү?!" аттуу өзбекстандык кыргыздар тууралуу жазган публицистикалык макаласын ушу күнгө чейин унутпай, аңыз кылып айтып жүргөн окурмандар бар. Ал ошо журналисттик чебердиктин бир үлгүсү го. Болбосо гезит ишинде жакшы деген макала дагы бир нече жылдар айтылып калышы аз учурайт. Гезиттин өмүрү бир күндүк, эртеси эскирип калат эмеспи. Гезит деген учурдун жүрөгү, үнү, кулагы, көзү. А жогоркудай көп мезгилге эсте каларлык тагдыр айрым авторлорго гана буюрушу мүмкүн.
Шерназар акенин аябай мекенчил мүнөзү бар. Ал өзү ошол өзбекстандык кыргыздардан. Ошол жакта туулуп өскөн, бирок журналист катары дагы, жазуучу катары дагы сөз менен иштей келгенде мен деген таланттуулардан кыйла чебердиги байкалат. Кыргыз дегенде, улут дегенде күйгөндөрдөн. Анын тамашасы да кызык. Чымчып сүйлөп туруп, табышмактантып келип кемчилигиңди келекелегенге уста. Чылымын үйлөп алып, жүлжүйтө тиктеген көздөрүн күлүңдөтүп, какшыкты узат­канда качып кеткиң келет. Антейин десең ары жагы таза, тамашалап жатканын билип турасың да.
Кабинетине качан кирсең көк чай ичип олтурган болот. Кээ бирде чөп демдеп иччү. Анан бир ирет ушу "Кыргыз Туусунда" иштеп жүргөндө 23-февралда салт боюнча жигиттерди жамаатыбызда куттуктап, майрам өткөрөрдүн алдында дубал гезит чыгарып илип койдук. Анда майрамдык азилдер сүрөтү менен илинген эле. Сөзүн мен жазгам. Шерназар акенин сүрөтүнүн алдына:

"Эртең менен көк чай ичет,
түшкүсүн чөп чай ичет,
анда-санда "ак чай" ичет,
иши кылып көп чай ичет!" - деп жазып койдум эле. Коридорго чыга калсам Шерназар аке чылымын тиштеп алып окуп жаткан экен, коркуп кеттим. Өзү болсо: "Менин образымды ачкан турбайсыңбы, карындашым!" - деп күлдү.
Биздин муундун чыгаан акындарынын бири Карбалас Бакировдун "Шерназар Шүкүровго" деген сонун ыры бар. Ал мындай:
Төш кагып жок ал мактанган,
Түштүм деп түпсүз асмандан.
Айлансак аздык кылат ээ,
Унчукпай жааган ак кардан.

Бир-бирин алар жек көргөн,
Эмес эч, эмес жеп көргөн.
Күнөөсүз өсүү жагынан,
Үлгү алсак болот чөптөрдөн.
Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан.
Короодон түптүз асманга,
Кыйкырбай өсүп бараткан.
Шерназар аке башкаларга окшобогон мына ушундай бейнеси менен өзгөчө.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
акын, КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер


...Шер-Мухаммед Шүкүр - акын катары ачылып жаткандай...
Өзбекстандын Самаркан облусунан өзү­нүн мекени Кыргызстанга он сегиз жашында келген Шер-Мухаммед Шүкүрдүн жан дүйнөсүндө баары бир киндик каны тамган жерине деген зор сагыныч бар экени байкалат. Ошол сагынычын аздектеп, аяр сактап, кыска саптарын ичине бекиткен.
Абдыманап Жапаркулов, Эсенбай Калдаров жөнүндөгү бул "Эки досумду жоктоп" деген үч илтик ырындагы аккандыкка малынган арманды окуп, бул дүйнөнүн өлүм өксүгүнө өңгөчүңү тартып отуруп каласың. Айсбергдей төбөсү көрүнгөн төрт саптын түбүндө тонналаган армандар бар:
Жанымда - Атос, Партос досторум жок,
Үңкүйөм жалгыз жетим балага окшоп.
Көргөндөр боор толгоп карап өтөт,
"Боздогон бул Арамис кургур окшойт"...
Сүйүү темасындагы ырлары тууралуу да ушундай пикирдемин. Ошондуктан китеп басмадан чыккан соң ырларын окурмандар менен кошо окуп, өз пикиримди кенен айтууну ниеттенип турамын.
Карбалас БАКИРОВ,
акын, КРнын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер

Алыста калган сагыныч
Эркиңе койдум -
ээликкен жүрөк - эс ал сен.
Ээлигип кеттим -
сенсиз мен такыр жоголом.
Жүрөксүз адам -
сезимди күйгөн сезбеди.
Эх! Аттиң, арман!
өзүңсүз жалгыз кор болом, - деп, буулуккан сезимин эркин койсо, бир туруп:
Чарчадым бул жалганда -
аласам алалбадым,
бересе эч бир жанга
болгонум жок, - деп жашоодогу өз образын даана ачып берет. Деги эле Шерназардын ырлары форма жана мазмун жагынан да, тематикалык жактан да ар түрдүү.
Акын кайсы гана темага кайрылбасын, мейли туулган жеринеби, классташтарынабы, дүйнөдөн эрте көзү өткөн "Атос", "Партос" (Абдыманап Жапаркулов, Эсенбай Калдаров) аккан досторунабы - баары чын дилинен чыккан, жасалма эч нерсе жок. Ошондуктан болсо керек, айрым ыр саптары болгонун болгондой тизмектеп койгондой таа­сир калтырат. Ооба, Ш.Шүкүровду буга чейин кыргыз калкы белгилүү журналист, көркөм адабий котормочу, сөз өнөрүн ас­пиеттеген жазуучу катары күбүрөөк билчү. Бул жыйнак мындан ары анын ыр жандуу инсан экендигин да ырастайт деген ойдобуз. Чакан пикиримдин аягына курсташымдын өз сөзү менен чекит койгону турам:

Тажаба, тажаганча жазгын, балким...
Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун доценти, филология илимдеринин кандидаты





"АК БАС"
Жаз алдында Бакыт Мукулдун "Ак бас" аттуу жаңы кино тасмасы тартылып бүттү.
Кинотасманын өзөгүн учурдагы заман көйгөйүнүн оң, терс каармандары аркылуу элестүү тарткан. Ага "Адам-сен, жашоонун кожоюну болсоң, өз өмүрүңдү да, жакындарыңдын өмүрүн да сактап кал!" деген ачуу чындык негиз болгон.

Башкы карман Дамир-аферист, ал жашоонун ыгын билет, ойноп-күлөт, элди казиного азгырат… Алардын капчыгын кагып алат… Өзүн бул жашоо­нун кожоюну деп эсептейт. Дамирдин ташы өйдө кулап, эч качан кемибестей, арам оокаты аш болуп жүрө берчүдөй сезилет. Бирок, бир күнү баа­­ры теңирден тескери өзгөрөт… Капыстан ал чоочун адамдардын мыйзамына туш болот. Эми өзүнүн да, жакындарынын да өмүрү коркунучта.
Чиновник - мамлекеттик кыймылсыз мүлк фондунда иштейт, эки жылда 30 миллион сом жеген.
Ал эми студент - карыган энесин карабай кетип, компьютердик клубдан күнү-түнү чыкпайт. Мына ушундай турмуштун тескейлүү жагындагы жүрөк ооруткан окуялар сабак болуп, адамдарды кара нерсени эмес, ак жолго бас, ак бас деген чакырык ташталат.
Ролдорду Бакыт Мукул, Данияр Жанжигитов, Нурлан Салидинов, Жумабек Мадемилов, Атай Өмүрбеков, Юлия Первухина жана башкалар ойношкон.
Кинотасма 5-апрелден баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.
Б.БУЗУРМАНКУЛОВА

Сүрөттө: "Ак бас" кинотасмасынан кадрлар







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_11.htm on line 112