Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 2

Кеңеш ордо
Байкоочу кеңештен
майнап чыктыбы, натыйжа барбы?

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
Кыргызстандагы мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлгө алуу, коррупцияга бөгөт коюу, ачыктык, айкындуулук, демократиялык принциптерди ишке ашыруу максатында 2010-жылы экс-президент Р.Отунбаеванын жарлыгы менен коомдук байкоочу кеңештер (КБК) түзүлгөн. Өлкөдөгү коомдук байкоочу кеңештер институтунун түптөлүп иштешине
Кыргызстан аялдар конгресси да өз салымын кошуп келүүдө. Ага Сорос-Кыргызстан фондунун да жардамы тийип жатат. Айыл жана суу чарба министрлигинин КБКсынын төрагасы Качкынбай Кадыркуловдун, аталган КБКнын төрагасынын орун басары Жоомарт Жумабековдун, жооптуу катчысы Анвар Иманалиевдин, Кыргызстан аялдар конгрессинин мүчөсү Анара Исмаилованын жана журналисттердин катышуусунда
өткөн кереге кеңешти сунуштоону эп көрдүк.


Айыл чарба
кооперативдери
керек
Качкынбай Кадыркулов:
- Кыргызстанда айыл чарба реформасы жүргүзүлгөн жылдардан баштап, эксперттердин айтымында 600 миңге жакын майда, чоң дыйкан чарбалары пайда болгон. Булардын 50 пайызы катталган, калгандары үй-бүлөлүк чарбалар. Өлкөдө азыркы күндө 2 млн.го жакын уй, жылкы, топоз сыяктуу кара мал бар. Кой, эчки 6 млн.дун тегерегинде. Союз учурунда малчыларга жылына мамлекеттин эсебинен 2,5 млрд. доллар субсидия берилип турчу. Азыркы учурда өлкөбүздө жалпылап айтканда 4 млрд. сом берилип жатат. Бул дыйкандардын 7 пайызын да камсыз кыла албайт. Анын көпчүлүк бөлүгү совет кезиндегидей субсидия эмес, насыя. Чынында жеңилдетилген насыяны айыл өкмөтүндө иштегендер, райондун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери сыяктуу атка минерлер өз кишилери аркылуу алышат. Алар мамлекетке караштуу фонддун жерлерин алып, иштетип байышат. Чыныгы муктаж болгон жакыр дыйкандын баары эле жеңилдетилген насыяны ала албайт.
Бардыгын көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Мына, 2010-жылы айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдында 17 кишиден турган бай­коо­чу кеңеш түзүлгөн. Анын жарымына 2010-жылдан бери эле министрликке жарым-жартылай көз каранды болгон чарбалардын адамдарын киргизип коюшкан болчу. Биз министрликтин ишине баа берген, коомдук көзөмөлдөөчү орган эмес, ага баш ийген органга айланып кала жаздадык. Эки жарым жылдан бери биз министрликке бир нече сунуштарды берип, татыктуу жооп ала элекпиз. Ушул мезгилдин ичинде төрт министр алмашты. Кимисине көтөргөн маселебиз жакпай калса, байкоочу кеңешти ыдыратып, ичинен ириткенге аракет жасап келишкен. Көп жолу жыйыныбызды өткөрүп, ыркыбыз келишпеген алтоосун мүчөлүктөн чыгарганбыз. Бир мүчөбүздүн көзү өтүп кетти. Байкоочу кеңеш институтунун милдетин түшүнбөй кирип алгандар өздөрү эле арабыздан чыгышты. Азыркы күндө алтообуз калдык. Мисалы, жер-жерлерде техсервисдерди инфратүзүмдөрү менен уюштуруп, жөнөкөй дыйкандардын башкаруусуна берүү, дыйканга аларды башкарууну үйрөтүү керек деген сунушту берген болчубуз. Дүйнөнүн дээрлик көп мамлекеттеринде дыйкандар кооперативдерге, кээ бир учурда ассоциацияларга биригишет. Ал үчүн дыйканды салыктан беш-алты жылга бошотуп, окутуп-үйрөтүп, каражат бөлүп берүү керек эле. А жер-жерлердеги кичи насыяларды берүүчү компаниялар менен банктардын дээрлик баары жеке менчикке тиешелүү. Булардын дыйкандар менен кызыкчылыктары бир эмес. Азыр айыл жеринде жакыр жашагандар көп. Алар жалгыз үйүн күрөөгө коё алышпайт.
Фермерден сүттүн 1 литрин 15 сомдон, алыскы элеттик айылдарда атүгүл 9-10 сомдон сатып алышып, шаардын дүкөндөрүнө 30-45 сомго чейинки баада сатышат. Кайра иштетүү ишканасы деген аты эле болбосо, мындан ортомчулар пайда көрүүдө. Мен Европа мамлекеттеринин бир нечесинде болуп келгем. Ал жакта сүттү кайра иштетүүчү ишканалар малчылардын ассо­циа­циясына тиешелүү. Фермерлер өздөрү иштетип, баа саясатын да өздөрү аныкташат. Бери эле дегенде көзөмөлдөө укугу малчы фермерлерде болот.

Илим-изилдөө
институттары
баркталбай калды
Анвар
Иманалиев:
- Айыл чарбасына караштуу илим-изилдөө институттарын Билим берүү жана илим министрлигинен биротоло алып, кайрадан профилдүү министрликке бүтүндөй өткөрүп берүү керек. Аталган тармакта кыйла жылдар иштеген адис катары, мен өз сунушумду 2011-жылдын башында президенттик аппаратка, өкмөткө жөнөткөн болчумун. Ал эми ошол эле жылдын апрель айында Өкмөт менин сунушумду колдогон чечим чыгарган. Бирок, Өкмөт өзүнүн чыгарган чечиминин аткарылышына көзөмөл жүргүзбөдү. Илимий институттар союз учурунда Кыргызстандын мал чарбасында өзүнүн асыл-тукум малын арбытып, дыйканчылык үчүн үрөндүн сапаттуу, түшүмдүү сортторун өндүрүп чыгарчу. Мына ошол институттарда нечен жылдар бою тер төгүп эмгектенген илимпоздорубуз, не бир билимдүү илимий кызматкерлерибиз профилдүү министрлик үчүн да, Билим берүү министрлиги үчүн да кереги жок болуп, арабөк жолдо калгандай болууда. А чынында алар жасаган иш атамекендик илимдин алтын фондусуна айланууга татыктуу эле. Колдо бар алтындын баркы жок болду. Совет мезгилинде дыйканчылык, топурак таануу, мал чарба жана жайыт, экономика, андан тышкары ветеринария боюнча өз-өзүнчө бир нече илим-изилдөө институттарынын бүгүн кадыр-баркы мурдагыдай көтөрүлбөй, көңүл бөлүнбөй жатат. Булардын ар биринин тажрыйба сыноочу базалары бар эле. Бүтүндөй аталган тармакка канча адис талап кылынарын министрлик координациялап, аларды Скрябин атындагы агрардык улуттук университет окутуп берип турушу керек. Сапаттуу кадрларды даярдоону айыл чарба жана мелиорация министрлиги өзүнүн башкаруусуна албаса болбойт.

Дагы бир көйгөй. Биз 2010-
2011-жылдары кошуна Казакстанга өлкөбүздүн "Ак жол" чек ара бекети аркылуу агылган айыл чарба продукцияларын текшерип барып турдук. Экспортко кетип жаткан айыл чарба продукцияларынын бирөө дагы Бажы каттамынан өткөнүн көргөнүбүз жок. Аткезчилик гүлдөп гана турду... Ал кездеги айыл чарба жана мелиорация министри болуп турган Төрөгул Бековго бул тууралуу маалымат бергенбиз. Мамлекетке миллондогон каражат түшпөй калып жатты. Менин иликтөөм боюнча жылына 28,5 миңден ашык ири автоунаалар атамекендик дыйкандардын капуста, картөшкө, алма ж.б. жашылча-жемиштерин алып өтүшкөн. Биз ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик кызматтан канча машине сертификат алганын, алардын нечеси чек арадан өткөнүн же өтпөгөнүн тыкыр көзөмөлгө алуудан жогорудай тыянак чыгарганбыз. Ал жылы Өкмөт башчысы Ө.Бабановго чейин кат жаздык. Натыйжа болгон
жок.

Качкынбай
Кадыркулов:
- Азыркы күндө университет Билим берүү жана илим министрлигине карап калды. Ал эми агрардык улуттук университетке илим-изилдөө институттарынын баарын каратып койду. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги канаты жулунгандай болуп отурат. Кыргызстандагы эң кедей министрлик да ушул. Башка министрликтердин аппаратында иштегендердин айлык акыларына салыштырганда булардыкы кыйла аз. Адис­теринин аймактарды кыдыруусуна жол кире таап бере алышпайт. Калктын негизги бөлүгү дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен жан баккандыгына байланыштуу аталган министрликтин ролун чоңойтуп, кадырын көтөрүү керек. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн пикири боюнча айыл чарба жана мелиорация министрлигине агрардык улуттук университеттин өзүн жана ага караган илим-изилдөө институттарынын баарын кайрадан биротоло өткөрүп берүү зарыл. Өкмөт министрликтин түзү­мүн кайра карап жатканда ушунун баарын эске алышы керек болчу. Ошол эле учурда министрликтин бөлүмдөрү бюджеттен аз болсо да айлык акы алып жаткан соң, аларга милдеттерди да тагуучу учур
келди.

МТСтарды
уюштурууну
тездетпесе
болбойт
Жоомарт
Жумабеков:
- Айыл чарба тармагында көйгөйлөр өтө көп. Алардын бирине токтололу. Бүгүнкү күндө алынып келинген айыл чарба техникалары сакталып турат. Дыйкандардын көбү ал тракторлор үчүн 30 пайыз акысын өткөн жылкы күздө эле "Айыл банкына" төлөп коюп, тракторлорду жазгы талаа жумуштарына керек болгон учурда алып пайдалана албай жүрүшөт. Ал техникаларды сактап турган "Автомаш радиатор" ишканасына да дыйкандар акча төлөп, куру чыгымга кириптер болууда. Дыйкан жазгы айдоо убагы бүтүп кала электе, тракторду иштетип, чыгымынын азын болсо да жаап, пайдасын көрсө болот эле. Мына Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиев талап кылып жаткан, МТС - машина трактор станциялары уюштурулуп, тракторлорду кармап жатпай ошолорго берүү керек болчу. Техникалык тейлөөлөр уюштурулбай жатат. Дыйкандын өндүргөн айыл чарба азыктары боюнча маалымат борборлорун уюштурбаса болбойт. Жашылчанын кайсы түрлөрү, кайсы аймакта нече көлөмдө айдалганы боюнча маалыматтарды так жыйноо анча ишенерлик эмес. Кыргыз айылдарында жакырлар көп. Дыйкандар өндүргөн өз товарына ээ эмес. Себеби, аны эң арзан баада сатып алып, кайра кымбат соодалаган ортомчулардын күнү тууду. Тогуз ай бою талаада иштеген баба дыйкан күнүмдүк оокатына араң жеткидей каражат табат. Ал эми табият факторлору кедергисин тийгизген жылдары дыйкан банкротко учурайт. Айтор, айыл чарба министрлигинин милдетин кеңейтип, анын иштешине каражатты кенен бөлүүчү учур келди. Мамлекет менен жеке менчиктин кызматташтыгын өнүктүрүү программасы айтылган жерде калбаса. Азыркы учурда жер-жерлерде иш алып барып жаткан ветеринарлар да, дыйкандар да, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын дээрлик баары жеке менчикте. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, биргелешип иш алып баруунун ырааттуу механизмдерин иштеп чыгууну тездетүү
керек.

Коррупцияны
ооздуктоого
салымы бар
Анара
Исмаилова:
- Республикабызда Коомдук байкоочу кеңештер түзүлгөндөн бери Кыргызстан аялдар конгресси алар менен бир топ жумуштарды алып барууда. Мындай коомдук институттар өнүккөн мамлекеттерде небактан бери эле бар. Алар мамлекеттик органдардын иштерин сынга алып, көзөмөлдөп, кээ учурларда жардамдашып, урунттуу сунуштарын беришет. КБКнын мүчөлөрүнүн ар бир учур боюнча жеке көз карашынын болушун кадыресе эле кабыл алганыбыз оң. Кандай болгон күндө да булар коррупцияны ооздуктоого өз салымдарын кошуп жатышканын танууга болбойт.
Сүрөттөрү Н.Байжигитовдуку






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0409_10.htm on line 66