кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
9-апрель, 2013-ж.:


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр


Өзбекстандан 840 тонна жер семирткич келди

Ош шаарына Өзбекстандан 840 тонна минералдык жер семирткич алынып келинди жана ушул жылдын апрель айынын акырына чейин дагы 60 миң тонна минералдык жер семирткич келери күтүлүүдө. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен Өзбекстандын жетекчилигинин сүйлөшүүсүндө белгиленгендей, Кыргызстанга Өзбекстандан жалпы жонунан 200 миң тонна жер семирткич ташылып келинет.

Россиядан 20 миң тонна буудай

Кыргызстанга ушул тапта Россиядан 6 миң тонналык буудайдын экинчи партиясы келип түштү. Буга чейин 5 миң тоннасы келген. Тактай кетсек, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде аталган өлкөдөн бизге 20 миң тонна буудай кайтарымсыз түрдө берилип жатат жана калган бөлүгү ушул айдын аягына чейин алынып келинет.

Китеп окуган боюнча кыргыздар эң акыркы орунда...

Дүйнөдөгү эң окумал деп эсептелген француздар жылына орто эсеп менен 15 китеп окушса, кыргыздар жыл бою араң эле 15 беттен китеп окуп, эң акыркы орундардын биринде турушат. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министри С.Раев билдирди.

Окутуунун жаңы стандартын киргизүү каралууда

Кыргызстанда мектеп окуучулары китеп менен 70% камсыздалган жана мурдагы жылга салыштырмалуу өсүш 21%ды түзгөн. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Камила Талиева билдирди. Ал бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн мектептериндеги билим берүүнүн төмөнкү сапаты тууралуу сөз кылып, бул көйгөйдү комплекстүү түрдө чечиш керектигин белгиледи. "Мындан тышкары Өкмөт жалпы билим берүү мекемелеринде окутуунун жаңы стандартын киргизүүгө да көңүл бурууда", - дейт К.Талиева.

Экономикада өсүш бар

2013- жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасында өсүш бар экендигин Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев билдирди. "2013-жылдын январь, февраль айларында өнөр жай, курулуш тармагында жогорулоо бар, бул тармакта 21,8 жана 5,6 пайыздык жогорулоо катталды", - дейт З.Чокоев.

Өз маалыматтарыбыз




Бекер жарыядан береке тап
Урматтуу окурман!

Эгерде Сиз өз мүлкүңүздү сатууга коём десеңиз же бир нерсе сатып алам десеңиз, "Кыргыз Туусу" гезитине телефон аркылуу суроо-талабыңызды айтып койсоңуз эле болду. Мындан ары "Кыргыз Туусу" гезити жеке адамдардан түшкөн алуу-сатуу жарнамаларын гезит бетине акысыз жарыялап турат. Жарыя берүү үчүн 66-01-22, 62-20-32, 62-20-29 телефондоруна чалып, тийиштүү жарыянын мазмунун айтып, жаздырып коюу гана жетиштүү. Ошондой эле аймактардагы өз кабарчыларыбызга кайрылсаңыздар да болот: Ош шаарында - Төлөнбай Абдразаков, тел. : 0773792117 ; Жыпар Акунова, тел.: 0555 359592 ; Баткенде - Гүлчехра Тажи­баева, тел.: 0773 124013 ; Жалал-Абадда - Орозалы Карасартов, тел.: 0770 810032 ; Нарында - Күмөндөр Усуптегин, тел.: 0772 435677; Таласта - Козубек Иманкулов, тел.: 0772 655905 ; Караколдо - Жээнбай Түрк, тел.: 0555 320769 ; Чүйдө - Болот Жумагулов, тел.: 0772267251 . Бар­дыгы­ңыздарды кызматташууга чакырабыз.













??.??