"Кыргыз туусу", 05.04.13 "Мыкты шаар" сынагына
Балыкчы шаарынын мэри Мирлан БООБЕКОВ:
"Шаарды өнүктүрүүгө бардык шарттар бар"
Балыкчы шаарын мурда экономикасы төмөндөп, эли жакырчылыкка кабылган шаар катары баалаган саясатчылар, оппозициячыл топтор чыккандыгы жашыруун эмес. Шаардын экономикасы төмөндөп кетти деген аттуу-баштуу, билимдүү адамдар абалды саясий куралга айлантып, шайлоолордо бийликке каршы упай топтоого аракеттенген учурлар да болгон. Бирок, Балыкчы караманча эле сызга отуруп калбагандыгын, анын келечеги кеңдигин кийинки мезгилдеги ынтымактуу эмгек, саясаттын оң-тетирин туура таанытып, түзүлгөн кырдаалга реалдуу баа бердирген саясий-идеологиялык биргелешкен иштер аныктады. Мага 2010-жылы 7-апрелдеги элдик революциядан кийин Балыкчы шаарынын мэринин милдетин аткаруу жүктөлдү. Ал жылы шаар элинин жаңы бийликке ишеними артып, жакшы тилек, үмүттө турган кези болчу. Өнөр жайы төмөн, "өлүк шаар" атка конгон Балыкчынын экономикасын, элдин социалдык турмушун көтөрүү эл менен биргелешип иштөөнү, ар бир маселени ачык айтып, кеңешип аткарууну талап кылды.

Даярдаган
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Белгиленгендер
аткарылды

Шаардын 2010-2012 жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-планы иштелип чыгып, ал коомдук талкууга коюлуп, шаардын бюджетин кабыл алууну да коомдук угуунун негизинде шаардык Кеңештин депутаттарынын кароосуна сунуштоону салтка айланта баштаган элек. Ар бир иште элдин ишенимине кирүү, ак, так, жоопкерчиликтүү болуу башкы милдетим болду. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу багытында шаардагы өндүрүштүк тармактарды жандандырууга көңүл бөлдүм. Жалпы ишкана-мекемелер, уюмдар, кичи жана орто бизнестин өкүлдөрү, ошондой эле жеке ишкерлер менен бирдиктүү иштөөнү кеңейттик.
Учурда шаарда 15 өнөр жай, 2 курулуш мекемеси, 3 транспорттук, 325 орто жана кичи бизнес ишканалары, 6 коммуналдык тейлөө жана байланыш мекемелери иш алып барууда. Алсак, "Каухар-Таш" акционердик коому 33,5 млн. сомдук продукция өндүрүп, өткөн жылга салыштырмалуу 143,9 пайызга өсүүнү камсыздады. "Ак-Кеме" акционердик коому 20,3 млн. сомдук продукция өндүрүп, өткөн жылга салыштырмалуу 231 пайызга өстү.
Ошондой эле "Полимер-К", "Азия Торту", "Шамиль", "Испытатель БСУ", "Каракол" эркин экономикалык аймагы берилген план-тапшырмаларын ашыра аткарышты. Шаарыбыздан чыгарылган товардык продукциялар Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлүп келаткан жарманкелерге коюлуп келатат.
Шаардагы токтоп турган ишканаларды иштетүү үчүн "Кыргызинвест", Сауд Аравиясы Королдугундагы "SITAF" соода компаниясына, Япония мамлекетине, USAID жана башка инвестициялык компанияларга долбоорлор даярдалып, жөнөтүлдү. Мындан сырткары өкмөттүк деңгээлде чечиле турган өнөр жайына байланышкан маселелер да жок эмес.

Каржы маселеси
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Балыкчы шаардык башкармалыгы тарабынан мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2011-жылга план-тапшырмасы 133 млн. 822 миң сом болсо, анык мамлекеттик бюджетке 135 млн. 944 миң сом түшкөн, же план-тапшырма 101,6 пайызга аткарылган.
2012-жылдын план-тапшырмасы 101,5 пайызга аткарылган, тактап айтканда, план-тапшырма 164 млн. 805 миң сом болсо, анык мамлекеттик бюджетке 167 млн. 342 миң сом түшкөн. 2011-жылга салыштырмалуу бюджетке салыктар жана жыйымдар 2012-жылы 31 млн. 397 миң сом ашык топтолуп, өсүү ыргагы 123 пайызга жогорулаган. Ал эми 2012-жылга жергиликтүү бюджеттин план-тапшырмасы 68 млн. 675 миң сом өлчөмүндө берилсе, анык бюджетке 73 млн. 064 миң сом түшүп, план 106,4 пайызга аткарылды жана 2011-жылга салыштырмалуу, 16 млн. 609 миң сом ашык түшүп, өсүү ыргагы 129,4 пайызды түздү.

Спорт комплекси
курулат

Балыкчы шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы пландагы 1 млн. 200 миң сомдун ордуна 1 млн. 317 миң сомдук жумуштарды аткарып, план тапшырмасы 108 пайызга орундатылды. 2012-жылы Башкармалык тарабынан 7-апрелде каза болгондордун, улуу манасчы Саякбай Каралаевдин жана "Балбай баатырдын" эстеликтерин шаарыбызда орно-
туу максатында "Бирдиктүү отурум" республикалык сүрөтчүлөр сою­зунун катышуусу менен ушул айда болгону жатат. Буюрса, эстеликтерге жер тандалып, иш башталат. А.Салымбековдун демөөрчүлүгүнүн астында Парковая-Фрунзе-Зеле­ная көчөлөрүнүн аймагына жайгаша турган ачык спорттук комплекс­тин долбоору иштелип чыкты.
"Ысык-Көлдү туруктуу өнүктү­рүү" долбоорунун негизинде он орто мектепке ички дааратканалардын суу жана канализациялык акыбалдары аныкталып, инженердик-техникалык, архитектуралык пландоо шарттары, жер аянттарынын пландары камдалып, мектептердин техникалык паспорттору түзүлдү жана толук иш-кагаздар долбоордун жетекчилигине жөнөтүлдү. Долбоор тарабынан реабилитация боло турган 5 бургулоочу жерлер аныкталып, бүтүмдөрү камдалды.
Жеке менчик там курууга Гагарин, Алиева, Сары-Булак, Кумтөр көчөлөрүнүн топографиялык чиймеси чийилип, башкы планы даярдалууда. АРИС тарабынан кичи шаарларды өнүктүрүү долбоорунун негизинде 40 миң долларлык сертификатка ээ болдук. Ушул долбоордун негизинде шаар ичинде эки даана балдар ойноочу жай жана бир кичи футболдук аянтча курулат. Балыкчы шаарынын аянтын 5 миң гектарга көбөйтүү максатында иштер аткарылды. Азыркы тапта Жогорку Кеңешке керектүү иш-кагаздар бекитүү үчүн жиберилди.

Тазалыкты сактоо маанилүү

Шаарыбызды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо муниципалдык ишканасы тарабынан көчөлөр "Ысык-Көл өнүк­түрүү" фондусу тарабынан берилген 7 млн. 131 миң сом кара­жатка көрктөндүрүлдү. Брусчаткалар төшөлүп, суу чыгарылып,
жашылдандырылып, гүлдөр, бак-дарактардын, карагай, арчанын көчөттөрү отургузулуп, элдин эс алуучу гүлзарына айланды. Тейлөөнүн сапатын жогорулатуу үчүн АРИС программасынын алкагында жалпы баасы 4 млн. 700 миң сомдук техникалар, 3 даана атайын таштанды чогулткан автоунаа алынды. Жылдын жыйынтыгы менен 8 миң 400 м3 таштанды чыгарылды.
Азия Өнүктүрүү Банкынын "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоорунун негизинде 1 млн. 773 миң сомду түзгөн 180 даана таштанды контейнерлери шаар ичине орнотулду. Ошондой эле долбоор боюнча 2 млн 959 миң сомго Фрунзе, Аманбаев, Олимпийская көчөлөрүнө заманбап электр жабдуулары орнотулуп, электр зымдары жаңыртылды.
Бир катар көчөлөр (4061 м2) жол толугу менен асфальтталды, шаар ичинде жол чуңкурларын оңдоо иштерин жүргүзүүгө 728,9 миң сом сарпталды. Жаңы курулган мечиттин алдындагы жер аянты асфальт­талды. Шаарда 278,2 миң сомго жол белгилери чийилди, 396 даана жаңы жол белгилери 984 миң сомго орнотулду, 5 көчөнүн кесилишине 2 млн. 400 миң сомго светофорлор орнотулду. Жылдын жыйынтыгы менен 1127 даана жол чырактары алмаштырылды.
1 млн. 34 миң сомго 18 орундуу бир кичи автобус жана бир атайын техника 1 млн. сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынды. Брусчатка чыгаруучу цех ишке киргизилип, Фрунзе көчөсүнүн тротуары төшөлүүдө. Фрунзе жана Ж.Аманбаев көчөлөрүнө жарык берүүчү чырактардын зымдары 1 млн. 640,8 миң сомго жаңыртылып, Олимпийская көчөсүнө эки жактуу 1 млн. 259 миң сомдук жаңы линия орнотулду.
Көп жылдан бери каналдарга көңүл бурулбай, суу чыкпай калгандыктан, 3,5 чакырым аралыктаргы канал тазаланды. Бактарды жана жол жээктерин актоо үчүн мекеме-ишканаларга 4250 кг. акиташ 85 миң сомго алынып, бекер таратылды.

Суу тармагы жаңыланат

"Суу түтүкчөлөр" муниципалдык ишканасы тарабынан "Ысык-Көлдү туруктуу өнүк­түрүү" долбоору аркылуу шаар
боюнча 5 бургуну толук тазалоого 1 млн. 200 миң сомдук иш аткарылды. Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы тарабынан 1 млн. 600 миң сомго ыплас сууларды тазалоочу жайда биокудуктардын жээгин көтөрүү менен лотоктор алмашылды. 5 млн. сомго 26 чакырым суу түтүгү алынып, эскирген жер алдындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүп жатат.
Таза суу 11 чакырымдан терең­диктеги насостор аркылуу электр кубаты менен сордурулуп, шаарга жеткирилгендиктен шаар элинин сууга төлөмү дагы өсүп кеткен. Шаардыктарга сууну арзан баада берип, шаар бюджетинен каражат каралып келгендигине карабастан сууну шаарга жеткирүүгө кеткен чыгым өзүн актаган жок. Ошондуктан дебитордук карыз өсүп келет. Шаар ичинде арык түйүнү жок болгондуктан жашыл тилкелер таза суу менен сугарылып, маселе жаратууда.
Элди суу менен камсыз кылуу­да иштеп жаткан насосторго чоң өлчөмдөгү электр энергиясы сарпталып, азыркы тапта ишкананын электр энергияга болгон карызы өсүп келүүдө. Ошого байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу максатында долбоор иштелип чыгып, "Калмак Ашуу" суу каналын куруу маселеси келип чыккан. Бул маселе 1965-жылдары эле көтөрүлүп, ар кандай себептер менен ишке ашпай келген.
"Калмак-Ашуу" суу каналын куруу үчүн жалпы эсеп менен 41,5 млн. сом сарпталып, курулуш иштери бүткөзүлдү. "Суу түтүкчөлөр" ишканасына Азия Өнүктүрүү Банкынын "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" долбоору аркылуу 147 миң долларлык заманбап трактор, 97 миң долларлык кран-мани­пулятор, 111 миң долларлык атайын унаа алууга жетиштик.
Андан сырткары борбордук агынды түйүнүнүн насостук станциясы толугу менен жаңы курулат. Насостук станциядан кийинки 6 чакырым агынды түтүгү, 2 чакырым таза суу түтүгү алмаштырылат. Ал эми 32 чакырымды түзгөн, жаңы 1000 кардар кошула ала турган агынды түтүктөр орнотулат. 3000 суу эсептегич кардарларга бекер орнотулуп берилет.

Муктаж адамдарга
жардам көрсөтүлөт
2012-жылы шаарда 10684 короо болсо, 9735 үй-бүлө же 91,4 пайызы иликтенип, жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 17,6 пайызды түздү. Эгер 2011-жылы 2106 жакыр үй-бүлө катталса, 2012-жылы 1883 үй-бүлөнү түзүп, жакырчылык 10,5 пайызга кыскарды.
Жакырчылык кантип 10,5 пайызга кыскарды? - деген суроо туулушу мүмкүн. Муну чечмелесек, анда жакырчылыкты кыскартууга шаардын бюджетинен 4352 адамга 28 млн. 534 миң сом, ал эми демөөрчүлөр тарабынан 17 млн. 820 миң 490 сом жардам көрсөтүлгөндүгү менен түшүндүрсөк болот. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 60 багар-көрөрү жок карыларга, 47 Афган ардагерлерине, Чернобыль авариясына катышкандарга, каза болгон 56 үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгүн жашырууга, 37 кургак учук менен ооругандарга, дарыгерлердин жана мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүнө, согуштун 13 катышуучусуна, оорукта эмгектенген 17 ардагерге, "Нооруз" майрамын өткөрүүгө, 101 адамга таш көмүр түшүрүп берүүгө, 46 тоголок жетимге жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, майыптар коомдоруна - бардыгы 2 миллион 474 миң сом бөлүнгөн.
Мына ушул каражаттын ичинде ичүүчү суу үчүн 431 дарыгерге 336 миң сом, билим берүү бөлүмүнүн 760 кызматкерине 588 миң сом, 413 медкызматкердин таштанды төлөмдөрүнө 165 миң сом, 756 билим берүү кызматкеринин таштанды төлөмдөрүнө 300 миң сом - бардыгы 1 млн. 391 миң сом берилген. Мэриянын коомдук "Бакубат" фондусу аркылуу 76 жакыр үй-бүлөгө 152 миң сомдук пайызсыз майда насыялар берилип, турмушун оңдоп алышты.
Ишкана-мекемелердин жетекчилери жана демөөрчүлөр тарабынан бардыгы 308 миң 300 сомдук жардам көрсөтүлгөн. Мында ишкер Мирлан Көкөевдин, шаардык Аялдар Кеңешинин жана "Мегаком" компаниясынын, ОсОО "Газпром нефть Азия", ОсОО "Нурнефтигаз", ОФ "Данко", ОО РЦП тармактарынын кошкон салымдары арбын болду.

Аткарылчу иштер, көйгөйлөр

Учурда негизги милдеттердин катарына жеке менчикке сатылып кеткен, токтоп турган ишкана-мекемелердин ишин жандандыруу үчүн ички жана тышкы инвестицияларды арбын тартууга жетишүү болуп саналат. Ошондой эле шаарда туризмди өнүктүрүүгө маани берүү зарыл. Анткени шаа­рыбыз көлдүн башталышы жана облустар аралык байланыштардын түйүнү болгондуктан, туризмге абдан ылайыктуу.
Таза суу шаарга 13 чакырым алыс­-
тыктан электр кубатынын күчү менен жеткирилет. Бул маселе "Сары-Булак" суу каналынын курулушу менен чечилмекчи. Бирок, шаардын суу түтүкчөлөрүн пайдаланып келаткандыгыбызга 50 жылдан ашып, эскирип, чирип, пайдалануудан чыгууда, ал эми сууну жоготуу 45 пайызды түзүүдө. Учурда аралыгы 160 чакырымдагы эскирген суу түутүкчөлөрүн алмаштыруу зарыл. Бул да бир топ каражатты талап кылып жатат жана мамлекет тарабынан маани берсе деген ойдобуз.
Шаарыбызда төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө, ал эми бала-бакчалар жетишсиз. Быйыл жаңы орундар ачылды, жакында 200 орундуу жаңы бала бакчаны пайдаланууга беребиз. Ошентсе да заманбап жаңы бакчаларды куруу негизги маселелерден.
Шаарда жаңы базарды куруу маселеси бышып жетилди. Эми долбоор боюнча 14 млн. сомго бааланган жаңы базарды курабыз. Эгемендүүлүк алганы шаарда бир дагы турак-жай курулган эмес. Токтоп турган 31 млн. 500 миң сомдук 40 батирлүү үйдүн курулушун аяктоого аракеттер башталды. Курулушу аяктаса мугалимдерге, медициналык кызматкерлерге, багар-көрөөрү жокторго, көп балалууларга жана башка социалдык абалы начар үй-бүлөлөргө турак-жай берилмекчи. Шаарда билим берүүгө, маданият, спортко, саламаттыкты сактоого ж.б. тармактарга байланышкан маселелер ырааттуу чечилүүдө.
Биздин милдетибиз белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашыруу менен шаардыктардын жашоо-турмушун жеңилдетүү экенин
дайыма эстен чыгарбайбыз жана ал үчүн талбай аракеттенбиз.