Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_5.htm on line 2


п»ї

Музыка туусун желбиреткен Калый Молдобасанов
Айша АЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
Кайсы элде болбосун аны алыска таанытып, өнүгүп-өсүүсүнө өбөлгө болгон - бул маданият. Маданияты өскөн эл түбөлүктүү. Кыргыз классикалык музыкасына зор эмгек сиңирген алп талант Калый Молдобасанов элибиздин сыймыгына айланган. Андыктан маданияттын очогу болгон Кыргыз улуттук консерваториясына Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Эл артисти, композитор Калый Молдобасановдун ысымынын берилиши элибиз үчүн чоң кубаныч болду.


Албетте, буга чейин коомчулукта ар кандай ойлор болуп, эки жактуу пикирлер жаралып келген. Бирок бардык нерсени ынтымак гана жеңери белгилүү. Жакында Кыргыз улуттук консерваториясында чоң салтанаттуу кече болуп өттү. Кечеге катышкандар Калый Молдобасановдун чыгаан музыкант, мыкты педагог, адамгерчилиги бийик зор талант болгондугун белгилешип, залкардын жаркын элесине таазим этип турушту. Өкмөттүн атынан вице премьер-министр К.Талиева, Маданият, туризм жана маалымат министри С.Раев, Кыргыз Эл Баатыры Б.Жакиев, чыгаан композитордун туугандарынын атынан М.Базаркулов жана башкалар чыгып сүйлөштү.
- Консерватория - классикалык билим бере турган окуу жай. Ал искусство институту менен эч качан кошулбайт. Анткени экөөнүн багыты эки башка. Биз, баарыбыз музыкага кызмат кылып жаткан адамдарданбыз. Консерваторияга Калый Молдобасановдун ысымынын ыйгарылышы биз үчүн чоң төлгө болуп саналат. Молдобасановдой таланттуу адамдарыбыз көп болсун дейбиз, - деди С.Раев.
Ал эми Кыргыз Эл Баатыры Бексултан Жакиев: "Маданият - зор дайра. Дайра соолубас үчүн ага майда дайралар кошулуп турушу керек. Кыргыздын дайрасына "Манас" дайрасы, Токтогулдун, К.Молдобасановдун, Н.Давлесовдун дайрасы кошулду. Бул дайралар элди сергитип, улуттук аң-сезимди даңазалап турат. Бул дайрага тоскоол болгон башка нерселер бар. Алар: коррупция жана дүнүйөкорлук. Булар булгабаш үчүн биз ушундай руханий дайрабызды көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бир ящик арак, бир ящик коньяк менен аты кою­­луп кеткендер бар. Ушундайлардан алыс бололу. Ошондуктан Кыргыз улуттук консерваториясына Калый Молдобасановдун ысымы коюлганына чексиз сыймыктанабыз", - деп ыраазылыгын билдирди.
К.Молдобасановдун туугандарынын атынан чыгып сүйлөгөн Мукаш Базаркулов улуу инсандын атак-даңкка берилип, эч качан бой көтөрбөгөнүн, анын өтө жөнөкөй болгондугун белгилеп: "Калый Социалисттик Эмгектин Баа­тыры" деген значокту салтанаттарга барганда тагынып барып, чыкканда чөнтөгүнө салып койчу. Жөнөкөй, карапайым жүргөндү абдан жактырчу. Калыйдын көзү өткөнүнө алты жыл болду. Маданиятты жоготуп коюш оңой, ал эми аны сактап калыш өтө кыйын. Ошондуктан Консерваториянын жамаатына ыраазыбыз. Анткени ректор Муратбек Бегалиев чет мамлекеттер менен байланышып, алардын мыкты жактарын кыргыз музыкасына пайдаланууда. Туугандарынын атынан бардыгыңыздарга ийгилик каалайбыз", -
- деди.
Өнөрдөн бакыт издеген адамдарды тарбиялап, улуу инсандын ысымын алып жаткан Консерваториянын жамаатынан элибиз көптөгөн жакшы нерселерди күтөт жана аларга изги тилектерди жолдойт.




Китепти окугандан кийин
Мелис
Мырзакматов
издеген
чындык
Мелис Мырзакматовдун "Мен издеген чындык" аттуу китебин колума алып, бир дем менен окуп чыктым. Анткени жаран катары Ош окуясы боюнча ичимде кайнаган көп суроолор тынчтык бербей, ушуга чейин тумандап ачык жооп таба албай жүргөм.

Өз көзүң менен көрбөгөн соң, андай-мындай деш кыйын. Мына ушундай чын ниеттен жазылган эскермелер гана чындыкка тутка болуп бере алат. Муну жон териси менен сезген Мелисбек мырза болгонун болгондой, ийне-жибине
чейин таамай айтып бериптир. Эгерде жасалма маалыматтар, куру сөздөр болгондо, берилип окуурумду кудай билет. Көптөн бери китепти мынчалык тез аралыкта кызыгуу менен окуп чыга элек болчумун. Айрым жеринде кадимкидей муунуңду бошотуп, өксүтүп, заманаңды кууруп жиберген окуя­­-
лар коштоп жүрүп отурду. Оозунан сөзү, колунан иш келген адамдын жөн гана башынан өткөн окуяны айтып берүүсү ушундай болот. Эч нерсе жасабаган адам эмне деп сүйлөрүн билбейт эмеспи.
Ошко барып же Оштон келген туугандар менен сүйлөшүп калганда, бардыгы бир ооздон Мелис Мырзакматовдун эл үчүн жасап жаткан иштерин мактаныч кылып айтып, ыраазычылыгын билдирип, көздөрүнөн учкун чачырап кеткенин көп байкадым. Элдин мактоосуна арзыган жигитти ушул кезге чейин уга да, көрө да элек болчумун. Ошондон улам, Мелис мырзаны көргүм келип, кандай адам экенине кызы-
гуум күчөп жүргөн күндөрдүн биринде Ошко барып калдым. Баягы өзүбүздүн көнгөн адатка салып, Мелис мырзага жолуктуруучу тааныш издей баштадым. Бирок, жолугушуунун ушунчалык оңой, анан жөнөкөй болорун билген эмесмин. Болгону мэрдин имаратынын кире беришине эртең менен саат 8ден өткөндө келип калышым керек экен. Шашып келсем, күткөн эл көп. "Бүгүн кабыл алуу күнүбү?" деп сурадым, ошол жерде иштеген бирөөдөн. "Бүгүн эле эмес, күнүгө ушундай" деди. Ошол маалда Мелис мырза кирип келип, эшиктин оозундагы милиция олтурчу столго жайгашып отурду да, эл менен бирден сүйлөшүп, маселени кунт коё угуп, өзүнө тиешелүүсүн өзү алып, тармактарга тиешелүүсүн ошол жерден эле артында тизилип турган орун басарларына дайындап жатты. Көрсө, орун басарлары дагы эрте келип, туруп калышат экен. Муну иштин жүрүшүндө байкадым. Ошол жердеги жыйырмадай адамдын суроо-өтүнүчү бүткүчө кызыгып, алыстан карап турдум. Өзү сүрдүү көрүнгөнү менен кары-картаңды сыйлап, аларды өз адамындай кабыл алып, мээримдүү карай акыбалын сурап, алардын өтүнүчүн түшүнүүгө аракет кылган дилгирлигине ичиң жылыйт экен. Адамдардын жүзүнөн таянар тоосуна, ишенген адамына келгени, айткан арызы оңунан чечилерин сезгени билинип турду. Күнүгө саат сегиз жарымдан тогуз жарымга чейин ушинтип эл менен жолугуп, алардын ал-акыбалынан кабар алгандан кийин гана өз бөлмөсүнө чыгып ишин улайт экен. Элдин аягында мен дагы маңдайына барып отуруп, элдин уулу атанган мырзага ыраазычылыгымды билдирип, жаза барган ырымды сунуп, ишине ийгилик каалап кайттым. Бул жолугушууда "Мен издеген чындык" китебиндеги окуяларды эстедим. Эстедим да, китеп чын ниеттен жазылганына ишендим. Анткени, мен бул жигиттин бир сааттык ишинен эле элдин кызматына жараган жигит экенине көзүм жетти. Азыр Мелисбек Мырзакматов сыяктуу элге күйгөн жигиттер элдин бактысын ачат. Өксүгөн элге өбөк болуу Мелис сыяктуу гана мырзалардын колунан келет. Ылайым кас санаган пас болсун, казынаң толо аш болсун, эл артыңдан ээрчип, Теңир өзү колдосун!

Сонунбүбү КАДЫРОВА,
тележурналист




Дубандардан эмне кеп?
Өз кабарчыларыбыз кабарлашат
ЫСЫК-КӨЛ
Уурулар кармалды,
"тегерек үстөлдө" талданды
Облустук ички иштер башкармалыгында өткөн "Тегерек үстөлгө" чакырылган жергиликтүү бийликтерден, коомчулуктан жана ветеринария тармагынан чакырылган өкүлдөр учурда элет жеринин башкы көйгөйүнө айланган мал уурулук маселесин ар тараптан талкуулашты. ОИИБдин кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги Тилек Түкөбаев Көл өрөөнүндө 2008-2012-жылдар аралыгында болуп өткөн кылмыштуу мал уурулуктун бир катар далилдерине, алардын олуттуу себептерине кеңири токтолду. Беш жыл мурда мал уурулук менен кармалган 174 кишиге кылмыш иши ачылса, кийинки эки жыл ичинде 78 уюшкан уурулар тобу колго түшүрүлгөн. Ал эми айылдык жашоочулардын короолоруна кирип барып колдон талашкан окуялар 66дан 91ге чейин өскөн.
Мындай уурулукка кеңири жол ачкан башкы себептердин бири - азыр малга справкалардын уурулар каалагандай эч кандай каттоолорсуз берилип, ошондон улам уурдалган мал колдон колго өтүп, базарларда тирүүлөй же союлуп, касапчылар аркылуу сатылып, кылмыштын изи көп учурларда ың-жыңсыз жашырылып келатканы баса белгиленди. Ошондон улам, мындан ары сатыкка чыккан малга бирдиктүү үлгүдөгү талон жазылып, анын ар бирине мал катталган дареги боюнча ички иштер башкармалыгынын кылмыш издөө бөлүмүнүн мөөрү басылып, жооптуу кызматкеринин колу коюла турган болду.

Жээнбай ТҮРК


Талас
Роза Отунбаева
Талас районунун эли
менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева жана коомдук ишмерлер Талас райо­нунун Көк-Ой, Кара-Ой жана Сасык-Булак айылдарынын жашоочулары менен жолугушушту. Жолугушуу учурунда Роза Отунбаева мектепке чейинки жана мектеп окуучуларын татыктуу тарбиялоого, аларга терең билим берүүгө багытталган өз ойлорун ортого салды. Роза Отунбаева кичинекей бөбөктөр үчүн бала бакчалар өтө эле аздык кыларын, болгону 10 пайызга жакын гана бөбөктөр бала бакчаларга барарын, балдар үчүн адабий китептер да сейрек чыгып жаткандыгын белгилеп кетти. Ошондуктан аталган коомдук фонддун демилгеси менен республикада "Бөбөк ыры" деген сынак жарыялангандыгын, анын жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна - балдар күнүнө карата чыгарыла тургандыгын айтып өттү.
Ошондой эле Роза Отунбаева жергиликтүү тургундардын "Жерүй" алтын кенин иштетүү боюнча суроолоруна жооп берди. Эгерде бардык экологиялык коопсуздуктар сакталса, элдин ден соолугуна, жаратылышка зыяны тийбесе анда алтын кенди иштетүү керек деген сунушун айтты. Ансыз деле 83 пайыз дотацияда турган Талас эли үчүн тоо-кен өндүрүшүн иштетүү зарыл экендигин билдир-
ди.
Экс-президент Роза Отунбаеванын Таласка болгон иш сапарын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева коштоп жүрдү. Албетте, бул жолугушуу учурунда айрым адамдар тарабынан ача пикирлер да айтылбай койгон жок. Мисалга айрымдар "Жерүй" алтын кенин иштетүү али эрте экенин, аны кийинки муундар деле иштетип алышат деген ойлорун айтышты.
К.ИМАНКУЛОВ




Ош
Насыялар берилүүдө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарына берилүүчү акчалай насыялары Кара-Кулжа районунда тездик менен берилүүдө. "Айыл Банкынын" Кара-Кулжа айылындагы филиалы аркылуу учурда 46 фермерге 10 млн. 565 сом берилген. Мындайча алганда, ар бир фермер 230 миңден насыя алышкан. Ушундай эле насыялар "РСК Банкынын" Кара-Кулжа айылындагы филиалы тарабынан да берилип, учурда 2 млн. сом насыя быйылкы жазгы талаа жумуштарына жана мал чарбачылыгына берилген.

Коррупция - Кара-Кулжада
Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясында коррупция маселеси каралды. Мында 2012-жылдагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир топ айыл өкмөттөрүндө бюджеттик акчаларды өз нугунда пайдаланбай кымтып калууга жол берилгендиги катуу сынга алынды. Коюлган маселе боюнча айыл өкмөттөрүнүн жана мекеме, уюмдарынын иштерине терең баа берилип алардын айрымдарына кылмыш иши козголгондугу, учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды. Мындай кемчилдиктерге Кеңеш, Капчыгай, Чалма, Кызыл-Жар айыл өкмөттөрү жол бергендиктери үчүн коллегия тарабынан өз баасын алды.
М.Жуманазаров




БАТКЕН
"Кыргызстанда саясат маданияты"
кандай болуш керек?
Өткөн жумада Лейлек районунда жаштар үчүн "Кыргызстандагы саясаттын маданияты" аттуу темада семинар өткөрүлдү.
Иш-чара Бишкек шаарынан келген жаштар демилгеси болгон "Политмер" маалыматтык борбору тарабынан уюштурулду. Алардын негизги максаттары - бүгүнкү күндө мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктер менен элдин ортосундагы мамилелерди аныктоо болчу. Ошондой эле, аталган уюм саясатчылардын убадалары боюнча мониторинг жүргүзүү менен, алардын аткарылышын көзөмөлдөө болот.
Гүлчехра Тажибаева






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
5-апрель, 2013-ж.:










??.??