Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_3.htm on line 2


п»ї

Эртең күн
тийсе - ошол силерсиңер!
Тарыхта канчалаган кандуу окуялар болуп өтпөдү. Бирок карап көрсөң, ошолордун көпчүлүгү айрым бир жеке адамдардын, эл башчыларынын осол иш-аракетинен, өзүнүн күч-кубатын ашкере баалаган дымагынан келип чыккан өңдөнөт.


Ошондуктан мындан үч жыл мурунку нечен ата-энелерди, сүйгөн жарларын, алмончоктой балдарын кан какшатып, кыргыз калкынын тарыхында кара так катары калган кандуу окуяга сереп салып, эскерип туруу биздин атуулдук парзыбыз. Бүгүнкү күнгө чейин "Эмне үчүн мындай болуп калды, башкача кылууга болбойт беле, ким күнөөлүү, ким жооп берет? - деген суроолор кабыргабызды кайыштырып кырынан коюлуп келет.
Ал ортодо айрым бир оозуна алы жетпеген саясатчылар ичтеринен кан өтүп турган жакындарын, калың элди, топурактары али сууй элек маркумдардын арбагын ойлобой, аларды бандиттерге да теңеп жиберди. Кезегинде айрым депутаттар шайлоонун жыйынтыгын элге качан угузасыңар деп суроо узатса, "Борбордук шайлоо комиссиясы элге отчет берүүгө милдеттүү эмес" - деп бийик трибунадан жооп берген саясатчы түзгөн партиясы шайлоодон өтпөй калса, борбордук шайлоо комиссиясын күнөөлөп, отчет талап кылып, элге күйгөн киши өңдөнүп, дагы эле калк алдына чыгып какылдап сүйлөп жүрөт.
Карап көрсөк, ушундай кесири башынан ашкан, сөзү менен иши эки башка саясатчыларыбыздын ашынган амбициясы жүздөн ашык эр-азаматтарыбызды арабыздан алып кетти. Алар аянтка бийлик-мансап үчүн же акча үчүн барышкан эмес, алар элибиздин эртеңки келечеги, жакшы жашоосу үчүн барышкан мекенибиздин чыныгы атуулдары эле. Тилекке каршы, "Мекен" деген түшүнүктү ар ким ар кандай түшүнөт экен. ,,Туулуп өскөн жердин турпагы алтын", дегенди акча деп түшүнгөн эл башы, анын эрке уулдары, жакын туугандары касиеттүү кыргыз жеринин мөлтүр кашка суусунун, берметтей болгон Ысык-Көлүнүн, көркөмү көздүн жоосун алган Ала-Тоосунун, кериле дем алсаң көкүрөгүң ачылган таза абасынын баркына жетишкен жок. Коногуна койнун ачып, өзүнөн ашыра сыйлаган меймандос, кадыресе турмушта камырабаган момун, бейкапар жүргөн, жинине тийсең каары сел болуп агып, оттон-суудан, керек болсо октон кайра тартпаган кыргыз элинин баркына жетишкен жок! Аларга Ата-Журтубуз акча элес­теп туруп алды. Мекенди акчага алмаштыруу мүмкүн эмес экендигин элес алышпады.
Жетинчи апрелде жерге берген азаматтарын эл эч качан унутпайт, алар жексур жетекчиге каршы чыккан баатырлар катары тарыхта калат. Силер өлгөн жоксуңар. Эгер эртең Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирсе - ошол силерсиңер! Эртең күн жаркырап тийип, бөбөктөрдүн шаңдуу күлкүсү жаңырса - ошол силерсиңер! Силерге түбөлүк таазим!

Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ,
Кыргыз улуттук университетинин доценти




Апрель
революциясы
фото
кабарчынын көзү менен
2-апрелде Г.Айтиев атындагы Кыргыз мам-лекеттик көркөм сүрөт музейинде "Слово Кыргызстана" гезитинин фотокабарчысы Нина Горшкованын "Апрель-2010" аттуу сүрөт көргөзмөсү өттү.

Көргөзмөгө автордун 7-апрель күнү Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында демонстранттар менен чогуу жүрүп тартып алган сүрөттөрү көпчүлүктүн назарына сунушталды. Ошондой эле бул сүрөттөрдүн бир тобу автор жарыкка чыгарган альбомго да кирген. Ушул альбомдон алынган эки сүрөткө окурмандардын көңүлүн бурабыз.
С.ОРОЗОБЕКОВ




Бейиш төрүнүн качкындары жана элдик улуу бурулуш
Айрым атка минер саясатчыларыбыз Ала-Тоодой бейиш төрүнүн баркына жетип, мамлекетибиздин гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуштун ордуна, учурдагы улуу демилгелерге каршы чыгып жүрүшөт. Кыргыз элинин тарыхында бийлик башын баарын өзү билген зөөкүрлөр, маңкурттар ээлик кылып, акыркы жыйырма жыл ичи "бейиш төрүнүн качкындарынан" болгон А.Акаев менен К.Бакиев жараткан система - үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп келди. Албетте, булар да элдин белгилүү бир бөлүгү, элдин кең пейилдигинен, айкөлдүгүнөн бийликке кокус келип, акырында өз дайындарын таппай калышты. Эл буларды өз эс тутумунда сактап калды, эми андайлар бийликке келбеши үчүн жүзү каралык кылгандарды жазалоого даяр. Андыктан такта олтургандар эл баарын көрүп турарын жана унутпай турганын ойлоосу керек: аны бир жолу, а балким, эки жолу алдаса болот, бирок дайыма, биротоло эч качан алдай албайт.



Атка минерлер ар дайым баарысын өз карамагына алуу үчүн бүткүл аракетин жумшайт, бирок аны кантсе да мезгил өзү таразалайт: адилдиктен ажыраганы бийликтен четтетилип, чегинүүгө аргасыз бо-
лот.
Андай мамлекеттик система бардыгын жасап жаткансыган түр көргөзгөнү менен, а чынында, "кайнаган ишмердүүлүк" сөз жүзүндө гана көрүнүп, дээрлик эч кайтарымы болгон жок. Зомбулугу өзгөчө бийлик эрксизден, эч кандай пайдалуу аракет коэффициенти жок, айланма алкакта тынымсыз чуркаган тыйын чычканды эске салды. Акыры чыдамы чегине жеткен элдик көтөрүлүш эки бирдей бийликти алып түштү. А.Акаев тынч чыгып кетүүгө аргасыз болсо, К.Бакиев элге ок атып, токсонго чукул эр-азаматтын убалын мойнуна алып, элдин каргышына
калды.
Кур дүрмөттү дүңкүлдөтүшкөн акаевдик жана бакиевдик бийликтердин башкы жетишпегендиктери эмнеде эле?
Ар кандай коом коомдук өндү­рүштүн негизинде келип чыгат жана өнүгөт. Мамлекеттин мындагы эң бир ыйык милдети - өндүрүштү уюштуруу жана аны өнүктүрүү болуп эсептелет. Мында жамаат эле эмес, ар бир адам зарыл коомдук-пайдалуу элемент катары аракетте болушу керек. Бул өнүгүүнүн адепки алиппеси, чындыгы жана жалпыга бирдей мыйзамы. Жаран бул мыйзамды жүзөгө ашырып жатып, өз Мекенинин нукура атуулу катары чыгат. Коомдук өндүрүш канчалык туруктуу, жөнгө салынган болсо, коом, анын ар бир мүчөсү ошончолук жыргалчылыкка жетишет же тескерисинче. Муну мурдагы экс-президенттер жана алардын куйруктары түшүнө алышкан эмес, түшүнүүгө умтулуунун ордуна жеке өзүнүн баюусу, үй-бүлөлүк-туугандык байлыкты өндүрүү, топтоо менен гана алек болушту.
Башкы "дирижерлор" - Акаев учурунда аялы, Бакиев учурунда эрке баласы Максим өлкө президенттерин аргасыз мажирөө, элпек аткаруучуларга айландырышкан. Улуу кытай философу Конфуций императордун: "Өлкөдө качан жыргалчылык болот?" - деген суроосуна "Качан үй-бүлөдө ата - ата катары, эне - эне катары, бала - бала катары, ал эми өлкөдө жетекчи - жетекчи катары жашаганда жыргалчылык орнойт. Эгер орду жана ролу өзгөртүлсө, анык башаламандыкты күтө бер", - деп жооп берген. Ал эми биздин тиги президенттер премьер-министрден, вице-премьерлерден тышкары, канчалаган кеңешчилерди, консультанттарды, жардамчыларды штатка алышып, алар дээрлик кыйратышпаса да, жогорулатылган эмгек акыны үзгүлтүксүз жана убагында алып турушкан.
Турмуш небак далилдегендей, өлкөдөгү прогресс жадесе илимий-техникалык революциянын шарттарында да, эгер илим бир тарапка, билим берүү системасы экинчи бир тарапка, күндөгү иш практикасы башка бир, үчүнчү тарапка тартып турса, бир дагы тепкичке жогору көтөрүлө албайт. Илим, билим берүү жана иш практикасы ашкере саясатташпастан, жармакташып, чогуу аракеттенгенде гана өнүгүү башталат. СССРде алар бири-биринен ажырым өнүгүшкөн: идеология, билим берүү жана философия кандай болушу керектигин саясат аныктаган. Советтик, акаевдик, анан бакиевдик иш практикасынын трагедиясы да дал мына ушунда камтылган. Эгемендүүлүктүн жыйырма жылы ичинде туруктуу идеологиябыз болбогондугунан, айрыкча акыркы беш жыл аралыгында философия­бызда, маданиятыбызда кызыл кулактык, чайкоочулук орун алып келди. Бүгүнкү президентибиз Алмазбек Атамбаевдин башкы, негизги артыкчылыгы - Манас рухун, мамлекеттик тилди көтөрүү менен, кыргыз элинин келечекке карай үмүт отун жандырып, туура багыт алгандыгында. Кыргызда "Манас бар - кыргыз бар, кыргыз бар - Манас бар!" деп айтылат эмеспи, Президент Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын, философиясын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандыкты, атуулдукту калыптандыруу боюнча чараларды күчөтүүдө.
Американын даңктуу уулдарынын бири Авраам Линкольндун түндүк-түштүк кыйынчылыгынан кийин, согуштан чарчап-чаалыккан элдин алдында Гитисбергде чыгып сүйлөгөн сөзү америкалыктардын үмүт отун жандырган жана аны прогресстин шыдыр жолуна багыт алдырган. Алыскы Америкадагыдай болуп, бизде да түндүк-түштүк көйгөйү бар. Айтылуу Март жана Апрель революциялары Атам-
баев, Отунбаева, Текебаев, Сариев сыяктуу лидер инсандарды жаратты. Ал эми Алмазбек Атамбаев ошондо эле өлкөнү бакиевдик зомбулуктун сазынан, түндүк-түштүк проблемасынан сууруп чыга турганын жарыя айткан. Эл ага ишенди, эми ага Авраам Линкольн сыяктуу үмүтүн артып отурушат. Демек, Алмазбек Атамбаевге да Авраам Линкольндой же Кемал Ататүрк сыяктуу да элине ак кызмат кылып, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландырып, чындап эл, улут атасы болуу сынагы, мүмкүнчүлүгү берилүү-
дө.
Учурда өлкөдө улуу курулуштарга жол ачылып, бир катар энергетика, жол, нефти иштетүү долбоорлору ишке киргени турат. Мындан тышкары, Ысык-Көлдү айланта евростандарттагы жол салуу, Көлдү бойлой велотуризм жолун куруу өлкөбүзгө экотуризмди өнүктүрүү боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берер эле. Андыктан эми бир аз чымырканып, үч эле жыл тынч, ар кимибиз өз ордубузда ичип-жебей, уурдабай, маңдай терибизди төгүп, ак эмгек өтөй алсак, Борбордук Азиядагы эң бир үлгүлүү, эталон өлкөгө айланып калгыбыз да бардыр. Келер күнгө ишеним артып, аны жакындатууга өз салымыбызды кошолу, анан ар кандай булганыч саясий акцияларга аралашпайлы. "Жаздын бир күнү жылга тете" дегендей, аркы-беркиге алаксыганды коюп, жазгы талаа жумуштарын бүтүрүп ала-
лы.
Таалайбек Иманкожоев, Бишкек шаары







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
5-апрель, 2013-ж.:










??.??