Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0405_2.htm on line 2


п»ї

Президент жаштар менен
Жаштардын пикири,
көз карашы дайыма маанилүү

Гүлсүн КЕНЖЕГОЗУЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Исхак Раззаков атындагы техникалык жогорку билим берүүчү окуу жайы бүгүнкү күнү да калк арасында "Политех" деген илгерки аталышы менен белгилүү. Ошол кезде эле бул окуу жайды бүтүрүшкөн адистер мыкты билими жана кесиптик жогорку даярдыгы менен айырмаланып турушчу.
- Кыргыздын сыймыктанган
уулу И.Раззаков 35 жашында өкмөт башчысы болуу менен элибиз үчүн эбегейсиз эмгек өтөп кеткен. Ошол улуу адамдын ысымын алып жүрүү бул окуу жайды көп нерсеге милдеттендирет, - деди
Президент А.Атамбаев окуу жайдын студенттери жана окутуучулары менен болгон жолугушуусун-
да.
Башка окуу жайлардан айырмасы, бул жерден окуп, диплом алышкан адистер кесиби боюнча ишти оңой эле таап алышат. Себеби, бул жерде эл чарбасы муктаж болуп турган керектүү кесиптер боюнча билим беришет.
Мисалы, окуу жайдагы технологиялык факультеттин студенттерине акыркы курстарга жеткенде эле жакшы иш сунуштаган мекеме-ишканалар кайрыла башташат. Бул факультет тамак-аш, кайра иштетүүчү жана жеңил өнөр жайы үчүн адистерди даярдашат.
Президент А. Атамбаев жолугушуу учурунда КТУнун тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча окуу-практикалык борборунун ачылышына катышты. Борбор этти, сүттү, жашылча-жемиштерди кайра иштетүүдө заманбап технологиялык линиялар, микробиологиялык жана сенсордук лабораториялар, окуу классы, мультимедия­лык зал менен жабдылган.
- Окуу өндүрүштүк борбор Япония өкмөтүнүн жана Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосунун аркасында "Агробизнес жана маркетинг" долбоорунун чегинде түзүлдү. Бул жерден студенттер практикалык жакшы тажрыйба алышат, - деди технология факультетинин деканы Тамара Жунушалиева. Өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнүн статистикасы ушул тармактын эң жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендигин далилдеп турат. Биздин бычмачы-технологдорубуздун, тикмечилерибиздин колунан жаралган кийим-кечелер Орусиянын, жакынкы чет мамлекеттердин базарларында өтө жогору бааланарын калкыбыз жакшы билишет. Биздин мамлекетибиздин бренди болгон кийимдерди ушул факультеттин бүтүрүүчүлөрү жараткандыгы бүткүл окуу жайы үчүн сыймык. Муну Президент жолугушуу учурунда баса белгиледи.
Экономикабыздын эң негизги тармактары болгон тоо-кен иштетүүдө, жол курулуштарында, ж. б. тармактар боюнча жакшы билим алышкан жаштар башка окуу жайларын бүтүрүшкөн жаштардан айырмаланып, иш менен толук камсыз болушат.
Келечек үч тилди
мыкты билүүнү
сунуштайт
- Келечекте Кыргызстанда жашаган ар бир жаран мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Мамлекеттик кызматка баргысы келген адам кыргыз тилин эң жакшы билүүсү зарыл. Ошол эле учурда орус тилин да мыкты билүүгө тийишпиз, а келечекте англис же немис, же башка бир эл аралык тилди билүүнү максат кылышыбыз керек, себеби келечек ошону талап кылууда, - деди Президент ушул жолугушууда.
Жолугушуу учурунда А. Атамбаев студенттер менен ачык жана кенен-кесири сүйлөшүүнү сунуш кылып:
- Мен силердин каалаган су­рооңорго жооп бергим келет. Эч тартынбай, эртеңки күнү ректор эмне дейт дебей эле, оюңарды ачык айткыла, - деп жолугушуунун жүрүшүнө жакшы багыт берип койду.
Президенттин бул сунушунан соң, ага суроо бергиси келген студенттер узун катар кезекке тизиле турушуп, биринин артынан бири суроолорун бере башташты. Адистиги боюнча ишке орношуу, керексиз сабактардын окуу программасына киргизилиши, жети дубан боюнча жолдордун абалы, кыргыз тилинин статусу жана башка көптөгөн су-роолор боюнча шашпай маек куруш-
ту.




"Кыргыздардын" тагдырына кабатырбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович АТАМБАЕВге
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Жолдошевич САТЫБАЛДИЕВге

Биздин Сиздерге кайрылып
жаткандыгыбыздын себеби төмөн­дөгүчө: 2012-жылдын 2-октябрында Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, сүрөтчү Үсөн Сарыбаевдин борборубуздагы Г. Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде жеке сүрөт көргөзмөсү ачылып, анда автордун отуз жылдык эмгектери, анын ичинде көлөмдүү (180х4,50) "Кыргыздар" аттуу картинасы дагы коюлган эле. Биз ошо "Кыргыздар" деген чыгармасы жөнүндө азын-оолак кеп козгоп, Сиздердин көңүлүңүздөрдү ушуга бурсак дейбиз.
Азыркы базар экономикасынын заманында бардык жерде ким болбосун ар бир күнүн, саатын текке кетирбеске аракет кылып, тыкыр эсепке алып, берер натыйжасын көзөмөлдөп турган чакта бул картинанын башталыш-бүтүшү тогуз жылга созулуп кетиши анын тагдыр таржымалы демейдегидей эмес болгондугунан кабар берет. "Кыргыздар" чыгармасынын башында опол тоодой дүйнөлүк даңкы бар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов турган жана анын иниси Илгиз Айтматов сүрөтчүгө практикалык иштерди уюштуруп берген. Бирок Ч. Айтматовдун көзү өткөн соң, түрдүү тос­коолдуктар пайда болуп, а түгүл өтө таасирдүү адамдар тарабынан картинанын бүтпөй калышы үчүн болгон чаралар жүргүзүлгөн. Натыйжада иш эки жыл токтоп калган.
Акыры өткөн жайда "Кыргыздардын" жолу жумшарып, бардык
жоопкерчиликти алган демөөрчү да (Б.Исмаилов - "Актык") табылып, жогоруда белгиленгендей, автордун көргөзмөсүнө күбө болуп отурабыз. Сөзсүз белгилей кетчү нерсе, аталган эмгектин жаралуу мөөнөтү мынчалык узакка созулуп кетүүсүнүн себеби, балким, бул эң орчундууларынандыр; кыргыздын түпкүлүгүн түптөгөн саясий адамдарыбыздан баштап кыргыз адабиятын, маданиятын, илим-билимин өстүргөн жүздөгөн белгилүү инсандарыбыздын ар бирин өздөрүнө окшоштура тартуу зарылчылыгы, аны да оңой жол графика же гравюра аркылуу эмес, сүрөттүн сансыз эрежелерин боюна камтыган, тандалган, оор, татаал түрү - живопись тилине салынышы, анан калса мындагы адамдарды жаратылыш, асман тоолор кошо коштоп, ошентип жалпы тартыла тургандардын масштабдуулугунда да эле. Арийне, кандай гана эмгек болбосун, башка критерийлерден мурун анын сапатына каралат эмеспи. А "Кыргыздарда" бул маселе Кудайга шүгүр десек болот. Ошондой экенин бул чарбанын казанында кайнаган, ак-карасын так ажыраткан таасын сүрөтчүлөрдүн, демек автордун кесиптештеринин, башка айтылуу инсандарыбыздын, чет элдиктердин, жалпы көрөрмандардын калтырган пикирлери же алардын биздеги алдыңкы саптагы жалпыга маалымдоо каражаттарында айткан, жазган ойлору бекемдейт. Демек, кыргыз сүрөт өнөрүн толуктаган, кыргыз элинин энчисине айлана турган бир чыгарма жаралды деп тайсалдабай айта берсек болчудай.
Эми "Кыргыздардын" мындан аркы тагдыры кандай болмокчу? Кеп оролу ушунда.
Дүйнөлүк сүрөт өнөрүнүн кайра жаралуу доорунан берки бир жарым миң жылдык тарыхында мындай бир алгылыктуу, ишенимдүү жол практикаланып келет. Бир гана мисал тарталы. Орустун улуу сүрөтчүсү Александр Иванов (кийин
орус сүрөт искусствосунун шедеврине айланган) "Иисустун элге келиши" аттуу картинасын Италияда тарткан жана ага оголе көп жылдарын арнаган. Өз улутун, анын келечегин ойлогон ошол кездеги орус падышасы Александр II ал жөнүндө угат да, сүрөтчүнү картинасы менен кошо мекенине алдыртып алат. Эмгегине жараша анын көңүлүндөгү бааны төлөйт, кийинки турмушуна шарт түзүп берет. Көрүнүп тургандай, бир мамлекет ичинде мындай маселени чечүү кыйынга деле турбастай. Эми акырында корутундулап айтаарыбыз жана жалпы элдин да ою, күткөнү ушул экенин эске алып, Сиздерден бу аталган нерсеге көңүл бурууңуздарды суранаар элек. Ал эмгек баркталса, бааланса, аталган сүрөт музейинин энчисине өтүп, анда дурустап сакталып, каалаган адамдар каалаган учурларында барып көрө алышса дейбиз. Мындай жагдай-шарт жалпы журттун талабына да ылайык келген болор
эле.

Кыргыз эл Баатырлары: Сооронбай ЖУСУЕВ, Тургунбай САДЫКОВ, Эрнест АКРАМОВ, Миталип МАМЫТОВ;
Кыргыз эл акыны Омор СУЛТАНОВ; Жогорку Кеңештин депутаттары: Курмантай АБДИЕВ, Каныбек ОСМОНАЛИЕВ; академик Илгиз АЙТМАТОВ, Кыргыз эл сүрөтчүлөрү:
Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ, Юристанбек ШЫГАЕВ, Макен СЫДЫКБАЕВ, Дамир КОҢУРБАЕВ, Таалай КУРМАНОВ; Республикалык сүрөт фондусунун жетекчиси Жаныш БАКИРОВ, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалай УСУБАЛИЕВ.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
5-апрель, 2013-ж.:










??.??