"Кыргыз туусу", 05.04.13 "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому
акционерлердин жылдык жалпы чогулушун 2013-жылдын 29-апрелинде саат 10.00дө өткөрүү тууралуу кабарлайт.
Каттоонун башталышы саат 9.00дө. Жыйналышка катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүү күнү - 2013-жылдын 24-апрели.
Дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, Ала-Тоо аянты, мамлекеттик тарых музейинин имараты.


КҮН ТАРТИБИНДЕ:
1. Эсептөө комиссиясынын курамы тууралуу.
2. Коомдун 2012-жылдагы каржылык-чарбалык ишмердигинин натыйжалары жөнүндө Башкармалыктын отчету жөнүндө.
3. Көз карандысыз аудитордун корутундусу тууралуу.
4. Текшерүү комиссиясынын корутундусу тууралуу.
5. Директорлор кеңешин жана Текшерүү комиссиясын 2012-жылда кармоого кеткен чыгымдардын сметасынын аткарылышы жөнүндө.
6. Коомдун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Башкармалыктын отчету жөнүндө.
7. Жылдык баланс, Коомдун 2012-жылдагы кирешелер жана чыгашаларынын эсеби тууралуу.
8. 2012-жыл үчүн кирешелерди бөлүштү­рүүнүн тартиби тууралуу.
9. Коомдун Директорлор кеңешинин 2012-
жылдагы аткарган өз иштери тууралуу отчету.
10. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн 2013-жылга кармоого кетүүчү чыгымдардын сметасы тууралуу.
11. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн 2013-жылга кармоого кетүүчү чыгымдардын сметасы тууралуу.
12. Коомдун 2013-жылга карата жылдык бюджети тууралуу.
13. "Кыргызтелеком" ААКнын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу.
14. Директорлор кеңешинин курамы тууралуу.
15. Коомдун текшерүү комиссиясынын курамы тууралуу.
Кошумча маалымат үчүн
төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: +996 (312) 43-71-97,
+996 (312) 60-11-22.
"Кыргызтелеком" ААКнын
жыйнакталган каржылык
отчеттулугу туу­­ралуу "Марка Аудит Бишкек" ЖЧКнын көз карандысыз
аудиторунун отчету




"Кыргызтелеком" ААКнын акционерлерине
Биз "Кыргызтелеком" ААКнын жана анын өнөктөш компанияларынын (мындан ары- Топ)төмөндө тиркелген топтоштурулган каржылык отчеттуулугуна аудит жүргүздүк. Ал 2012- жылдын 31- декабрына карата алынган каржылык абалы тууралуу топтоштурулган отчетту, жалпы дүң жыйым тууралуу топтоштурулган отчетту, акча каражаттарынын жүгүртүлүшү тууралуу топтоштурулган отчетту жана көрсөтүлгөн күнгө карата аяктаган жыл ичиндеги өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндөгү топтоштурулган отчеттон, ошондой эле эсеп-кысап саясатындагы негизги жоболорду кыскача сүрөттөөнү жана башка түшүндүрмө эскертмелерди өзүнө кам-
тыйт.


Каржылык отчеттуулук үчүн
Топтун жетекчилигинин жоопкерчилиги
Топтун жетекчилиги аталган топтоштурулган каржылык отчеттуулукту даярдагандыгы жана жеткиликтүү кылып бергендиги үчүн Каржылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына жараша жоопкерчилик тартат, ошондой эле Топтун жетекчилиги алдамчылык же катачылыктан улам келип чыкпаган маңыздуу бурма-
лоолорго жол берилбеген, каржылык отчеттуулукту даярдоо үчүн зарыл деп эсептеген ички көзөмөлдүн системасынын камсыздалышы үчүн да жоопкерчилик тартат.


Аудитордун жоопкерчилиги
Биздин жоопкерчилигибиз, өзүбүз жүргүз­гөн аудиттин негизинде ушул жыйынтыктуу каржылык отчеттуулук боюнча өз пикирибизди билдирүүдө турат. Биз аудитти Эл аралык Аудит Стандарттарына ылайыктап жүргүздүк. Бул стандарттар бизди этикалык талаптарды аткарганга милдеттендирет, ошондой эле аудит жүргүзүүдө жыйнакталган каржылык отчеттуулукта маанилүү бурмалоолор жоктугуна аң-сезимдүү ишенимдүүлүктү камсыздоо болуп эсептелет.
Аудит ушул каржылык отчеттуулуктагы маалыматтардын ачыкка чыгарылышы жана суммалар боюнча аудитордук далилдерди алыш үчүн иш-чараларды жүргүзүүнү өзүнө камтыйт. Тандалып алынган иш ыкмалары аудитордун жоромолдоосуна да көз каранды болот, анын ичине алдамчылык же катачылыктан келип чыккан каржылык отчеттуулуктагы маңыздуу бурмалоолорго баа берүү тобокелчилиги да кошулат. "Кыргызтелеком" ААКнын жана анын өнөктөш компания­ларынын ички көзөмөлүнүн натыйжалуулугу жөнүндө өз пикирин билдирүүнү максат кылбастан, талапка ылайык келген аудитордук жол-жоболорду иштеп чыгуу максатындагы мындай тобокелчиликтерин баалоодо аудитор "Кыргызтелеком" ААКнын жана анын өнөктөш компанияларынын өзүнүн каржылык отчеттулугун калыс сунуштоо жана даяр­-
доо менен байланышкан ички көзөмөлдү иликтеп чыгат. Аудит ошондой эле жетекчилик тарабынан жасалган эсеп-кысап саясатынын мүнөзүнүн жана эсептик баа берүүнүн негиздүүлүгүнүн тууралыгын баалоону,
ошондой эле каржылык отчеттуулуктун жалпы сунушталышын баалоону да кошот.
Ошондуктан биз тарабынан алынган ауди­тордук далилдер өзүбүздүн аудитордук пикирибизди билдирүү үчүн жетиштүү жана сунуштоого талаптагыдай негиздер бар деп эсептейбиз.


Шилтемелерди жасоо менен өз пикирибизди
билдирүү үчүн негиздер
1. Финансылык аспаптар - баалоо жана таануу" МСФО 39дун талабына ылайык узак мөөнөттүү ссудаларды, дебитордук карыздарды, натыйжалуу пайыздык ставкалар ыкмасын колдонуу менен амортизация­лык нарк боюнча милдеттенмелерди эсепке алууну талап кылат. "Кыргызтелеком" ААК МСФО 39дун алгачкы нарк жана каржылык активдердин жана милдеттенмелердин кийинки эсеп-кысабын жүргүзүүгө байланышкан талаптарды аткарган эмес.
2. Каржылык отчеттуулукка болгон эскерт­мелердин 27 пунктунда көрсөтүлгөндөй Топ КРнын Каржы министрлигинен, Бүткүл дүйнөлүк банктан, Кореянын экспорт-импорттук банкынан, Араб өлкөлөрүн экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейттик фондунан ушундай эле кредиттердин рыноктук ставкасынан төмөн турган субзаемдук каражаттарды алган. Мамлекет тарабынан берилген кредиттердин эсеби МСФО 20 "Мамлекеттик субсидиялар" бөлүгү менен жөнгө салынат. Аталган МСФОнун 10А пунктуна ылайык: "Рыноктук ставкадан төмөн пайыз менен алынган мамлекеттик субсидиялардан алынган кредиттин артыкчылыгы, ал мамлекеттик субсидия катары эсептелет. Ошондуктан ссуда "Финансылык аспаптар" МСФО (IFRS) 9га ылайык таанылышы жана өлчөнүшү керек. Рыноктук деңгээлден төмөн пайыздык ставканы пайдалануунун артыкчылыгы МСФО (IFRS) 9га ылайык аныкталган ссуданын алгачкы баланстык наркы менен алынган кирешенин ортосундагы айырмачылык катары эсептелиши керек. "Кыргызтелеком" ААК ссуда толуктоого ниеттенген чыгымдарды идентификациялаганда аткарылчу же аткарууга тийиш болгон милдеттенмелерди жана шарттарды карап чыгышы зарыл". МСФО 20га ылайык, Мамлекеттик субсидиялар ошол берилген мөөнөттөрдүн ичинде кирешелердин жана чыгашалардын курамында такай таанылышы керек. Бул ошол Топ тарабынан да аталган гранттар аркылуу толуктала турган, жумшалган чыгашаларга да төп келген чыгымдар катары таанылат. Биздин пикирибизче кредиттерди эсепке алуунун колдонулуп жаткан практикасы "Мамлекеттик субсидиялар" МСФО 20га төп келбейт.
3. "Кирешеге карата салык" МСФО 12 талап кылгандай кийинкиге калтырылган салыкты эсептөөдө сунушталган бухгалтердик эсептин сапаты менен байланышкан чектөөлөрдү жана аудитордук иштерди аткаруунун мөөнөттөрүнө байланышкан чектөөлөрдү эсепке алуу менен биз Топтун 2012-жылдын 31-декабрына карата кирешеге карата кечиктирилген салыктарга мүмкүн болгон болжолдуу бурмалоолордун таасирин баалоого жетише албадык. Эскертмеде көрсөтүлгөндөй кечиктирилген салыктын жыйнакталган каржылык отчеттуулугун ачып берүүдө "Кирешеге карата салык" МСФО 12 талап кылгандай толук түрүндө сунушталган эмес.

Шилтемеси менен пикирлер
Биздин пикирибизче, "Шилтемелерди жасоо менен пикир билдирүү үчүн негиздер" бөлүгүндө көрсөтүлгөн факторлордун таасиринен башка, Топтун 2012-жылдын 31-декабрына карата каржылык абалы, жыйнакталган каржылык отчеттору, бардык негиздүү аспектилерде анын ишмердигинин каржылык натыйжалары, акча каражаттарынын кыймылы жана жыл ичинде капиталдагы өзгөрүүлөр, жогоруда көрсөтүлгөн күнгө карата Каржылык Отчеттуулуктун Эл аралык Стандарттарына ылайык толук чагылдырылган.
"Марка Аудит Бишкек" ЖЧК, №0018 (ГК) лицензия,
2004-жылдын 6-сентябры.


Шилтемеси менен пикирлер
Биздин пикирибизче, "Шилтемелерди жасоо менен пикир билдирүү үчүн негиздер" бөлүгүндө көрсөтүлгөн факторлордун таасиринен башка, Топтун 2012-жылдын 31-декабрына карата каржылык абалы, жыйнакталган каржылык отчеттору, бардык негиздүү аспектилерде анын ишмердигинин каржылык натыйжалары, акча каражаттарынын кыймылы жана жыл ичинде капиталдагы өзгөрүүлөр, жогоруда көрсөтүлгөн күнгө карата Каржылык Отчеттуулуктун Эл аралык Стандарттарына ылайык толук чагылдырылган.
"Марка Аудит Бишкек" ЖЧК,
№0018 (ГК) лицензия,
2004-жылдын 6-сентябры.