"Кыргыз туусу", 05.04.13 Социалдык фонд маалымдайт
Мамлекеттик пенсиялык
топтоо фондунан каражаттарды төлөп берүү жөнүндө маалымат
2012-жылдын 24-октябрында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №745 токтому кабыл алынган. Аталган токтомго ылайык, Кыргыз Рес­публикасынын Социалдык фонду ушул жылдын башынан тартып Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунан каражаттарды төлөп берүү үчүн жарандардан арыздарды кабыл ала баштады.
2010-жылдын январынан тартып Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна 2% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн адамдар пенсиянын топтоо бөлүгүнөн төлөмдөрдү алууга укуктуу, алар:
- иштеп жаткан пенсионерлер;
- 2010-жылдан тартып азыркы күнгө чейин пен-сия­га чыккан адамдар;
- азыркы кезде пенсия чектөө үчүн кайрылган адамдар;
- Кыргызстандан башка өлкөлөргө туруктуу жашоого көчүп жатышкан жана көчүп кеткен жарандар, чет өлкөлүк жарандар.
- "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыгып, жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткен пенсионерлер.
Жогоруда аталган жарандарга пенсиянын топтоо бөлүгүнөн каражаттар төлөнө баштады. Бирок, тилекке каршы, азыркы учурда ал каражаттар кечигип төлөнүүдө, анын натыйжасында жарандардын негиздүү түрдөгү нааразычылыктары жаралууда.
Каражаттарды төлөп берүүдөгү кечиктирүүлөрү үчүн Социалдык фонд бардык кайрылган жарандардан кечирим сурайт. Ошону менен бирге, бул кечиктирүүлөр Социалдык фонддун бюрократиялык создуктурууларынан эмес, аталган төлөмдөрдү эсепке алуу жана чегерүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу, башкача айтканда, компьютердик программалардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен түшүндүрүлөт.
Төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрү Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна так бөлүштүрүлүп, пенсиянын топтоо бөлүгү өтө кылдат эсептелиши керек, бул үчүн тийиштүү программалык камсыздоо зарыл жана программа менен иштөөгө үйрөнгөн адис­тер талап кылынат. Атайын иштелип чыккан программа бир топ маалыматтарды эсептеп чыгып, салыштырууларды жүргүзөт, керек болгон учурда кошумча маалыматтарды да киргизет. Башкача айтканда, төлөмдөрдү эсепке алуу жана чегерүү өтө узакка созулган жана татаал процесс экендигин белгилеп кеткибиз келет.
Мисалы, Россия Федерациясын алсак, алар топтоо компоненти киргизилгенден соң он жылдан кийин гана каражаттарды төлөй башташкан, ал эми Кыргызстан үч жылдан кийин эле пенсиянын топтоо бөлүгүнөн төлөмдөрдү жүргүзө баштады. Кыргызстанда буга чейин топтоо эсептерин жүргүзүү тажрыйбасы болбогондуктан, төлөө процессин тездетүү үчүн мүмкүн болгон бардык чаралар көрүлүүдө. Дайындалган пенсиялар болсо өз убагында жана толук көлөмдө каржыланып жатат.
Өзүнүн каражаттарын алууну күтүп жаткан адамдарга кайрылып кетмекчибиз. Түшүнүү менен мамиле жасап, сабырдуу болушуңуздарды өтүнөбүз, бардык каражаттар милдеттүү түрдө төлөнүп берилет, бирок маалыматтардын иштелип чыгышына жараша, бир аз кечигүү менен төлөнмөкчү.
Пенсиянын топтоо бөлүгүнөн каражаттарды төлөө мөөнөтү чектелген эмес, ошондуктан каражаттарды алуу үчүн арыз менен каалаган мезгилде кайрыла берсеңиз болот. Төлөнө турган каражаттар да жетиштүү санда, ал жөнүндө да эч кандай тынчсыздануу болбошу керек. Бул үчүн керектүү сумма Социалдык фонддун 2013-жылдагы бюджетинде бекитилген.
Түшүнүү менен мамиле жасаганыңыздарга чоң ыраазычылык билдиребиз!