"Кыргыз туусу", 05.04.13 Мен анын уландысы
Менин жүрөк жарды акыным, "орок ооз, от тилдүү" Владимир Маяковский Совет бийлигинин алгачкы мезгилиндеги таптык күрөштү, өз доорунун эртеңин жалпыга бардык үнү менен даңазалаган: "Мен чечкиндүү адаммын. Келечекте айрым билермандардын божурап айтып берүүсүн күтпөстөн, урпактарым менен өзүм сүйлөшкүм келет. Бул "Бардык үн менен" аттуу поэмамда келечек муундарга өзүм жандуу кайрылып жатам".
(Владимир Маяковский, Чыгармаларынын толук жыйнагы,
1958-ж., 10-том, 375-бет).
Бул поэманын биринчи киришүүсү 1929-жылдын соңу, 1930-жылдын башында жазылып, автор аны көп кечелерде окуп да берген.
Чыгарма толук аягына чыкпай калган...
* * *
Бүгүнкү жашоодо мен да "Бардык үн менен" поэмам аркылуу ХХI кылымдагы өз доорумду өз үнүм менен айткым келет. "В.Маяковскийдин поэмасынын уландысы" деген кашаадагы кыстырма салыштырмалуу иретинде гана.
Эмесе...

Бардык үн менен

(В.Маяковскийдин поэмасынын уландысы)


Биринчи киришүү
Кош дөңгөлөк
Көз айнекчен муктарам,
Токтой турчу, өзүм айтам доорумду.
Атасы өлөт айтчу сөздү айтпаса,
Көрдүк канча тынчы жок оор, доо күндү!

Кекиртекти
Кербейм керней короздой,
Чукул айтсам, дал тепкендей шумкар куш.
Суроо эмесмин - башты ийип, үңкүйгөн,
Мен - илепмин (!), илептүү сөз - залкар күч!

Жетти мезгил,
Мезгилге түз кайрылам,
Бардык болгон үнүм менин дүңгүрө:
Доорум сезсин - чагылгандай чарт! - жарыл -
Уйкудагы Мейкиндикти дүң жире...
Убакыт - ээн,
Күтпөйт бизден уруксаат,
Болбойт анда өткөн, болоор, учур чак.
Акула да тузакка бир чалынаар
А секунддар жатпайт тордо "Куйрук" чаап.
* * *
Торгой көктө -
Ал - мезгилге коңгуроо,
Карттар үйү... төрөт үйлөр - көп кабат.
Бул жашоодон өткөндөрдү толуктап,
Толгоо бүтпөйт... жаш келечек көз жарат.

Ай кетмени
Таң нуруна чайынып,
Дыйкан марыйт, күпүлдөтө алыш чаап.
Курчайт аны токчулуктун мухити,
Тереңине сүңгөн сайын, алыстап...

Темир жолдор -
Чоёт Жердин тамырын,
А учактар тилет көктүн "карынын".
Кулагыңдан кайып өтсө, бакчада,
Октой ачуу ызгыйт үнү аарынын...

Мээ түнкүсүн
Санаага көп чырмалат,
Арам ой, сен сезимдерден чык, кызыл!
Аалам койну каршы-терши тордолгон,
Зор жылыткыч зымдарындай кыпкызыл...
Аалам азыр
Эки топто, беттешүү,
Ак-карадан турган чатраш ташындай.
Оюн жетип "мат" болуучу кырдаалга,
Токтоп турат... ойлон Адам шашылбай...

Жанар тоолор
Атылууда ансыз да,
Ташкындоодо албуут мухит, деңиздер.
Өрт... Сел... Көчкү... Силкинүүлөр тынымсыз,
Ансыз деле "ансыздар" көп, жетишээр!

Билдиңер го
"Билермандар" кечээ эле,
Кыяматтын айын, күнүн так айтты.
Жаңылышты! Жаактары айрылсын,
Жакшылык жок сактабасак такаатты.
* * *
Эне аттуу
Асыл затка энчилеп,
Элесимде сөз айкелин тургуздум.
Анда анын Жерге болгон эң ыйык,
Боор этиндей жакындыгын туйгуздум:

Ай нуруна
Өрүлүшө чачтары -
Бир кара жок, басып чымкый агаруу,
Томолок баш ЖЕРГЕ башын жаздана,
Жатат ЭНЕ үмүттүү да, санаалуу...

Ал жараткан
Канда түрдүү бар улут,
Кемсинтпейли, сен - улуусуң, кичүүсүң.
Шүршүтсүңбү, жөөтсүңбү, хамсыңбы,
Ким болсоң да заадиңде сен - кишисиң!

Учурунда
Уучу кандуу Чынгызхан,
Нагыра баш кечээ Наполеон, Гитлер -
Кылабыз деп жер жүзүн түк күмүрөй,
Жер сүзүштү акыры ал итиңер...

Оо, аялзат,
Туубай туна калгыла,
Туугучакты... Арылт канкор балаадан.
Бүт тил бүткөн эсиңе кел, эсирбе
АДАМ ата атын сакта!
Бол АДАМ!..
Нурпаис ЖАРКЫНБАЙ





Рыспайдан таалим
алган талант
Таланттуу обончулардын катарында 70-жылдардын акырында, 80-жылдардын башында Хабибилла Азиреткуловдун ысымы жылт эткен жылдыздай таанылып, андан соңку жылдары ырлары эл арасында чоң аброй менен ырдалып жүрөт. Жалпысынан сексенден ашуун обондору, ар түрдүү жанрларда жазылган композициялары бар.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, "Кыргыз Туусу"

Хабибилла Азиреткулов табиятынан мүнөзү кызык талант. Эл оозунда айтылып жүргөндөй, "чыныгы таланттар апенди чалыш" дегендей. Буга мен бир жоругун белгилүү публицист, тележурналист Бөкөнбай Боркеевден угуп абдан таң калганым эсимде. Таанымал бир инсан дүйнөдөн өтүп кеткен экен, ошону эскерүүгө даректүү бир материалдарды таппай калышкан го замандаштары. Ошону көрүп Лейлекте жүргөн Хабибилланын оюна негедир жаман нерселер келип, "кокус мен дагы бирдеме болуп калсам ырларым, жазган ноталарым эмне болот, кой, Бабаравшан акеге берип келейин"
- деп эч бир жаман ою жок, токтоосуз бардык архивин алып, кечке жуук Көк-Таштан Кулундуну көздөй мотоцикли менен зуу коюп­тур. Буурул күүгүмдө обончу агасы Бабаравшан Тургунбаевдин үйүнө салам айта кирип барат. Дасторкон үстүндө олтурганда: "Кел, иним, тынччылыкпы, караңгыда жол жүрүп калыпсың?" - деп сурайт. Анда Хабибилла эч бир куулук-шумдугу жок, түз эле: "Эми аке, адамдын өмүрүнө ишенич жок экен. Мынабу архивимди сизге бергени келдим, кокус бирдеме болуп кетсем, кантсе да музыкалык сабатыңыз, атак-даңкыңыз бар, ырларымды жерге калтырбай элге жеткириңиз ээ? Анан, сиз деле ноталарыңызды мага берип коё бериңиз, ысык жан да, ишенип болбойт", - деп унчукпай карап калат. Мунун жоругун эми түшүнгөн агасы боору эзилгенче күлүптүр. Ошондо ал 24 жашта тура.
Биздин каарманыбыз Лейлек районунун Көк-Таш айылынын кулуну. Хабибилла сегиз бир туугандын улуусу. Мустапакун ата, Нарыниса апа да бул баласынан бир нерсе чыгарын жүрөгүнөн туюшчу. Анткени бешикте жатканда эле Хаби музыканы айырмалай алчудай сезилген. Үйдөгү радиодон шайыр ыр жаңырып калса уулу көкүрөгүн каккылап, ал эми муңдуу музыка чыкканда кадимкидей басылбай ыйлап, радиону өчүрүшүп, араң кутулушчу экен.
Үч жашында алгачкы жолу колуна мандолина кармап, 4 жашында чебер ойноо боюнча айылга, анан районго "аты чыгып", ал тургай мектептеги мугалимдер ата-энесинен суранышып, музыкалык ийримдерге катыштырышып, райондук кароо-сынактарга алып барышчу.
1-класска жаңы барган кезинде Мустапакун ата Ташкентке алып барып, ага жаңы мандолина сатып бергени универмагга кирет. Кичинекей Хаби колуна мандолина тиер замат эле күүлөп кирди. Аны көргөн эл айланасына тегерете курчап, алар суранышкан сайын ойноду. Ошол түнү таң аткычакты кирпик какпай ыйлап, киренелеп жатышып, араң айыктырышып алды. Көрсө, көпчүлүктүн назары түшүп, көзүгө калган экен.
Айылдагы "Кызыл-Жылдыз" орто мектебинде окуп, алгачкы обонун 10-класста, 17 жашында чыгарды. Ал акын Өмүрбек Дөлөевдин сөзүнө жазылган "Өскөн жер" деген ыр эле. Буга удаа эле "Жылдыздуу түн" (эл ичинде "Айлуу түн"), "Таарынба", "Түшүнөрсүң акыры" деген алгачкы чыгармалары жаралган болчу. Ошентип чыгармачыл дүйнөнүн жагымдуу да, азаптуу да жолун байкабастан тандап алганын ал кийин түшүндү.
Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы ОшМУ) музыка факультетине тапшырып, "До" нотасын ошол жерден тааныган. Обончулардын өзүнчө бир муунунун мектебин ачкан улуу талант Рыспай Абдыкадыровдун шакирти болуу тагдыры туш келди.
Ыр ааламындагы алгачкы жолу тушоосун кескен Ош радиосу 1977-жылы жаңы жылдын астында биринчи жолу ырын угарман журтчулукка тартуулады. Андагы бактынын кубанычы унутулбай, азыр да эстегенде жүрөктү жылытат. Чынында ошо оттун учкунунун жарыгы азыркыга чейин өчпөй келет. Ал от чыгармачылыктын Кудай берген касиети, ал касиетти алаканга салып бөпөлөп багып алуу кандай жоопкерчилик, кандай түйшүк! Албетте, жагымдуу түйшүк! Ал түйшүктү моюнга алуунун жүгү да оор.
Ошентип, 1-курстан баштап эле алгачкы популярдуулукка жетишип, айланадагыларына тааныла баштаган. Салмактуу чыгармачыл потенциалы бар чоң чөйрөдөн, атактуу залкарлардан тарбия, билим алып, улам такшалып, музыканын, музыка жаратуунун сырларын, ырдоо техникаларын үйрөндү. Анан булактын оозу ачылгандай жаңы чыгармалар байма-бай чыга баштады.
Ал айрыкча улуу устаты Рыспай Абдыкадыров менен сыйлуу, жакын мамиледе эле. Рыспай агай тууралуу айтып түгөтө албай тургандай кызык күндөр өткөнүн төмөнкүдөй эскерет: "Рыспай аке менен 18 жашымда тааныштым. Алп талант ошондо болгону 36 гана жашта экен! Агай менен алгачкы таанышканымда апкаарып, толкунданганым эсимде. Рыспай аке мени жанына көп алып жүрчү. Ошентип агай менен бир туугандай болуп кеттим. Көп сүйлөшүп, сырдашкан күндөрүбүз болду. Ал киши чар тараптуу талант эле. Төкмөлүк, куудулдук, сөз тапкычтык, шайырдык жагынан эч кимге ат салдырчу эмес. Анын минтип айтканы эсимде:
- Ээй Хаби, сен али жашсың. Мен эрте эле өтүп кетем дүйнөдөн, сен көрөсүң. Мени аябай жакшы эле, кыйын эле дешип эскеришет, көчөлөрдүн, мектептердин аттарын коюшат, бирок мен аларды көрбөй калам, тирүүмдө кереги тийбеген атак-даңктын мага өлгөндөн кийин эмне кереги бар,- деп толкуп кетчү эле. Ошол чын экен.
Ошондой улуу таланттан сабак алган Хабибилла пединститутту бүткөндөн кийин
туулган айылга барып, өзү окуган мектепте музыка мугалими болуп иштей баштады. Чыгармачылыгынын гүлдөгөн кези ошол учурларга туура келет. Көптөгөн обондор жаралды. Рыспай агайдан алган сабактарынын бири сөз менен иштөө болду. Ал ырларында биринчи сөз маанисине басым жасаган обончу. Ошон үчүн ырлары канча жылдар унутулбай эл арасында жашап келет.
1984-жылы Улуу Жеңиштин 40 жылдыгына карата өткөрүлгөн Бүткүл союздук фес­тивалда "Уулуңар тирүү катарда" (эл ичинде "Эстелик") деген ыры менен лауреат болду. "Коштошуу вальсы", "Сен өчпөдүң сезимден", "Каркыралар", "Дил кайрык" аттуу ырлары эл оозунан түшпөй келет. Бирок чыгармачылыктын туу чокусун багынтаар кези чоң чөйрөдөн алыс, чынында айылда өтүп кетти. Орду толбос жалгыз өкүнүчү азыр
ошол…
Жеке турмушунда Х.Азиреткулов бактылуу ата. Эки уул, эки кызы бар.Тун перзенти Бабаравшан, экинчиси Уркуя, үчүнчүсү Гүлбарчын, эң кенжеси Рустам атасынын жолун жолдоп консерваторияда окуйт. Эрке неберелери жарпын жазат. Турмушта өмүрлүк сүйгөн теңи бар. Адамдын бактысы ошол, жакшы тилекте узатаары, сагынып күтүп
алаары бар.
Ушундай таланттуу обончунун ырларын
аткаруучулар Кудайга шүгүр, мамлекеттик
наамдарга, элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп калышты. Ал эми обончунун өзү керемет ырлардын автору катары эстелбей жүрөт. Дегеле Лейлек району түзүлгөндөн берки 83 жыл аралыгында бир да маданият кызматкерине жогорку мамлекеттик наам ыйгарылбаптыр. Кайриет, мурунку жылдары Бабаравшан Тургунбаевге "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери" деген
наам берилди.
Өткөндө Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Фарида Баетова мага "документтериңди даярдап берчи, сени наамга көрсөтөлү, биз деле элбиз го"- деп телефон чалат. Эч ким эстебей, ушул эжем эстегенине абдан ыраазы болдум. Жакшы адамдар жашоодо бар дегенге ишенем, жакында эле Кубатбек Бектемиров ямаха, Эшназар Жороев аккордеон тартуу кылышты, ушундан пайдаланып мен атын атаган жакшы адамдарга Кудай жакшы тилектерин кабыл кылсын деп, узак өмүр тилээримди айткым келет. Менин чыгармачылыгыма булардын көңүл буруусу канчалык бийик шык, бактылуу маанай берди, чексиз ыраазымын. Чыгармачылык кан менен келген, сөөк менен кетет болуш керек. Мурдагыдай оргуштабаса да акырындан болуп жатат. Жакында эле эки жаңы композиция жазып бүтүрдүм.
Буюрса, жакынкы аралыктарда элдин сынына койсом деген ниетим бар".
Ооба, чыгармачылыкты каалаган адамга эле тагдыр кылып бере бербейт эмеспи. Мындай тагдырдын ээлери - бактылуу адамдар. Хабибилла азыр жеке чыгармачылыгында узанууда, элге берер табылгалары али алдыда.