газета "Кыргыз туусу" на кыргызском языке • №25, 05.04.13. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча... •
15 млн. сомдук иш аткарылды

Республика боюнча калктуу аймактарды тазалоо, жашылдандыруу, көпүрөлөрдү оңдоо сыяктуу иштер май айынын аягына чейин өткөрүлөт. Өткөн март айынын ичинде 18 парк, скверлер тазаланып, 400 миңге жакын көчөттөр отургузулган. 25 км. ашык ички жолдор оңдолду. Жалпысынан 15 млн. сомдук иш аткарылган.

Бийлик менен оппозиция жолукту

Кечээ Бишкектин улуттук китепканасында расмий бийлик тараптан биринчи вице-премьер-министр Ж.Оторбаев, парламенттин "Ата мекен" фракциясынын лидери Ө.Текебаев, ал эми оппозициядан "Кыргызстанды сактоо үчүн" кыймылынын жетекчиси М.Чолпонбаев, "Коррупцияга каршы элдик кыймылдын" башчысы Н.Нышанов болуп жолугушту. Оппозиция лидерлери миграция көйгөйү, "Кумтөр" кенинин айланасындагы абал тууралуу маселелерди көтөрүштү.

Түркиянын өкмөт башчысы келет

Алдыдагы аптада Түркиянын премьер-министри Реджеп Эрдогандын расмий иш сапар менен Бишкекке келүүсү күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн бизнес форуму өтөт. Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 228 млн. доллардан ашкан.

Суубуз бар, көңүл тынч

Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд. 216 млн. кубометрди түздү.
Өкмөттүн маалымат кызматынан
жана интернет булактарынан алынды