"Кыргыз туусу", 02.04.13 Революциялар: сабак
албаганыбыздын өзү сабакпы?
2010-жылдын апрель окуяларынын кезектеги жылдыгы келип калды. Бирок, бул окуяга баа берүү боюнча окумуштуулар, саясатчылар, аналитиктер арасында жалпы пикир жок. Тескерисинче, ал пикирлер диаметралдуу карама-каршы. Жада калса, аны "революция" (дагы бир варианты "ыңкылап") деп атаган туурабы, же "төңкөрүш" дегенби? - суроосу боюнча да жалпы пикир жок. Жакында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу факультети менен журналисттердин тобу уюштурган талкууда да мына ушул маселенин айланасындагы пикирлер айтылды. Биз төмөндө алардын айрымдарын келтирмекчибиз.

Бектемир ЖУМАБАЕВ,
КУУнун Тарых жана чөлкөмтаануу факультетинин деканы:
- Мындай маселе бизде эле эмес, азыр Россияда да бар. "Өткөн кылымда болуп өткөн Октябрь революциясына кандай баа бересиз?" деген суроого жакында РФтин Билим берүү министри өзү жооп бере албады.
Апрель революциясы жөнүндө айтканда, Лениндин "1905-жылдагы революция Азияны ойготту" деген сөзү эске келет. Мен Казакстанда бир форумда болгонумда казактын бир окумуштуусу "Силердеги революциялардын пайдасы бизге да тийип жатат. Анткени силердеги ар бир революциядан кийин бизде эмгек акылар жогорулатылууда", - дейт.
Бирок биздеги революциялардын таасири ар өлкөдө ар башка. Кошуна Өзбекстанда, тескерисинче, биздеги ар бир революциядан кийин башкаруучу бийликтин режими улам катуулоодо.
Ошол революциялардан кийин өлкөдө позитивдүү жылыштар болуудабы? Тилекке каршы, өлкөдөгү азыркы ички абалды алсак, ал анча жакшы эмес. Саясий жактан алдыга жылганыбыз менен, экономикалык жактан артка кеттик. Инвесторлор келбей калышты.
Табылды АКЕРОВ,
тарых илимдеринин кандидаты:
- Мен көпчүлүк сыяктуу эле эки революциянын тең күбөсү болдум, анткени борбордук аянтка чыкканмын. Экөөндө тең элдин мынчалык катуу чыга турганына ишенген эмесмин. Мындай окуялардын келип чыгышы элдин менталитети менен да байланышкан.
Ал эми К.Бакиевдин биринчи катачылыгы - бул А.Акаевдин катачылыктарынан сабак албагандыгы. Акаев 15 жыл башкарып канча ката кетирсе, Бакиев 5 жыл ичинде эле ошондой абалга алып келип койду. К.Бакиев бийликке келгенде эле ошол 2005-жылдагы революциянын башкы талабын аткарган же Конституцияны өзгөрткөн жок. Бирок, кийин акырындык менен Конституцияны өзү каалагандай өзгөртүп, бийлигин Акаевдикинен да көп кылып алды.
Анын баары эмнеге алып келди? Элдин бийликке каршы чыгуу­суна. Бул аз келгенсип, ал өзүнүн оппоненттерине жасаган мамилеси да катаал болду. Эгерде Акаевдин убагында оппозиционер саясатчылар, журналисттер куугунтукка алынышса, Бакиевдин тушунда журналисттер, саясатчылар өлтүрүлүп, айрымдары аргасыз өлкөнү таштап, качып кетип жатышты. Анын баары келип, лидерлер камалганына карабастан, элдин өзүнүн көтөрүлүп чыгышына алып келди.
Кандай баа берүү керек? Менин оюмча, элдик баадан ашкан баа жок. Араб дүйнөсүндөгү перманенттүү революцияларга да биздин таа­сир бар. Ошентип араб мамлекеттериндеги авторитардык режимдер кулады.
Апрель революциясына жаштардын активдүү катышкандыгы да белгилей кетүүчү фактор. Алчу дагы бир сабак - бийликти күч менен көпкө чейин кармап турууга болбойт экендиги. Бийликти эл каалаган учурда алып коё алат экен.
Азыр убагында К.Бакиевдин жанында жүргөн адамдар эле рволюциянын катышуучулары болуп алышты. Мен ошол күнү улуу
муундагы белгилүү адамдардын бирин да аянттан көрө алган жокмун. Эч болбогондо Бишкектин ошол кездги мэри Н.Түлеев көчөгө чыгып койсо болмок, анткени ал башкарган шаарда адамдар атылып жатпадыбы! Таң калыштуусу - кийин ал "Ата-Журт" партиясынан парламентке депутат болуп алды, ал аздык кылгансып, аны борборго мэр кылабыз дегендер чыгып жатышат. Ошондуктан, биз, тарыхчылар, бул революцияларга а туура баа берип, эмгектерди жазып, коомчулукка жеткизишибиз керек.
Баа берүүгө келсек, 2005-жылы да, 2010-жылы да революция болгон. Кеп алардан кийин бийликке келген адамдарда болуп жатпайбы! Эл төңкөрүш жасап бийликти кулатып берип жатат, бирок, өзү башкара албайт да! Алар бийликке келгендерге ишенип жатышат.
Эдил БАЙСАЛОВ,
Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы
орун басары:
- Эки революциядан тең алуучу негизги сабак - бул биздин мамлекетибизде, коомубузда эч кандай мораль жок экендиги. Биринчи революциядан кийин К.Бакиев гана эмес, башка эч ким туура корутунду жасап, сабак албаганы үчүн экинчи революция болуп жатат. Мен өзүм 2005-жылдан кийин Акаев бийлиги убагында иштеген эч болбосо, жыйырма чакты адам кантип көчөгө чыгып, элдин бетин карайт деп ойлогом. Жок! Андай болбоду. Бир да адам аларды Акаевдин убагында иштегени үчүн айыптаган жок. А кылмыштын баарын Акаевге да эмес, анын жубайына жүктөп салып кутулдук.
Экинчи революция да оппозиционерлердин эмес, революционерлердин, элдин кайратынан улам ишке ашты. Ошондуктан экөөсүн тең элдик революция деп атоого, атүгүл улуттук-боштондукка чыгаруу кыймылына теңесек да болот. Бирок, азыркы коомдук пикирде тескери бааланып жатат.
Союз тараар алдында, Балтика боюнда, Кавказдагы башка союздук республикалар да өз алдынча мамлекет болобуз деп жатышканда, биз СССРден чыкпайбыз дегенбиз. Ошентсе да, көз карандысыздык алган 31-август менен катар эле улуттук аң-сезимде 7-апрель турушу керек эле. Мисалы, Франциянын азыркы эли үчүн Улуу француз революциясы кандай болсо, бизде да ошондой болушу керек эле. Анткен жок! Себеби, Францияда жазуучулар, тарыхчылар, чыгармачыл интеллигенция ошондой мифти түзө алган, а бизде азырынча жок!
Бирок, баа берүүдө шашпашыбыз керек. Азырынча ал окуялар тарыхчылардын предмети боло элек, бирок азыркы публицисттер баа берүүгө тийиш. Калыс публицистиканын баасы жетишпей жатат.
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, журналист:
- Биз, кыргыздар, азыр эки революция жасаганыбыз үчүн мактанып келебиз. Бирок, балким ал үчүн уялуу керектир? Анткени, ХХI кылымда, бийликти алмаштыруунун цивилизациялуу жолдору - шайлоо­­лор турганда, биздин төңкөрүш жасаганыбыз - бул артта калгандыгыбыздын белгиси болуп жүрбөсүн? Бул биздин, кыргыздардын, канчалык мактанганыбыз менен мамлекеттүүлүк салтыбыз жоктугунун белгиси эмеспи?
Азыр бизде тарыхыбыз да жасалма болуп, аны ашыра көкөлөтмөй модага айланды. Тарыхты тарыхчылар эмес, журналисттер, төкмө акындар, жазуучулар, санжырачылар жазып жатышат. Ошол эле учурда Октябрь революциясына чейин бизде, кыргыздарда, мамлекеттүүлүк тургай, анын жалпы атрибуттары да болбогону калппы? Ошондуктан революциялардын себебин элибиздин мына ушул мамлекеттүүлүк салттарына ээ болбогондугунан, бирдиктүү улут катары калыптанбагандыгынан, совет мамлекети күчтөп жасалма мамлекет кылгандыгынан издегенибиз туура болоттур? А элдин, улуттун мындай жүрүм-турумунун келечеги кандай болот? Бул риторикалык суроо!
Абалдан чыгуу үчүн адамдарыбыздын аң-сезиминде революциялык эмес, мамлекеттүүлүктү сезүү психологиясын киргизүү туура болмок.
Аалыбек АКУНОВ, саясат таануунун доктору:
- Менин оюм боюнча, убакыттын өтүшүн күтүп отурбастан, 2-3 жылдан кийин эле окуялар кайсы тарапка багыт алганына жараша баа берүүгө болот. 2005-жылдагы окуялардын объективдүү себептери болгондугу эч кимге талаш эмес. Элдин оозуна кыргыздар 5 жылда 2 революцияны баштан кечиришти деген аныктама кирип калды. Бирок, биз, тарыхчылар, саясат таануучулар ага баа беришибиз керек. Мына ушул жерден, азыр тарыхты жазып жатканда этият болуп жатабыз.
Негизи, эки чоң толкун болду. Алар максатына жеттиби? Мына ушул суроо боюнча айтсам, 2005-жылдагы революция максатына жеткен жок. Анткени аны жасоого чейин айтылган нерселер толук ишке ашкан жок. Ошондон улам экинчи толкун келип чыкты. 2005-жылы алгач конституциялык реформаларды жасап алып, анан президенттик шайлоого барганда туура болмоктур? Ушундай да көз караш бар.
2010-жылдагы экинчи толкун адам курмандыктары менен коштолду. Андан бери 3 жыл өттү. Бул убакыттагы кадамдардын кайсы багытта кетип жатканы жөнүндө сөз кылсак болот. Биринчиси, ким президент боло тургандыгы белгисиз кезде Конституция кабыл алынды. Бул алдыга жылуу.
Бирок, ал боюнча да сындар айтылып жатат. Алардын объективдүү себептери бар. Анткени парламенттик башкаруу 2 жыл ичинде эл күткөн үмүттөрдү актаган жок. Экинчи жагынан алганда, ошол Конституциянын идеясын өнүктүрүүнүн ордуна, кандайдыр-бир башка жолдор менен мурдагыдай жолго түшүүгө аракеттенгендердин таасири да болуп жаткандай.
Бул Баш мыйзамдын башкы багыты - бардык бийликти бир адам же үй-бүлө топтоп алалбай тургандыгында. Бирок, биздин эки жылдык тажрыйба көрсөткөндөй, президентте андай мүмкүнчүлүк Конституция боюнча жок болсо да, башка жолдор менен чыгып, ошондой жагдайды калыбына келтирүү аракеттери бардай. Кийинки өкмөт түздөн-түз президенттин катышуусу менен түзүлгөнүнөн, анан ал өзүнүн сөздөрүндө президентке тиешелүү эмес бийлик укуктары жөнүндө сөз кылгандыгынан, мисалы, экономика боюнча маселелерди өзүнө алгандыгынан улам ошол сөздөр чыгып жаткандыр?
Парламенттик республика жөнүндө идея Конституциянын өзөгү болуп кирген. Бирок ал өнүктүрүлүшү, аздектелиши, бузулбашы керек болчу. Ал өтө назик, тамыры тереңдей
элек.
Апрель окуяларынан кийин көптөгөн кадамдар жасалды, процесс жүрүп жатат, а ошолордун багытын алсак, элде "эки революция болсо деле, кайрадан баягыдай бойдон калат турбайбы",- деген пикир калыптана баштады. Азыркы нааразычылыктар ошолордун бир сигналдары сыяктуудай.
Жыйынтыктап айтсам, эгерде азыркы Конституция кабыл алынбаса, бүгүнкү парламент болбогондо үчүнчү революция кайрадан чыкмак. Парламенттин бүгүнкү курамы коомдогу кызыкчылыктарды чагылдырып тургандыктан, анан мыйзам тарабынан чечимдерди кабыл алуу бир кишиге же бир үй-бүлөгө өтүп кетпей тургандыгынан улам, туруктуулук сакталып турат деп ойлойм.
Ташым КЕНЕНСАРИЕВ,
профессор:
- Кыргызстан толук түзүлө албаган мамлекет, - деген пикир айтылып кеткен, азыр да бир топ эле чоң чөйрөлөрдө ушундай пикир сакталып келет. Бизде да көптөгөн аналитиктер "Кыргызстанда мамлекеттүүлүк жок" деп келишет. Булардын баары азыркы Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан улам келип чыгып жатат.
Мен тарыхчы катарында жалпылаган пикиримди айтып коёюн. Ар кандай окуяны баалаганда, жок дегенде 5 жылдан ашуун убакыт өтүшү керек. "Элүү жылда - эл жаңы" дегендей, ошончо убакыттан кийин
коомдук аң-сезим өзгөрөт. Так аныктаманы кийин тарых
берет.
Революция - бул өзгөрүүнү, эволюцияны секирик менен жасоо. Анын эки мааниси - тар мааниси, кең мааниси бар. Тар
маа­ниси - бийлик алмаштыруу же - 24-март жана 7-апрель. Кең маа­ниси - бул процесс, системалык өзгөрүү.
А биздеги революциялардын экөөсү тең классикалык эмес, түстүү революциялар. Анткени коомдо түп-тамырынан өзгөрүүлөр болгон жок. Надстройкасында гана системалык өзгөрүүлөр болуп жатат. Экөөнүн түп-тамыры окшош. Экөөндө тең 5 маселе коюлган.
Биринчиси, саясий системаны өзгөртүү керек болчу. Бул конституциялык жол менен.
Экинчиси, башкарууну өзгөртүү керек эле, ал үй-бүлөлүк болобу же жамааттыкпы?- деген суроого жооп берилиши керек.
Үчүнчүсү, экономикалык жактан өсүштөр болушу керек эле.
Төртүнчүсү, кадрлар алмашуусу керек болчу.
Бешинчиси, элдин турмушу оңолушу керек эле.
2005-жылдагы март революциясынан кийин алардын бири да аткарылган жок. Айрымдары кайра, тескерисинче кетти.
Ал эми 2010-жылдагы революциядан кийин саясий система кайсы-бир деңгээлде өзгөрдү, парламенттик башкаруу жолуна түштүк. Бирок, А.Акунов айткандай, ал жол менен туура баратабызбы же жокпу, ал боюнча да күмөн саноолор бар.
Экинчиден, үй-бүлөлүк башкаруу системасын жок кылдык, бирок партиялардын корпоративдик башкаруусу орноп калгандай болду. Бул чыныгы элдик башкаруубу же жокпу? Бул да суроо.
Үчүнчүдөн, өнүкпөй эле артка кетип жатабыз.
Ал эми кадрлар боюнча айтсак, басымдуу көпчүлүгү мурдагыдай эле, начар иштеп жатышат. Акыркысы - экономикалык өсүш болгон жок, элдин турмушу оңолгон жок.
Демек, менин оюм боюнча, эки революциянын максаттарынын басымдуу көпчүлүгү аткарылган жок. Мындан ары өзгөрүүлөр боло берет, ал секирик эмес, эволюциялык жол менен да болушу мүмкүн. Биз да ошону каалаар элек. Анткени, дагы бир кыйроону Кыргызстан көтөрө албайт.
Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ,
тарых илимдеринин кандидаты:
- Бизде Акаев менен Бакиев бийликтери убагында жалпыга маа­лымдоо каражаттарына кысым жасап келген. Үчүнчү бийлик убагында деле бийлик табияты өзгөрүп кеткен жок, менин өзүмө эле "Эмне үчүн оппозициячыл саясатчынын пикирин жарыялап койдуң, сен биздики эмес экенсиң" деп чыгышты. Бийликтин табияты мына ушундан - басма сөзгө жасаган мамилесинен көрүнүп турат. Революция жасагандан кийин анын сабактарын мына ушул тарыхчылар, публицисттер, улут элитасы элдин мээсине куюп, жеткирип турууга аракеттениши керек. Сабак
алууга тийишпиз.
А биз, биринчиден, ушул революциялардан эч кандай сабак алган жокпуз. Ал революциялардан кийин биз кыргыздын улуттук да, саясий да элитасы жок экендигин көрдүк. Андай болбогондо саясий элита туура саясат жүргүзүп, мамлекетти башкарып кете алат эле. А улуттук элита "бул жолго түшкүлө" деп, келечек жолду көрсөтүп, артынан элди ээрчите алмак. Бизде сатылган, коркок, оюн түз айта албаган, күн карама элита калыптанып калыптыр. Ошондуктан саздан чыга албай жатабыз. Эки революция тең, эгерде бизде элита калыптанбаса, багыттар аныкталбаса, анда биз мамлекетибизди өнүктүрүп кете албай тургандыгыбызды көргөздү. Алар мамлекет башына келген адамдар мамлекетчил, мекенчил, таза болушу керектигин айгинеледи. Тилекке каршы, эки революциядан кийин да мындай адамдар жок экендигине күбө болдук.
Азыр революция жасайбыз дегендер менен сүйлөшүп көрүп жатам, "революциядан кийин эмне кыласыңар, азыр кантесиңер?" десек, "Бизде азырынча ал боюнча эч нерсе жок" дешет. 2005-жылы да, 2010-жылы да ошондой болгон. Бийликке келген адамда стратегия жок болсо, ал чаржайыт башкара тургандыгын ачуу тажрыйба көрсөтпөдүбү!
Анан бийлик башына, мамлекетти оңдоого аракет кылган киши келсе да, анын тегерегине келген адамдары таза, мекенчил болбосо, бир адамды буруп коюу оңой экендигин да эки революциядан кийин көрдүк. Азырынча үчүнчү революция жасайбыз дегендердин да мекенчил экендиктерин, стартегиясы бар экендигин көрбөй жатабыз.
Ошондуктан улуттук элитаны калыптандыруу, сатылбаган, коркпогон, мажирөө эмес, мамлекетти өнүктүрүүнү билген, мыкты элитаны калыптандыруу, өткөндөн сабак алуу керек экен.