Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 2

Чек ара такталууда, бирок…
Жетимиш жылдан ашык мезгил бою бир чоң өлкө болуп жашап келген тарыхыбызда союздук республикалардын өз ара чек аралары шарттуу түрдө гана болгон. Айдоо жерлерде ортодо арык болуп, арыктын бул бетине Кыргызстан буудай эгип, аркы бетине Тажикстан буудай эгип, ошондой жерде гана чек ара так болуп, айдоо эмес жерлерде чек ара каерден өтөөрү так эмес болуп келген.


Ошондуктан, СССРдеги союздук республикалардын коңшу жайгашкан айылдарында дайыма жаңы канал казылып, жаңы жер өздөштүрүлгөндө жер талаштан чатактар чыгып турган. Мындай чатактарды баштан өткөргөн учурларыбыз болгон. Азыркы айта турганыбыз жакында Баткен районунун Чарбак айылындагы чет өлкөлүк жарандардын басып кириши менен чек аралардын тикенек зымдар тартылып тосула баштаганы тууралуу болмокчу.
Жогоруда айттык, айдоо жерлердин аркы четинен чек арабыз так болчу деп. Биздин республикабыз чек араны тактадык маанисинде түркүктөрдү отургузуп жатканы
коомдук телевидениеден көрсө-түлдү. Ошондо түркүктөрдүн айдоо аянтынын ортосуна тургузулуп жатканы даана эле көрүндү. Муну кандай деп түшүнүүгө болот? Ал аймакта ошол айдоо жер талашка түшкөнбү? Ошол айдоо жерди биздин жаран менен Өзбекстандын жараны ынтымакта болуп чогуу пайдаланып келишкенби дегендей түшүнүүгө аргасызбыз. Эгер ушундай болсо, чет мамлекеттин жарандары эмнеликтен биздин өлкөгө басып кирип, элибизди уруп-согуп, ары жакка туткундап кетишет?

Бизге коңшу калктын чет өлкөгө мыйзамсыз өтсө өз өлкөсү жазалап коёт деген түшүнүгүнүн жоктугунан улам Кыргыз Республикасына басып кирип келип, элди сабап, сүйрөп кетип жатышат. Өзбекстандын жарандары чет өлкөгө мыйзамсыз кол салып кирип барыш эмес, өздөрүнүн президентинин атын айтып сүйлөгөндөн корко тургандыктарын билебиз го. Анан өз өлкөсүндөгү ошондой шартты билип туруп Сох районунун тургундары кандайча ушул чагымчылдык ишке барышты? Бул тууралуу мамлекетибиздин улуттук коопсуздук кызматы тынчсызданышы керек. Өлкө башчыбыздын ой калчап, бир тыянакка келүүсү да зарыл. Бул аймактагы элди кимдир-бирөө тукуруп жаткандай деген да ой
кетет.
Чек араны тактадым, деп бери жактан зым тарта берсек, алар андан бетер бери карай кирип келе бериши мүмкүн. Жергиликтүү элдин төбөсү көрүнгөн өкүлдөрүнөн, бизден да, алардан да аксакалдарын тартып, паритеттик комиссия түзүлүп, өлкө чегинин аныгы каерде, 1950-жылдардагы ирилештирүүнүн кесепетинен жоголуп кеткен колхоздордун орду каерде, кимдердин ата-бабаларынын сөөктөрү
каерде жатканына чейин аныктап чек араны тактоо зарыл. Качанга
чейин жерди алдыра беребиз?

Эми ошо Сох анклавындагы чек араны биротоло тактап, өзүбүздүн айылдарыбызга өз жолубузду салып каттоону камсыз кылып албасак, ал жердеги чатак тынчыбайт. Өзүбүздүн жер менен жолду салып бүтүрүп, Сох анклавына кирүүнү токтотуу керек. Аякка кирбей каттасак, алардын деле биз менен иштери жок болот. Кошуналарыбызга бир гана түндүк жактан келген жол керек, алар ошол жол менен Ташкенге катташат, башка жолдордун аларга да, бизге да кереги болбойт.
1999-2000-жылдары Баткен аймагына согушчандар келген жерлер так ушул Сох капчыгайынын баш жагы болгон. Азыр өзбекстандык жарандардын биздин айылыбызга кирип келип, элибизди туткундап кеткен жерлерден ашып барса 3 же 5 эле километр жерде, Сай жана Сырт айылдарында катуу согуш болгон. Дагы жакшы, ал кезде Өзбекстан ушул анклавдагы жолдорун тоспой, биздин аскерлерибиз мамлекетти коргоо милдеттерин аткара алышкан.

Аймактын ушундай кооптуу экенин, бул анклавдын калкын провокацияга тукургандардын да чыгышы толук мүмкүн экенин биздин жетекчилер эстерине түйүп коюулары зарыл. Сох анклавына күн чыгышы Айдаркен жактан, күн батышы Боз-Адыр, Баткен жактан келген жолдордун бизге да, аларга да кереги жок болгондон кийин, зым торлорду тартып, жолдорду казып салуу керек. Ошондо бизде да, Өзбекстанда да коопсуздук сакталат. Ансыз деле кошуналарыбыз чек арасын катуу кайтарып, миналарды койгонго чейин барып жатпайбы. Сохтуктар да биз тарапка келишпейт. Ошол жолдорду жаап, казып салып, зым торду тартып, чек ара постторун азайтуу керек. Өзбекстандын тажрыйбасынан үлгү алып, чек арага чек арачыларды коюп, алар жетишпесе мина менен тосуу зарыл.

Ал эми Сох анклавында түн­дүктөн жолду дайыма ачык коюп, Өзбекстандан чыга бериш менен түндүгүнөн Сохко кире беришке гана чек ара постун коюу акылга сыярлык болот. Мына ошол жактагы чек араны да качан бир чатактын чыгышын күтүп отурбай тез арада тактап алуу керек.

Ибраим АБДУВАЛИЕВ,
Бишкек шаары




Кара түтүн каптаган Араван
Ошентип, "Өлбөгөн жанга жаз келди" болуп, дыйкандар бу маалда жазгы талаа иштеринине камдана баштаган кез. Ош облусунун көп улуттуу Араван районунун эли дагы айрым кыйынчылыктарга карабай, "Жакшы тилек - жарым ырыс" деп, билектерин түрүнүп, белсенип турган чагы. Кыйынчылык дегенибиз, иш сапары менен Араванда болгонубузда, элеттиктер акыркы жылдары бул аймакта эккен пахта гана эмес, тиккен бак-дарактар дагы жакшы өспөй, атүгүл бүрдөбөй да калганы тууралуу маалымат алдык.

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Аравандык Сабыржан Жанботоевдин айтымында, беш-алты жыл мурун райондо цемент заводу курулган жана андан чыккан кара түтүндүн кесепетинен жаратылыш ушундай апаат күнгө тушуккан. "Ошол заводдон чыккан коюу түтүндүн канчалаган аймакты каптап, асманыбызда капкара болуп турганын көрүп жатасыздар. Бул заводдун мору эреже боюнча
бийик болушу керек эле. Ошондо түтүн жерден алыс болуп, абага сиңип жок болмок. Тескерисинче, мор өтө кыска болгондуктан, түтүн жерге түшүп, жаратылышка зыян алып келүүдө", - дейт С.Жанботоев. Анын айтымында, ушул себептен улам дыйкандар түшүм ала албай, райондогу пахтаны иштетүүчү ишкана дагы банкротко учурап, натыйжада анын жумушчулары жумушсуз калышкан. "Чыдамы кеткен эл өткөн жылы митингге чыккан болчу, бирок, маселе дагы деле оң жагына чечилбей жатат. Негизи дүйнөлүк стандарт боюнча кандай гана завод болбосун, анын иш алып баруусу жергиликтүү калкка, экологияга зыян келтирбеши керек эле. Бул завод иштегенден бери эл гана эмес, жергиликтүү табият дагы
зыян тартып келатат", - дейт Сабыржан Жанботоев.
Ал эми бул митинг былтыркы жылдын 17-сентябрында болгон. Анда жергиликтүү калк заводго жабыр тарткан айыл чарба жерлери үчүн компенсация төлөп берүү, цемент ташыган чоң авто унаалар жүрүүчү Ош - Араван жолундагы чуңкурларды калыбына келтирүү, жергиликтүү элди жумушка алуу сыяктуу жалпы жонунан тогуз талап коюшкан. Керме-Тоо айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин төрагасы Жуманазар Тагаев­дин айтымында, митингден кийин
завод тарабынан айрым талаптар ишке ашырылган. Мисалы, завод Керме-Тоо айыл аймагына былтыр жайыт жерлеринен топурак казып алып жаткандыгы үчүн 60 миң сомдук материалдык-техникалык жардам көрсөткөн. Ошондой эле Араван - Ош жолунун бузулган 50 метр жерин оңдоп беришкен жана жергиликтүү элден жумушчулукка чакыруу аракеттери бол-
гон.
"Бирок, муну менен жогоруда айтылгандай, жаратылышты жабыркоодон сактап калууга болобу?" Ушул суроо менен биз КРнын Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча көзөмөл жүргүзүү инспекциясынын Ош облусу
боюнча башкармалыгынын начальниги Рысбек Юсуповго кайрылганыбызда, ал өткөн жылы заводдун жергиликтүү элге жана аймакка зыяндуулугун аныктоо тууралуу ЖКнын депутаты Өмүрбек Бакировдон кат келгендигин билдирди: "Ошонун негизинде былтыркы апрель айында жергиликтүү элдин өкүлдөрү, цемент заводунунун директору Данияр Атабаев болуп жолугушканбыз жана заводдун жаратылышка тийгизген таасири текшерилген. Чындыгында кемчиликтер бар экен. Мисалы, түтүн чыгуучу морго чыпкалоо жабдыгы коюлган эмес экен. Муну биз Ө.Бакировго жазып жөнөткөнбүз жана кемчиликти тез арада жоюу үчүн заводдун жетекчилигине көрсөтмө бергенбиз. Бул кемчиликти завод көрсөтүлгөн мөөнөткө
чейин аткарган", - дейт Р.Юсупов. Бирок, Рысбек мырзанын айтымында, ошол тегеректеги жердин кыртышы жана аба лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн жана адис­тер заводдун жаратылышка залакасын тийгизбей тургандыгын айтыш-
кан.

"Биздин сууну башка жактан келген
мал ичпейт..."

Айтмакчы, бул аймак канчалык кенен, ыңгайлуу көрүнгөнү менен көзгө жайылып жүргөн мал чалдыктыра албадык. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул жерде таза cуунун жоктугунан жашоо­чулар жер казып, саздан сарыгып чыккан cууга арык салып, жер сугарышат экен. Мындай шор
сууну ичкен мал көп жашабай эле өпкөсүнөн ылаңга чалдыгарын, ал эми башка жерден алынып келген мал бул cууну ичмек турсун, жыттап да койбогондугун маектешибиз С.Жанботоевден уктук. Буга
чейин, тактап айтканда, Өзбекстан чек арасын мыктап, тикенек зым менен тосуп ала электе, суу эки тарапка тең жетип, мал дагы, талаа дагы суу ичип, түшүм мол болуп турчу экен. Кийин ал сууну өзбек тарап чек арадан чыгарбай канал казып, ары буруп кеткенден тартып, Араван районунун калкы суусуз калып, ушинтип саздын суусу менен жер cугарып жашоого өтүш-
көн.

Арыктын ары жагы менен бери жагында...

Жогоруда айтылган шор суулар бөксө тоолорго да залакасын тийгизерин айтышат: "Себеп дегенде, жер асты менен аккан суу үстүңкү катмардын топурагын бошотуп, тоолор борпоң тартып калышат. Өткөн кеч күздө буга далил болуп, Ош - Араван жолунда, жергиликтүү эл "Элик" деп атаган (ал жерде эликтин эстелиги орно-тулгандыктан, ушинтип атап алышыптыр - ред.) бөксө тоонун тумшугу көчүп, жолду жаап калган. Түш ченде түшкөн көчкүнү ӨКМ кызматкерлери менен ошол жерге жакын жайгашкан цемент заводунун адис­тери биргелешип, жолду таң атканча тазалап, ачышкан.
Мына ушул сыяктуу көйгөйлөр кадам сайын кездешип, жергилик­түү калктын бешенесине улам-улам жаңы "сюрприздерди" тартуулап турат экен. Ал эми Өзбекстан тарап өз чегин кыдырата тикен зым менен тосуп эле койбостон, туурасы 2 метр, тереңдиги 4 метр болгон арык да казып салган. Кокус, андан ары бир эле кадам кирип кеткен мал болсо, андан үмүттү үзүп эле койгон жакшы окшойт.
Айтор, ушундай эле жаратылышта жашап жаткан өзбекстандыктар табигый көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун эбак эле таап алышкан дешет. Тактап айтканда, алар тоонун алды менен агып өткөн сууну насос менен тоонун үстүнө алып чыгып, алка-шалка эле пайдаланып жатышат дейт кыргыз тараптагылар. Өкүнүчтүүсү, арыктын ары жагы менен бери жагындагы тиричиликтин айырмасынын асман менен жердей экендиги...

Сүрөт автордуку





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_9.htm on line 77