Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 2

Дубандардан эмне кеп?
Өз кабарчыларыбыз кабарлашат
ЫСЫК-КӨЛ

Жакшы иштесе салыкчылар,
жашырылбайт салыктар
Өткөн 2012-жыл ичинде Каракол шаары боюнча негизги 20 өнөр жай ишканаларынын сегизи гана илең-салаң иштеп, бир гана "ЭТЗ" акционердик коомунун жер салыгына карызы 2 млн. 372 миң сомдон ашкан. Шаар мэрия­сынан алынган расмий маалыматтарга караганда, жалпысынан өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 1071,3 млн. сомду түзүп, 2011-жылга карата салыштырмалуу 109,4% өсүш берип, жергиликтүү жылдык салык планы 10 млн. сомго ашык аткарылган.

Көп иш-чара талданды,
"КОКтун" тийсе жардамы…
Былтыр "КОК" ишканасынан облустун фондуна 218 млн. 342 миң 384 сом түшүп, 2011-жылдан калганын кошкондо жалпысынан 311 млн. 266 миң 578 сом акчанын 307 млн. 981 миң 882 сому Көл өрөөнүнүн билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт жайларын курууга, эскилерин калыбына келтирүүгө жумшалган. Буга чейинки түшкөн каражаттарга салыштырмалуу акчанын бир кыйла аздыгынан Кыргыз Өкмөтүнүн № 87 тескемесинен улам республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган тогуз курулуш имараттары Мамкурулуш агенттигинин карамагына өткөрүлгөн.

Эсептешер кез келсе,
эл эмгектен эскерсин
Облустук өкүлчүлүктүн жакында болуп өткөн кезектеги кеңешмеси Кыргыз Республикасынын Баатыры, өткөн 20-кылымдын экинчи жарымында облустук биринчи жетекчи катарында Көл өрөөнүн өнүктүрүүгө ак кызматын арнагандыгы менен эмдигиче элдин эсинде калган
коомдук ишмер Апсамат Масалиевдин алдыдагы 80 жылдык мааракесин белгилөөгө алдын-ала ар тараптан даярдык көрүүгө арналды.
Облустук жана район-шаардык деңгээлдерде мааракелик уюштуруу комитеттери түзүлүп, 2013-жылдын 12-апрелиндеги А.Масалиевдин туулган күнүнө карата алдын-ала кеңири иш чаралар белгиленип, анын ичинде эң башкы көңүл облустун борбору Каракол шаарындагы мурдагы Юлиус Фучиктин ордуна Апсамат Ма-
салиевдин ысымы коюлган көчөнү талапка ылайык ар тарабынан тартипке келтирип, көрктөндүрүп жашылдандыруу милдеттери
шаар мэриясынын жетекчилигине тапшырылды.

Жээнбай ТҮРК


Баткен
Ноорузга
карата чоң ишембилик өттү
Баткен облусунда 3 айлык жарыяланып, ага ылайык бардык район, шаарларында ар бир ишемби күнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалоо иштери активдүү жүрүп жатат.
16-мартка карата облус боюнча 6 миң км. ички арыктар тазаланып, 67 миң көп жылдык көчөттөр, 12 миң даана бир жылдык гүл жана бак-дарактардын көчөттөрү олтургузулду.
Жергиликтүү шаардык мэриялар бак-дарактарды, жээктерди актоо үчүн 50 тонна акиташ даярдап беришкен. Өкмөттүн өкүлү Жеңиш Разаков Баткен районунун Дара
айыл окургундагы өрүк көчөттөрүн олтургузуу ишембилигине катышты. Бүгүнкү күндө аталган райондо 35 гектар жерге жаңы өрүк көчөттөр олтургузулууда. Баткен облусу боюнча ишембиликке 38 миңдей адам катышып, Нооруз майрамына карата облус аймагын акыр-чикирлерден тазалоо, иретке келтирүү иштери жүрүүдө.

Мугалимдер жетишсиз
Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Клара Каримованын берген маалыматтарына таянсак, шаардагы билим берүү тармагында орус класстарды окутуу көйгөйү жаралууда. Анткени, орус тил
боюнча мугалимдер жетишсиз. Мындан сырткары математика, физика, англис тил мугалимдери да жетишпей кадр маселеси курч бойдон калууда.
- Билим берүү тармагында айлык акылар көбөйдү дегенибиз менен, жаш кадрларга болгон көңүл буруу жокко эсе. Жаңы бүтүп келип жаткан жаш мугалимдерди жеринде алып калуу үчүн аларга турак-жай маселесин чечип, керектүү шарттарды түзүп берип, иштетип калышыбыз керек - дейт Кызыл-Кыя
шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Клара Каримова.

5 миң жаран кезектең
Бүгүнкү күндө Лейлек району боюнча жалпы 5 миңден ашуун кожолуктар жеке жер тилкелерин алуу үчүн кезекте турушат.
Алардын өтүнүчүн канааттандыруу максатында райондук мамлекеттик администра-циясы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлерди трансформациялоо багытында иш алып барууда.
Азыркы мезгилде Кулунду айыл өкмөтүнүн "Майты-1" жана "Майты-2" участкаларынын, Көк-Таш айылынын башкы пландары бүткөрүлгөн. Ошондуктан "Майты-1" участкасына жакын арада участка берүү күтүлүүдө.

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА




Ош
Аллеяга акындын ысымы
ыйгарылды
Ош шаардык мэриясы үстүбүздөгү жылдын жаңы иш күнүн кыргызстандыктарды ынтымаккка чакыруу, кыргыз журналистикасынын башын бириктирүү максатында
шаардын А.Мамыров жана Б.Осмонов атындагы көчөлөрдөгү жалпы аянты 6 гектарды түзгөн журналисттер аллеясында 300дөн ашуун ийне жалбырактуу дарактарды олтургузуу менен баштаган болчу.
Жакында бул аллеяга Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын чечими менен кыргыздын белгилүү жана таланттуу акыны Жолон Мамытовдун ысымы ыйгарылды. Ага белгилүү акындын аты берилгендиги бекеринен эмес. Анткени, Ж.Мамытов кезинде бир топ жыл "Ош" радиостанциясында жана "Кыргызстан маданияты" гезитинде эмгектенген. Акындын жубайы Меңди Мамазаирова
шаар жетекчилигине ыраазылыгын билдирди.
Өткөн жумада бул аллеяга журналисттер жана шаардын чыгармачыл интеллегенциясы каштандын жаш көчөттөрүн олтургузуу боюнча ишембилик өткөрүштү.
Шаар мэри Мэлис Мырзакматовдун билдирүүсүнө караганда өткөн жылы шаардын бюжетинен бул аллея үчүн 20 млн. сом акча каражаты жумшалса, быйылкы жылы бул каражат 84 млн. сомго жетет. Келечекте бул аллеяда акындын эстелиги орнотулмак-
чы.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ




Нарын
Канча сом кеткени
белгисиз
Нарын шаарынын чыгыш аймагындагы "Ак Дил" бала бакчасындагы чыр шаардык Кеңештин отурумунда көтөрүлдү. Маселе "Рес­публика" партиясынан шайланган депутаттар тарабынан киргизилген. Бала бакчанын жетекчиси Нургүл Асипбаеванын айтымында бакчанын имараты кулап калуу абалында
турат.
- Мен бакчага 2010-жылдын сентябрь айында келдим. Бала бакчага менчик үй 2009-жылы сатылып алыныптыр. Бирок мага курулуш көзөмөл башкармалыгынан бакчанын имараты жараксыз деген кагаз келди. Чынында үй жараксыз. Экинчиден, бакчанын имараты дагы деле менчик үй катары турат. Аны сатып алууга "Ага Хан" 25 миң доллар, мэрия болсо эмерек алууга жана оңдоого 20 миң доллар бериптир, - деп билдирди Н.Асипбаева

айым.
Аксакалдар соту айласыз
абалда иш кылышат
Мындай маалыматтар Нарын шаардык Кеңештин кезектеги отурумунда белгиленди. Депутат Бакыт Балбаев Нарын шаарынын Аксакалдар соту өткөн жылы 45 ишти карагандыгын маалымдап, элдик тарбиянын уңгулуу көрөңгөсүн сактап калуу үчүн ушул элдик сот­ко көңүл бурууга чакырык таштады.
- Жок дегенде олтуруп иштегендей ордулары дагы жок экен. Ошого карабастан алар иштеп жатышат. Эмне үчүн биз эң керектүү элдик сотторго маани бербейбиз, - дейт Б.Балбаев
мырза.
Жыйынтыгында депутаттар Аксакалдар сотунун 9 мүчөдөн турган жаңы курамын бекитишти. Алардын эң сакалдуусу 79 жашта, эң кичүүсү 51 жашта экен. Бешөө ардагерлер, алтоо педагогдор болуп саналышат. Ошону менен катар депутаттар Аксакалдар соту үчүн жумушчу кеңсени чечүүнү мэрияга тапшырып, аларга олтургуч жана орундуктарды алып берүүгө каражатты бөлө турган болушту.

Күмөндөр УСУПТЕГИН
Кудай уу-р,
кутурма катталды
Буга чейин ат-башылыктарды малдын шарп оорусу шайын кетирип келди эле, эми кутурманын башы кылтыйды. Бул оору менен Ак-Моюн айылынан бир баш жылкы, Ат-Башы айы­лынан бир баш уй катталды. Алар ветеринардык эрежеге ылайык жок кылынды. Оорунун чыгышына аны алып жүргөн карышкыр, чөө, же түлкүлөрдүн тиштегендиги себепкер болду деген божомол бар. Кыскасы, бүгүнкү күндө
райондук ветеринардык борбордун жана айыл аймактарынын ветадистери айылдарды жана кыштоолордогу малчыларды тынбай кыдырышып, малдын бардык түрлөрүнө жана ит, мышыктардан бери алдын-ала эмдөө, дарылоо иштерин тыкыр жүргүзүшүүдө.

Зыянкечтер
жок кылынууда
Быйыл карышкыр күч болду. Алардын элге келтирген зыяны миллион сомго чамалап барды. Жергиликтүү мергенчилер да карап турушкан жок, күн сайын зыянкечтердин изине сая түшүп турушту. Бүгүнкү күнгө чейин алар тарабынан 38 карышкыр атылды. Ар кандай ооруну таркатуучулардын себепкери болгон жолбун иттерге да аңчылык кылуу токтой элек. Бүгүнкү күнгө чейин район боюнча 1037 жолбун иттер жок кылынды.

Жекшенбай Курманов




Куттуктоо
Ак эмгектин акыбети
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессорлору жана окутуучулар жамааты академик Абдыганы Эркебаевди гезит аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланышы менен куттуктайт.
"Жоопкерчиликтүү ишиңизде чыгармачылык ийгилик, жогорку бийиктикти, жаңы жетишкендиктерди каалаймын. Турмуштук бай тажрыйбаңыз КУИАнын ишин жаңы нуктарга буруп, чоң өзгөртүүлөрдү жаратат деп терең ишенебиз", - деп айтылган куттуктоодо.
Ошондой эле,
Жалал-Абад
мамлекеттик университетинин профессорлору жана окутуучулар жамааты академик Алтай Бөрүбаевди эл аралык Сократ сыйлыгына татыктуу болушу менен куттуктайт.
"Сиз бул сыйлыкка ак эм-гегиңиз менен жеттиңиз. Залкар окумуштуу катары Кыргыз Респуб­ликасында математиканын топология багытындагы мектепти түздүңүз. Сиз үчүн бул сыйлык чек болбосун", - деп айтылган куттук-
тоодо.
Куттуктоолорго университеттин ректору А. Абдрашев кол ойгон.
А. ЭСЕНОВ





Жыл акжолтой болсун!
Манас айтуу күндөрүнө келиңиз!
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат саясаты жана туризм министрлигинин колдоо­сунун негизинде "Манас - эл"
коому 2013-жылдын 18-мартынан 4-апрелге чейинки аралыкта саат 12.00дөн 14.00гө чейин Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрындагы Манас атанын куттуу боз үйүндө "Жыл акжолтой болсун!", "Кыргыз элинин каада-салты калыбына келсин!" деген ой-тилектин алдында Манас айтуу күндөрү уюштурулат.
Б.БУЗУРМАНКУЛОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_8.htm on line 128