Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 2

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин милдетин аткаруучу Акрам МАДУМАРОВ:
"Кызматка келүүнү эмес, татыктуу кетүүнү ойлойм"
Мадумаров Акрам Камбаралиевич 1977-жылы Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылында туулган. 1994-жылы аталган айылдагы А.Орозбеков атындагы орто мектебин бүтүргөн соң К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Ошол эле жылы аталган жогорку окуу жайдын аспирантура бөлүмүнө кабыл алынган. А.Мадумаров аспирантурада окуп жүргөн жылдарда, өлкөбүздүн агрардык багытын өнүктүрүү максатында, бир топ илимий макалаларды жазган. Андан сырткары агрардык академиянын анатомия жана физиология кафедрасында ассистент кызматынан баштап, окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген. 2005-жылы аспирантураны бүтүргөн соң, биология илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон. Андан кийин Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын "тышкы байланыштар" бөлүмүн аяктаган. 2006-жылдын апрель айынан баштап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгында өндүрүштү жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн референти, 2008-жылдын сентябрь айынан Ош шаарындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин түштүк резиденциясынын директорунун орун басары кызматтарында эмгектенген. 2009-жылдын июнь айынан тартып, 2013-жылдын 22-январына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын аппаратында протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенди. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы системасында эмгектенген мезгилден баштап, мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөн иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө түздөн-түз катышып келген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-январындагы №28-буйругунун негизинде Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. "Мамлекеттик кызматтын I-класстагы кеңешчиси" класстык чинине ээ. Үй-бүлөлүү.


Кадамжай тууралуу
кадырлуу кеп

Кадамжай жергеси тууралуу сөз кылып жатып, өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө, мамлекеттин түп­төлүшүнө салым кошкон Полот Хан, Абдыкадыр Орозбеков, Апсамат Масалиев сыяктуу тарыхый журт башчыларын эскербей кетүүгө болбойт. Анткени, кыргыздын туңгуч, адилеттүү жол башчыларынын киндиги ушул Кадамжай району менен туташып, топурагына жуурулушкан. Күнөстүү Кадамжай аймагы кыргызды алга сүрөгөн инсандарды тарбия­лап чыгаруу менен бирге, кошуна мамлекеттер ортосунда достукту бекемдеп, чек ара көйгөйүнө көкүрө-
гүн тосуп, өлкөнүн бүтүн-дүгүн, тынчтыгын сактап
турат.

Чек ара - көйгөйлүү
маселе

Акыркы учурда болуп өткөн Сох анклавындагы чыр-чатак биздин элдин гана эмес, кошуна өзбек туугандардын да жүрөгүнө бүлүк салып, тынчтыгын кетирди. Анткени, өзбек менен кыргыздын араздашуусу карапайым элге кайгы-капа, азап-тозоктон башка эч нерсе алып келбейт. Андыктан КРнын Өкмөтү бул маселенин үстүндө катуу иш баштап, чек араны тактоо менен бирге тосуу иштерин кызуу жүргүзүп келет. Бул иш-чарага жалпысынан 370 млн. сомдон ашуун акча каражаты бөлүнүп, тез аранын ичинде чек ара тосуу жумуштары аягына
чыгарылат.
Кошумчалай кетсек, Кадамжай аймагында болуп жаткан эң чоң иштердин бири Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Дүкүр аймагында жалпысынан 3500 гектар жер өздөштүрүлүп, 6 миң метр аралыкка суу жеткирүү маселеси да дээрлик чечилген. 4 миң метрлик чоң канал курулган. Ошондой эле 114 чакырымдык ички чарбалык кичи каналдар курулат. Жаңыдан ачылып жаткан аймакка учурда 40тан ашуун түтүн отурукташкан. Келечекте 6 миң кожолук ушул жерден орун алат. Өздөштүрүлгөн 3500 гектар жердин 1500 гектарына бак-дарактар отургузулуп, ар кандай дыйканчылык кылууга шарт түзүлүп, жаштарга иш орундар жаралат. Бул долбоорго жалпысынан мамлекеттин бюджетинен 420 млн. сомдон ашуун акча каражаты сарпталууда. Өздөштүрүлгөн Дүкүр массиви да Өзбекстандын Риштон району менен болгон чек араны бекемдеп, сактап

турат.
Шаарлардын
абалын
жакшыртабыз

Кадамжай менен Айдаркен шаарлары
союз мезгилинде сурьма жана сымап комбинаттары иштеп турганда дүркүрөп өнүккөн. Азыркы күндөгү абалы илгеркиге салыштырмалуу өндүрүштүн саны жагынан начар экендиги айтпасак да белгилүү. Андыктан жакында болуп өткөн шаар мэрлерин шайлоо иш-чараларына өзүм катышып, алардын өнүктүрүү программалары менен жакындан
тааныштым. Чындыгында
шаар деген статус алгандан кийин өз алдынча бюджети болуп, иштегенге мүмкүнчүлүк болот. Ошентсе да жарыбаган бюджет менен шаарды таза суу менен камсыз кылып, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү көтөрүү оңой болбойт. Ошондуктан сырткы булактардан киреше тапканга аракет кылуубуз зарыл.

Билим берүү

Жалпылап айтканда район боюнча 81 мектеп, 14 балдар бакчасы бар. Ачуу болсо да айтышыбыз керек, мектептердин, балдар бакчалары менен бирге окуучулардын билим деңгээли заман талабына жооп бербейт. Жетекчи болуп келгенден бери ар бир айыл өкмөттүн жетекчилери менен мектептерге барып, материалдык, техникалык базасы менен жакындан таанышып чыктым. Дээрлик 60-70 пайыз абал начар. Китеп жетишпейт, шарт түзүлгөн эмес. Бул маселени чечүүдө айылдык Кеңештин депутаттарынан баштап, Билим берүү министрлигине чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, Кадамжай районундагы ар бир мектеп сентябрь айына чейин толук китеп менен камсыз болуп, материалдык базасы чыңдалат.
Аны менен бирге борбордогу университеттердин ректорлору менен келишим түзүлүүдө. Биздин аймактагы өзгөчө дилгир, билимге суусаган жаштар тандалып алынып, жок дегенде Бишкек
шаарында же андан ары Европа өлкөлөрүндө билим алуусуна көмөктөшөбүз.
Быйылкы жылга ар бир айыл өкмөткө бирден балдар бакчасын курууну планга киргиздик. Аларды каржылоо жагы да эске алынууда. Ошондой эле ар бир айыл өкмөткө окуу курстарын ачып, айыл жергесиндеги жаштардын тил үйрөнүүсүн жандандырабыз.

Өнөр жайы

Эл аралык аренада сымапка болгон талап күчөгөндүктөн, Айдаркен шаарындагы сымап комбинатынын абалы бир топ жакшы. Кадамжайдагы сурьма, Айдаркендеги сымап комбинаттарын заманбап технологиялар менен камсыз кылып, ишти мындан да жакшыртуу биздин милдетибиз. Андан сырткары биздин кошумча максаттарыбыздын бири - алтын, көмүр, коргошун, гипс кендерин иштетүү. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда акча каражаты тартыш болгондугуна байланыштуу сырттан жергиликтүү элге зыяны тийбей турган заманбап технологияларды колдоно турган иневесторлорду тар-тууга туура келет.

Таза жана сугат суулары жетишпейт

Кадамжай аймагында таза жана сугат суулары тартыш. Бул көйгөй да четте калган жок. Чечүүнүн жолдорун издеп, ар кандай долбоорлордун үстүндө иштеп жатабыз.

Азык-түлүктү
сыртка чыгарууга мүмкүнчүлүк бар

Учурда райондо "жаз - жарыш" деген ураан менен жазгы талаа жумуштарын баштадык. Биздин аймакта мөмө-жемиштин бардык түрүнөн бар. Айрыкча, Үч-Коргон аймагында мөмө-жемиштерди чет жактарга экспорттоо да жөнгө салынган. Бирок, кайра иштетүү маселеси эске алынган эмес. Демек, ошол мөмө-жемиштерден сапаттуу, табигый ширелерди иштеп чы-
гуучу чакан ишканаларды ачабыз. Бул ишке инвесторлорду тартып, ишке киргизишибиз зарыл.
Ошондой эле өзүбүздүн өндүргөн Бүргөндү күрүчүн республикабыздын көпчүлүк аймактары билет. Буга чейин жашыруун жолдор менен Өзбекстандан арзан баадагы сапатсыз күрүчтөр чыгып, өзүбүздүн өндүрүшкө залакасын тийгизип жаткан. Демек, бул көрүнүштү бөгөттөп, күрүчкө негизги кардар болгон тажик ишкерлерине шарт түзүлөт. Ошондо биздин дыйкандарыбыздын күрүчүн сыртка экспорттоонун жолун табабыз.
Айыл чарба техникаларын быйылкы жылы районубузга мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбүрөөк тарта баштадык. Бул маселе, азыркы КРнын Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин демилгесинин натыйжасында болуп жатат. Дыйкандарыбызды күйүүчү майлар менен камсыз кылуу максатында "Газпром" АЗС компаниясынын жетекчилери менен сүйлөшүлдү.

Даярдаган
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_7.htm on line 73