Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_6.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_6.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_6.htm on line 2


п»ї

Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар МАМАТОВ:
"Көз карандысыздыктын бир негизги бөлүгү - энергетика тармагы"
Маектешкен
Шекербек КАЛЫКОВ,
"Кыргыз Туусу"
- Абдимуктар Маматович, өлкөбүздө мунайзат, газ тармагы чындап айтканда көйгөйдөн башы чыкпай келет. Мунун себеби, тиешелүү адистердин жоктугунан деп айтышат. Ал эми сиз ушул тармак боюнча бирден- бир жогорку билимдүү адис экенсиз. Мунайзат жаатында үзгүлтүксүз иштеп, жетекчилик кызматты аркалаптырсыз. Соболубузду ушул өңүттө баштасак...
- Эми өзүмдү ушул тармактагы бирден-бир адисмин десем аша чапкандык болуп калат го. Мен окуп билим алган Москвадагы Губкин атындагы мунайзат жана газ өнөр жайы институтунда Кыргызстандан саналуу эле кадрлар окуп чыгышкан. Атап айтсам, мурунку өкмөт башчысы Апас Жумагулов, ушул тармак боюнча илимдин доктору Эрнис Мамыров, мунайды кайра иштетүү боюнча өлкөдөгү мыкты адис Касен Абдрахматов жана башка адис­-
тер Москвадан бүтүп келишкен. Бирок, бүгүнкү күндөгү мезгилдин талабын эске ала турган болсок, мунайзат жана газ тармагы боюнча тиешелүү адистер азыр жок экенин танбашыбыз керек. Өзүңүз белгилегендей, эгерде тармакты жакшы билген тиешелүү адистер жок болсо, көйгөй жарала берет да. Ошондуктан, мунайзат менен газ биздин турмушубузда өзгөчө орунду ээлегендиктен, ушул тармак боюнча жогорку билимдүү кадрларды даяр-
доону жогору жактагылар ойлонушу зарыл. Мындай адистер ар дайым
керек. Мурдагыдай Россияга барып окуп келүү кыйын болуп калды. Анан эми өзүмдүн ишмердүүлүгүмө токтоло турган болсом, окууну бүтүп келгенден кийин катардагы инженер болуп иштеп, жетекчилик кызматка чейин жеттим. Ошто нефтебазанын директору, он жылдай Жалал-Абаддагы нефтини кайра иштетүүчү кыргыз-канадалык "Кыргызпетролиум" компаниясында башкы директор болуп иштедим. Айтор, өмүр бою эле мунайзат-газ тармагында үзгүлтүксүз иштеп келдим.
- Биздин өлкөбүздө мунайзат, газ боюнча потенциалыбыз канчалык деңгээлде? Деги ушул тармакты өнүктүрүүгө негиз барбы?
- Геологиялык чалгындоо маалыматы боюнча Кыргызстандын аймагында мунайзатты, газды жок деп айтууга болбойт. Теория жүзүндө алып караганда бар. Тоолуу өлкө болгондуктан мунайзат-газ жер кыртышынан өтө терең жайгашып калган деген дагы маалыматтар айтылып жүрөт. Ушундан улам, кен байлыкты иш жүзүндө кантип пайдаланабыз, кеп ушунда. Ага ири каражат, жаңы заманбап технологиялар керек болот. Анан, албетте, кадр маселеси дагы биринчи орунда турат. Баткен, Жалал-Абад облусунун аймагында нефтини өндүрүү мурунтан эле колго алынып келатат. Бирок, жетишерлик өлчөмдө эмес экени баа­рыбызга эле маалым.
- Түштүк тараптагы бирден-бир мунайзатты кайра иштете турган "Кыргызпетролиум" компаниясынын учурдагы иш аракети сиздин купулуңузга толобу?
- Бул компаниянын үлүшү
быйылкы жылдан тартып толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бирок, болгон мүмкүнчүлүк менен иштей албай жатат. Ал завод жылына 500 миң тонна мунайзатты кайра иштетүүгө кубаты жете турган болсо, анын 20 пайызына барабар иш аткарылууда. Чынын айтыш керек, жергиликтүү чийки сырьё өтө аздык кылат. Ошондуктан башка жактан чийки сырьёну сатып келип, заводдун кубаттуулугун арттырса болот эле. Биз иштеп жүргөндө жылына 300 миң тоннага чейин мунайзатты кайра иштетип турганбыз. Менин байкашымча, компанияда иш жүргүзүү менедж­менти начар. Андан калса, завод бүгүнкү күндүн талабындагы сапаттагы продукция чыгара албай жатат. Булардын чыгарган бензин, соляркасы рынокто арзан болгону менен баары бир ага кардарлар кызыкпай жатышат. Эгерде рынокто атаандашуучулукка туруштук бере турган продукция өндүрөбүз дешсе, заводду заманбап технологиялар менен жабдыш
керек.
- Кыргызстандын энергетика, газ тармагынын үлүштөрүн Россиянын ири компанияларына 50-100 пайы­зы менен берүү каралып жатат. Адис катары буга сиздин пикириңиз кандай?
- Адис катары айтсам, газ, энергетика тармагын инвесторлорго берип жатканыбыз туура эле. Себеби, экономикалык жактан алып караганда өзүбүздүн чамабыз чакталуу болуп жатпайбы. Мына, маселен, "Кыргызгаз" газды сатып алууда кардар менен түздөн-түз келишим түзбөй, Казакстандын бир компаниясы аркылуу алып жатат. Эгерде, Россиянын "Газпром" ишканасы келе турган болсо, алардын өзүнүн газы, адистери бар дегендей, бизге кыйла эле жеңил болгонсуп турат. Жаңы технологияларды алып келиши мүмкүн. Геологиялык чалгындоолорго ири акча бөлөбүз деп жатышат. Газ менен үзгүлтүксүз камсыз болуп, арзан продукцияга ээ болорбуз. Энергетика тармагында дагы ушундай эле бир топ шарттар
коюлуп жатат. Ниет, аракет жакшы. Бирок, муну саясий өңүттө алып караганда, мынчалык эле "кол ачыктык" кыла бергендин кереги жок го деген пикирди карманамын. Себеби, биз көз карандысыз эркин өлкөбүз. Эркин өлкө болуу үчүн илгертен күрөшүп келдик. Көз карандысыздыктын бир элементи дал ушул энергетика тармагы да. Эми ушул тармакты орустарга берип койсок, алар кийин бара-бара ээлик кылып, биздин экономикалык эркиндигибизден биротоло ажыратып койбойбу деген
кооптону жаралат. Ошондуктан, ири долбоорлорду ишке ашырууда "жети өлчөп, бир кесип" дегендей иш жасалса дурус болмок.
- Кара-Балтадагы мунайзатты кайра иштетүүчү заводдун экологияга тийгизген терс таасири тууралуу маселени көтөргөндөр дагы жок эмес. Бул завод курулуш ке-рекпи, же зарылчылыгы жокпу?
- Бул завод бизге абдан керек. Жогорудагы берген соболуңузга улай айта кетүүчү нерсе, биз бир эле Россияны карап отура бербей, экономикалык жактан ар тараптуу кызаматташууну колго алышыбыз керек. Энергетикалык көз карандысыздыкты сөз кылып жатпайбызбы. Кара-Балтада курулуп жаткан завод ошондой көз карандысыздыкты камсыз кылууга шарт түзө турган ишкана десем болот. Экологиялык маселе ар качан көтөрүлүп келген. Экология деп коркуп отура берсек, анда завод куруунун кажети жок. Мына мунайды кайра иштете турган Фергана, Чимкент заводдорун алалы. Алар азыр шаардын ортосунда калды. Булар илгери союз-
дун учурундагы технологиялар менен курулган. Кара-Балтадагы заводдун технологиясы менен аларды салыштырып болбойт. Мен заводдун курулушун өз көзүм менен көрдүм. Акыйкаттык үчүн айта кетейин, заманбап завод курулуп жатат. Бүгүнкү күндүн талабына жараша сапаттуу продукция чыгарат экен. Чийки затты терең иштетип, евро-4 деген бензин, үч түрлүү - кышкыга, жайкыга жана кышы-жайы пайдалана турган күйүүчү май чыгарышат. Анан дагы кызыгы мунайдын түзүмүндөгү газды өзүнчө бөлүп алышып, ошону менен жылына 50 миң тоннага чейин
суюк газды өндүрүшөт. Учурда Өзбекстанда мунайзаттын запасы азайып бараткандыктан, газды пайдалана баштады. Экология маселесин козгоп жатасыз. Эгерде, Бишкек шаарындагы автоунаанын дээрлик көпчүлүгүн газ менен иштөөгө өткөрө турган болсо, экологиялык коопсуздукка чара көргөн болот элек. Газ бензинге караганда эки эсе арзан, экологияга зыяндуулугу он эсе аз. Демек, аталган заводдун чыгарган продукциясы ушул жагынан алып караганда маанилүү десем болот. Бул - бир. Экинчиден, завод чийки сырьёдон бензин, солярка, газ, андан башка үч түрлүү майлоочу майларды алышат. Алар заманбап технологиялардын жардамы аркылуу сырьёну болушунча толугу менен иштетип алууга аракет кылышат экен. Анан өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, заводдун лабораториясы өтө күчтүү экенине ынандым. Мындай лаборатория Кыргызстанда жок. Завод жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Андан дагы көбөйтүүгө болот дешти, мен ага ишенем. Ошондуктан, бул заводдун курулушун колдошубуз керек.
- Заводдо иштеген жумушчулардын сандык катышы кандай болот экен? Кытайлар басып кетпейби?..
- Мен жогоруда айткандай, бизде тиешелүү адистер жок. Ошол жерде "Кыргыз адистерин даярдай турган адистер болсо, бизге жардам берсеңиз" деп кытайлар менден суранып калышты. Белгилүү адистер Эрнис Мамыров менен Касен Абдрахматовду ээрчитип барган элем. Аларды тааныштырсам, "Бизди түшүнгөн адамдар бар экен" дешип сүйүнүп кетишти. Анан кадр­ларды бирге даярдоо боюнча пикир алыштык. Өзүбүздүн кадрларды даярдап алсак, акырындык менен чет элдик адистердин ордун ээлеп калышат. 1996-жылы Жалал-Абаддагы заводду ачканда 140 адам иштесе, анын 110у чет элдик адис­тер болчу. Акырындык менен адис­терди алмаштырып, мен иштен кетип жатканда чет элдик адистер 20 чакты эле калган болчу. Калганы бардыгы жергиликтүү адистер иштеген. Анын сыңарындай, Кара-Балтадагы заводдо дагы кадр менен камсыз кылууда акырындык менен толуктоо жүргүзүүгө болот.
- Эми маегибиздин нугун башка жакка бурсак. Сиз деле ишкер чөйрөнүн өкүлү болуп жүргөнсүз. Жакында Жогорку Кеңеште депутат Талант Узакбаев ишкерлерге кысым жасалып жатат дегендей пикирин билдирди. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
- Мен антип айтууга негиз жок деп ойлоймун. Себеби, мындан 4-5 жыл мурункуну эстеп көрбөйлүбү. Ашыра айтканда, ишкерлердин итине чейин салык салган күндөр болгон да. Ага салыштырмалуу азыр ишкерлердин иштөөсүнө кыйла эле жеңил шарттар түзүлүп калды. Бирок, пайдадан түшүүчү 1% салык боюнча мыйзам туура эмес болуп калганын Президентибиз деле баса белгиледи. Мына ушундан ишкерлерде кайчы пикир болушу мүмкүн. Эми муну өзүнүн ордуна койсо болот.
- Депутат катары аймактарга чыгып, эл менен жолугушуп жүрөсүз. Кандай көйгөйлүү проблемаларга туш келдиңиз?
- Бүгүнкү күндө элет жериндеги элибиз өзүнүн арбайын өзү тартып келатат. Мындан бир топ жыл мурункуга караганда мээнеттери менен бир топ ирденип калышты десем болот. Малдын саны көбөйдү, дыйканчылык кылып жатышат. Ушу жерде бир маселе бар. Негизи рыноктун мыйзамы боюнча дыйкан өндүргөн продукциясын сатыш үчүн базардан базар кыдырып жүрбөш керек. Ага кардарды мамлекет таап бериши кажет. Тилекке каршы, ушул жагынан аксап турат. Жер иштеткен дыйкандар агротехникалык эрежелерди так сактай алышпай, сапаттуу үрөн менен камсыз болбогондуктан, көп учурда мээнети талаага кетип жатат. Ветеринардык көзөмөлдүн жетишсиздигинен мал ооруга чалдыгып, элибиз бөөдө чыгымга учурап калууда. Ошондуктан, мамлекет дыйкандарды сапаттуу үрөн, фермерлерди асыл тукум мал менен камсыз кылууну колго алуусу учурдун талабы болуп турат.
- Парламенттик башкаруу системасы өзүн актап жатабы?
-"Көч бара-бара оңолот" дегендей, парламенттик система акырындык менен калыптанып, өзүнүн жемишин бере баштады. Ар кандай талаш-тартышты жараткан пикирлер Жогорку Кеңештин трибунасынан ачык-айрым айтылып, коомчулуктун дагы көз карашы эске алынууда. "Кумтөр" жана башка алтын кенинин маселелерин алалы. Коррупциялык схемалар тууралуу дагы парламентте ачык айтылып жатат. Мурда мындай маселелер жабык түрдө айтылып келгенин баа­-
рыбыз эле билебиз го. Анан дагы кечээ жакында Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев кийинки шайлоону ачык-айкын өткөрүү маселесин койгону мага жакты. Чын эле биз ушуга жетишибиз керек. Буга чейинки бийлик өкүлдөрү, "бергенин ала бергиле, каалаганыңарды шайлагыла" деп шайлоонун принцибин бузуп салышкан. Мына ушундай шайлоодон жадаган элдин шайлоого болгон ишеничи кетти. Ошондуктан, шайлоо процессин жакшы жолго коюп, элдин ишенимин кайтарышыбыз керек. Ошондо туруктуу көз караштагы саясатты ишке ашы-
рууга жеңил болот.
Анан эми учурдан пайдаланып, жалпы элибизди ата-бабадан мурас­ка калган Нооруз майрамы менен куттуктап кетмекчимин. Жергебизде бакубат турмуш өкүм сүрүп, жакшылык коштогон күндөрдүн көп болушун каалаймын! Нооруз майрамыңыздар менен, мекендештер!






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:










??.??