Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 2

БУУ Кыргызстандын жаңы концепциясын колдоону чечти
Кыргызстанда этностор аралык чыр-чатактардын чоң-кичинеси, кагылышуулардын түрлөрү көп кайталанып келүүдө. Айрыкча, 2010-жылдагы июнь окуясынан кийин өлкөдө улуттар ортосундагы кагылышуулардын алдын алууга, биримдикти, ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзө турган мамлекеттик деңгээлдеги олуттуу документтин зарылдыгы келип чыккан. Ушуга байланыштуу, акыркы үч жылдан бери "КРнын элинин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясы" Кыргызстан калкынын ассамблеясынын, парламент депутаттарынын, КРнын Президентинин тиешелүү бөлүмүнүн, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ж.б. талкуусуна коюлуп, электен чыгып келе жатат. Мына ошол документ жакында Коргоо кеңешинин жыйынында талкууланды. Ушуга байланыштуу КРнын Президентинин аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен байланыш бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нуржигит Кадырбековго кабарчыбыз азыноолак суроолор менен кайрылган.

- Нуржигит мырза, этностор биримдигине арналган концепция биз үчүн жа­ңы­­­лык болууда. Анын алдыдагы максаттарына токтоло кетсеңиз.
- Концепция этностор арасындагы мамилени чыңдоо аркылуу Кыргызстандын элинин биримдигин, ынтымагын бекемдөө максатын көздөйт. Буга чейин улуттар аралык маселелер менен иштөө жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү бойдон калган. Жергиликтүү жетекчилер бүтүндөй айыл чарба, экономика, социалдык ж.б. тармак менен алектенгендиктен, улут аралык иштер арткы планга жылдырылып келген. Ушуга байланыштуу, өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилени жөнгө салуу агенттиги түзүлүүдө. Ага белгилүү коомдук ишмер Накен Касиев жетекчилик кылат. Муну менен мыйзамдык базаны түптөө менен катар этностор аралык мамилени чыңдоого такай жоопкерчилик жүктөлгөн, пландуу иш алып бара турган институт түзүлдү десек болот. Аталган агенттик Кыргызстан үчүн гана жаңы болгону менен, дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө небактан бери бар. Мисалы, абхаздар, осетиндер менен улуттар аралык жаңжалдар болгондуктан, азыркы күндө Грузияда этностор аралык мамилелер боюнча иш алып барган атайын министрлик ийгиликтүү иштеп жатат. Буга окшош түзүмдөр Эстонияда, Балкан республикаларында, Индияда ж.б. өлкөлөрдө бар. Бизге дагы алардыкы сыяктуу эле этностор аралык мамилелер менен такай иштей турган мамлекеттик түзүм керек болгон. Андан тышкары, мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү, аны этап-этабы менен ишке ашыруу керек. Ошону менен бирге эле, Кыргызстандын атуулдары бүгүнкү дүйнөлөшүү доорунда дүйнө рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болушу кажет. Ал үчүн БУУнун тили болгон расмий тилдерди билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялап чыгаруу зарыл. Биз үчүн орус тилинин ролу да абдан зор. Ошол эле учурда, өлкөбүздө жашаган ар бир адамга "мен кыргыз жаранымын" деген аң сезимди калыптандыруу. Концепция үч жылдан бери мамлекеттик органдардын, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун мүчөлөрүнүн жана парламент депутаттарынын башын кошкон олуттуу топтордун иштеп чыккан документи болуп калды. Айтор, концепция аркылуу жалпы коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда иштей турган багытыбызды тактап алдык десем болот. Учурда Өкмөт тарабынан аткарыла турган иш-чаралардын долбоору иштелип чыкты. Буюрса, эки айдын ичинде конкреттүү пландарын аныктап, коомчулукка сунушталганы жатат.
Аталган жаңы агенттик концепцияны жү­зөгө ашырууда негизги көзөмөлдөөчү орган болуп калат. Көрүнүп тургандай, этностор аралык чыр-чатактар дайыма жер­гиликтүү деңгээлде болууда. Мисал келтирсек, Ош окуялары, Чүйдүн Искрасында, Сокулуктун Жаңы-Жеринде, Лейлектин Андарегинде ж.б. аймактарда болуп өттү. Ошондуктан, түзүлүп жаткан агенттик чыр-чатактардын алдын алуу үчүн жер-жерлерде иштөөгө ыңгайлашат. Буга чейин бизде жаңжалдуу окуя жалындай тутанып, эл дүрбөп калганда гана өрт өчүргүчтөй болуп борбордон тиешелүү органдар жетип барышчу. Өлкөбүздө 72 пайыз кыргыздар, 28 пайыз кыргыздан башка улуттар жашайт. Этностор чогуусу менен көп жашаган аймактарда улуттар аралык мамилелер көбүрөөк көзөмөлдөнөт. Ал жерлерде чыр-чатактын алдын алуучу, биримдикти камсыз кылуучу жумуштар арбын аткарылмакчы. Ачылып жаткан агенттикке аталган маселе менен түздөн-түз алектенүү жана жалпы координациялоо милдети жүк­тө­­­­лөт. Бул ишке БУУнун өнүктүрүү программалары, ОБСЕ сыяктуу эл аралык уюмдар да чоң маани берет деген ишеним бар. Аткарыла турган иштер мамлекет тарабынан каржыланат. Ошол эле учурда каржылоо максатында эл аралык уюмдарды, жеке демөөрчүлөрдү да тартуу керек. Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мунга Кыргызстан калкынын бейпилдигин бекемдөө боюнча кызматташуу сунушу менен кат жөнөткөн. Пан Ги Мун мырзадан оң жооп келди. БУУнун алдында "Тынчтыкты куруу" фондусунун жардамы аркылуу концепциянын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашырууга эксперттик жардам берүү, андан тышкары каржылык колдоо көрсөтүү чечимине келишти. Жакында эле алардын өкүлдөрү жер-жерлерди кыдырып, маселелерди иликтеп кетишти.
- Эки күн мурда өткөн Коргоо кеңеши­нин жыйынында Президент А.Атам­­баев мамлекеттик жана расмий тилдин ролуна кеңири токтолду. Тилди өнүктүрүүнүн башкы артыкчылыктарын эмнеден көрө­сүз?
- Мамлекеттик тилди үйрөтүү көчөдөгү көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде алмаштырып жаздыруу же таңуулап үйрөтүү менен маселе чечилбейт. Бала бакчадан, мектептин башталгыч класстарынан бери үйрөтүлүп, билим берүү тармагына түз байланышчу иш. Кыргыз тилиндеги көркөм чыгармаларды дүйнөлүк тилдерге, дүйнө классик­терин мамлекеттик тилибизге которуу совет мезгилинде жакшы чечилген болчу. Ошол жакшы көрүнүштү кайра жандандыруу зарыл. Дегеле тилди жеңил, жеткиликтүү үйрөтүүнүн усулдук ыкмаларын иштеп чыгуу керек. Мындай ыкма Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде, Америка университетинде жана Кыргыз-орус славян университетинде бар. Кыргыз тилин акысыз үйрөтүүгө демилге көтөргөндөрдү да бул ишке тартсак. Чет мамлекеттерде тил үйрөтүүчү волонтерлор арбын. Өнүккөн өлкөлөрдө тилдин деңгээли аныкталып, бекитилген системалар бар эмеспи. Американын окуу жайларына тапшыруу үчүн "Тойфл", Казактарда "Казтест" системасын билүү зарыл, Кыргыздар да ушунун үлгүсүндө мамлекеттик тилди үйрөнүп билүүнүн аналогиясын иштеп чыкпаса болбойт. Андан тышкары, тилди билүү деңгээлин таза аныктай турган компьютердик программа керек.
Назира АЛИЕВА





Коогалуу күндөрдө ыйык милдетти ак өтөшкөн
"Силер кандайсыңар, амансыңарбы?", "Ооба, а силерчи?", "Биз деле аманбыз, бирок, ким билет, мындан аркысын, ок тийгендеги үрөйүбүздүн учканын айтпа". Бул - 2010-жылдын 7-апрелиндеги телефондон сүйлөшкөн сөздөрдөн бир гана үзүндү. 5-каналдын журналисттери "Белгисиз апрель" аттуу темада изилдөө кылышып, анын жүрүшүндө сейрек табылгага ээ болушту: ошол кандуу апрелдин үч күнүндө "Тез жардамга" келип түшкөн чакырууларды жана диспетчерлердин ошол күндөрү телефондон сүйлөгөндөрүн табышты.

Баарынан таңкалтырганы үч жылдан бери сот да, соттолуп жаткандардын коргоочулары да "Тез жардам" тиги материалдарды эч кимден жаап-жашырбаса да аны талап кылып албаганы болууда. Ошол күнү "Тез жардам" шаардагы баарынан тез жана абдан майнаптуу жана дегеле иштеген жападан-жалгыз кызмат болгон. Муну келип түшкөн чалуулардан эле баамдаса болот: "А милиция неге жооп бербейт? Бирок, биз мына иштеп жатабыз го..", "УКМКнын дарбазасы өрттөнүп жатат! Өрт!", "Өрт өчүрүүчүлөргө чалбайсыңарбы?", "Алар жооп бербей жатпайбы...".
Кишилер чалып, жанталашып, өтүнүшөт... Алардын сөзүнүн ортосунда мылтыктын тарсылдагы, октордун, кишилердин ышкырыгы, кыйкырыктар... Бирөө чалып, жарым сөзүнөн кийин эки жолу мылтык атылып, үнү чыкпай калды. Ошол киши эмне болду экен? Деги аман калдыбы? Аны эч качан биле албайбыз.
Азыр жабыркагандар сотто суралууда. Соттолуп жаткандардын коргоочулары тигилер 7-апрелде Борбордук аянтта эмес, таптакыр башка жерден жабыркаган кылып көрсөткүлөрү келишет. Ал үчүн жабыркагандардын жана күбөлөрдүн кенедей каталарын, жаңылыштарын пайдаланышууда. Ушундайда "тез жардамда" сакталып турган чакыруу­лар, сүйлөшүүлөр, жарадарлар жана курман болгондор алынган жерлер, алардын аты-жөнү, кимге кандай жардам берилгени тууралуу маалымат сот ишин ачыктоо­­го чоң жардам берээр эле. Демек, "тез жардамдагы" ушул маалымат анык жана көз карандысыз болмок. Ошол эле "тез жардамдын" маалыматына ылайык, ошол 7-апрель күнү окуялар болгон жерлерден көтөрүлүшкө чыккандарга да, тартип сактоо кызматкерлерине жана кокусунан кабылгандарга бардыгы болуп 223 кишиге жардам берилген. Доктурларга саясатың бир тыйын, аларга баа­­ры бир, Гиппократтын антына ылайык, баарына жардам берүүгө милдеттүү. Анан, ошол чалуулар, сүйлөшүүлөр саат-мүнөтүнө че­йин ирээти менен так сакталып турбайбы.
Дагы айтсак, 7-апрелден ки­йинки үч күн ичинде "тез жардамды" чакырууларга таянып, ошол күндөрү жабыркагандардын анык саны менен расмий сандарды салыштырып көрүшсө, талдашса, дагы кызыктарга күбө болушмак. Себеби, соттолуп жаткандардын коргоочулары жабыркагандарды "Ала-Тоо" аянтынан эмес, бүт борбор шаар боюнча жыйып келишкен деген жоромолун ырастоо­­го тырышат. Анткени, түн ичинде Бишкектин борборунда талоончуларга да сокку урулуп, жабыркагандар болгон. Андыктан, коргоочулардын тиги амалы да суу кечпейт.
А чындыгында, 7-апрелден 8-апрелге караган түнү "Тез жардамга" жарадар болгондордон, октон жабыркагандардан көп­тө­гөн чакыруулар болгон. Алсак, 8-апрелге караган түн ортосунда октон жабыркагандардан 10 чакыруу болуптур, бирок, алар негедир 7-апрелдеги ишке тиркелбеген. Себеби, булар кадимки чыр-чатактан сабалып-токмоктолгондор болгон. Бирок, ошолордун бирөөнү да иликтеп жаткан тележурналисттер "Ак үйдүн" алдында жабыркагандарга кошпоптур.
Мисалы, 9-апрелде октон жабыркаган үчөө кайрылып, алардын экөө жарадар болгондордун тизмесине киргизилген (балким, "Тез жардамга" кайрылгандан жөн эле коркушкандыр же өзүлөрү айыгып кеткендир). Аймакчы, 7-апрелде ок жегенбиз деп, бирок, "Тез жардамга" 10-апрелде кайрылган экөө да Ак үйдүн жанында жапа чеккендердин тизмесине киргизилбеген. Болгону ушул.
Дагы бир маанилүү жагдай. "Тез жардамдын" кызматкерлеринин жазылып калган сүйлө­шүү­­лөрүнөн улам, курман болгон көптөгөн маркумдар дароо өлүк­канага жеткирилгени дайын болууда, аларга жардамдын кереги жок болуп калган. Бирок, маалымат сакталып калган. Эгерде "Тез жардамдын" колунда жатып эле 17 киши көз жумганын эске алсак, Борбордук аянтта курман болгондор тиги коргоочулар айткан "жыйырмадай" эмес, андан алда канча көп экендиги дайын болот.
"Киев-Логвиненкодогу атайын бейтапканадан айтып жатабыз, бай болгурлар, дагы машинелерди жибергилечи!", "Биздин машинелердин баары "Ала-Тоо" аянтында, келээри менен жиберебиз! Эптеп чыдай тургула!". Мына ушул ачуу сөздөр доктурлар башканы эч ойлобой, ошол коогалуу күндөрдө кан кечип, ыйык милдетин кантип ак өтөп жүрүшкөнүнөн кабар берет. Ошол элестер эл-журттун эсинде, өлкө тарыхында түбөлүк кала бермекчи.
Марат ЖЭЭНБЕКОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_5.htm on line 43