Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 2

Парламентаризм окшошту,
эми экономика достошсо...

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"

Кыргызстан менен Австрия климаттык жактан окшош, тоолуу чакан өлкөлөр. Парламентаризм принциптериндеги жалпылыктары да аз эмес. Аларда да Президентти эл шайлайт. Аталган өлкө менен кызматаштыкка жакынкы арада жыйырма бир жыл толот. Айтор, акыркы төрт айдан бери кыргыз президентинин Германияга, Японияга расмий сапарынан башталып, Австриянын президентинин Ала-Тоо жергесине келиши менен коштолгону жакшы жышаан.

Мүмкүнчүлүктөрдүн баары колдонула элек
"Демократия тууралуу диалогду бүгүн бул жерде гана эмес, ар түрдүү деңгээлде такай өткөрүп туруу зарыл. Монархия түзүлүшү өз доо­рун өтөп бүткөндөн кийин, австриялыктар демократия үчүн ийгиликтүү күрөшкөндүктөн бул жагынан көптөгөн жылдар тажрыйба топтоду. Экинчи дүйнөлүк согушта ал кездеги тоталитардык Германиянын бир бөлүгү болуп калуу трагедиясы менен биз демократия­ны кайрадан колдон чыгарып жибергенбиз. Экинчи дүй­­­нөлүк согуштан кийин биз демократия­нын айкын жолуна экинчи ирет чыгууга мүм­­­­күнчүлүк алдык. Мына, алтымыш жылдан ашык мезгилден бери саясий жактан туруктуу, экономикалык абалы эң ийгиликтүү мамлекетке айландык", - деди Х.Фишер (сүрөттө) "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусунда.
Европа экономикалык кризиске туш болуп жаткан учурда, Австрия өзүнүн экономикасын туруктуу сактоого жетишкен өлкө. Бир эле мисалды айтсак, глобалдык кризис каптаганына карабай бул өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагы мурдагыдай эле жеңилдетилген шартта камсыздалып келе жатат. Саны жагынан биздей эле аз элинин ден соолугу үчүн жылына мамлекеттик бюджеттен 30 млрд. евро бөлөт. Ал Румыния, Босния, Венгрия, атүгүл Түркия өлкөлөрүнө ири инвестиция салып келе жатат. Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча мамлекеттик катчысы Райнхольд Лопатка өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолуккан учурда Кыргызстанды 59 өлкө мүчө болгон Коррупцияга каршы күрөшүү эл аралык академиясынын курамына өтүүнү сунуштады. Ал түгүл, Австрия ал үчүн өз жардамын аябастыгын да айта кетти.
Кыргызстан менен Австриянын экономикалык кызматташтыгынын алкагында 1994-жылы өкмөттөр аралык комиссия түзүлгөн болчу. Анда энергетика, медицина, билим берүү, соода, туризм ж.б. тармактар боюнча биргелешкен келишимдер бар. 2013-жылдын январь айынын эсеби боюнча өлкөбүздө кыргыз-австриялык 17 биргелешкен ишкана катталган. Ошого карабай, буга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү жылына болгону 12 млн. доллардын тегерегинде экен. Бул көрсөткүч Кыргызстандын чет мамлекеттер менен болгон жалпы товар жүгүртүүсүнүн 0,2 пайызын гана түзгөн. Ушундан улам, кызматташуунун колдо бар мүмкүнчүлүктөрү толук ачыла электигин эки тарап бирдей белгилешти. Мындан ары Кыргызстан аталган мамлекет менен кызматташуудан эмне ала алат? - деген суроого жооп издедик. Биринчиден, Х.Фишер эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү кескин көтөрүүгө, жаңы долбоорлор аркылуу кызматташуу максатында 17 ири компания менен фирмалар, бизнес жана банк жетекчилерин, экономикалык эксперттерин алып келгенин баса белгиледи. Алардын арасында дүйнөгө таанымалдары да бар. Меймандар Кыргызстан менен конкреттүү долбоорлорду талкуулап, ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти. Экинчиден, Австриянын Евробиримдикте аброю чоң жана салмактуу добушу бар болгондуктан, ал жактан Кыргызстанга тиешелүү маселелерди колдоп берүүгө даяр экендиги айтылды. Үчүнчүдөн, туризм тармагындагы кызматташтыкты бекеринен алдыңкы орунга коюп жатышкан жери жок. Кыргыз-австриялык бизнес форумда аталган тармак боюнча эки тарап бирдей бул маселенин маанилүүлүгүн көтөрүштү. Эки күндүк жолугушууларда министрлерден баштап, эки президентке чейин Кыргызстан менен Австриянын тоолуу климаттык шартынын окшоштугун, жаратылыш туризмин өнүктүрүүгө зор артыкчылыктары бар экенинин баса белгилешти. "Туризм - түтүнү жок завод" - деп бекеринен айтылбаса керек. Ал өзүнүн артынан көптөгөн тармактардын өнүгүүсүн кошо ээрчите жүрө турган күчкө ээ. "Биз гидроэнергетика, айыл чарба жана туризм сыяктуу ири долбоорлорду биргелешип ишке ашырсак болот. Кыргызстанга Астрия бизнесинин келиши менен ал өлкөбүздүн аймактарын камтырына ишенемин", - деди президент А.Атамбаев.

"Коркпогула, инвестор корголгон"
Бүгүнкү күндө жергебизде чет элдик инвесторду кыйнап, "шапке" суроого, бизнести каттоонун жасалма тоскоолдуктарына каршы көрүлүп жаткан чаралар арбыды. Кыргыз-австриялык бизнес форумунда Экономика министри Темир Сариев КРны 2013-2017-жылдар аралыгында туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында коррупцияга каршы күрөшүүнүн механизмдери камтылганын кенен айтып берди. "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн түрлөрү 20 000ден 380ге чейин кыскартылды. Ошондой эле, мамлекеттик органдар тарабынан лицензия жана ар түрдүү уруксат кагаздарын берүүнүн түрлөрү мурда 500кө чейин жеткен болсо, аны 180гө чейин жойдук. Инвесторго жакшы шарт түзүү үчүн административдик жасалма чектөөлөрдүн, бирин-бири кайталаган текшерүүлөрдүн көбү бүгүн жок. Азыркы күндө Дүйнөлүк банктын отчетуна таянсак, Кыргызстан инвесторлорду коргоо, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча КМШ мамлекеттеринде экинчи, ал эми дүйнөдө 13 орунда турат. Дагы бир жагымдуу жагдайды айта кетпесек болбойт. Ишкерликти баштоонун, өз бизнесин ачуунун оңойлугу боюнча биз 186 мамлекеттин ичинен 15 орунга чыгыптырбыз. Бизнести каттоо үчүн болгону эки жерге кагаз жеткирип, үч күндүн ичинде өз ишмердүүлүгүңдү баштай берсең болот.
"КРнын инвестиция тууралуу мыйзамында" атамекендик жана чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча кыйла жеңилдетилген шарттар каралды. Жакында "Мамлекет менен жеке менчиктин өнөктөштүгү" боюнча мыйзам да кабыл алынды. Муну менен чет элдик инвес­торлорго, анын ичинен Австриянын ишкерлерине жагымдуу шарт түзүлдү деп ойлойм", - деди министр Т.Сариев. Айтып койчу жагдай, Сариев форумда Австриянын Көзөмөлдөө банкынын жеңилдетилген насыя программасына Кыргызстандын кошулуусун сунуш катары киргизди. Аталган банк инфратүзүмдү жана социалдык долбоорлорду колдойт. Австриялык меймандардын эки күндүк иш сапарынын алкагында айыл чарба, соода, медицина, авианавигация, билим берүү тармактарында кызматташууларга кол коюлду.

Туризмди Австриядан алып келебиз...
Айта кетсек, Караколдогу лыжа базасындагы асма жолдун техникалык каражаттары да Австриянын ишканаларынан алынып келинген. Кыргызстандын туризм боюнча ишкерлеринин кеңешинин жетекчиси Михаил Халитовдун "Кыргыз Туусуна" берген маегинде: "Биз өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында лыжа спорту боюнча "Көчкү" деген кызыктуу долбоорду иштеп чыктык. Туризм - тейлөө кызматтарынын түрлөрүн, айыл чарбасын, курулушту, транспортту, соода ж.б. бир нече тармактарды өзү менен кошо ала жүргөн чоң индустрия экени белгилүү. Австрия тоо туризмин дүйнөлүк сапатка жеткирген мамлекет. Эгерде биз ушул тармакты колго алсак, жакынкы жылдары 20 000ге жакын жумушчу орундарды түзүү реалдуу экенин айткым келет. Учурда Кыргызстанда 17 лыжа базалары бар. Бирок, бирөө да эл аралык стандартка жооп бере албайт. Өлкөбүздүн аймагында лыжа базаларын ача турган жерлер өтө көп. Аларды өнүктүрүү үчүн Европа өлкөлөрүнүн, анын ичинде Австриянын тажрыйбалары абдан зарыл. Эгерде биз кышкы туризмди евростандартка ылайыктуу өнүктүрүп алсак, чет элдиктер жайкысын Ысык-Көлгө келгендей эле каттай баштоосуна ишенсе болот. Ушул долбоорлорго катышууга австриялык инвесторлорду чакырып жатабыз", - дейт Халитов.
- Бүгүнкү бизнес-форумда Австриянын Кремс шаарындагы прикладдык илимдер университети менен биздин университет өз ара кызматташтык меморандумуна кол койду, - деди Бишкектеги Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбеков гезитибиздин кабарчысына. - Булардын университети прикладдык деп аталганы менен дээрлик бардык тармактар боюнча кадрларды даярдайт. Ушул жылдын май айында биз кайрадан жолугушуп, студенттерибиздин өзгөчө туризмди өнүктүрүү боюнча билимин дүйнөлүк стандартка ылайык өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзөлү деп жатабыз. Австриянын мугалимдери бул жакка келип окутуп кетишет. Былтыр биздин университет эл аралык аккредитациядан өттү. Ушуга байланыштуу, окуу жайыбыздын дипломуна эл аралык үлгүсү бар тиркемесин да кошо беребиз. Мурда деле булар менен байланышыбыз бар болчу. Ал бүгүнкү күндөн баштап, дагы жаңы алкакка көтөрүлөрүнө ишеним зор. Туризм индустрия­сын өнүктүрүүнү Австриядан үйрөнүп, Кыргызстанга алып келебиз, - дейт ректор мырза.
Австриянын мамлекет башчысы Президент Алмазбек Атамбаевди өз өлкөсүнө расмий иш сапар менен келүүгө чакырды.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_4.htm on line 37