Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 2

Президент
Алмазбек АТАМБАЕВ:
"Энергетика коопсуздугу мамлекеттин
келечегине байланыштуу"
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"

"Элди алдагандар кызматтан кеткиле"
Энергетика тармагынын жетекчилеринин бир кыйласы тарифти көтөрүү керек деп ишендиргилери келишет. Алар тарифти негизсиз көтөрүү үч жыл мурда эмнеге алып келгенин унутуп коюшкан сыяктуу. 18-мартта чакырылган Коргоо кеңешинин жыйынын Президент Алмазбек Атамбаев өзү алып барып, ага Кыргызстандын жогорку бийлик органдарынын баары түп көтөрө катышканы бул маселенин өтө олуттуу экенин көрсөттү.
Мамлекет башчысы энергетиканын коопсуздугу мамлекеттин келечеги менен байланыштуу экенин айтып өттү. "Мен цифраларды көтөрүп чыгып, аныгына жетүү үчүн кайра-кайра текшерттирдим. Былтыркы жылы "Түндүк электр" ишканасы электр энергиясын 18,5 тыйындан сатып алып, анын транзити үчүн 14,5 тыйындан төлөптүр. А элге болсо 1 киловатын 70 ты­йындан, коммерциялык ишканаларга 1,5 сомдон сатып жатышат. Иш жүзүндө элге сатуудан компаниянын рентабелдүүлүгү 112 пайызды, ал эми коммерциялык ишканаларга сатуудан 354 пайызды түзүп жатат. Ушундай рентабелдүүлүк менен энергетикалык секторду чыгашалуу тармак деп айтууга болобу?", - деди.
Албетте, аталган тармактагы жабдыктарга болгон муктаждыктарга инвестиция тартуу керек. Бирок, энергетикалык сектордо мурдагыдай эле ширшовдук, бакиевдик коррупция системалары иштеп жатканы дайын болууда. Президент элди алдоону улантып жаткан тиешелүү чиновниктерге түйүнчөгүн түйүп, кызматтан кете берүүлөрүн да катуу эскертти. Кошуна республикаларда электр энергиясынын тарифи бизге караганда кымбат экенин кайталоону токтотуу керектигин айткан мамлекет башчысы: "Тариф арзан болсо элге жаманбы?", - деп кошумчалады.
Энергетика жана өнөр жай министри­ Автандил Калмамбетовдун айтымында, 1995-­­жылдан 2012-жылга чейин өлкөдө электр энергиясына болгон талап суткесине 67 млн. квт.саатка жетип, генерациянын кубаттуулугу өз чегине жеткен. "Ушул жылдын апрель айында "Датка-түштүк" долбоору курулуп бүтөт. Бирок, Кыргызстан энергетикалык толук көз карандысыздыкка 2015-жылы "Датка-Кемин" ЛЭПи курулуп бүткөндөн ки­йин гана жетет.
Мамлекет башчысынын айтымында, энер­гетика министрлигине да олуттуу рефор­маларды жасоочу учур келди. Кадрларды да жаңыртуу кажет. "Эгерде, "Жерүй" кенин са­тууда белгиленип жаткан 300 млн. доллар мамлекетке түшсө, кечиктирилгис маселелерди чечүүгө жумшоо керек. Энергетика, ирригация жана жол курулуштарынан каражат аябагыла. Инвестицияны тарткыла", - деп Өкмөткө тапшырды.

1 млрд. доллар
кайда кетти?
Өткөн жылдын декабрындагы кыштын кычыраган аязында өлкө эли көгүлтүр оттун көйгөйүн абдан тартты. Газдын берилбей калышы электр энергиясына күч келтирип, туташ кризис башталып кетти. Ал күндөрү кээ бир кабат үйлөрдө "буржуйка" мештин түтүгүн терезесинен чыгаргандарды көрө баштаганбыз. Ушундай кырдаал кайра кайталанбоосу үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков энергетика тармагындагы туташ коррупцияны сынга алып келип, көгүлтүр отун көйгөйүнө басым жасады. "Газ сактоочу жайларды курбасак, бул көйгөй чечилбейт. Рес­публиканын түштүгүндө газ сактоочу жайдан экөө бар. Аны курууну улантуу зарыл", - деген спикер өз сөзүндө: "1992-жылдан бери энергетикалык тармакка насыясы, гранты болуп, 1 млрд. доллар бөлүнгөн. Ошол каражаттарга материалдык-техникалык базаны жаңылап алса болмок. Ал каражат кайда кетти?" - деген суроону койгон Асылбек Шарипович коррупцияны четтетүүгө катуу көңүл буруу­­ну сунуштады. Газ боюнча пикирди Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да колдоду. Эл өкүлүнүн ою боюн­­­­­­ча ар бир шаарда газ сактоочу жай курулуп, анда 15-20 күнгө жетээрлик газдын кору болуу­­га тийиш. Ал Өзбекстанды мисалга келтирди. Анжиян аймагына берилүүчү газдын корун алар биздин Баткенде сакташат.
А.Калмамбетовдун айтуусунда акыркы жылдары электр энергиясына болгон жалпы жоготуулар 36 пайыздан 21 пайызга тү­шү­рүлгөн. Министр коммерциялык жоготуулар менен коштолгон уурдоолорду жашырган жок. Ошондой болсо да анын жыйындагы жооптору катышуучулардын баарын эле канааттандырбады. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялар техникалык жоготууларга шылтап жатышкандыгы, анын аркасында өздөрүнүн коммерциялык кызыкчылыктары тургандыгы тууралуу катуу сөз болду.
Эсеп палатасынын төрайымы Элмира Ибраимованын докладында айтылгандарга таянсак, энергетика тармагында финансы каражаттарын ыраат­­­­­туу башкаруу жокко эсе. Көптөгөн субъектилер аркылуу ортомчулдук кызмат көрсөтүлөт. "Жалпысынан аталган тармактын рентабелдүүлүгү жогору болгондуктан, тарифти көтөрүү акылга сыйбаган иш. Тейлөө көрсөтүүлөр үчүн коюлган тарифтерди жана берилип жаткан энергия продукциясынын сапатын текшерүү зарылчылыгы да келип чыгууда", - деди Эсеп палатасынын төрайымы. Президент: "Мен Японияга барып келдим. Ал жактагы энергетикалык жалпы жоготуулар болгону 5 пайыз экен", - деди.
Энергетикада техникалык жоготуулар болот. Бирок, коммерциялык жоготуулар деген түшүнүк - бул тармактын чиновниктери чыгарган кадимки эле коррупциялык иш. Алар уурдалган миңдеген киловатт саат энергияны Гоголдун "Өлүү жандарына", тактап айтсак жок абонентке жазып, кайра аларды коммерциялык жоготуу деп эсептен чыгарып келишкен. Бул небактан бери эле калыптанып калган схема экенин көз карандысыз эксперттер, энергетика тармагын нечен жылдан бери көзөмөлгө алып келе жаткан жарандык коом­дун өкүлдөрү айтышууда. Андан тышкары, Эсеп палатасынын аудиторлору текшерген учурда бир топ мыйзам бузууларды аныкташкан. Жабдууларды түз сатып алуунун ордуна, ортомчу фирмалар аркылуу сатып алуу­­дан ага кызыкдар тараптардын баары пайда көрүшөт. Өткөн жылы энергетиктердин ушул сыяктуу иштеринен улам мамлекет 63 млн. сомдон ашык зыянга учураптыр. Анын 50 млн. 800 миң сому мамлекеттин казынасына кайтарылып берилгени дайын болду.
Коомчулукта электр энергиясынын тарифтери көтөрүлгөнү жатканы тууралуу кабар тарап, ал маалымат каражаттарында талкууланып, сын бутасына алынганы да белгилүү. Тарифти талкуулоого айрыкча жарандык коом менен журналисттер активдүү катышып жатышат. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жогоруда аталган контингентке кайрылып: "Өкмөт электр энергиясына тарифти жогорулатууну козгогон эмес. Козгобойт дагы", - деген чечкиндүү пиикирин билдирди.
Президент энергетика тармагынын көй­гөй­­лөрүн кенен кароону кийинки Коргоо кеңе­шинин жыйынында улантууну сунуштады. Ошону менен бирге коррупциянын мурдагы тапталган жолу менен барууга болбостугун, энергетика тармагы реформаланууга муктаж экенин мамлекет башчысы белгилеп өттү.

Тилден көйгөй жаратпайлы
Коргоо кеңешинин жыйынында Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча концепциясы талкууланды. Концепция үч жылдан бери жазылып келе жаткандыктан, нечен талкуулар менен кошумчалоонун элегинен өткөн. Ал өзүнө КРнын 2013-2017-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында аткарыла турган иш-чараларды да камтыды. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кээ бир саясатчылар менен жалпыга маалымдоо каражаттары мамлекеттик тилдин айланасында туура эмес пикир жаратып жаткандарына токтолду. Кээ бирөөлөргө жакса да, жакпаса да мамлекеттик тилди өстүрүп-өнүктүрүүгө тийишпиз.
Парламент кыргыз тилдүү калк көп жашаган аймактарда расмий кат, кагаздар кыргызча жүргүзүлүүгө тийиш болгон токтомун кабыл алганда аны түшүнгүсү келбегендер чыкты. Мисалы, орус тилдүү жаран жокко эсе болгон Нарындын алыскы айылдарында мамлекеттик тилде иш жүргүзүлүүсү керек. Кыргызстанда 50 жылдан бери жашап, өзү үчүн керек делген 500 сөздү жаттап албаган адамды кандай түшүнүүгө болот? Россия­ны алалы. Ал жакта чет элдиктер үчүн орус тилин, мамлекеттин тарыхын үйрөнүү талабы киргизилүүдө. Өз мекенин сүйгөн жаран андан көйгөй издеп отурбастан эле мамлекеттик тилди үйрөнүп алат.
Ал эми муну түшүнгүсү келбегендер Россиянын элчилигине чейин кат жазып, чуу чыгарып жибергендерине жол болсун. Мына ушундай пикирин билдирген мамлекет башчысы расмий тилдин ролуна да токтоло кетти. "Орус тили Кыргызстан үчүн абдан керек. Ал - биздин балдарыбыздын, неберелерибиздин келечеги. Кыргызстан дүйнөлүк илимдерге, маданиятка орус тили аркылуу чыга алат. Атүгүл, Россияга же Казакстанга барып иштөө үчүн расмий тилди билүүгө муктаж. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун: "Эки тил - эки канат" деп айтканы бекеринен эмес. Жакында Казакстан эл аралык тил катары БУУнун тили болгон англис тилин үчүнчү тил катары киргизип алды. Мектептеринде милдеттүү түрдө БУУнун тилдеринин бирин окута турган болушту. Бирок, Кыргызстанда жашап туруп, мамлекеттик тилди үйрөнүүгө аракет кылбагандын өзү уят иш. Ошол эле учурда кыргыз тилин билбегендерге азыр эле айып тарттырып, бүгүн эле үйрөнгүлө деген ашкере талапты да койгон жокпуз. Кыргыз тилин үйрөнбөө үчүн кылдан кыйкым издеген жарабайт. Эгерде, түпкү этноско жана мамлекеттик тилге тоот­погон мамиле жасалса туруктуулук тууралуу сөз кылуу да кыйын", - деди мамлекет башчысы.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_3.htm on line 42