Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 2

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА
Боорсок

Калык классташы Сапардын өзүнө жаншерик экенине жетине албай жүрөт. Эсеп менен жат жазууну көчүртөт, мыкты окуса да текебердиги жок. Мектептен келе жатышып, үйү чукул жайгашкан Сапардыкына кайрылышат. Сапардын апасы өзү жасаган таттуу нандын түрлөрүн жашылча, жер-жемиш менен бирге тестиер балдардын алдына коёт. Булардыкына качан барышса деле дасторкону даамдуу оокаттан куру эмес.
Сапардын атасы Ороз алардын мектебинде дене тарбия сабагын окутат. Айылдын "көрөгөчтөрү" ал тууралуу: "Маке абышканын Орозу илбериңки, ишине тың. Мектептин балдарын тизип алып ойнотуп жатканы, тирикарактарын мелдештерге деп борборго алып барып жатканы. Антпесе тиги чолок көчөдөгү Сегизбай дене тарбиядан сабак өтчүдө окуучуларды таратып ийип, жашынып алып карта чапчу эмес беле" дешсе, "Ээ-э, Ороз ошонусуна айлык алса ошентет да" - дейт дагы бирөөсү.
Ал окуучулардан мыкты спортсмендерди чыгарам деп көп убараланат. Азырынча шакирттеринин ийгиликтери жаман эмес, бирок өзү ойлогондун баарына жете элек. Уулу Сапар менен ээрчишип бара калганда Калыкка дирилдек жасап берет. Ал үчүн бир барак катуураак кагаздын төрт бурчун четинен кесип коёт да, бүктөбөй туруп кайрыйт. Ортосунан жыгач шишке сайып бекитет. Чуркаса кудум эле вертолёттуккуна окшоп бир сонун айланып берет. Жаз келди, балдар кармап алып жүгүрсүн деп дирилдектин түрүн, кала берсе калдыркан темирден, жайында жүгөрү бакалдын кургагын кесип алып, андан да даярдап жиберет. Бир отурса Сапардын атасы тартайган узун буттарын сунуп, кудум өзү ойноочудай ынтаа менен бир топ алектенет.
Досунан дайыма сый көрүп, өзү үйүнө чакыра албаганына бала да болсо басынып жүргөн Калык эми минтип биринчи ирет аны үйүнө ээрчитип алган. Айылдын ортосундагы чоң жолдо узундуу-кыскалуу эки чыт курсак келе жатты. Сапар ата-энесинен "досум боорсокко чакырып жатат" деп суранып чыккан. Сапсары болуп борсойгон, бири чоң жаздыкты, экинчиси бала жаздыкты элестеткен жыттуу төрт бурчтуу боорсокту көптөн бери сагынып жүрүшкөн болчу.
Бир чети теңтушу тилин алып, ээрчип баратканына кубанса, бир чети ныгырган оор санаа Калыкты басты да койду. Атасы жүк ташуу­-
чу машинеде шопур болуп иштегени менен ар күнү мас келет. Калыктын чоң энеси: "Мас баламды жараткан өзү колдоп жүрөт, алагүү болуп айдап келе жатып, кишини же малды койдуруп кетип, бул бизди кашайтпаса экен", - деп үшкүрүнөт. Ичип келди дегиче уктабай урушаарга кыйкым издеп, үйүндөгүлөрүн кыйнайт. Тапканынын көбүн аракка оодарып, кээде дасторкондо кант да калбай калчу. "Кудай ай, бүгүн атамды мас кылба, же Сапар кеткенден кийин келтир", - деп, бала ичинен жалынып келе жатты. Апасына бир жумадан бери айтып жүрдү эле, бүгүн эртең менен да эскерткен, "классташ досумду алып келем, боорсок бышырып кой" - деп. Чоң энеси да билет, уят кылбас. Өзү эки күнкү каймакты чогултуп, бал челекчи байкесиникинен (атасынын аталаш иниси) бир чоң чыны бал апкелип, төркү бөлмөдөгү керебеттин алдына катып койгон. Анысы өз ордундабы, же бөбөктөрү жеп алышты бекен? Ички жан туюму асанкайгыга түшүп келе жаткан наристе сезим баланын буттары билинер-билинбес калтырап, жүрөгүнүн согушу өзүнө угулат, сүйлөшүп келе жаткандары менен сөздөрү байланышпайт.

Балдар келгенде апасы эшиктеги секиде коңшу келиндерди кошуп алып сүттөгөн чай, бөлкө нан менен наар алып отурушуптур. Бала досунан уялганынан жүрөгү "зыр" этти.
Боорсок болчу камыр ачыганча досу Сапардын көңүлүнө төп келген оюн табылып калбаспы. Мындан үч жума мурда булардын Короочусу төрт-беш күчүк тууган. Ит жазгы көктөмгө магдырап , жүгөрүнүн кашегинин үстүндө тийген күнгө курсагын кактап, монтоңдогон күчүктөрүн эмизип жатат. Алардын ичинде өзгөчө сүйкүмдүү, эки кулагында агы бар бирөөнө балдар алеки заматта Аккулак деп ат коюп алышты. Сапар аны курткесин чечип ороп, секичеде отурган келиндердин жанына келди. Иттин баласын эми көрүшкөнсүп, аялдар кызыгып карап, сылап-сыйпап жатышты. Бирөөсү тигинде жаткан Короочу жакка ээк кагып: "Тигини, курсакты бери жакка таштап коюп, буларын эркелетип, күнгө кактанып, дүйнөсү түгөл жатканын кара", - деп тамаша сүйлөдү. Беркилер кубаттап күлүштү. Сапар менен Калык Аккулакка адеп сүттү шыкай бергендиктен бөрсөйгөн курсагын көтөрө албай майпаңдап араң басат. Балдар өз кылыктарына кыткылыктап, токтоно албай жатса, күчүк башын бир жагына кыйшайтып, тигилердин маңдайында маңыроо тиктеп турат. Сапар муну үйүнө алып кеткиси келип, сурамакка бир нече ирет оозун таптап барып, кайра тартынды. Кетип баратканда өздөрү деле беришээр, булардын күчүктөрү көп турбайбы деген ойго кетти.

Кемегенин жанында келиндердин бирөө жайылган камырды тууралап кесип, Калыктын апасы кызып турган майга алгачкы боорсокту "чыр" эткизе салып жиберди. Балдардын мурдуна тааныш жыт "бур" эте түштү. Карындары ачып калган чыт курсактар казанды тегерене куушуп ойноп, чыйпыйлары чыкты. Ушул учурда Калык атасынын машинесинин жакын келип калганын көрдү. "Эх, ушу МАИшниктер, - деп ичинен ачуусу келди, - атам бир аз акча берсе эле айдоочунун күбөлүгүн кайра эле берип коюшат. Болбосо нечен жолу мас абалында кармалбады беле". Аңгыча аялдардын чаңырганы угулду. Балдар элейип туруп калышты. Көрсө алиги Аккулакты машиненин дөңгөлөгү белинен жанчып тебелеп кетиптир. Ичеги-карды аралашкан макулук жаны чыга электе бир-эки жолу акыркы ирет кыңшылап, оозу ачылып, көздөрү капкара болуп чанагынан чыга жалтырап, кыймылсыз жатып калды. Атасы: "и-и, эмне болуптур, көп болсо бир күчүк тебелениптир да", - деп, арак буруксуй үйүнө теңселип кирип баратып, аз жерден оңкосунан жыгылып кете жаздады. Калык менен Сапардын чыңырганы тегеректи кыйсыпырга салып жиберди. Ары жактан жүгүрүп келген Ко-
роочу күчүгүн айлана чуркап, ар кимге даттана кыңшылап, жанды кейитип ал жүрөт. Айбаты болбосо да адаттагыдай аракеч уулун тилдеп кемпир жүрөт…"
Сапар өңгүрөгөн бойдон үйүн көздөй тыз койду. Анын артынан колун созуп, умсунуп кемпир калды : "Ээ-й, Сап-аа-аш, мына боорсок бышты, быш-ты-ы!..Олда айланайын ай, боорсок жебей кетпедиби!..

Калык үчүн жер термелип көчүп турду.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_24.htm on line 36