Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 2

Нооруз - жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы
Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан кылымдардан келаткан Нооруз - Жаңы күн - Жаңы жыл майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Нооруз - жакшы тилек, илгери үмүт, жаркын маанай майрамы. Өлкөнүн турмушунда көптөгөн саамалыктар жаралып, Кыргызстан коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлгөнү турат. Биз бүгүн жаңы заман башатында турабыз, өзүбүздүн бакубат келечегибизди түптөп жатабыз.
Быйыл Иштерман жылы катары жарыяланды. Эмгек адамзат өмүрүнүн өзөгүн түзүп, бакубат турмуш башаты болуп саналат. Теңирдин ушул улуу күнүндө бири-бирибизге күйүмдүү, түтүмдүү бололу. Журтубузда ынтымак менен ырашкерлик айтсын.
Биз бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, телегейи тегиз өнүккөн мамлекеттердин көчүнө кошула турганыбызга терең ишенем. Келечегибиз кең, баарыбызга тең болсун.
Эски жыл менен жаңы жыл тогошуп, күн менен түн теңелип турган Нооруз майрамында баарыңыздарга чың ден соолук, бардар турмуш, бакубат жашоо, ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм.
Асылбек ЖЭЭНБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин Төрагасы


Ата-бабалардын баалуулуктарын эске салат
Урматтуу мекендештер!

Сиздерди жаратылыштын жаңы­лануусун жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм!
Нооруз адамзатка жаңылануу жана жакшылык тартуулаган майрам. Ноо­руз - кылымдардан бери сакталып келе жаткан бүткүл элдик майрам. Биздин күндөрдө болсо Нооруз мамлекеттик майрам катары белгиленет. Улустун улуу Күнү деп аталган бул байыркы майрам биздин ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс руханий мурас катары бизге дайыма алардын акылман осуяттарын, адамгерчилик жана айкөлдүк, боорукердик жана жоомарттык сыяктуу жалпы адамзаттык жана түбөлүктүү баалуулуктарды эсибизге салып турат.
Нооруз - күн менен түн теңелген учурга туш келет. Ошондуктан, мурунку доорлордо ата-бабаларыбыз бул майрамды жаңы жыл катары майрамдашкан. Ноорузда үйлөрүн ысырыкташып, бул алардын үйлөрүнө жакшылык, токчулук, молчулук алып келет деп ишенишкен.
Нооруз өзү менен кошо адамдарга жаңы үмүт-тилектерди дагы ала келет. Бул күнү адамдар эски таарынычтарын унутушуп, жаңы жакшылыктар жөнүндө тилек кылышып, короо-жайларын, арыктарды тазалашып, аруу тилектер менен жаңы көчөттөрдү отургузушат.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди чын дилимден Нооруз майрамы менен куттуктаймын! Сиздерге чың ден-соолук, бакыт жана жаркын маанай каа­лаймын! Жаркын ой-тилектериңиздердин баары орундалсын! Ар бир үй-бүлөдө жана жалпы эле өлкөбүздө тынчтык жана бейпилдик, токчулук жана молчулук болсун!

Жантөрө Ж.Сатыбалдиев,
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри




Өлкөбүзгө кут-тынчтык орносун!
Урматтуу мекендештер!

Кыргызстандын элинин Ассамблеясынын атынан сиздерди элибиздин эң байыркы, эң улуу майрамы болгон - Нооруз менен куттуктаймын!
Дүйнөдө майрамдар көп, бирок табигыйлыгы жана байыркылыгы жагынан Ноорузга теңдеше тургандары жок. Мындан миңдеген жылдар мурда байыркы бабаларыбыз түндөн күн узарганын жаңы күн же Нооруз деп атап, жылуукерчиликтин, жаздын жана жаңылануунун символу катарында белгилей башташкан. Андан бери нечендеген доорлор алмашып, канчалаган майрамдар алар менен кошо жоголду,бирок Нооруз табияттын, жалпы тирүүлүктүн түбөлүктүү майрамы бойдон келе жатат.
Бабаларыбыз Ноорузду биримдиктин, ынтымак- ырашкерликтин майрамы деп да эсептешкен. Бул күнү араздашкандар жарашып, чыр-чатактар токтотулуп, адамдар "алас,алас, ар балээден калас,жер жарылып чөп чыксын, желин толо сүт чыксын,өрүшүбүз малга толсун, кырманыбыз данга толсун, дасторконубуз нанга толсун, айдан аман, жылдан эсен бололу" деген каалоо-тилектерди гана айтышкан. Мен да бабаларыбыздын салтын улап ар балээден калас болуп, бекем ден соолукта, аманчылыкта жана байгерчиликте, ынтымак-ырашкерликте жана биримдикте чоң-чоң ийгиликтерге жетише берүүңүздөрдү каа­лаймын!
Асманыбыз ачык болуп, көп улуттуу Кыргызстаныбызга кут - тынчтык орносун!
Дагы бир жолу Нооруз майрамыңыздар менен!

Бектемир МУРЗУБРАИМОВ,
академик,
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы




Иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлөт
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"
Бүгүнкү күнгө чейин Президенттик, Өкмөттүк, Парламенттик аппарат-тардан баштап, министрликтерде, ведомстволордо, дегеле мекеме-ишка-
налардын басымдуу бөлүгүндө иш ка-
газдары кыргыз тилинде эмес, расмий
тилде жүргүзүлүп келет. Мамлекет-тик маанидеги иш чаралар мамлекет-
тик тилде жүргүзүлбөсө, мамлекет-тик тилдин аброю кантип өсөт?

Мына ушундай маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилге кылып алып чыкты. Анда мамлекеттик тилди таза, сабаттуу окуу уюштурулган. Өткөн аптанын аягында КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев окуунун ачылыш жыйынын өткөрүп, бир жылга чейин кыргыз тилин окутуп, сүйлөө гана эмес, сабаттуу жазууга үйрөнүү үчүн окуулардын уюштурулганын белгиледи. Натыйжада, 2014-жылдын 1-январынан баштап бардык мекеме, ишканаларда, министрликтер менен ведомстволордо, дегеле бардык жамааттарда иш кагаздары мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө өтүлө тургандыгын билдирди. Буга чейин мындай максатта ар кандай иш чаралар, окуулар, көргөзмөлөр өткөрүлгөн.
- Иш кагаздарынын артында элдин тагдыры турат, - деди Н.Момуналиев,- мамлекеттик кызматкерлер, Өкмөттүн аппараты мына ушул окуулардан кийин мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүргүзүүдө үлгү болушу керек. Убакытты, шартты түзүп берип жатабыз, үзгүлтүксүз окуу керек, демек бир жылдан соң талап кылынат. Мында окууну көзөмөлгө алуучу атайын топ иштейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул демилгеси жалпы коомчулуктун көптөн берки тилеп жүргөн максатына жакшы жөрөлгө болуп берери бышык. Мамлекеттик тил мамлекетте жашап жаткан этнос­торго биринчи иретте таасир этип турушу керек эле. Алар мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүүгө шарт коюлушу керек. Анткени кайсы мамлекетте болбосун мамлекеттик тили-улуттар аралык байланыштын кызматын аткарат эмеспи. Бизде, тилекке каршы, бул милдетти расмий тилибиз аткарып жаткандай, мамлекеттик тил анын көлөкөсүндө калгандай абалда болуп келди. Таң калыштуу нерсе, буга башка улуттун өкүлдөрү тарабынан маселе козгогону, талап кылганы угулбайт, дал өзүбүздүн улуттун өкүлдөрү өздөрү баштап, расмий тилге төрдөн орун берүүгө тырышып, мамлекеттик тилди жөн гана "эшик агалык" милдетти аткартып коюшкусу келишет. Ошонун айынан мамлекеттик тилибиздин өрүш ала албай, өспөй жатканы өкүнүчтүү болуп келе жатканы чындык.
Расмий жолугушуулар, жыйындар кыргыз тилинде өтүлмөйүнчө, иш-кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлмөйүнчө мамлекеттик тилдин аброюн көтөрүү мүмкүн эмес эле. Эми элибиз 2014-жылды жакшы үмүттөр менен күтмөй болду.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_2.htm on line 76