Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_19.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_19.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_19.htm on line 2


п»ї

"Алыкул, Нооруз жанашкан,
Ала-Тоо көркү жарашкан"
"Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмеси "Алыкул-100" даярдыгын А.Осмоновдун беш томдугун Кытайда чыгартуу жана тандалган чыгармаларынын бир томдугун Грузияда котортуу иштери менен баштады. Ал эми башкы маселелер катарында төмөнкү иштер да бар:
Бишкек шаарында
- Акындын Бишкектеги үй-музейин Бөкөн­баев көчөсү тарапка кеңейтүү, жанына жүз орундуу аудио-видео залы бар, эки кабаттуу чакан имаратты салуу же М.Фрунзенин үй-музейиндей кылып үстүн жабуу, короосуна эстелик же бюст тургузуу.
- Ала-Арча көрүстөнүндөгү жайбашын оңдоо.
- Эгер бул иштерди мэрия жасай албаса, үй­дүн менчик укугу Алыкул коомуна берилсе, демөөрчүлөрдү тапканга шарт түзүлмөк.

Чүй облусунда
- Каптал-Арыктагы мемориалдык музейин оңдоо , экспозицияларын жаңылоо жана корук-музей статусун ыйгаруу.
- Бишкек-Токмок багытындагы "Алыкулдун Акбозат" адабий-туристтик маршрутту түзүү жана аны Ысык-Көл, Нарын ж.б. тараптарда улантуу.

Мамлекеттик
деңгээлде
- Каптал-Арыктагы мамлекеттик, Бишкек менен Чолпон-Атадагы менчик-музейлердин экспозицияларын жаңылоого каражат бөлүү.
- Поэзия жана котормо жаатында Кыргыз Республикасынын Алыкул атындагы мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу.
- Алыкулдун ырларын орус, англис, түрк, казак, грузин ж.б. тилдерге котортуу ишин колго алуу.
- Панфилов районун Алыкул районуна 2015-жылга калтырбай эртелеп өзгөртүү эске алынса.
- Бишкектеги Улуттук китепкана алдында эстелиги тургандыктан жана жамааттын да колдоосу бардыгын эске алуу менен "Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана" деп аталышына чечим чыгаруу.
- Китептерин чыгарууга каражат бөлүштүрүү.
- Алыкултаануу илимине айрыкча эмгек сиңиргендерди сыйлоо.
- "Алыкул-100" коомдук уюштуруу комитетин мамлекеттик уюштуруу комитетине өзгөртүү боюнча токтом кабыл алуу.

Ысык-Көл
облусунда
- Чолпон-Атадагы үй-музейинин жанына же көл боюна эстелигин тургузуу иштерин тийиштүү тараптар менен баштоо.
- Чолпон-Ата шаардык паркы 20 га. жерге түптөлмөгү, аерде акындын үй-музейи бардыгы эске алынып, "Алыкул парк" деп аталары мурдатан эле айтылып келаткандыктан, Ысык-Көл райондук, облбийлиги жана Чолпон-Ата шаар мэриясы менен маселени бирге чечүү.
- Жеке ишкер Андашев Тураттын демөөрчүлүгү менен Ысык-Көлдө сүзүп жүргөн "Алыкул" кемесинин туристтерди тейлөөсүн жакшыртуусуна көмөктөшүү зарыл.
- Мындай мамилеге акындын Чолпон-Атадагы музейин - Бишкектеги музейдин филиалы катары өз күчү менен оңдоп-түздөп иштетип келаткан Бакыт Асанбаев да муктаж.
Кайдасыңар,
Алыкулдун каармандары?
"Жолборс терисин кийген баатыр" котормосунан улам кыргыздарда ушул чыгарманын каармандар ысымын наристелерге коюшу 1941-жылдан башталганын Алыкул Осмонов өзү жазып кеткен. Ошондуктан, Автандил, Тариэл, Тинатин, Нестан, Нурадин, Асмат аттуулардын жолугушууларын уюштуруу жана ал ысымдарды кимдер эмне үчүн койгондугу боюнча кыскача баянын чогултуудан тышкары ушул ысымдарды алып жүргөндөрдүн тизмесин түзүп, жалпы санын алуу да өзүнчө бир адабий-социологиялык-статистикалык кызыктуу иш болмок эле.
Алардын эң улуусу жана эң кенжеси ким, канчада экендигин аныктоону - Алыкул жана анын атактуу котормосу жөнүндө билер-билбесин кошо сурамжылоо да адабий-маданий жагыбыздын жагдайын аныктоого үлү­­­шүн кошмокчу.

Эске алчу
эң башкы маселе
Алыкул Осмоновдун 75 жылдыгы союздун соңку мезгилинде 1990-жылы эл аралык деңгээлде өткөрүлүп, Каптал-Арыктагы мемориалдык музейи ачылган. Ленинграддан орусча бир томдугу чыгарылган, документалдык тасма тартылган. Андан кийинки мааракелери ал деңгээлге жетпеди, мамлекет тарабынан бир да китеби же томдуктары чыгарылган жок, эстеликтерин тургузуу боюнча ачык конкурс жарыяланбады... Өкмөт тарабынан токтомдор кабыл алынганы менен алар "демөөрчүлүк негизде өткөрүлсүн" деген шылтоо менен мамлекеттен финансылык колдоо алган жок.
Билинбестен өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап өткөн карындай - деп акын өзү жазгандай эле ал мааракелери коомдук деңгээлде, көбүнчө "Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмесинин демилгесинде гана жергиликтүү мааниде өтүлүп калганы кашкайган чындык.
Ошондуктан, опол тоодой орошон таланттын чыгармалары жана ал жөнүндөгү илимий изилдөөлөр, не бир кызык эскерүүлөр окурман журтка таптакыр табылгыс нерселерге айланып калганы да моюнга алар көрүнүш. Демек, "Алыкул-100" долбоорун эмитен баштап, Ата Журттун акыны - Алыкулдун кылымдык тоюн мүлдө кыргыз татыктуу тосуп алышы ар-намыстын иши.
"Алыкул-100" долбоорунун бетачары 18-мартта Улуттук китепканада акындын эстелигине гүл коюу аземи,
"Алыкул, Нооруз жанашкан,
Ала-Тоо көркү жарашкан" аттуу фотосанжыра баяны жана "Алыкул - Ата Журттун акыны" адабий-музыкалык кечеси менен башталды. Ошол кечеде окулган Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылынын тургуну, акын, мугалим Низамидин Мурзаевдин ырын окурмандарга сунуш этебиз.


Кыргыз акыны
"... к чему теперь рыданья пустых похвал, ненужный хор".
(А.Ю.Лермонтов,
"Смерт поэта".)

Ыры таттуу шекер, балдан таткансып,
Мүрөктөн да ичиргенби жазган уул.
Лирасына кыргыз журтун тамшантып,
Өткөн бу ким?
Кайран акын Алыкул!

Ырларында жатат: көлдүн толкуну,
Өзүн жоктоп, жээкке боюн шарт уруп.
Жумушчунун кенен пейли, зор тулку,
Топурагы жыпар жыттуу Ата-Журт...

Эмгекчинин туурук колу, эл-жери,
Кыз-келиндин шыңк-шыңк сырдуу күлгөнү.
Уйчу-койчу, кетменчинин эмгеги,
Ак сүйүүнүн акактай мөл гүлдөрү.

Анткен менен өкүндүрөт тагдыры:
Айыкпас дарт... жолсуз сүйүү, жалгыздык...
Көзү барда жалындаган ырлары
Бааланбаган, неге кылган алсыздык?!

Жакшы жазып, дурус бир кеп укпаса,
Кайсы акында кантип жүрөк канабайт...
Муундар сурайт замандаштан чыкпаса,
Чындык анда кайда калдың? Кана айт!!
Тирүүсүндө айта албасаң дурус кеп,
Өлгөндөн соң, өкүргөнүң жарабайт!!!

Ыры кымбат моюнга алсак ырасын,
Жакшы ырларды алмаштырчу болгондо:
"Ата-Журтун", "Музыкадай" мурасын,
Бербес элем кээ бир жакшы томдорго.

Аз жазыптыр, саз жазыптыр артында,
Ыр калыптыр, ырын сүйгөн Ата Журт.
Өзү курган эстелик бар калкында,
Эл аралайт Акбозатка камчы уруп.

Ырларына катып, жаап бактысын,
Келечекке кенен карап жазган бул -
Өзү барда укпай сөздүн жакшысын,
Көзү өткөндө көкөлөгөн Алыкул.
Памирбек КАЗЫБАЕВ,
"Алыкул үйү-борбору" коомдук бирикмесинин директору, акындын Бишкектеги, Чолпон-Атадагы үй-музейлеринин уюштуруучусу, КР Жазуучулар кошунунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгынын жана Каптал-Арык айыл өкмөтүнүн Алыкул сыйлыгынын лауреаты







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:










??.??