Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_18.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_18.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_18.htm on line 2


п»ї

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу
Асан Жакшылыковдун Аза ырында мындай деген саптар бар:

"Дүйнө оошот: акыл бийлейт, Сөз калат,
Арманы көп, алыс жолдо көч барат.
Кыргыз көчү жолун кайра табабы?
Арман дүйнө - "Ата Бейит" тарапты
Айтматовдор жаткан жерди өт карап!"


Чыңгыз аганын бешинчи "Кышы" же манасчы Эламанды жоктоо

Ооба, арбактуу "Ата Бейит" жатат, ак карды жамынып, кыштын ызгаар аязында кайыгып. Ала-Тоо этегинде, айтылуу "Чоң Таштын" адырлуу бетинде катаал замандын кандуу трагедиясы менен улуулук даңазанын күбөсү болуп, ата-бала Айтматовдорго байланыштуу тарыхтын, жыйырманчы кылымдын бешене-эстутумунда кара так болуп өчпөй калган репрессиянын, "Канткенде Адам уулу АДАМ болот" деп акыл кудурети менен бүт руханий Ааламга жаңы жол салган Чыңгыз аганын даңаза өмүр тарыхынын күбө-эскерткичи болуп...
Бул күнү "Чоң Таш" аймагындагы кар боройлоп жатты, актык тазалыктын жышаанындай болуп. "Ата Бейит" азалуу тунжурайт аппак карды жамынып. Ушул күнү Чыңгыз аганы эскерүү күнү эле. Анын азалуу бешинчи "кышы" эле, уул-кыздарынын, ага-туугандарынын, ка­лемдеш-замандаш шакирттеринин даанышман аганын арбагына таазим этип эскере турган аялуу күн эле... Аппак кардын астында томсоро томпойгон кабырына гүлчамбарды коюп, улуу аганын жарыкка айланган жан-рухуна ызаттоо менен бата айтып, куран окушту. Жоктоп эскеришти, эскерүүлөрдө армандуу аза менен ааламдык даңазанын өксүк муңу, сыймык-шаңы аралаш айтылды. Арман-өксүгү-даанышман аганын күмбөзү арадан төрт жарым жыл өтсө да алиге тургузула электиги, ка-ниет кылып сыймыктанаарыбыз - улуу жазуучунун атак-даңкы мезгил өткөн сайын дааналанып баратканы, Казакстанда, Россияда, Түркияда, Европада, Америкада, Жапонияда эскерилип, камкордукка алынып, эскерткичтердин тургузулуп жатканы.
Ошентип, Чыңгыз аганын туулган күнү бул жолу да бешинчи ирет "Ата Бейитте" белгиленди. Бул - аганын өтмүш дүйнөдөн өткөндөн кийинки, 12-декабрде белгиленип жаткан бешинчи "кышы"
эле.
Ушул жерден "12" санынын үч жерден тогошуусунун маани-жайына токтоло кетүүнүн жөнү келип турат. Айталы, Чыңгыз ага жарык дүйнөгө келген декабрь айынын он экиси, ошол эле айдын жылдын он экинчи айынын болуп калышы, анан да 2012-жылдын күн менен айдын "12" деген санына төп келиши - табияттын кандайдыр магиялык сырдуу белгисиндей ойго түртөт. Чыңгыз аганын өмүрүнө байланышкан мындай төп келүүлөр байкасак, бир
топ.
Айталы, "8" деген сан Чыңгыз аганын тагдырындагы куду фаталдык белги өңдүү таасир калтырат. Анын 1928-жылдын 12-декабрында төрөлүшү, туура он жылдан кийин, 1938-жылдын 8-ноябрында атасы Төрөкул Айтматовдун "эл душманы" деген жалаа менен атылганы, ал эми андан туура жыйырма жыл өтүп, 1958-жылы Чыңгыз аганы дүйнөгө тааныткан "Жамыйла" повестинин "Новый мир" жана "Ала Тоо" журналдарына басылып чыкканы, ошол күндөн тартып "8" деген сан дээрлик элүү жыл бою аяздуу декабрь айында такай белгиленип келгени, маданият майрамы катары тарыхка кирип калганы таасын чындык.

Ошол каардуу отуз сегизинчи жылы Москвадан келген аскер сотунун өкүмү менен Фрунзедеги түрмөдө (азыркы Токтогул - Логвиненко көчөлөрүнүн бурчу) жаткан 138 адам атылган. Жазыксыз курмандыктардын сөөктөрү түнү бою машиналарга жүктөлүп, ушул Чоң Таштагы кыш бышыруучу заводдун коңулуна жашыруун көмүлгөн. Ошол күндөн берки элүү үч жыл бою дареги билинбей жан-рухтары калыстык издеп камыгып ың-жыңсыз жаткан. Алардын арасында Кыргыз Союздук Республикасынын мамлекет башчылары - кырчындай солкулдаган кы-раан уулдары - Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманаалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Эркинбек Эсенаманов өңдүү инсандар бар эле.
Тоталитардык замандын кандуу жүзүн ачкан, эгемендикке жетүү жолундагы эл тарыхынын эң кайгылуу учуру болгон бул каргашалуу окуяны эс-тутумда түбөлүккө сактап калуу, акыйкат үчүн курман болгондордун ыйык элес­терин эстеп, таазим этип жүрүү максатында ушул Чоң Таш айылынын айдөөшүндө "Ата Бейит" мемориалдык эстелик комплекси курулган.
2008-жылдын жайында, 80 жылдык юбилейине аз эле калганда бул дүйнөдөн көзү өткөн Чыңгыз аганын өзү да ушул ыйык жайдан түбөлүк ордун тапты. Ошентип,
даанышман агабыздын маңгилик өмүрүнүн эки датасы - жарык-чылыкка келгендеги - 12-декабрь менен дүйнөдөн көчкөндөгү 10-июну - жакшылык, жамандыктын, жарыкчылык менен караңгылыктын, өмүр менен өлүмдүн, боорукердик менен ташбоордуктун, жай менен кыштын белгисиндей болуп жашай баштады. Туулган күнүнүн "Ата
Бейиттеги" биринчи "кышы" кечээ эле өткөндөй болду эле. Мезгилдин учкулдугун караңыз, антип-минткиче эле, эстелиги да коюла электе, түбөлүктүүлүк сапардын бешинчи "кышы" кыйгап өтүп бараткан тура. Ошентип, байыркы даанышмандар Конфуций менен Сократтан тартып Шекспир, Пушкин, Толстой өңдүү акыл аалымынын асманында канат күүлөгөн кайтпас каркырага айланган асыл агабыздын "кышын" тосуп белгилеп жатабыз. Жаңы жылдын жаркын маанайлуу босогосунда туруп, кыштан кийин жаздын келерине, жакшылык жылоологон күндөрдүн алдыда экенине ак дилибизден ише-
нип...
Чыңгыз агада андай ишенимдин күч-кубаты зор болгон. Ошол ишеним менен чыгармачылыктын аскалуу чыйы­-
рын басып, Ала Тоонун кыл чокусуна чыккан. Ал чокудан дүйнөнү көргөн. Ал эми кудуреттүү таланты менен тургузган өзүнүн руханий тоосунан дүйнө жүзү Ала Тоону, кыргыз элин көрдү. Даанышман агабыздын дүйнө салышы ошол руханий тоо кулагандай кыйын окуя болду. Жазуучу соңку романын да бекер жеринен "Тоолор кулаганда" деп атабаса керек. Ириде аны "Кайрылбас куштар реквиеми" деп атаптыр. Бир маегинде айтканына караганда ал мурда басма сөздө жарыяланган "Кайрылып куштар келгиче" аттуу поэтикалык новелласы менен өзөктөш экенин мындайча түшүндүргөн: "Биз азыр трагедиялуу опуртал коомго кадам койдук. Дүйнө жоголуп кетүү коркунучуна кептелди. Биз адамдын өлөрүн билчү элек. Эми болсо адамзаттын өлөрүн, акыр замандын келерин билебиз. "Кайрылбас куштар реквиеминин" баш каарманы улгайып калган аял. Ал мурда согушту кадыресе эле зарылдык катары ойлоочу. Анткени, адам ага эс тарткан балакай кезинен эле көнүп калган. Бардык элдин эпос-дастандарында согушта жеңген баатырлар даңазаланат. Бирок баарында ошол жеңиш адамдарды өлтүрүү менен келип жатпайбы деген ойдон улам башкы каарман согуштагы баа­тырдыктын өлтүрүп жоготуучулук каргашасын көрүп кайгыга батат. Өткөн өмүр кайрылбай учуп кеткен куштардын өмүрүндөй. Келгин куштар дайыма учуру келгенде ошентип учуп өтүшөт, кайрылып келер-келбесин билбей, үйүр алган, өлөң төшөгү болуп калган, уя салып жашаган жайын кыйбай, кусалыгы батпай маанайы түшкөн кыязда канаттарын салмактуу кагып, армандуу кыйкуулашып... Өмүр да ошентип өтүп кетет тура...

"Тоолор кулаганда" романынын баш каарманы Арсен Саманчиндин образы ошол реквиемдин уландысы. Арсен менен Иисустун образдарындагы кечиримдүүлүк - күнөөлүүлөрдүн күнөөсүн өзүнө алгандык - Чыңгыз аганын гуманизминин туу чокусу - адамзаты жыйнаган даанышмандык адамгерчиликтин азыркы кылымда кыйрай баштаганына өкүнүп-өксүгөн реквиеми.
Азыр генийди эмес, Христос заманындагыдай тиранды ээрчигендер, аны даңазалагандар көбөйүүдө. Ушундай шартта Арсен улуу эрдикти жасады. Өзү жанын кыйып, Жаабарс­ты - табиятты сактап калды.
Жазуучунун чыгармачылык өмүрүндөгү ушул өзөктүү тема - "Саманчы жолунан" - Толгонай менен Жердин диалогунан эле башталган. Андан кийин Момун карыянын өзү
ыйык туткан бугуну атып өлтүрүшү, андан да өткөн трагедия - манкурт Жоломандын энеси Найманды атып салышы, Акбара карышкырды атам деп Бостондун өз уулун атып алышы, Крыльцов - Филофейдин баарынан аша кечип, космостук кечилге айланышы, акыры Арсен Саманчиндин жамандыкка жакшылык деп, өзүнө жамандык кылгандар-
дын күнөөсүн кечип, "Мейли, мен курмандыгың жана күнөөлөрдөн арылтуучуң болоюн, кудай сага жар болсун" деп өз жанын кыйып, "өлтүрбө" деген сөздү керээз катары айтып, жарык дүйнө менен коштошуусу Чыңгыз аганын өзүнүн керээзиндей болгон ааламдык гуманизминин тереңдиги менен бийиктигинин чен-өлчөмү.
"Ата Бейитте" ушинтип ошол катаал заманда акыйкат үчүн курман болгон аталардын катарында кандуу 7-апрелде карапайым калктын таламын
талашып, окко учкан элдин аза-
мат уулдары да жатат ак кар басып томсоргон мололордо жер кучактап... Аттиң арман дүйнө демекчи, "Канткенде адам уулу АДАМ болот?" деген чечилгис суроо менен санаа чеккен, бүт өмүрү ошону чечем менен өткөн Чыңгыз ага да жатат алардын катарында үн катпай жаңы жылда адамдардан жакшылык күткөндөй, адамдыктын жарыгын ушул жер астынан да чачырата жандырып...
Мындан көп жыл мурда, өткөн кылымдын аягында, кыргыз улутунун санжыргалуу даңазасы болгон айкөл Манас бабабыздын дүйнөнү дүңгүрөткөн миң жылдык мааракесинин алды жагында "Манас жана Чыңгыз" деген ой толгоом ушул "Кыргыз Туусу" гезитинин төрт санына жарыяланган. Анда Манас менен Чыңгыз кыргыз элинин руханий жаны, улуттук рухунун эгиз туу чокусу деген ой айтылган.

Айкөл Манас чындыгында улуу биримдиктин ширөөсү, руханий күч-кубаттын кайнар булагы. Андагы эл-журттун түпкү мүдөөсүнө жуурулган улуттук ар-намыстын, алмуздактан келаткан баба салтынын, эне тилинин, ата дилинин, руханий жан дүйнөнүн ыйык, улук, тунук башаттарынын көзүн ачып, элибиздин тарых-таржымалы, тамыр-өзөгү ушул улуу мурас Манас баянында күлазык, казына, кенч болуп уюп жатканын өзүбүзгө жана дүйнөгө тааныткан, даанышман замандашыбыз Чыңгыз аганын өзү экени баяндалган эле...
Ошондо Чыңгыз аганы төшү түктүү Жер Эненин үч түркүгүнө салыштырганым эсимде. Кыштын кыраан чилдесинде ташты жарып чыккан чынарга, айтылуу Манас тоонун жанында миңдеген жылдан кийин жаралган аскар тоого (чыгармачылыгы үзөңгүлөш досу Муктар Шахановдун рек-
вием ырындагы Чыңгыз тоого), ошол Манас тоодон куралып улуу мухитке куюп жаткан кыргыз дарыя-
сына...
Азыр ойлосом, ошол чынында эле орундуу салыштыруу экен. Аныгында Талас жергесиндеги бийик чокунун Манас тоо деп аталып калышы бекеринен эместир. Элибиздин даңазалуу уулу Чыңгыз аганын да ушул касиеттүү Манас тоонун этегинде жарык дүйнөгө келиши бабалардан улашкан өтмө-катарлыктын бир жышаана белгисидир.
Адам үчүн деп агынан жарылган аруу сүйүүнү көкүрөгүндө шамдай жандырган атуулдар гана өмүрүндөгү жакшылык өрнөгү менен атам замандан бери дүйнөнү кыйроодон, ыпластыктан сактап келатат. Чыңгыз аганын адамга делген ошол сүйүүсү Ала Тоодой бийик, Ысык-Көлдөй тунук болгон. Ага бүт өмүрүн, чыгармачылыгын, жашоодогу бардык дараметин, каны-жанын айныксыз арнаган.
Ошол сүйүүсү өзүнө кантип айланып кайтып келгени асыл аганы акыркы сапарга узаткан июнь күндөрү анык байкалган. Ай менен күн тутулган ошол азалуу күнү улуттук филармониянын алдында калдайган калың журт азан-казан болуп батпай турду. Жыйылгандардын ушул түрүнөн калайык-калктын төрт муунун - улгайгандарды, орто жаштагыларды, жаштарды, бала-бакыраны көрдүк, томсоргон жүздөр, жаштанган көздөр, кайгырып жоктогон үндөр... Эмне болуп кеткенине ишенгиси келбеген, жаны күйүп турганын жашыра албай жашыган улуу-кичүү-
лөр...

Улуулукту жоктогон ошол күнү филармониянын алды эле эмес, ордо калаа Бишкек бүт Кыргызстан азалуу аянтка айланды. Калайык-журт чыныгы аалам адамы болуп калган атактуу жердеши, улуу гуманист, залкар жазуучу, даанышман инсан, көзү тирүүсүндө эле көзү ачык пайгамбардыгын дүйнө таанып, таазим эткен Чыңгыз Айтматов менен казганактай тик туруп коштошуп жатты. Ушунда Чыңгыз аганын миллиондогон окурмандарынын руханий жаны болуп калганы, бүткүл элдик сүйүүнүн символуна айланып кеткени, калайык-калкынын бекем биримдигинин ширеткичи, көпүрөсү болуп кеткени ачык көрүндү. Көрсө, Айтматов агабыздын кереметтүү калеминен жаралган, куду жандуу инсан өңдүү арабызда жүргөн каармандары миллиондогон окурмандын жүрөгүнөн түнөк тапкан тура, кымбат, кыйбас адамдарына айланып кеткен тура. Жазуучунун нукура бактысы, руханий күчү ушунда тура.

(Уландысы бар)
Бекбай АЛЫКУЛОВ,
ардагер журналист




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:










??.??