Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 2


Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 2

Министр болбой калганына сүйүнгөн ата уулу
Мындан туура 45 жыл илгери, 1968-жылы Тоң районунун автобазасынын начальнигинин үйүнө ошол кездеги транспорт министри К.Көлбаев келип калат. Үйдүн кожойкеси балдарын: "Министр келди, конок үйгө кирбегиле!" - деп меймандын үстүнө киргизбей жатат дейт. Ошондо, апасынын көзү ары болору менен төрт жашар уулу конок үйгө кирип кетип, түз эле Көлбаевдин жанына барат да: "А сен эмне, министрсиңби?" - дейт. Көлбаев каткырып күлүп жиберип: "Ооба, министрмин…" "Анда, мен дагы кийин министр болом!" - дейт бала. "Болосуң, болосуң!" - деп Көлбаев батасын берет… Ошондогу, министр болгусу келген кичинекей бала - биздин бүгүнкү каарманыбыз Мелис Эшперов экен!


"Аккан арыктан суу агат" демекчи, Мелистин атасы Жумаш Эшперов убагында өкмөттүн иши дегенде "Ичкен ашын жерге койгон" иштерман, элдик адам бол-
гон.
- Ал кезде заман ошондой болсо керек. Адамдар таза, абийирдүү кызмат кылышкан экен. Акча же тааныштык менен эмес, канчалаган мээнеттүү, таза эмгектери менен улам бирден тепкич өйдөлөп көтөрүлүп чыгып отуруп, министрлик кызматка чейин өсүп жетишчүдүр? Балким, балалык баёо дилимде мен ошону туюп, ошондуктан: "Чоңойгондо министр боломун!" дечүдүрмүн. Мүмкүн, - дейт Мелис.
Анын айтымында, атасы азыркы политехникалык институтту бүтүрүп чыккандан баштап эле көптөгөн жетекчилик кызматтарда иштеген жана иш дегенде бардыгын унутуп таштаган мээнеткеч адам болгон:
- Атам легендарлуу парламентте да депутат болгон. Бу жарык дүйнөдөн 2003-жылы, 65 жашында өтүп кетти. 2007-жылы эли атамдын эмгегин баалап, айылды анын ысымынан аташкан, - дейт атанын уулу. Ал эми апасы Уулгелди Сураналиева болсо, эс алууга чыкканга чейин эмчи айымдык кесипти аркалап келген.
o o o
- Алгачкы эмгек жолумду институттан кийин Тоң районунун агропромунда "эмгек акы" боюнча экономист болуп иштеп баштадым. Ошол эле жылы ХХII партсъезд колхозуна чарбалык эсеп экономисти болуп которулуп, 1992-жылга чейин иштедим, - дейт ал. 1996-жылы Бишкек шаарына келип, жаңы түзүлүп жаткан "Бишкек" эркин экономиялык аймагына сервис башкармалыгынын орун басары болуп ишин улантат. Бирок, 1997-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу айылына кайтып келет.
- Ал кезде инилерим үйлөнө элек кез болчу. Апамдын буту оорукчан эле, ошондуктан көчүп келүүгө туура келди, - деген каарманыбыздан кайсыл окуу жайдан окуганына жана эмне үчүн экономисттик кесипти тандап алганын сурадык:
- Атамды 1975-жылы райондун жетекчилиги күчкө салып эле эң артта калган ХХII партсъезд атындагы колхозго башкарма кылып дайындап коюшканы эсимде. Ошондогу атамдын күнү-түнү иштеп, эң артта калган колхозду миллионер колхозго айлантып, урмат-сыйга ээ болуп, терисине сыйбай бактылуу болуп турганs али да көз алдымда турат.. мен дагы атамдай элдик адам болууну каалар элем. Менин кесип тандоомо ушулар себепкер болду десем туура болот го.
o o o
Ш
аардан келгенден кийин, өз алдынча ишкерлик менен алектенип жүрүп, бир күнү капысынан эле клубга бара калса, эл чогулуп, жыйын өткөрүп жаткан бо-
лот.
- Алар "Айылдарды инвестициялоо долбоорунун" бетачарын өткөрүп, элге долбоор тууралуу маа­-
лымат берип жатышкан экен, мага долбоордун процедуралары аябай жакты. Ошондон көп өтпөй эле айыл-
даштарым мени кезектеги конференцияда жергиликтүү инвестициялык комитеттин төрагалыгына көрсөтүп калышты. Мен адегенде баш тарттым: "Менин башка да жумуштарым бар, мен ишкерликменен алектенип жүрөм. Колум тийбейт", - дедим. Ошондо аксакал кишилер: "Сенин атаң эл баккан, эл үчүн күйгөн адам болчу! Эмнеге сен анда эл үчүн иштегенден баш тартышың керек?! Иштейсин!" - деп, урушуп туруп эле төрага кылып салышты.
Эки айдан кийин Бишкекке чакыршып, АРИСтин аткаруучу директору Эльмира Султановнага маектешүүгө кийиришти. Ошол күндөн баштап, АРИСтин Тоң району боюнча эксперти, андан кийин АРИСтин Ысык-Көл облусу боюнча адиси катары иштей баштадым.
o o o

Мелис мырзанын айтымында, Кара-Коо айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда УЗИ аппараты жок болгондуктан, бейтап адамдар УЗИден өтүү үчүн Балыкчы шаарына жана Тоң районунун Бөкөнбаев айылына жиберилип турчу. Мындай шартта, жол жүрүп барганы аз келгенсип, бейтап ал жерден дагы узун кезекке турууга туура келет.
Ал эми боюнда бар энелер медициналык кароодон өтө албай, башка бардык болочок энелер сыяктуу эле эмбриондун (баланын) өрчүшүн көрө алган эмес. Ошондой эле, эмканага кайрылгандардын көбү пенсионерлер жана тоолуу аймактардын тургундары болгондуктан жана финансылык тартыштыктан, тургундардын дарылануудан баш тарткан учурлары көп болгон.
Мына ушундай муктаждыктарды азайтуу максатында, айылдык дарыгер Бапаев Жолдош тарабынан "УЗИ аппараты менен камсыздануу" демилгеси көтөрүлүп, чакан долбоор жазылып, Кара-Коо айылынын тургундары жана ЖИКтин мүчөлөрү бул долбоорду колдоого алышкан. Ошентип, буга жалпы жонунан 310 000 сом каражат жумшалып, анын 253 000 сомун АРИС каржыла-
ган.
Облустук адис долбоорду аткаруу процессинде негизги кыйынчылыктардын бири акча чогултуу учуру болгондугун айтат. Бирок, чакан долбоордун топ мүчөлөрү бул көйгөйдү биримдик менен чече алышкан. Андан соң, 2012-жылдын январь айынан апрелге чейин лидер Жолдош Бапаев кесптик чеберчиликти көтөрүү институтуна өз эсебинен барып окуп келген. Окуунун баасы 20 000 сомду түзүп, ал үчүн өзүнүн бир үйүн сатууга туура келген. Ошентип, 2012-жылдын июль айынын башында расмий түрдө үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу УЗИ кабинетинин ачылышын өткөрүп, ага Бөкөнбаев айылындагы райондук оорукананын медицина кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, жетекчилер жана айыл аксакалдары ж.б. келишкен.
o o o

Айылдыктардын дагы бир кубанычы - 2007-2011-жылдары аткарылган долбоорлордун ичинен "Мектептерде заманбап жабдылган кабинеттерди ачуу" долбоору мектептин мугалимдерине жана балдарга жакшы шарттарды түзүп бергендиги. М.Эшперовдун айтымында, мектептерди жаңы техника менен жабдуу үчүн АРИС 550410 сом бөлүп берген, ал эми өздүк салым 189245 сомду түзгөн. "Бул кабинетер ачылганы, мугалимдер интернетти кенен колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту жана окуучулардын да окууга болгон кызыгуусу артты десек болот. Ошол эле убакта мектеп гимназия наамына ээ болду. Мектептин санитардык-гигиеналык абалы да оң жакка өзгөрдү. Спорт корообузда спорттук тренажерлор орнотулуп, жыйындар залында балдар бош убактыларын машыгуу менен өткөрүшүүдө", -дейт М.Эшперов.
Ал эми "Ашкананы ремонттоо жана керектүү жабдыктар менен камсыз кылуу" долбоору дагы мектептеги тамактануу шартын жакшыртып, мектеп үчүн кыйла жагымдуу маанай жаратканын жергиликтүү элден уктук.
o o o

Бирок, албетте, кандай иште болбосун, баары эле "май көл, сүт көл" боло бербейт эмеспи. Анын ийгиликке жеткенге чейин канчалаган кыйынчылыгы да кезигет. Кеп, мына ошолорду жеңе билүүдө. Муну биздин каарманыбыз да ырастайт:
- Долбоорду ишке ашырууда, албетте, кыйынчылыктар да болду, себеби, иш болгон жерде сөзсүз катачылыктар да болот. Бирок, биз алардын баарын өз убагында жоюп жаттык. Мисалы, Тамга айыл өкмөтүндө пляждык аймакка үч ажаткана салуу тууралу долбоорду өткөргөнбүз. Долбоордун лидерлигине жоопкерчиликсиз, кыскасы начар адам тандалып калыптыр, акча каражатын алгандан кийин эки ажаткананы бүткөрүп, үчүнчүсүнө акча жетпей калды деп эки жыл чоюп, аягында коомчулуктун кийлигишүүсү менен чогулуштан чогулуш өткөрүп жатып бүткөрдүк. Бул мисалды келтиргеним, көпчүлүк убакта кыйынчылыктын туулушуна долбоордун лидеринин туура эмес тандалып калган учурлары себеп болду. АРИСтин процедураларына ылайык, лидерди жана долбоорду көпчүлүк чогулушта коомчулук өзү тандап, бекитип берет.
o o o

Мына ушундай элдик адам эмнеге кубанып, эмнеге өкүнөт болду экен?
- Кубанган учурлар көп эле болот, мисалы, кылган ишиңдин жыйынтыгын көргөндө, бүтпөй жаткан долбоорлор бүт­көндө, биз жүргүзгөн иш-чаралардын (мобилизациалоонун, тренингдердин) негизинде коомчулуктун потенциалынын жогорулаганын көргөндө болуп көрбөгөндөй кубанасың. Мисалы, биз менен иштешкен коомчулуктун мү­чөлөрүнүн асты райондорго аким, жергиликтүү кеңештерге депутат, айыл өкмөтүнүн башчылары, АРИСтин кызматкерлери болушту. Мен дагы ЖИКтин төрагалыгынан АРИСтин облустук адиси болуп отурам. Дагы, мени өтө кубантканы, донорлор айыл жерлеринде социалдык абалыңарды оңдоп алгыла деп берген гранттарды натыйжалуу пайдаланып, айылыбызды оңдоп-түздөп алалы деп, коомдук башталышта бир тыйын албай, үйдөгү жумуштарды таштап, долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган патриот замандаштарымдын бар экендиги. "Уучубуз куру эмес экен" дегендей, ушундай адамдарды көргөндө мамлекетибиздин келечеги бар экенине терең ишенич пайда болот, - дейт маектешибиз.
o o o

Мелистин адамдардагы жакшы көргөн сапаттары - чынчылдык, тазалык, принципиалдуулук жана патриоттуулук. Жек көргөнү - адамдардын принциптеринен, позициясынан тайып, акчага же дагы бир нерсеге сатылуусу, уурулук экен.Бирок:
- Тоок уурдаган эмес, элибиздин ырыскысын уурдагандар тууралуу айтып жатам, - дейт ал.
Кубанганы - элдин тынчтыгы, ошол эле убакта апасынын, бир туу­гандарынын, үй-бүлөсүнүн эл ичинде аман-эсен, соо жүрүшкөнү. Анан, албетте, Эльмира Султановнага окшош таза адамдардын бар экендиги.
- Болбосо, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп, кыргыз эли тентип кетмекпиз. Анан да, элиме таза кызмат кылып, АРИСте иштеп калганыма кубанам, - дейт. Ал эми капа болгону - элдин пейилинин тарып баратканына жана кайдыгерлиги.
- Элибиздин жүрөгүн тыңшап иш кылбай тамак-ашка, акчага, кызматка өзүлөрүнүн, мамлекетибиздин келечегин кыргыз элинин душмандарына сатып жатканы өкүндүрөт,- дейт ал. Мына ушундай сапаттарга ээ каарманыбыз бош убактысы болсо калса, кайырмак менен балык уулоого чыгат экен.
- Кээ бир кишилер түшүнбөйт: "Кантип керелди кечке эле кайырмакты тиктеп отурасың?" - деп. Мен балык уулоо эс алуунун эң жакшы түрү экенин айтаар элем, анткени жаратылышка чыгып, көлдүн жээгинде кайырмагыңды тиктеп, толкундун үнүн угуп отурсаң, чарчап-чаалыкканыңдын баары чыгып кетет. Андан тышкары, ойлоруңду топтоп, ирээтке келтирип аласың. Ошондой эле бильярд, волейбол ойногонду жакшы көрөм, - дейт каарманы-
быз.




кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
21-март, 2013-ж.:



Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66

Warning: include(../../ohkaptal.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66

Warning: include(): Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66

Warning: include(): Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66


Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66

Warning: include(../../news/0_art.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66

Warning: include(): Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0321_17.htm on line 66